Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Атактуулардын айылында

Көпүрө-Базардын алтыны менен ак кайыңы
Таластын башында жайгашкан Көпүрө-Базар айылы кыргызга төбөсү көрүнгөн бир топ аттуу-баштуулардын кичи мекени. Алсак, обончу Түгөлбай Казаков, белгилүү акын жана котормочу Аман Токтогулов, экс-канайым Майрам Акаева, кинорежиссер Бакыт Карагулов, экс-министр Искендербек Айдаралиев, азыр Түркияда жүргөн коомдук ишмер Тойчубек Касымов, ырчы Малик Аликеев да ушул айылда төрөлүп, балалыгы ушул айылда өткөн. 7-апрелден кийин качып кеткен Данияр Үсөновдун чоң атасынын үйү да ушул кыштакта.

Көпүрө-Базар айылы мындан бир кылым мурда, тагыраагы 1959-жылы ири колхоз болуп уюшулган экен. Мындай демилгени ошол кездеги башкарма Рысбек Айдаралиев (Искендербек Айдаралиевдин атасы) көтөрүп, 8 айылдын башын кошуптур. Айыл тургундары "Айдаралиевдин эмгеги менен Таластагы алдыңкы колхоздордун бири болгонбуз. Мончо, мектеп, маданият үйүн курдурган. Ак кайыңдын көчөтүн атайын алдыртып, 200 чакырым жерге отургузган эле. Эми ал токойго айланды. Тилекке каршы, айтылуу башкарманын доорунда пайда болгон кээ бир имараттар бузулуп калды", - деп жылуу эскеришти. Ал эми уулу тууралуу ооз ачышкан жок.





  Шаркырап аккан кашка суу,

Шаша бер сенде арман жок Түгөлбай Казаков, обончу:
-Айылда өткөн балалыгым жөнүндө сөз болгондо көз алдыма айылдагы чоң суу тартылат. Ошол дарыянын жээгинде ойноп өстүм. Кийин шаарга кетип атканда:
Шаркырап аккан кашка суу,
Шапа таңда торолдум.
Шаарда эми башка суу,
Шарыңа куса болормун, - деп ыр жазгам. Андан бери далай мезгил өтүптүр. Өткөн жылдары айылга барганда, суу бойлоп басып жүрсөм:
Шаркырап аккан кашка суу,
Шашты элем мен да сен өңдүү.
Шаардан эптеп апкелдим,
Шалдырап калган денемди.
Шаркырап аккан кашка суу,
Шаша бер сенде арман жок.
Шарыңды тыңшап турайын,
Шашаар менде дарман жок, - деген саптар жаралды. Айылдагы үйдү 1968-жылы июль айында куруп баштаганбыз. Эсен байкем кечинде ылайды ат менен тебелетип, буламыктай кылып эзип койчу. Эртең менен келип, 1300-1400гө чейин кыш куйчубуз. Мен анда мектепти бүтүп аткам. Көп өтпөй окууга кеттим. Менден кийин Аман байкем (Аман Токтогулов) эмгек өргүүгө чыгып келип, дубалын тургузганга жардам берген.




Майрам Акаеванын үйүн туугандары кайтарат
Майрам Акаева чоңойгон атасынан калган үйгө бардык. Экс-президент Аскар Акаевдин тушунда үй окуу борбору болгон экен. Экс-канайым айылына жашыруун келип-кетип атыптыр деген кептер угулуп калчу. Бирок коңшулары "2005-жылдан бери кара кулпу кайтарып турат. Майрам эжени да көрө элекпиз" дешти. Ал үйдүн ары жагында курулган эки кабат үйдө да эч ким жашабасына күбө болдук. Туугандары тегерек-четин коруп, кайтарышат экен.




