Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Министрлер парады

Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот
Аскар Шадиев,
Энергетика
министри
Бакиевдин убагындагы бул "акжолчу" эң майлуу-сүттүү деп эсептелген бул кызматка "Республика" партиясы аркылуу келди. Өмүрбек Бабанов менен чогуу нефти бизнесин кылып жүрүп, жакшы дос болуп алганы айтылып жүрөт. Баткендин кулуну, ал дубанга губернатор да болуп иштеп көргөн. Экономикалык, юридикалык билими бар. Кошоматты ыгын келтирип жасаганга чоң уста. Парламентте Үзөңгү-Кууш маселеси талкууланып, оппозициялык маанайдагы депутаттар бурчка такап атса, Аскар Шадиев Акаевге болушуп: "Бизди президент тоготуп ушул жерге келип атканына сүйүнбөйсүңөрбү?", - деп оозду ачырган. Андан кийин Бакиев АКШнын аскер базасын чыгаруу боюнча чечим кабыл алганда: "Бул айкөлдүк! Мындай чечим кабыл алганына мен абдан толкунданып атам. Келгиле, бир кол чаап койбойлубу?!", - деген. Анысы "Операция Ы" тасмасындагы "Да здравствует самый гуманный суд в мире!" деп кол чапкан Вицинди элестеткен. Айтор, кайсы бийлик болбосун, ким менен дос болгонду да, кантип жагалданууну да жакшы өздөштүрүп алган.


Шамил
Атаханов,
вице-премьер-министр
Бул орунга КСДП алып келди. Вицеликтен сырткары, ЕврАзЭСтин Кыргызстандагы өкүлү. Өзгөндүк. Кесиби боюнча энергетик, кийин ИИМдин академиясын да бүтүргөн. Атка мингенди, бильярд, шахмат ойногонду жактырат. "Мышыктын кайсы түстө экени маанилүү эмес, башкысы чычкан кармаса болду" деген Дэн Сьяо Пиндин сөзүн эш тутат. Акаев, Бакиев доорунда Мамлекеттик эмес пенсиялык фондду жетектеп келген. Саясатта чабал. Эми-эми телчигип келатат. Өткөндө президент Роза Отунбаева менен АКШга барды. Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинде президентке жагалданам дедиби, айтор, байкабай "убактылуу өкмөттүн чечимдерине баш ийбеген адамдарга каршы курал колдонуу жана аларды атуу боюнча Роза Исаковна чечкиндүү буйрук бербегенде, ким жеңери, кайсы согуш отуна кирерибиз белгисиз болчу" деп "балп" эттирген видеосун бирөөлөр тартып алып, интернет барактарына жарыялап жиберген. Отунбаеванын ушундай буйругу бар экенин укканда коомчулук айран-таң калды.


Ибрагим Жунусов,
вице-премьер-министр
"Эламандан" башка жыргаткан ыры жок Ибрагим Жунусовдун саясый бактысын Бакиевдин бийлиги ачты окшойт. Ырчылыктан депутаттыкка, андан соң Маданият министрлигине секирген болчу. Эми вице-премьерликти мыкчып турган кези. Вицеликке "Ата-Журт" партиясынын өкүлү катары келди. Бул партиянын гимнин жазып берген. Музыкалык билими бар. Оштун Кара-Суу районунан. Адахан Мадумаровдун кан досу. Жаныш Бакиев менен жакшы мамиледе болгонун айтып келишет. Ош облусундагы Кара-Суу базарында үлүшү бар.


Айгүл
Рыскулова,
Социалдык
коргоо
министри
Корулдаган үнүнө жараша эркектикиндей мүнөзү бар. Жини келгенде согот, айрыкча сөзүнө турбагандардын сазайын берет. Стресс болгондо чылым чегет, курбулары менен саунага барат. Пивону жакшы көрөт. Машинаны шуулдатып айдайт. Эки уулдун энеси. Жолдошу көп жыл тартип коргоо органдарында иштеди. Айгүл эжеке Акаевге да, Бакиевге да иштеди, азыр да иштеп атат. Мунусун "Мен президентке эмес, мамлекетке кызмат кылып атам" деп түшүндүрөт. Спорттун түрүнөн футболду мыкты тебет, кыздардын футбол командасын да түзүп чыккан.


