Асман чапчып, ай чапчып

Жумакадыр АКЕНЕЕВ, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси:
"Күйүүчү-майлоочу майлар
дагы 2,5-3 сомго кымбаттайт"
Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы күн сайын өсүүдө. Биз ГСМди жүз пайыз башка өлкөлөрдөн импорттоп жашап келебиз. Ошондуктан Россия менен Казакстандагы баанын өсүшү түздөн-түз таасирин тийгизет. Баалардын өсүшү муну менен эле токтоп калбайт. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин айтымында, дагы 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн.

Кыргызстанга бир жылда 900 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керек;
Россиянын, Казакстандын нефти өндүргөн заводдору менен 1 млн. тонна күйүүчү май алуу боюнча келишимибиз бар;
Анын 800 миң тоннасын (80%) Россиядан, 200 миң тоннасын (20%) Казакстандан алабыз;

- Күйүүчү майлар эмнеге кымбаттап жатат?
- Кошуна өлкөлөрдө ГСМдин кымбатташы бизге да таасирин тийгизүүдө. Мисалы, Тажикстандын борбору Душамбеде солярканын баасы 80 сомго чыгып кетти. Буга байланыштуу Баткен, Лейлек райондорунда күйүүчү майдын баасы 42-43 сомго чыгып кетти. Тажикстандан Афганистанга реэкспорттолот экен. Ошондуктан Баткен облусундагы дизелдик отундун 3-4 күндүк запасы бир күндө алынып кетип жатат. Бир күндө болжол менен Баткен областы аркылуу Тажикстанга миң тонна күйүүчү май чыгып кетип жатат.
- Муну токтотууга өкмөттүн күчү жетпейби?
- Биз күйүүчү-майлоочу майларга экспорттук пошлина киргизүү боюнча маселени өкмөткө, Жогорку Кеңешке жолдодук. Балким, ушул чара биздеги күйүүчү майлардын башка өлкөлөргө чыгып кетүүсүнө бөгөт коеттур. Биз бир машинеге 30 литрден ашык бербегиле деп айтканбыз. Бирок бир машине түнү менен кайра-кайра келип куюп кетип деле алып барып сатып атыптыр. Россияда дагы күйүүчү майлардын баалары кымбаттап жатат. КМШ өлкөлөрүн алып караганда, Казакстанда гана ГСМ арзаныраак. Биздин бааларга салыштырмалуу Казакстанда 3-4 сомго төмөнүрөөк, ал эми Россияда 5-6 сомго кымбат.
- Баалар мындан ары кандай болуп өзгөрүшү мүмкүн?
- Майдан баштап биз Россиядан кымбатыраак баа менен ала баштадык. Мурда бир тоннасын 600 доллар менен алсак, азыр 800 доллар болуп калды. Бул күйүүчү майлардын литри 2,5-3 сомго кымбаттайт дегендик. Себеби нефтинин бир баррелинин баасы жыл башында 80 доллар турса, азыр 120 долларга чыкты. Нефти кымбаттагандан кийин ГСМ өндүргөн заводдор дагы бизге кымбат бере баштады. Нефть чыгарган мекемелер чет жакка көбүрөөк чыгарып жибергендиктен, Россияда да тартыш болуп, май ичи өздөрүн камсыздаганга кетип атат. Бул нефтиге бай Араб өлкөлөрүндөгү болуп өткөн окуяларга да байланыштуу. Ошондуктан июнь айы менен кайрадан арзандашы мүмкүн.
- Азыр эми баалардын жеткен чеги ушулбу, же дагы кымбаттайбы?
- Дагы кымбатташы мүмкүн. Орто эсеп менен 34 сомдон 41 сомго чейин кымбатташы ыктымал. Анткени заводдор да бааны кымбаттатып жатпайбы.
- Биздеги "Кыргызнефтегаз" өзүбүзгө нефть өндүрүп бербейби?
- "Кыргызнефтегаз" өндүргөн нефтинин көлөмү биздин муктаждыкты 8%га камсыз кыла алмак. Бирок бул өндүрүлгөн нефтинин көлөмүнүн 70%ы Кытайга кетет. Калган 30%ы гана калат. Бул эми туура эмес. Биз аларга жабдуу жагынан жардам берип, менеджментин күчөтсөк, өндүрүмдүүлүктү 5 эсеге көбөйтсө болот экен. Андан сырткары, Киргшелкто нефти иштетчү чакан заводубуз бар, Кара-Балтада бир заводду кытайлыктар менен биргеликте ишке киргизели деп турабыз. Ошол заводдорго нефти чыгарчу ишканалардан чийки нефти алып келип иштетсек, баалар азыркыга караганда арзаныраак болмок. Бул заводдорду ишке киргизүүгө аябай аракет кылып жатабыз. Бул эми күздөн баштап иштей турган ишканалар. Мындан тышкары, Газпром Кыргызстандан нефтинин запастарын иликтеп жүрөт, тапса эле завод курат. Нефти бар деген маалыматтар бар экен, бирок кандай тереңдикте экенин изилдеп жатышат. Бул алдыңкы беш жылдын ичинде ишке кире турган пландар. Эгер бул завод иштеп калса, балким, 100% өзүбүз өзүбүздү камсыздап каларбыз.
- Казакстан менен Россия бизге ГСМ бербей койсо, анда колубуздан эч нерсе келбей калат экен да ээ?
- Азербайжан бизге ГСМ берүүгө макул экен. Бирок, жол киресин эсептегенде, азыркы Россия менен Казакстандан алып аткан баадан 1,5 эсеге кымбат болуп калат. Азырынча бул бизге ылайыксыз болуп атат. Андан сырткары, Түркменстан, Иран менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себеби Ирандан Кытайга чейин темир жол курулганы жатпайбы. Ошондо ал жактан алып келүү оңой болуп калат. Эгер Россия менен Казакстан бизге күйүүчү май берүүдөн баш тартса, ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз.
- Күйүүчү май боюнча Россиянын саясаты мындан ары кандай болушу мүмкүн?
- Азыр айтуу эрте. Мен азыр премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен чогуу Минскиге учуп кетип жатам. КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жолугат. Бирден-бир көтөрүлө турган маселе ушул күйүүчү-майлоочу майлар боюнча болот. Нефтетрейдерлер Россиянын заводдору менен келишим түзбөй, Кыргызстанды отун, энергетикалык балансына субъект катары киргизүүнү суранабыз. Ошондо дүйнөдө кандай гана окуялар болбосун, эч кандай тоскоолдуксуз, өзүбүзгө тиешелүү көлөмдү алып турууга кепилдик берилет.

