Автограф

Гүлнур Сатылганова:
"Бир кадам артка таштасаң баары көрөт, бир кадам алдыга таштаганыңды эч ким көрбөйт"
- Сөзүбүздү кыргызга Гүлнурдай талантты берген ата-энеден баштайлы. Ата-эне жөнүндө сөз түгөнбөйт го дейм.
- Албетте. Он баланы чоңойтуп, бутунан тургузган асыл адамдарыбызды кантип унутабыз. Атам 65, апам 66 жашында каза болду. Алардын көзү өтсө да, сөздөрү, элестери көкүрөктө жашап келет. "Балам балалуу болгондо билесиң" дегендей, балалуу болгондон кийин өзгөчө эне кадырын эки эсе билдим. Онубузду омурткасы сыздап, тогуз ай көтөрүп, түн уйкудан калып, бешик терметкен алтын апабыздын зор мээнети, түйшүгү, эмгеги канчалык болгонун ошондо түшүндүм. Апам өмүрүнүн аягына чейин Күннур деп өттү. "Күннур жетинчи кызыбыз. "Жетинин бири кыдыр" дегендей, жер кыдырып, элдин батасын алып жүрөт" деп сүйүнчү. Атам болсо Гүкүшүм деп эркелетээр эле…
- Элдин купулуна толгон жагымдуу ырларды аткарып, элге жаккан сулуу айымдын мүнөзү кандай болду экен?
- Менин көңүлүмдүн тилин таба билген адам үчүн, мен эң мыкты аялзаты болуп чыга келем. Бирок мүнөзүм аябай жумшак деп айтуудан алысмын. Жиним келгенде баардыгын бир учурда тарс-тарс айтып алам дагы, кайра тез эле ачылып кетем. Ошондуктан ак көңүл, боорукер адамдардын катарын толуктасам керек. Мисалы, уулум экөөбүз көпчүлүк учурда компьютер үчүн урушабыз. Азыр техниканын заманы болуп жаткандыктан, Арназ интернетте көп олтурат. Мен анын интернетте көп олтуруусун калаабай, аны тилдеймин.
- Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?
- Кээ бирөөлөр "калың өзүңө жарашат, эмне, жасатып алдың беле?" деп сурашат. Калдар өзүмдүкү. Адам өзүн сыйлап, сүйүшү керек. Өзүмдү жылдыздуумун деп эсептейм.
- Өзүңүздүн курагыңыздан жаш көрүнөсүз. Спорт менен машыгасызбы?
- Спорт менен студент кезде машыкчумун. Бассейнге барчумун, чуркачумун. Азыр анын баары калды. Жаш көрүнүш үчүн жан дүйнөнү тазалаш керек.
- Спортту уйкуга алмаштырдыңыз го дейм?
- (Күлүп) Чынында эле уйкучумун. Бул адат бала кезден бери эле бар. Муну менен канча күрөшүп көрдүм, болбой койду.
- Тырмагыңыздын узундугунан ак колсуз го деп ойлоп жатам?
- (Күлөт) Үй кызматкерим жок. Аялзатына тийиштүү нерсенин баарын жасайм. Үй жумушу деле өзүнчө спорт. Мисалы, пол жууган деле өзүнчө гимнастика. Чындыгында чыгармачыл адам үй тиричиликти жана ырчылыкты алып кетүүсү эки эсе кыйынчылыкты туудурат. Бирок, буга карабастан, үйдө болгон оокаттарды катыра жасаймын. Өз колум менен үйдү жыйнаймын, тамактын түрүн жасап, үйдөгүлөрдү кубанычка батырам. Ашканада телевизорум тургандыктан, ар түрдүү кулинария багытындагы көрсөтүүлөрдү көрүп, башка улуттардын ашканасына баш багып коем.
- Атактуу болгон кандай экен?
- Кудай берген талант менен эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп олтурабыз. Элдин сүйүктүү ырчысы болсоң, сени дайыма урмат-сый коштоп жүрөт. Атактуу болуунун жаман жактары да бар. Кенен-чонон жүрө албайсың. Дайыма ушак ээрчийт. Бул пендечилик жашоодо ушундай экен, бир кадам артка таштасаң, баары ошону көрүп кеп кылат, ал эми бир кадам алдыга таштасаң, аны эч ким көрбөй калат. Анын сыңарындай, жаман сөз жерге жатпай тез тарайт. Анда да көркөмдөлүп, кошумчасы кошулуп отуруп… Бирок мен буга терикпейм. Сен жөнүндө сөз болуп жатса, демек, популярдуулугуң дагы эле өчө элек деп кабыл алам.
- Демек, сын айткандарга да терикпейт экенсиз да?
