Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Күлүк этин жебеген саяпкер
Бул эки соодагер - Ормон менен Актан. Ормон алты жашта, иниси беште. Ага-ини ышкын чыккан маалда чогултуп келип, Ысык-Ата курортунан Бишкекке бараткан жолго коюп сатып, ата-энесине кол-кабыш кылышат. Келечекте бизнесмен болгусу келген балдар, азыртадан ушинтип тажрыйба топтошууда. Он сомго үч ышкын сатып алсаңыз болот. Күнүнө аз дегенде 20 сом табышат. Кээде кардарлар 5-10 сом чайлык таштап кеткенде кудуңдап сүйүнүп калышат. Ал эми ышкындын мезгили өтүп баратканын эстегенде маанайлары чөгө түшөт.

Кошой НАРКЕЕВ
Жубайлар Нурбек Мусуралиев менен Нурия Баялиева Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылынын тургундары. Экөө үйлөнгөндөн бери эле мал багып тоодо. Кышкысын Мүнтөкүм капчыгайындагы сарайда болушса, жайкысын чоң жайлоого көчүшөрүн айтышты. Биз барган тушта сүт ичкени келген алгачкы эс алуучуларды кабыл алууга кам көрүп жатышкан экен.


Мүнтөкүм жайлоосунан союз маалынан бери эле эс алуучулардын аягы үзүлбөйт. Анткени ал кезде "Тюльпан" деген лагерь болгон. Ал жакка азыр деле каалоочулар барат экен. Андан сырткары, жерден минералдык суу чыгарын айтышты.
Акыркы жылдары бул жерге бээнин сүтүн ичкендер көп каттагандыктан, айыл тургундары май-июнь айында эле бээ байлап, бизнестин камын уруп башташат.
Нурия Баялиева да 10го жакын бээ саайт экен. "Келин болгондон бери эле бээ саап келе жатам. Башта колумдун эби келбей кыйналган элем. Кийин көнүп кеттим. Эң башкысы, өзүңдү токтоо кармашың керек. Корксоң жылкы дароо сезет. Анан тепкилеп, жолотпой коет", - дейт. Кымызды жыгач челекке бышып атканы негедир көзгө комсоо көрүндү. Кожейке муну сезди көрүнөт:
- Челекти жууп, кургаткан жеңил. Бирок муну деле саба-чаначтай кылып ыштайбыз. Кымызды болсо кышы бою жер төлөгө сактап, ичебиз. Көрөңгө боло турганы бир ордунан козголбой сакталышы керек. Кокус чайкалып калса, кымыздын сапаты жакшы болбой калат", - деп сыр бөлүштү.
Жубайлардын кардарларынын басымдуу бөлүгү айылдын эле тургундары. Кымыздын литрин 100, ал эми сүттү 120 сомдон сатышат. Анткен менен бул үй-бүлө жайды-жайлай кымыз сатпайт. Июнь айы ортологондо бээлерди кое беришет.
- Күзгө чейин деле кактап саасаң болот. Бирок анда кулундар эттенбей, чабал болуп калат. 4-5 жыл мурда кымыз сатуу деген түшүбүзгө да кирчү эмес. Ичкенге эле саачубуз. Эми боз үй тигип, бизнести кеңейтүүнү ойлонуп жатам, - дейт мал ээси Нурбек Мусуралиев.
Нурбек мырза өзү 1992-жылдан бери күлүк таптайт экен. Минип жүргөн айгыры Ноорузда ат чабышка түшүп, марага биринчи келгенден бери саяпкерлик менен шугулданат. "Жылкыны таптоонун өз ыкмалары болот. Чабарга 5-6 ай калганда эле машыктыра баштайм. Оор жумушка салбайм. Мелдешке бир күн калганда терин алам. Ары-бери жетелейм. Жем-чөптү өз убагында чени менен берем" дейт. Айтымы, эки күлүгүн уурдатыптыр. Бирөөсүн өткөндө эле 1-апрелде алдырып, кабыргасы кайышканын жашырбады.
Мал ээсинин дагы бир өзгөчөлүгү күлүктөрүнүн этин жебейт экен. "Колбаса жасоочу цехке өткөрөм. Жемек турсун, терисин сыйрыганга колум араң барат", - деп сүйлөп бүткүчө, маңдайында кашкасы бар, жээрде айгыр жанына келип калды. Аны Айсары деп чакырышат экен. Күлүк болгону менен, кыялы чатак бул жаныбар ээсинен башка чочун кишиге карматпайт тура. Айрыкча аял киши минсе, алакачып кетет дешти.
Негизи жайлоо десе көзгө желеге байланган кулундар элестейт эмеспи. Ал эми бул үй-бүлөнүн өрүшүнөн андайды көрө албадык. Кулундары коргонго камалып, бээлер ошону айланчыктап жүрүшөт. Буга эмне себеп болгонун сурасак, саяпкер "күн ысыкта желеге байласак, жулунуп атып акактап калат. Ошону ойлоп темир коргонго эле камап койдук" деп жооп узатты.

