Жаманды коногу бийлейт

Өзбекстан Бүргөндү мунай-газ куурларын кайтарып берсин!
Өлкө президенти Роза Отунбаева 2010-жылдын 29-июлунда Баткенде иш сапары менен болуп, Өзбекстан менен чектешкен Бүргөндү аймагын кыдырган эле. Ошондо Баткендин чек аралары такталган эле аймагында Өзбекстан пайдаланып жаткан мунай-газ куурларын да көргөн болчу. Роза Отунбаева Баткен облусунда дагы бир район түзүп, кошуналар пайдаланып жаткан газ-нефтилерди өзүбүзгө өткөрүп алабыз деп айткан болчу. Буларды өткөрүп алуу боюнча 15-августта декрет да чыгарган. Бирок абал али өзгөрүүсүз. Коңшу Өзбекстан суткасына 20 тоннага чейин нефти өндүрүп атканы аз келгенсип, бизге салык да төлөбөйт. Өзбекстан бул жерди пайдаланып жатканы үчүн жергиликтүү (пайдаланган жеринин аянты үчүн, кен байлыктарды пайдаланганы үчүн карызы эсепке алынбаганда) салыктан эле 650 млн. сомдой карыз болгон. Карызды төлөгүлө деген кыргыз тараптын билдирүүсүнө Өзбекстан ушу күнгө чейин унчукпай келет.

Айжигит Аблесов,
Баткен дубаны боюнча өз кабарчы




  Айланайын, айылдыктар

Кыштуттагы "дипломат"
Бекболот 10 жашта. Баткен районунун Кыштут айылында жашайт. Чоңойгондо дипломат болгусу келет. Анүчүн азыртан чет тилдерди окуп, компьютерди үйрөнсөм деп кыялданат. Бирок Кыштутта андай шарттын жоктугуна өкүнөт. "Көпчүлүк балдар бош убактысы боло калганда компьютер ойношот экен. Биздин айылда андай жок, кол бош болсо мал карайбыз", - дейт Бекболот. Бирок сабактан бош учурда мал карап атканын колко деле кылбайт, козу-улактарын жанындай жакшы көрөт. Алар менен болочок дипломат өз тилинде сүйлөшкөндү билет.




  Чек талаш

Таш-Тумшук эли тажиктерге үй-жайын неге сатат?
Баткендин чек аралаш айылдарында үй-жайын тажик атуулдарына саткандардын саны бүгүнкү күнгө 134 деп айтылып жүрөт. Бар тарабы тажик айылдарынын курчоосунда калып, үйлөр көп сатылып жаткан Таш-Тумшук айылынын тургундары үйлөрүн тажиктерге сатып көчүп кетүүгө мажбур болушууда. Кошуналарга мыйзамсыз сатылып кеткен кыргыз жарандарынын үйлөрүн мамлекетке кайра сатып алуу үчүн өлкө казынасынан өткөн жылы каражат да бөлүнгөн.

Жакында эле кыргыз үй-бүлө сатып ийген алгачкы там тажик атуулдарынан кайра алынып, милиция бөлүмүнө берилген. Бирок Кыргыз өкмөтү ал каражатты аликүнчө төлөп бере элек. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чегарасында жайгашкан айылдарда үйлөр сатылып жатканы соңку кездери чоң көйгөйгө айланууда. Алсак, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө мурда 60 там сатылган болсо, 2007-жылы 7, 2008-жылы 8 үй, өткөн жылы Баткен районундагы 1 үй тажиктерге соодаланып кеткен. Чек аралаш айылдарда "кошуналардын кысымы күчөп, үй-жайыбызды сатууга мажбур болдук, эгер мамлекет алчу болсо үйлөрдү кайра сатып алсын", - деп, буга чейин Таш-Тумшук айылынын 7 тургуну бийликке кайрылган. Бирок жыйынтык чыкпай келген болчу. Өткөн жылдын декабрь айында облустук акимчиликтин демилгеси менен чек ара маселеси оор, жашоочулардын абалы кыйын Таш-Тумшук айылын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыккан. Ага ылайык мамлекет тарабынан кошуналарга сатылып кеткен үйлөрдү кайтаруу үчүн 10 млн. сом каражат бөлүнүп, башталгыч мектеп ашар ыкмасы менен курулуп бүткөн. Соодаланып кеткен үйлөрдүн алгачкысы Кыргыз мамлекетинин эсебине кайрылып, милиция бөлүмү ачылган. Айыл өкмөт башчысы Жолдош Сатыбалдиевдин айтымында, мурда сатылып кеткен үйлөрдү да кайтарууга мүмкүнчүлүк бар. "Болгону мамлекет убада кылган каражатты өз убагында берип турса, аталган айылдагы үйлөрдү кошуналарга саттырбай сактап калууга болот", - дейт ал.
Ал эми кошуналардан 1 млн. 350 миң сомго мамлекет кайра сатып алган үйдүн мурдагы ээси Самидин Каримов көнгөн турагын айла калбай калгандыктан кошуналарга сатууга мажбур болгон. "Айланада кыргыздар калбай, жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылып, маселе чечилбегенден кошуналарга соодалап жибердик эле. Эми гана мамлекет бул жаатка көнүл бурду. Али да кеч эмес айылды, айылды гана эмес чек араны сактап калууга мамлекет жардам бербесе, жөнөкөй тургундардын чамасы жетпейт экен", - деген оюн айтты Самидин Каримов.
Кошуналардын курчоосунда калып, каттам, оорукана, мектеп маселесинен кыйналып жүргөн Таш-Тумшук айылына мамлекет тарабынан эми-эми көңүл бурулуп, башталгыч мектеп, милиция бөлүмү ачылды. Айылдын мурдагы башчысы Абдимурат Айдаров болсо "эгер мамлекет мурда эле ушундай көңүл буруп турганда жергиликтүү эл эч жакка кетпейт болчу, чек арадагы мындай шарты оор айылдарга кандайдыр бир жеңилдиктер болушу зарыл. Антпесе, кыйналган эл турак-жайын сатып, жакшы жашоо издеп, башка аймактарга көчүп кете беришет экен", - дейт.
32 там кошуналарга мыйзамсыз соодаланып кеткен Таш-Тумшук айылынын тургундары жогорудагыдай аракеттерден улам мамлекеттин бар экенине аз да болсо ишеним артып, мурдагы сатылган тамдардын да кайра кайтарылышынан үмүттөнүп турушат. Бирок биз айткан 34 үй тажик атуулдарына сатылып кеткенин эч ким далилдей албайт. Анткени сатылган үйлөр каттоодон өтпөйт. Бул үйлөрдө жашап жаткан кошуна өлкөнүн жарандары болсо "биз бул үйдү батирге алганбыз" деп кутулган учурлар бар.
Баткен облусу Тажикстан менен 674 чакырым чектешсе, анын 237 чакырымы гана эки өлкөнүн паритеттик комиссиясында такталган. Ал эми калган көпчүлүк аймак али талаш бойдон шарттуу чек ара болгондуктан, көптөгөн тирешүүлөр жаралып келет. Эки өлкөнүн такталган чек аралары калк жашабаган тоолуу аймактар. Ал эми тактала элек бөлүктүн баарында эл жашайт. Чек арадагы талаштардан улам жергиликтүү калк жапа чегип, кыргыз-тажик чегиндеги тирешүүлөрдүн да саны арбып барат.

Айжигит Аблесов,
Баткен дубаны боюнча
өз кабарчы