Нурлан
Шакиев,
Маданият
министри
33 жашта. Бешиктен бели чыга электе саясый элитага кошулам деп атып чачы эрте агарды. Дымагы күчтүү. Чоңчул. Журналистикага "Обон" гезити аркылуу келген. Журналист катары чабал, бирок мыкты уюштургуч. Адам менен бат тил табышат. Достукка бекем. Бир аз жердешчилдик оорусу бар. Жалаң байлар жана чоңдор менен достошот. Бакиевдин өтө жакын адамы болуп көп жакшылыгын көрсө да, анысын бат эле унутуп, жерип сүйлөп маек берип чыга келди. "Ата-Журт" аркылуу министр болгондо маданиятчылар муздак кабыл алышкан, бирок азыр айрым реформаторлук ойлору менен жибитип атат дешет.


Учкунбек
Ташбаев,
Экономиканы тескөө
министри
Жаш министр. 34 жашта. Кыргыз-Орус славян университетинин менеджмент адистигин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин Минфинде жөнөкөй адистен тартып башкармалыктын жетекчилигине чейин жеткен. Бакиевдин тушунда президенттик администрациянын экономикалык жана социалдык саясат боюнча бөлүмүн жетектеген. Максимдин көп сырын билет, бирок айтпайт. ЦАРИИде Максимдин орун басары да болуп иштеген. Эми минтип багы дагы ачылып, "Республика" партиясы аркылуу бул министрликти ээлеп отурат. Ош облусунун Ноокат районунан болот.


Руслан
Казакбаев,
Тышкы иштер
министри
Өкмөттөгү эң "симпатичныйы" да, жашы да ушул министр. Өз ишине так, билимдүү жигит. Алгач Фрунзедеги Политехти, Улуттук университетти аяктап, кийин ТИМдин дипломатиялык академиясын бүтүргөн. Кенедейинен ТИМде иштеп жүрүп, 2009-жылы министрдин орун басары болгон. Бакиевдин бийлиги кулар менен министрликке жетип, ошондон бери жылмыша элек. Президенттин иниси Болот Отунбаев менен жакын дос. КСДПнын көзгө басар, мактанаар кадры. Тышкы иштер министрлигин адатта "киргиздер" жетектеп калчу эле, Руслан кыргызча таза сүйлөйт. Англисче, түркчө түш жоруйт.


Сабыр
Жумабеков,
Саламаттыкты
сактоо
министри
Өтө уникалдуу операцияларды жасаган травмотолог-ортопед. Бул таланты менен кыргызды дүйнөгө таанытууда. Улуттук илимдер академиясына академик болгонго да жетишти. Көп адамдын сообуна калган, колунда жокторду айлап бекер дарылап, жолуна акча берип айылга салып ийгенин да угуп жүрөбүз. Адамгерчилиги күчтүү. Бирок Сабыр Жумабеков деген ат саясатка анча жарашпаса да, болбой эле башын мала бермейи бар. 2007-жылы парламенттик шайлоодо "Акжолго" чуркаган. Бирок Таластан Болот Шерниязовго уттуруп коюп, Акжолдогу ордун Медет Садыркулов "колун кайрып туруп" тартып алган. Азыр Ата-Журт аркылуу келди бул кызматка. Карачечекей иниси ушул партиядан депутат болуп отурат.


Зарылбек
Рысалиев,
Ички иштер
министри
Бул киши "төрөлгөндө" эле милициянын формасын кие түшсө керек. Балакайынан ички иштер органдарына башын батырып, майда-барат кызматтардан баштаган. Былтыркы жылдын апрель окуяларынан кийин гана ташы өйдө кулады. Алгач Бишкек ШИИБинин жетекчилигин ээлеп, дароо эле КСДПнын жардамы менен министрликке секирди. Таластын Бакай-Атасынан болот. Кээде байкабай урдуруп сүйлөп коет. Министр болуп туруп, "кызылдар", "каралар" деп жаргондор менен сүйлөгөнү бар. Мүнөзү шар. Маанайы жакшы болсо тамашаны катырат. Саясый элита аны "солдат" деп коет. Анткени кандай буйрук болбосун, аңды-дөңдү карабай аткарууга киришээрин айтышат.