Дилбар АЛИМОВА




  Өз кабарчы билдирет

Тажикстанга сатылып кетип, Баткенде бензин тартыш
Тажикстанда күйүүчү майга болгон баа бир топ өсүп кеткендиктен, чек арадан мыйзамсыз кара май ташыгандар көбөйдү. Мунун айынан Баткенде тартыштык пайда болуп, айдоочуларга бир топ түйшүк жаратты. Бул нерсе жергиликтүү бийликтин негизги маселесине айланып, мындай мыйзамсыз сооданы токтотууга мамлекеттик кызматкерлер да күзөткө чыкмай болушту.

Жергиликтүү айдоочу Муса Ош, Бишкек шаарларынан Баткенге деп жолдомо алып жөнөгөн бензиндердин баары баткендиктерге келбей жатканын айтат. "Бул жакка бет алган чоң-чоң автоунаалардын аз эле бөлүгү элге сатылса, калганы кошуна өлкөгө мыйзамсыз өтүүдө. Ал эми баткендик айдоочулар май куюучу жайга бир-эки саат кезекке туруп, "мына жеттим" дегенде бензин түгөнүп, албай калып жатышат", - дейт ал.
Баткен шаарында Мусага окшоп кезеги жеткенде, бензин куйганга үлгүрбөй калгандар арбын. Айдоочулар андайда "түгөнүп калды, эртең келет" деген жооп угушат. Күйүүчү майга болгон мындай таңкыстыкты алар коңшу Тажикстанда кара майдын баасы өскөнүнөн көрүшүүдө. Айталы, Баткенде бензиндин бир литри орточо эсеп менен 35-40 сомдун айланасында болсо, кошуна Тажикстанда 55 сом, ал эми дизелдик отундун баасы 80 сомго чейин көтөрүлгөн.
Мындай көйгөй менен облус жетекчилиги да кабардар. Бирок ага каршы аракеттердин натыйжасы аз болуп жатканын облус губернатору Арзыбек Бурканов эл менен жолугушуу учурунда айтып, мамлекеттик көп кызматтар да мындай мыйзамсыз соодага аралашып кеткенин жашырбады:
- Контрабандалык жол менен жүк ташыгандардын (бензин, солярка) бир-экөөсүн кармап, машиналарын каматып койдук эле, алардын жасабаган аракеттери калбады. Элди көтөрүп, чоңдорду ортого салып атышат. Биз ага карабай катуу туруп, мыйзамдуу түрдө салыгын алып жатабыз. Чек араларыбыз ачык экен, баарын көзөмөлдөө кыйын болуп жатат. Контрабандага да белчебизден батып калыппыз. Күч кызматтарынын ичинен да ушундай мыйзамсыз сооданын эсебинен жашагандар бар экен. Биз эми буга жол бербейбиз,- деди губернатор.
Облус жетекчиси минтип чек аранын толук көзөмөлгө алынбаганын пайдаланып, мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар бул маселени көтөрүп чыккан журналисттерге да коркутуулар болгонун кошумчалады.
Эскерте кетчү нерсе, бул макала даярдалып жаткан учурда облустук акимчиликтин кызматкерлери кезек менен чек ара аймактардын мыйзамсыз жүк өтчү жолдоруна чыгып, мындай соодага бөгөт коюуга аракет жасап баштаганы маалым болду.

Айжигит Аблесов,
Баткен дубаны