Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Токон МАМЫТОВ, "Ар-намыс" фракциясынан ЖК депутаты:
"Биз коалицияга киргенде эле ызы-чуу токтоп калбадыбы"
Акүй жыттанат
- КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков "Ар-намыстын" дагы үч депутаты коалицияга кирүүгө макул экенин билдирди" деп айтты. Бул кайсы депутаттар? Дегеле "Ар-намыстын" ичинде эмне болуп жатат?
- Биз "Ар-намыс" фракциясынын он депутаты коалицияга киребиз деп жол ачып бербедик беле. Фракцияда бул маселе талкууланып, Феликс Шаршенбаевич "мындан ары сүйлөшүүлөрдү өзүм жүргүзөм" деп, өкмөт башчы менен, коалицияга кирген фракциялардын лидерлери менен жолугуп сүйлөшүптүр. "Ар-намыс" фракциясынын талаптары жазылган келишимди сунуштаптыр. Ал эми Чыныбай Турсунбеков айткан үч депутатты мен билбейт экенмин. Фракциянын депутаттарынын көпчүлүгү коалицияга кирүүгө каршы эмес. Мамлекеттин келечеги, стабилдүүлүк үчүн макул болуп атышат.
- Кайсы талаптарды коюп жатасыздар?
- Кызмат же материалдык кызыкчылыкка байланышкан эч кандай деле талап жок. Өкмөт "Ар-намыстын" шайлоого чейин алып чыккан программасынын жакшы жерлерин алып пайдалансын, министрликтерди кыскартсын, уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү чаралар колдонулсун деген эле талаптар.
- Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун ордуна Феликс Куловдун талапкерлиги каралып жатат деген маалыматтар бар…
- Жок, кызмат тууралуу бир да сөз болгон эмес. "Ар-намыстын" көпчүлүк коалицияга кошулуп атканы чынында көптөргө жакпай жатат. Ошондуктан ушундай сөздөрдү таратып жатышат. Биз, мына "Ар-намыстын" он депутаты, коалицияга кирип кеттик эле, ызы-чуулар, соодалашуулар токтоп калбадыбы?
- Феликс Кулов азыркы коалиция түзүлүп атканда "премьер-министр боло турган адам президенттик шайлоого барбайм деп кепилдик берсе гана кошулабыз" деген талапты койгонбуз, бул талапты аткарууга Алмазбек Атамбаев макул болгон жок, ошон үчүн биз коалицияга кирген жокпуз" дебеди беле. Бул жагы эми кандай болот?
- Муну эми Феликс Шаршенбаевичтин өзүнөн сураш керек. Менин билишимче, азыр бул тууралуу эч кандай сөз болгон жок.
- Ошол он депутат Феликс Кулов Москвада жүргөндө коалицияга кошулабыз деп чыктыңыздар. Келгенде ал сиздердин бул кадамыңыздарды сындап чыккан болчу. Бул келишпестикти кантип чечиштиңиздер?
- "Мен Москвада болуп калдым, билбей калыпмын" деген туура эмес сөз. Менимче, журналисттер Феликс Шаршенбаевичти туура эмес түшүнүп алышса керек. Биз фракция жетекчисинин тапшырмасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз да. Мунун баарын Феликс Кулов билчү.
- Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы качан чыгат?
- Азырынча белгисиз. Айттым го, Феликс Шаршенбаевич сүйлөшүүлөрдү өзү жүргүзүп атат. Жакын арада жакшы жыйынтык болот деп ишенип турабыз.

Дилбар АЛИМОВА




  Эл багарлар эмне дейт?

Жоомарт Оторбаев:
"Оорукчан адам башын көтөрүп, керебетке отурду"
Лондондо 5 жылдан бери жашайт. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкында инвестициялык климат боюнча ага кеңешчи. Бул маектеги ойлор банктын позициясы эмес, жеке ойлору.