Эркин Исаков,
Транспорт жана
коммуникация министри
КСДПнын сүрөөсү менен келген. Шайлоо учурунда КСДПга катуу иштеп, транспорт тармакта иштегендердин баарынын добушун алып берген. Акыбети кайтып, кайра эле ордуна бекиди. Санкт-Петербургдагы техникалык университеттин "курулуш машинелери жана жабдыктары" адистигин аяктап, андан кийин юридикалык билим да алган. Жөнөкөй механик болуп эмгек жолун баштаган. Жердиги Жалал-Абаддан. Мурунку бийликтин тушунда Бакиевдер менен жакын мамиледе болуп, чабармандарынын бири болгондугу ММКларга жазылып жүрөт.


Абылай
Мухамежанов,
Адилет министри
Бул кызматка "Ата-Журт" партиясы түрткөн. Бул партиянын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин кан кудасы. Жердиги чүйлүк. Жакында эле Казакстандын атуулу экенин далилдеген документ жарыяланып кетип, ызы-чуу болду. Ага чейин Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп, бирок былтыр июлда убактылуу өкмөт компетенттүү эмес судьяларды кызматтан кууганда бул да кеткен. Сот системасына жарабаса да, Адилет министри болгонго жараса болот экен да деп биз отурабыз.


Замирбек
Эсенаманов,
Табигый
ресурстар
министри
Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон Замирбек Эсенамановду бул кызматка "Республика" партиясы алып келген. Чүйдүн Калинин районунан. Бакиевдин тушунда оппозицияда да жүрдү. Бирок бийлик менен ымдашып, Жайыл районунун акими болуп тынган. Анын бийлиги кулагандан кийин "Республика" менен тил табышып, министрликке жетти. Кесиби боюнча инженер-технолог. Өндүрүш тармагында эмгектенип келген.


Мэлис
Мамбетжанов,
Финансы
министри
39 жашта. Бишкекте чоңойгон, көбүнчө орусча сүйлөйт. Кыргызча "чылыктар" менен иши жок, көп сүйлөгөндү жаман көрөт. Жапониянын Сайтама университетинде экономиканы окуп келип, эмгек жолун статистика комитетинде баштаган. Финансы министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп, министр болгонго чейин "Бакай" банкынын башкармалыгынын жетекчиси болгон. Журналисттер менен көп сүйлөшпөйт. Медет Садыркуловдун карачечекей күйөө баласы.


Алиясбек
Алымкулов,
Жаштар
министри
КСДПнын жардамы менен келди. 7-апрелге чейин аны эч ким таанычу эмес. Акүйдүн алдынан башына ок тийген. 7-апрелдин баатыры катары кээде аша чаап мактанып маектерди берип иймейи бар. Популисттик адаты саясый чөйрөдө ачык эле айтылып жүрөт. Премьер-министр Жаштар министрлигин алгач "атамекенчи" Жоомарт Сапарбаевге сунуш кылып, ал баш тарткандан кийин Алиясбектин талапкерлигине токтолгону маалым. Министрликке чейин ТМК россиялык корпорациянын өкүлү болуп келген. Жердиги таластык.


Нурдин
Илебаев,
Маммүлк
боюнча министр
Дагы бир жаш министрлердин бири. 37 жашта. Шаарда чоңойгон үлпүлдөк бала. "Республика" алып келген. "Кыргызстан коммерциялык банкы" ААКсынын директорлор кеңешинин башчысы болуп жүргөн. Ал эми бул банктын кожоюну Өмүрбек Бабанов экени жашыруун эмес. Акыры, Бабановдун көздөй ишенген жигиттеринен.

Даярдагандар
Дилбар Алимова,
Чолпон Орозобекова








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??