Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Досунан душманы көп Койсун Курманалиева
Туулган жылы - 1962-жыл, 1-апрель
Жердиги - Талас району, Орто-Арык айылы
Кызматы - учурда Талас облусунун губернатору. Эмгек жолун Талас шаарындагы Эсептөө борборунун операторлугунан баштап, кийин архив кызматкери, айыл өкмөтү, губернатордун орун басары ж.б. бир нече кызматтарды аркалаган
Билими - жогору, 1990-жылы Кыз-келиндер пединститутун (азыркы И. Арабаев атындагы КМУ), 2009-жылы Юридикалык академияны бүтүргөн
Хоббиси - күндөлүк жазуу, архивде сакталган материалдарды изилдөө
Үй-бүлөлүк абалы - бойдок, бир уул, бир кыздын энеси
Саясый көз карашы - "Ата-Мекен" партиясынын иш-аракетин, тандап алган багытын колдойт, губернаторлукка чейин бул партиянын мүчөсү болгон
Сүйгөн китеби - Алыкул Осмоновдун ырларын, Чыңгыз Айтматов менен Теодор Драйзердин чыгармаларын окугандан рахат алат
Мүнөзү - ак көңүл, ачуусу келгенде буркан-шаркан түшүп кетет
Кемчилиги - кечиримдүүлүгү, ушул сапатынын айынан көп жабыркаган
Материалдык абалы - орто, кошумча кирешени дыйканчылык жолу менен табат
Сыйлыгы - 1997-жылы Аскар Акаевдин колунан Даңк медалын алган
Спортко мамилеси - теннисти жакшы көрөт
Достору - жакын санаалаштарга караганда душманы көп
Жакшы көргөн ичимдиги - алкоголдон алыс, көк чайды үзбөй ичет
Колдонгон косметикасы - "Испахан" атырын, "Орифлейм" фирмасынын упа-бетмайларын жактырат
Өкүнгөнү - карьераны тандап, көп баланын энеси болбой калганы
Сүйүнгөнү - эл-журттун тынчтыгы, бир туугандары менен балдарынын амандыгы
Турмуштук девизи - "Күрөш, намыс жана жеңиш"




  Путин чапкан жол

Бажы союзуна каршы 7 жүйө
Кремлдин "кол чатыры"
Россия Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) 18 жылдан бери кире албай убара болуп келатат. Путиндин жасабаган аракети калган жок. 2010-жыл айрыкча шаабайды сууткан жыл болду. ДСУнун босогосун акыры аттайбыз деп турган Путинди АКШ дагы колго чапты. Үмүтү үзүлгөн Кремль постсоветтик аймакта өзүнүн билегинин күчтүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүш үчүн Бажы союзун түзүүгө катуу киришти. Андыктан бул маселе 100% саясый маселе. Кыргыз өкмөтү экономикалык анализ жасап, калчап көргөндүн ордуна "бөрү жесе жесин" деп, көздү жумуп алып эле кирип баратат. Кремль тымызын кол толгоп атат.

Оңго барсаң өзүң өлөсүң, солго барсаң атың өлөт
Кыргызстан 1998-жылдан бери Дүйнөлүк соода уюмдун мүчөсү. Бул уюмдун босогосун аттаган постсоветтик аймактагы эң алгачкы өлкө болгонбуз. Азыр эми Кыргызстан жарга такалып турат. Бажы союзу Дүйнөлүк соода уюмдун эрежелерине каршы келет, тарифтери туура келбейт. Кыргызстан үчүн айрыкча Россия менен Казакстандын ДСУга эртерек мүчө болгону утуш болмок. Азыр Бажы союзга шашылбай, ошону күткөнүбүз оң. Россия болсо көп учурда өзүнүн деспоттук саясатынан улам душманы көп, мисалы, ДСУга мүчө Грузия Россияга каршы добуш берери анык. Саакашвили президент болуп турганда Россия эч качан ДСУга мүчө боло албайт. Себеби ар бир өлкөнүн добушу тагдыр чечет.

Эки доочу бир келсе, амалыңдын кеткени
Кыргызстан ДСУга мүчө өлкөлөр менен учурда жеңил соода алакасын жүргүзө алат. Тарифтер төмөн, алакалар жеңил болгондуктан, 100гө чукул өлкө менен соода жүгүртүп атат учурда. Эгер Бажы союзга кирсек, Кытай өңдүү ДСУга мүчө мамлекеттер менен соода токтойт же басандайт, себеби биз тарифтерди көтөрөбүз. Ар бир өлкө тарифтин көтөрүлүшүнөн тарткан чыгымын төлөп берүүнү талап кыла баштайт. ДСУнун эл аралык эрежеси ушул, бекитилген тарифтерди бузган өлкө компенсация төлөшү керек. Болжол менен 1,5 миллиард доллардан ашык каражат компенсацияга кетет. Андан сырткары мыйзамдык базаны, документтерди көтөрүп, кайра иштеп чыкканга 1 миллион доллар жумшалат. Кыргызстан 2,6 миллиард доллар тышкы карызынан кутулабы же компенсация төлөйбү?