Малик Аликеев:
"Эски кампаны бузуп салсам, апам ыйлаптыр"
- Атам Аликеев Жунуш комуз чертип, күү чыгарган киши болгон. Убагында филармонияда Атай Огонбаев, Эстебес Турсуналиев менен чогуу жүрүп, ырдачу экен. Кийин ден соолугуна байланыштуу айылга кетип, маданият үйүндө иштептир. Мен биринчи жолу "Мөлмөлүмдү" атамдын комузу менен ырдап чыккам. Атамдын тургузган үйүнө 50 жылдай болуп калды. Аны оңдоюн десем, апам болбойт. Быйыл 80 жылдык мааракеси болордо эски кампаны бузуп салсам, аябай ыйлаптыр. Апам кайраттуу киши. Эсимде, бир жолу Суусамырда малчылардын жыйыны өткөндө күрөшкө түшкөн. Кийин тоодо жүрсө, короодогу малга илбирс тийиптир. Ошону коркпой чаап, өлтүргөн.





Санаткүл Жамакеева,
Майрам Акаеванын сиңдиси:
- Ар бир айылдын маданий очогу болуп клуб болот эмеспи. Биз да клубга концерттерге, кинолорго үзбөй барчубуз. Алтын эже (менин жеңем), "киночу" байке да эч унутулбайт. Үйүнүн астына тактайга кол менен "афиша" деп жазып, илип коюшаар эле. Индия кинолору келгенде алар таң аткыча, бүт айыл көрүп чыкмайынча кинону "крутить" этишчү. Азыркы "кыргыз кереметтерин" мен биринчи жолу ошол биздин айылдык клубдан көргөм. Айылым жөнүндө эскере берсем, бир эмес эки том болоор. Биз бардыгыбыз айылдан башат алып, чоң дүйнөгө өсүп чыкканбыз.


"Далай жолу түлөө өткөрсөк да, ынтымакка келе албай жатабыз"
Аркы көчөдө жайгашкан Данияр Үсөновдун чоң атасынын үйүнө да бардык. Дарбаза жанында турган Адеп Садыбакасов аттуу тууганы экс-министрди былтыркы 7-апрелден бери көрбөгөнүн айтты.
Атактуулардын айылынын учурдагы баш оорусу "Андаш" кени экен. Ушунун айынан "ачылсын, ачылбасын" деп экиге бөлүнүп, 2005-жылдан бери жаатташып атышыптыр. "Далай жолу түлөө өткөрсөк да, ынтымакка келе албай жатабыз" дешет.

Кадыркүл Оморова,
пенсионер:
- Кендин айынан эл экиге бөлүнүп кырылганы турат. Бая күнү да мушташып кете жаздап, араң калышты. "Ачылсын" деген бирөөнүн айнегин талкалап салышты. Биз го карыдык. Бул жаш балдар эмне болот? Алтын чыккан жерде кишилер ооруйт экен. Көпөстөр алтындан башка көйгөйдү чечип беришсе деле кыйратат эле.

Тагай Медешов, айыл тургуну:
- Алтын кени ачылса айылга бир топ эле пайдасы тиймек. Канча бир жумушчу орундар түзүлмөк. Бирок айрым адамдар өз кызыкчылыгы үчүн элге туура эмес маалымат берип атышат. "Мутант балдар төрөлөт, экологияга зыяны тиет" деп. Илимий жактан караганда, эч кандай деле зыяны жок экен.

Таалай Кыдыралиев,
айылдык кеңештин депутаты:
- "Андаш" кенинде 36 элемент бар экен. Бирок казып алчу компания жез менен эле алтынды айтып атышат. Күмүш да бар экен, ал жөнүндө сөз жок. Уу калдык көмүлчү жайы сууга өтө жакын. Кокус бирдеме болсо, бүт Талас өрөөнү жабыр тартат. Ошондуктан мен кендин ачылышына түптамырынан каршымын.

Сталбек Маймурунов,
дыйкан:
- Убагында Майрам эжебиздин жакшылыгын көп эле көрдүк. Эми артынан сүйлөсөк, Кудайга жакпайт. Ал киши көбүнчө мектепке жардам берчү. Жакшы окуган балдарды көтөрмөлөп, колдоп турчу. Мына эми бала бакчага жетпей кыйналып атабыз. Килейген чоң айылыбызда бир кичинекей бала бакча бар. Дагы бирди куруп беришсе сонун болмок да.

Санжи ТУЙТУНОВА






кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??