- "Ата Мекен" партиясынан шайлоого чыгып, бирок күтүүсүздөн эле депутаттык мандатты таштап койдуңуз. Бул чечимиңиздин артында эмне турат?
- Мен башынан эле көп жылдан берки туруктуу позициясы үчүн "Ата Мекен" партиясын сыйлайм. Өмүрбек Текебаев мага чалып сунуштаганда, ойлонуп, анан макул болгом. Иштеген жеримден эмгек өргүү алып, Кыргызстанга бардым. Шайлоого баратканда Кемин району боюнча убадамды аткарып, партияга эң көп добуш алып бердим. Мен партиянын лидерлерине дароо эле айткам, өзүмдүн билимимди жана тажрыйбамды өкмөттө колдонуп, мамлекетти оңдогонго иштеп берейин деп. Бирок мен парламентте иштей албайм деп айткам. Бирок шайлоонун жыйынтыгы биз үчүн күтүүсүз болду, аткаруу бийлигине келе албай калдык. Мен келсем, анда технократтар менен өзүмдүн командам менен келип иштемекмин. Ошондуктан мен мандатты тапшырып берип, азыр кайра Лондондо өзүмдүн мурдагы ишимде иштеп атам. Бирок мен ата-журттан алыстаган жокмун. Эл аралык финансылык уюмда туруп деле Кыргызстанга жардам бергенге аракет кылып атам. Көп маселелерге келгенде менден кеңеш сурашат, Кыргызстанга пайдасы тийгидей кылып айтып берип, биздин кызыкчылыкты коргоп атам.
- Кыргызстанда саясый партиялар президенттик шайлоого даярданып атышат, сиздин пландарыңыз кандай?
- Азыр консультациялар, сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Бул шайлоого катышууну каалагандар көп, керек болсо талапкерлердин саны 40ка чыгып кетиши ыктымал. Мен "Ата Мекендин" бирдиктүү талапкерин колдойм.
- Парламенттик шайлоого кайтып келсек. Финансист, экономисттин саясатка аралашам деп атып, бул шайлоодон негизги алган сабагы не болду?
- Мен көп сабак алдым бул шайлоодон. Эң башкысы, белгилеп коюшум керек, бул тарыхый шайлоо болду. Себеби бийлик фальсификациялаган жок. 100% болбосо да 70% адилеттүү өттү. Ушул шайлоо биздин элдин жүзүн да көрсөттү. Бул шайлоодон өзүм үчүн бир чоң бүтүмгө келдим. Биздин эл сатылат, биздин эл бөлүнөт, район-район, уруу-уруу болуп бөлүнөт. Бөлүнгөнү да эчтеке эмес, каратып туруп сатылат. Бирок элди да күнөөлөй албайм, жакырчылыкка батып, жашоо деңгээли да ушуга жеткирип койду да.
Ошондой эле бул шайлоодо сырткы державалардын кийлигишүүсү чоң болду, абдан сезилди. Тарыхта дайым ушундай болуп келген, чоң мамлекеттер кичинекей мамлекетке үстөмдүк кылып, саясатын таңуулаганга аракет кылат. Кыскасы, бул парламенттик шайлоодо көп нерсеге көзүм ачылды десем болот.
- Россия демекчи, Кремлдин Текебаевге каршы жасаган антипропагандасы ачык эле көрүнүп турду. "Ата Мекен" неден жаздыңар? Россия неге өчөштү мынча?
- Мен аны айта албайм, аны орустардын өзүнөн сураш керек. Менин байкашымча, кээде душман жок болсо да, таап эле дайындап коюп коюшат. Орусча айтканда, Ата Мекенди "просто назначили врагом". Биздин эл Россияны эч качан жаман көрбөйт, дайым жылуу мамиледе болуп, дайым жакшы көрөт. Бизде дегеле антироссиячыл саясатчы же партиялар жок. Андайларды колдобойт эл.
- Жанараак сөзүңүздө айттыңыз, технократтардан турган команда менен иштемекмин деп. Азыркы өкмөттү карасак, жаштар деле бар экен, 35-37 жаштагы министрлер иштеп атат, азыркы өкмөт кандай иштерди жасап атат?
- Бул өкмөт 90% саясый себептер менен куралды. Коалицияга кирген үч партия постторду бөлүшүп, анан өкмөт келип отурду да. Бир карасаң, курамы жаман эмес. Бирок мен азырынча реформаны көрбөй атам. Өтө эле көп саясый элементтер аралашып атат, профессионалдуулук жок. Мамлекеттик маселелер четте калып, премьер-министр баш болуп, "Мегаком" өңдүү жеке ишканалардын маселесине баш-оту менен кирип кетишти. Өкмөттүн функциясы бул эмес да. Өрт өчүргүчтөй эле улам бир ишканага чуркап жүрүшөт, бийлик менчик ишканаларга башын салбай, чоң болобу же кичине болобу, бардык ишканаларга бирдей "правила игры" орнотуп бериши керек. Бизде "Ата Мекен" программасында бар болчу, биз аткаруу бийлигине келсек, жалаң жаштарды, мыкты билим алып чет мамлекеттерде жүргөндөрдү алып келмекпиз. Жаңы технократ кадрларды алып келиш керек эле. Дүйнөлүк банк өңдүү эл аралык уюмдарда иштеп жүргөн кыргыздын билимдүү жаштарын чогултуп, Вашингтондо Роза Отунбаева менен жолуктурган элем. Мына ушул балдардын мээсин, билимин пайдаланалы деп айткам. Биздин саясатчылар кээде бир нерсени унутуп калышат, бир жаңылган адам оңолбойт. Эл унутпайт, жасаган күнөөсү жуулбай эле калат ошол бойдон. Азыр Кыргызстанга таза, жаңы муун керек.
- Реформа жүрбөй атат дедиңиз, жок дегенде Максимдин орду бошпу деги? Же ээлеп алыштыбы?
- Жок, азыр анчалык одоно басып алуучулук, коррупция болуп атат деп айта албайм. Парламенттеги беш партия деле бирин-бири контролдоп атат. Бирдемке башталса, сөзсүз, башкасы аны айтып ызы-чуу кылат. Эмитен эле айрым чуулуу маалыматтар коомчулукка айгине болуп калып атпайбы. Андыктан Бакиевдин убагындагыдай коррупция бар деп айта албайбыз. Кыргызстанды көп жылдан берки оорукчан адамга салыштырсак болот. Акыркы жылдары таптакыр эле баса албай төшөктө жатып калган. Ал дароо айыгып чуркап кетпейт, азыр араң төшөктөн башын көтөрүп, керебетке отурду десек болот. Бирок аны тез ордунан тургузуп, чуркатыш үчүн реформаларды жасаш керек.

Суроо салган
Чолпон Орозобекова





кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??