Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Азапты тарткан билет

Аккуулар кайда учушат...
Бакиевдик аткаруучулар "Де-фактонун" мүлкү менен кошо эшигин кулпулап, кара мөөрун баскандан бери туура үч жыл убакыт өтүптүр. Үч жыл гезит кулпуда болду. Гезит үч жыл өлкөнүн коомдук-саясый турмушуна, тирилигине аралаша алган жок. Гезит менен кошо бурулуш тагдырды жамынып, биздин үй-бүлө ошондон бери туулган жерден алыс, четте жүрөбүз. Тилекке каршы, дал ушул ортодо кыргыздын белин кайыштырган окуялар болуп өттү. Кыргыздын нечен азаматтары окко учуп, атпай элге белгилүү инсандардын көзү өтүп кетти. Биз, тууганына топурак салалбай түйшүккө баткан кыргыздын тагдырындай болдук... 7-апрелде жана июнь айында Ошто окко учкандар арасында биздин да жакындарыбыз, жердеш, туугандарыбыз бар эле. Айрылуунун азабы алыста болсоң өзгөчө сезилет. Биз 7-апрелде окко учкан 87 баатырдын жана Ошто курман болушкан эр азамат, боордошторубуздун жакындарына ийилип көңүл айтабыз. Бардык азап-муңдарын тең бөлүшөбүз жана гезит бетинде силер менен дайыма муңдаш, талапташ болобуз. Биздин маркумдарга окуган кураныбыз ушул - алар эңсеген келечекти курууга күч аябайбыз. Гезит калыс болсо, чынчыл болсо, ачуу чындык айтканга жараган болсо, аларга мүдөөлөш болгонубуз ошол. Анан да "Де-факто" кыргыздын көзү өтүп кеткен бул улуу инсандарына кош айтуу жазалбай калган:
Кыргыздын көсөмү Чыңгыз Айтматовго. Тагдыр тамашасы болуп улуу жазуучубуздун сөөгү коюлуп, көчөгө батпаган эл сөөк менен коштошуп аткан маалда, Бакиев желдеттери Де-Фактонун компьютерлерин ташып, эшигин жаап, мыктап жүрүшкөн. Ошентип, улуу жазуучуга "Кош" дээр сөзүбүз жазылбай калган.
Коомдук ишмер Медет Садыркуловго. Ошондо анын өлүмү өлкөдө чыныгы кырдаал кандай экенин, коом канчалык коркунучтуу системада экенин көргөзгөн. Баа берген. Атургай ошол чырмаган желенин быт-чытын чыгарганды тездетип жиберди окшойт анын өлүмү.
Алп жазуучу Асанбек Стамовго. Кыргыз тарыхын 20 жыл казып жүрүп, акыры "Хан Тейиш" романын калтырып кетти. Сенин элесиң бизге "Жол боюнда жалгыз тамдай", "Жаңы туугандай", "Нөшөрдөн кийинки" маанайдай болуп кала берет.
СССР Эл артисти Асанкан Жумакматовго. Кыргызстандын Баатыры болуп, артында эчен кыргыз авазынын баатырларын тарбиялап кетти.
Генерал-майор Темиркан Субановго. Кыргыздын кагаздагы эмес, анык генералдары калк башына күн түшкөндө кырсыкты тороп жүрүштү... Генерал Темиркан элине далайга темир калкан болот эле.
Журналист Геннадий Павлюк. Өмүр бою жазып келип, бир күнү эле өлүк денеси декабрдын кычыраган түнүндө карда жатты. Коңгуроодой кагылат: жазмакердин бир жазмышы ушундай ажалбы?
Кесиптеш Табыш Назаркуловго. Кыргызда канча гезит болсо, баарыбыз айланып келип сенин колуңа түшөөр элек. Термелеп жазганыбызды Таласыңа таанытат элең. Таласыңдын түмөн түйшүгүн күйүп-бышып жазар элең. Ордуңду көп жоктодук, Табыш байке!
Калемдеш Калил Жамгырчиевге. Өлүмүңө ишенген жокпуз. Күлүп жүргөн эмгекчил жан элең. Баягыңдай, нан алганы дүкөнгө чыгып кеткениңдей, кайра кирип келчүдөй жүрө бер жүрөктөрдө....
Калемдеш Алмаз Ташиевге. 33 жаш. Канча душман, канча дос күттүң экен. Жазганыңды билчү элек. Дагы эмнелерди жазам деп жүрдүң экен, кудай аянган 33 жашыңда...
Муктар Өмүракуновго. Ал кабарды угуп... Атбашыга чалсак, Аксайда жайлоодогу энесине угузганы алып келатышат дешти... Ойлойсуң, аздан кийин Эне уулун угат..! Мындан ары медери жок экенин угат. Ага баарыбыз чыдайлы, бирок Эне кантип чыдайт деп, Эне кантип түтөт деп... Аттиң, жигит өлбөс болбойбу!
Жеңишбек Эдигеев




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??