- Көрө албаган адамым айтса деле туура кабыл алып, кемчиликти өзүмдөн издейм. Ырчыда өзүн-өзү сыноо деген болушу керек. Ал болбосо өспөй каласың. Биз мурунку муундан таалим-тарбия, сабак алсак, кийинки муун бизден сабак алышы керек. Мисалы, биз Каныкей Эралиева, Гүлсүн Мамашова, Асанкалый Керимбаевдин ырлары менен чоңойгонбуз. Андыктан аларды урматташ керек.
- Каныкей Эралиева Эл артисттигин сизден кийин алды. Анын наам ала электигин билчү белеңиз?
- Сыйлыкка татыктуу адам өз убагында албай, көмүскөдө калып калганы, албетте, өкүнүчтүү. Буга ким күнөөлүү? Албетте, Маданият министрлигинин сыйлык берүү бөлүмү. Ошолор чыгармачыл адамдардын кимиси татыктуу, татыктуу эместигин, ким кандай эмгек жаратып жатканын көзөмөлдөп турушу керек болчу. Мисалы, Каныкей Эралиева эчак эле Эл артистигин алууга татыктуу болчу. Каныкей эженин чыгармачылыгына, талантына таазим кылам. Калп айтканды жаман көрөм. Мен сыйлаган эженин наам ала электигин билчүмүн. Мамлекет тарабынан эмгегим бааланып, берилип жаткандан кийин алууга туура келди. Эл артисттигин алуу бул чоң жоопкерчилик. Дагы-дагы изденүүнү талап кылат.
- Той-топурга көп чакырылсаңыз керек. Киши тандап барасызбы?
- Жок, тандабайм. Чакыргандарынын баардыгына чакырганын сыйлап барам. Анткени алар дагы мени сыйлап, ырымды сүйүп чакырып жатат да.
- Ставкаңыз бар да?
- Ооба, сурагандарга ачык-айкын айтып барам. Дос, туугандарга бекер эле ырдайм.
- А тойлордо ырдагандан тартынбайсызбы?
- Эмнеге тартынмак элем, ошол тойлордо менин ырларымды сүйгөн, мени баалаган кадимки эле көрүүчүлөр да. Албетте, ачыгын айтыш керек, азыр концерт коюуда акча таба албайсың. Ошондуктан көпчүлүк ырчыларыбыз той-топурдан тапкан акчалары менен үй-бүлөсүн багып жатышат.
- Уулуңуз Арназ чоң жигит болуп калса керек?
- Ооба, ал чоң жигит болуп мени коргоп, мага каршы сөздү эч кимге айттырбайт. Өзү абдан токтоо, жөнөкөй, эркеликтен алыс болуп бой жетти. Учурда түрк лицейинде тогузунчу класста билим алат. Кудайдан күнүгө баламдын акылдуу, ыймандуу болуусун тилеп келем. Арнас өзү деле акылдуу, токтоо. Билимге умтулуусу жакшы. Чет мамлекеттен окуп, бюджетке өтсөм деп кыялданат. "Сизге контрактка акча төлөткүм келбейт" дейт.
- Кайсы кесипти тандап жатат?
- Бир туруп программист, бирде экономист, бирде адвокат болом деп калат. Аны эми убакыт көрсөтөөр.
- Уулуңузду карындаштуу кылгыңыз келбейби?
- Албетте, кыздуу болгум келет. Кудайым мага дагы наристе белек кылса андан баш тартпайм. Мисалы, кыз болсо энесине жакын болот. Балким, мендей таланттуу ырчы болсо ордумду басаттыр.
- Ырчылык кесиптин ээси болбой калсаңыз, ким болмок элеңиз?
- Билбейм, балким, келерки жашоомдо ооруган адамдарды айыктырып, дарыгерлик кесип менен алек болом го (күлүп). Мен өзүм жаратылышта боорукермин. Кез-кезде жетим балдар үйлөрүнө, майып балдар интернатына моралдык, материалдык колдоо көрсөтүп жүрөм.
- Сизди бай, көмүскөдө бизнеси бар дешет...
- Эч кандай деле бизнесим жок.
- Анан каражатты кайдан аласыз?
- Менин кыялымдарымды орундаткан алтын кумаранын ичинде джин бар. Проблема болгондо эле кумараны алып, джинди чакырам. Ал чыга калып эле "Эмне проблемаң бар?" деп сурайт (каткырып күлүп). Өзүмдүн чыгармачылыгым менен эле акча тапкан адаммын.
- Өзүңүздүн бир туугандарыңызга жардам бересизби?