Санжи Туйтунова




10 жылдан кийинки Кыргызстанды кандай элестетесиз?
Данияр Асеинов, 23 жашта:
- Бишкекте чоң-чоң үйлөр курулуп, айылда элдин жашоосу азыркыдан жакшыраак болот болуш керек. Мен ошого ишенгим келет. Анткени өткөндө телевизордон Казакстандын Астанасынын мындан 20 жылдан кийин кандай болорун пландашканын көрсөттү. Аны көрүп таң калдым, суктандым. Биз деле ошентсек болбойбу? Чоң-чоң, кооз шаарларда жашап, иштесек жакшы болот эле.

Бактияр Турусбек уулу, 21 жашта:
- Кыргызстан мындан он жыл өткөндөн кийин кандай болорун билбейм. Балким, оңолуп кетербиз. Балким, ушул бойдон эле куурап жүрө беребиз. Азыр айылда жаштар деле калбай баратат. Менин досторумдан окугандары деле, окубагандары деле Бишкекке, Караколго кетип калышты. Айылда таптакыр иш жок, бош болсок эле көчөгө чыкмай.

Канат Муздубаев, 26 жашта:
- Он жылдан кийинки Кыргызстан кандай болорун келерки президентибиз шайлангандан кийин сурасаңар болот. Азыр баарыбыздын тагдырыбыз бийликтегилерге көз каранды болуп атпайбы. Мен азыр эч нерсе айта албайм.


Эркинбек Дүйшөнкул
уулу, 19 жашта:
- Баары жакшы болот деп ойлойм. Россияда, Казакстанда иштеп жүргөн кыргыздар кайра келсе экен. Айылдарда спорт залдар ачылып, дискотека ачылып, жаштар бош болгондо ошол жакка барып машыгып, эс алсак деп ойлойм.

Акылбек Жумабаев, 21 жашта:
- Он жылдан кийин Кыргызстаныбыз өнүгүп калат болуш керек. Азыр бизде "черная полоса" болуп атпайбы. Бирок мындай дайыма эле боло бербейт да. Буюрса, бул күндөр дагы өтүп, баарыбыздын "нормальный" акча тапкан жумушубуз, үйүбүз болот деп ойлойм. Анан мен чет өлкөгө баргым келет. Он жылдан кийин бир жакка барып, жер көрүп, иштеп келгенге акчам болуп калат болуш керек.

Кубат Жоошбаев, 25 жашта:
- Азыр менин досторумдун баары эле кыйналып жүрүшөт. Жашыбыз келип калса деле, "аялымды, балдарымды кантип багам?" деп коркуп үйлөнбөй жүргөндөр бар. Бирок мен Кыргызстан он жылдан кийин бай, өнүккөн өлкө болоруна ишенем. Ошол убакта биздин бөбөктөрүбүз биздин куракка келип калат. Алар "жумуш жок, акча жок" деп кыйналбай калат болуш керек.

Суроо салган
Бегимай Бакашева







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«