Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Капыл-тапыл маек

ЖК депутаты Өмүрбек Абдырахманов:
"Бабанов Казакстандын паспорту бар экенин мойнуна алды"
Өмүрбек Абдырахманов вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун экономикалык махинацияларга катышы бар деген маселени иликтөө үчүн түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси. Бул комиссия Бабановго байланышкан чуулгандуу иштерди иликтеп бүттү. Эми анын жыйынтыктары Бабановдун үстүнө "бомба" болуп жарылчудай.

- Өмүрбек мырза, вице-премьер Бабанов менен жолугушуп, анын артынан илешип жүргөн чуулгандуу маселелер боюнча сүйлөшкөнүңүз чынбы?
- Ооба, бүгүн жабык эшик артында жолуктум. Эки саат сүйлөштүк. Негизинен сөз анын дарегине мурунку башпрокурор Кубатбек Байболовдун айыптоолоруна байланышкан 8 маселенин айланасында болду. Казакстандын паспорту бар экенин Бабанов өзү да мойнуна алды. СССР учурундагы паспортуна алмаштырып алган экен. Союз жаңы тараган мезгилде паспортун каяктан тапшырса, автоматтык түрдө ошол өлкөнүн атуулу болуп кала турган. Ал ошентип, Казакстандын атуулу болуп калган. 1999-жылы Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине кайрылып, кыргыз паспортун алган. Бирок, башка өлкөнүн атуулуна керектүү процедуралардан өтмөйүнчө тиешелүү мекеме паспорт бербеши керек болчу. Мыйзамды бузуп берип коюшкан. Бабанов болсо мыйзамды бузганын моюнга албайт, казак жараны экенин билген эмесмин деп атат.
- Экономикалык махинациялар тууралуу айттыбы?
- Өзүнүн кирешелери боюнча айтты. Мамлекеттик кадрдык кызматтын маалыматындагы көрсөтүлгөн киреше туура эмес экендигин, андан башка дагы декларация бар экенин айтып, жумушчу топтун жетекчиси катары аны мага берүүнү убада кылды. Мамлекетке 743 млн. сом карыз болгон "Манас интернейшнл сервис" компаниясына тиешем жок дейт. Аны менен бирге эле оффшордук аймакта катылган фирмадан 20 млн. долларды алганын да танган жок. Бул акчалар апама караштуу акчалар деди. Кийин бул 20 млн. доллар Бабановдун атына которулуп берген экен. Бул акчаларды АКБ "Кыргызстандын" сатып алууга жумшаганын айтып берди. Бабановдун Чолпонбай айылынын жетекчилери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары Бабанов 248 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алган деп бизге кайрылган болчу. Бул жерлер жаш үй-бүлөлөргө бериле турган жер экен да. Аларды болсо Бабанов өзүнүн жездеси Сагадылда Мырзабаевдин атына жаздырып алган. Бабанов бул маалымат чын экенин мойнуна алып атат, бирок ал жездеме караштуу деп жатат. Ал Таласта гана эмес, Бишкектен деле "Азамат" машине базарынын жанынан бир туугандарынын атына 82 гектар жерди жаздырып алган. Бул маалыматтар боюнча жумушчу топ жакында өзүнүн жыйынтыгын чыгарат.

Дилбар АЛИМОВА




Азыркынын Жаныштары,
Максимдери
Мурунку президенттердин тушунда Айдардын, Жаныштын, Максимдин шаар ичинде атайын кеңселери болуп, кандайдыр бир маселелерин чечүү үчүн эл кезекке туруп киришчү. Эми дал ошондой "конторалар" "Республиканын" күркүлдөрүндө пайда болуптур. Коалиция түзүлгөндө алар министрликтен баштап майда-барат ишканаларга чейин бөлүштүрүп алышпады беле. Тийген устуканды "республикачылар" өз ара дагы бөлүп алып, шаардагы кеңселеринде кезек күткөндөрдү кабыл алып жатканы боюнча маалымат түштү.