- Биз он бир тууганбыз, мен жетинчиси болом. Ар кимиси ар кандай проблемалары менен келишет. Алтургай балдарын үйлөнтүп, кыздарын турмушка узатып, тойлорун өткөргөнгө да жардам берем. Анткени ыраматылык апам мага гана ишенип, өлөөр алдында "бир туугандарыңа баш-көз болуп карай жүр" деп айтып кетти эле. Ошол себептен мен жакындарымдын "оорун колдон, жеңилин жерден" алып келем.
- Азыр Кыргызстанды айым башкарып жаткан учурда, сиз дагы саясатка аралашайын деген оюңуз жокпу?
- Чыгармачылыктын өзгөчө кооз дүйнөсүндө жүргөндөн кийин, аны саясатка алмаштыра албайм. Саясаттын терс энергиясынан чарчагандан көрө, элге жагымдуу ырларды тартуулап, ырахат алганым жакшы.
- Эс алуу тууралуу кеп козгодуңуз, кайсыл жерде эс алууну каалайсыз?
- Мен романтик болгондуктан, көл жээктеп, толкундун шыңгыр добушун угуп, сааттап олтуруп эс салам. Ошондой эле Кыргызстандын ар бир жаратылышына суктанып, тоо койнунда жүргөндөн такыр тажабайм. Жайкысын жашыл чөптүн жытын жыттасам, кышкысын бийик тоолуу базаларга барып лыжа тебүүнү жактырам. Кээ бирде ичте катылган бугумду дал ошол жаратылышка айтып алам. Дал ошол жактан илхом келип, ыргактар дагы жаралып кетет.
- Сиздин чыгармаларыңыздын көбү сүйүү жаатында. Өзүңүздүн сүйүктүүңүз барбы?
- Албетте, адам баласы болгондон кийин, өзгөчө чыгармачыл аялзатына сүйүүнүн даамын татпай жашоо куруу мүмкүн болбосо керек. Андыктан мен дагы башка айымдар сыяктуу сүйүүгө муктажмын. Менин дагы сүйүктүү адамым бар. Ал дайыма мага колдоо көрсөтүп, өзүнүн жакшы сөздөрү менен жан дүйнөмө кооздук тартуулап келет. Курбуларым саналуу болгондуктан, менин курбум дагы, сырдашым дагы ошол адам. Бирок ал ким экенин коомго жарыя салууну туура көрбөйм. Анткени ал менин жеке жашоом, жеке менин сырым болушу керек.
- Эмнеге ал адамды ачык айткыңыз келбейт?
- Жашоодо аялдардын ар кандай тагдырлары бар. Бирөө күйөөсү менен ажырашып кеткен, экинчиси жесир калган. Дагы бирөө турмуштан жолу болбой калган. Ар бир аял өз бактысы үчүн күрөшүшү керек. Мен дагы бешенеме жазылган тагдыр менен жашап келем, бирок өз бактым үчүн күрөшөм. Азырынча ачык айтпаганга себептер бар.
- Балким, жашооңузда башка өкүнүчүңүз бардыр?
- Өкүнүчүм - ата-энемдин эрте көз жумганы. Менин ийгиликтериме күбө болбой, колумдан ысык чай ууртабай кеткени. Анан дагы убакыттын зымырык куштай бат өткөнү. Менин алдыма койгон бир топ максаттарым бар. Алардын баардыгын толук ишке ашырууга жетишемби деген суроо жүрөгүмдү өйүтөт.
- Эми алдыда кандай пландарды ишке ашырайын деп турасыз?
- Пландарым көп. Буюрса Кыргызстаныбызда стабилдүүлүк болуп турса күз айларында элиме чоң жеке концертимди тартууласамбы деп турам. Анан "Асман" деген ырыма клип тарттырганы жатабыз, учурда даярдыктар көрүлүүдө.
- Учурда бул ырыңыз элге абдан жагып, популярдуу болуп жаткан чагы. Ошол ырыңызга токтоло кетпейсизби?
- Бул ырдын сөзү Кыялбек Урманбетовго, музыкасы Райхан Бейшеналиевага, идеясы өзүмө таандык. Кыргызстанда болуп жаткан акыркы окуялардан кийин ушул ырдын идеясы пайда болду. Түшүнгөн адамдарга философиялык мааниси бар. Адамдардын пейили оңолсо, жашообуз дагы оңолобу деген тилек менен ушул ыр жаралды.
- Кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат.
- Сиздерге дагы ыраазычылык билдирем. Кыргыз журтума ынтымак-ырашкерлик жана ден-соолук калаайм. Сүйүкүү өлкөбүз өнүгүп-өсүүнүн жолунда болсо экен.
Маектешкен
Назира Саалиева