Күнкор болобуз
Бажы союздун күркүлдөрү Россия, Белорусь жана Казакстан өндүрүшү күчтүү, 70% экспорттоо аркылуу элин багып аткан мамлекеттер. Кыргызстанда болсо өндүрүш жок, 70% товарларды сырттан ташып келип жан багабыз. Дал ушул кырдаалда Бажы союзунун бүт тарифтери ириде Россиянын кызыкчылыгына ылайыкталган. Орус өндүрүшүн импорттун агымынан коргоп, ошол эле учурда орус товарларын экспорттоого шарт түзөт. Андыктан бул тарифтер Кыргызстанды жыргатпайт. Бажы союзунда Россиянын үлүшү 57%, Белорусь менен Казакстандыкы 21%, ал эми Кыргызстанга болгону 3 % үлүш тиет. Бул деген Кыргызстан киреше да албайт, үн ката да албайт дегендик. Берки үч мамлекеттин айтканына баш ийип, аларга күнкор болобуз. Жада калса соода саясатын аныктай албай калган да өлкө өлкөбү?

Баалар асмандайт
Баалар Россия менен Казакстандын рыногуна теңелет, бери дегенде товарлар 15-20 пайызга кымбаттайт. Германия жана башка алыстан кирип аткан товарларга капчык түтпөй, Россияда өндүрүлгөн товарды алууга мажбур болобуз. Мисалы, Германиянын унаалары кол жеткис болуп, өзбектердин Тикосун айдаганга өтөбүз.
Азыр Кыргызстанда жалгыз өндүрүш бар жакшы өнүгүп аткан. Ошол өз элибизди гана эмес Россияны да камсыз кылып аткан тикмечилердин иши токтойт. Россияга кийим-кечек ташый албай калышат, Кытайдан келип аткан кездемелер кескин кымбаттайт. Тигүү өндүрүшү солгундаса, базарлардан арзан кийим ала албай калабыз. Жүздөгөн кийим тигүү цехтери жабылат.

Кытай товарсыз жакыр эл куруйт
Кыргызстандын болжол менен 1,5 миллион калкы соода менен жан багууда. Кытайдан агып кирип аткан арзан товарларды Россияга жана коңшу өлкөлөргө кайра сатып нан табышат. Бажы союзу аларды жумушсуз калтырып, жонуна кайыш тилип, үй-бүлөсүн багып аткан киреше булагын тартып алганы турат. Россия анда ишкана ачып, ушул адамдарды жумуш менен камсыз кылганга 3-4 миллиард доллар берсин. Эгер ре-экспорт токтосо, чоң базарлар жабылып, миңдеген адамдарды ким багат? Былтыркы эле жылды алсак, Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товардын көлөмү 14 миллиард доллар болгон. Бул шумдук цифра, ички дүң продукциядан 5 эсеге көп болуп атат. Эми Кыргызстан Россия таңуулаган тарифтерди койсо, Кытай товарлары кескин кымбаттайт, мурдагыдай агылып кирбейт. Эмитен эле Дордой базарында соода 70%га түшүп, эл каржалып турат. Эртең кандай болот? Соодагерлер жумушсуз калганы аз келгенсип, чөнтөгү жука эл арзан, күнүмдүк товарларды каяктан табышат?

Дүйнөлүк соода уюмдун башы маң
Женевада бир нече ирет жолугушуулар болду. Россия, Белоруссия, Казакстандын өкүлдөрү келип, эл аралык коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Алар Бажы союзга бириккенден кийин, чогуу Дүйнөлүк соода уюмга бир блок катары киребиз деп чыгышты. Буга Европа биримдиги да, Дүйнөлүк соода уюму да "акылыңар ордундабы" дегендей, таң калуу менен карады. Бириккен улуттар уюмунун Женева кеңсесиндеги жолугушууда ДСУнун башкы директору Лами Паскалга ушул суроо менен кайрылганымда, "андай деген болбойт, ар бир өлкө өз жолу менен гана өтө алат" деп кесе жооп айтты. Акыры, бул кырдаал эл аралык коомчулук алдында Россияга да, Кыргызстанга да утуш алып келбейт.

Чолпон Орозобекова








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??