Жаштар парламенти түзүлөт
Жакында Жаштар парламенти түзүлөт. Бул демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков АКШ элчилигинин, ЮСАИДдин OTI долбоорунун жардамы менен ишке ашырууда. Бул парламенттин депутаттары республиканын бардык аймактарынан тандалып алынып, кадимки Жогорку Кеңештей эле иш алып барышат. Коомдук-саясый маселелерди талкуулап, өздөрүнүн сунушун Жогорку Кеңешке айтып турат. 18ден 26 жашка чейинки жакшы окуган, оратордук чеберчилигин көрсөтө алган жаштар алынат. Эң негизги талап - демократиялык баалуулуктарды колдошу керек.

Президенттик шайлоодо да бюллетень 1 метр болот
Өткөн парламенттик шайлоодогуга окшоп президенттикке талапкерлердин дагы тизмеси бир баракка батпай калат окшойт. Анткени КСДПдан Алмазбек Атамбаев, "Ата-Журттан" Мыктыбек Абдылдаев, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов (Нариман Түлеев экөөнүн тандем болушу күтүлүүдө), "Ата-Мекенден" Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбековдор президенттик ат салышка чыгаары белгилүү болду. Дагы "Республика" менен "Ар-намыстын" талапкерлери атала элек. Буга дагы "дужур" талапкерлер кошулат. Кремль Мыктыбек Абдылдаев менен Марат Султановго ставка коюп атканын ишенимдүү булактар кабарлады.

Ө.Текебаев: "Туу көзүңө кан болуп көрүнүп аткан болсо, доктурга көрүн"
Акыркы күндөрү "Ата-Мекен" фракциясынын ичинде да чыр чыкты. Депутат Карганбек Самаков тууну, гербди алмаштыруу керек деген идея менен чыгып, партия лидери Өмүрбек Текебаев менен кайым айтыша кеткен. Текебаев "туу көзүңө кан болуп көрүнүп аткан болсо, доктурга көрүн" деп, анысы "өзүң көрүн" деп ыйкы-тыйкы болушкан. Көрсө, Самаков мырзанын таарынганы башка экен. Жогорку Кеңешке вице-спикер болот элем деген дымагы ишке ашпай калгандан кийин сыртын салып, чуу чыгарууга ыңгайлуу учурду издеп жүргөн кези дешет.


  Өз кабарчы билдирет

Таластагы катуу шамал үйлөрдү талкалады
Таласта болгон катуу шамалдын кесепетинен Өзгөрүш айылындагы Канат Бегалиев атындагы спорт клубунун чатырын шамал каңтарып, жылаңач жыгачтары калды. Аталган клуб былтыр 2010-жылы эле салынган.
Бул имаратты оңдогонго жалпы суммасы 10 млн. сом акча жумшалган экен.
Клубдун директору Талгат Төлөшовдун айтымында, имарат усталардын сапатсыз кургандыгынан улам катуу шамалга туруштук бере алган эмес. Учурда Талгат Төлөшов Бишкек шаарында акча издеп жүргөндүгүн айтып, "чатырлар жерге учуп түшүп, былтыр эле евроремонттон өткөн кабинеттерге жамгырдын суусу сарыгып, күрөш килемдери жарабай калды. Эми бизге баш-аягы 300 миңдей акча керек. Эртерээк чатырын жабышыбыз керек" деди күйүп-бышып. Канат Бегалиев атындагы бул спорт клубунда 120 бала эркин күрөш, грек-рим жана улуттук күрөш боюнча машыкчу. Учурда машыгуу токтоп турат.
Ал эми Талас шаарындагы Ж. Молдосанов көчөсүндөгү 39-үйдү 6 түп тал басып калган. Төрт бөлмөлүү үй жарактан чыгып, үйдүн ээси Үмөталиев Каракойчу аялы, келин-уулу жана эки небереси менен үй-жайсыз калды.
Ошондой эле А. Оторбаев көчөсүндөгү Жээнкулов Медербекке таандык 279-үйгө бир түп тал кулап, чатырына, дубалына жарака кетти. Мамлекет тарабынан шамалдан жабыр тарткандарга кандай жардам көрсөтүлөт, азырынча белгисиз.

Мира Сейдикеримова, Талас




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«