Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Өз кабарчы билдирет

Таластык ташчайнар
Нурлан Алишеров
Автоунааларды чачы менен, далысына аркан арчындап сүйрөгөндөрдү сыналгыдан көрүп таң калчубуз. Жердешибиз Нурлан Алишеровдун "БМВ", "Пассат-в-4", "Пассат", "Ауди 100" маркасындагы жалпы салмагы 10 тонналык 4 жеңил машинаны чиркеп, оозундагы арканды тиши менен тартып, 35 метрге чейин сүйрөгөнүн көрүп, оозубуз ачылды.
Нурландын өнөрү ушу менен эле чектелип калбайт, 14 диаметрлик 6 метр арматураны тишине салып, өзүн үч айланта ороп, кайра кекиртеги менен ийип салганда көргөндөрдүн үрөйү учту.
Учурда таластыктар Нурлан Алишеровду Орусиянын 1-каналында болгон "Даңк мүнөтү" телепрограммасына жөнөтсөк деген пикирди айтышууда. "Өнөрүң болсо өргө чап" же "Күч атасын тааныбайт" деген ушул. Нурлан өзү "Гиннес" китебине кирген биринчи таластык болсом дейт. Кийинки саныбызда Нурлан тууралуу кенен жазабыз.




Губернаторлукту
Айдаралиев мелжеп турат
Бир жылдан бери "Таласка бул губернатор болот экен, тиги болот" экен деген эл арасында ушак-айың тарап, тынчыбай келатат.
Айрымдар "Акбаралы Карабаев губернатор болуп келет" дешсе "Жо-ок Айдаралиев губернатор болот" деген дуу-дуу кептердин учугу улангандан жалганып, Таластын тагдыры кимдин колуна өтөөр болду экен деп жүрөкзаада болгондор андан көп.
Губернатор болом дегендер да тынч жатпаса керек. Жакында эле Искендер Айдаралиев Талас районунун Чоң-Токой айлына эл жыйнап, жыйын өткөргөн. Искендер мырзаны колдоп, "жандоочу кийик аттырат" деп жүргөндөр да жок эмес. Кызыгы, ошол "жандоочтор" кечээ эле "Бакиев кетсин, Бакиевдин кадрлары жоголсун" деген "кетсинизмдин" каармандары эле. Бүгүн алар бир жээктен экинчи жээкке эмнеге секиришти же "секиргичтерге" дем-күч берген эмне?

Мира Сейдикеримова,
Таластагы өз кабарчы




  Элдик трибуна

Кымбатчылыкка кантип чыдап атасыз?
Гүлайда Асыранова, үй кожойке:
- Бир кап ун 1500 сомго көтөрүлдү. Бир куту чайың 45-50 сом турат, самын да кымбат. Ал эми бир баланын пособиеси болгону 250 сом. Бир гектардан ашык жериң болсо аны да ала албайсың. Жерден деле кыйраткан киреше түшпөйт. Тоолуу жер болгондон кийин көбүнчө картошка айдайбыз. Ал бир жылы баа болсо, кийинки жылы болбой калат.

Касым Токтогонов, пенсионер:
- Мен мугалим болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккам. Биздин убакта балдар сабакка келбесе, үйүнө чейин барчу элек. Азыркы мугалимдер антпейт. Эмне үчүн? Себеби айлыгы аз, жашоосу өп-чап. Кээ бирлери кийиминин жупунулугунан корунуп, окуучуларга сүйлөй албайт. Тамак-аш болсо кымбаттап кетти. 1000-2000 сом айлык эмнеге жетет? Ушуларды көрүп зээним жаман кейийт да. Өзүм кудайга шүгүр, жакшы эле турам. Кем-карчты балдар толуктайт.

Зинакан Кулубаева, мугалим:
- Алган айлыгыбыз ошол эле күнү түгөнөт. Анан кайырчыдай болуп, көрүнгөн камокко карызга жаздырып, тамак-аш алабыз. Кээде кыйналганда, чыдабай кредит алабыз. Май айында айлык көтөрүлөт дешти эле. Эми ошону күтүп атабыз. Болбосо аябай эле кыйналып кеттик. Кытайдын бут кийими балдарга түтпөйт экен. Кайра-кайра сатып бергенге шарт жок, эптеп жамап-жаскап, 2-3 айга чейин алдап кийгизебиз.

Таалайбек Исраилов, дыйкан:
- Кымбатчылык жөнүндө кайсы бирин айтайын? Тамак-аш, кийим-кечек, жол кире, айтор, баары эле күндөн-күнгө кымбаттап баратат. Биздин айыл менен райондун борборунун аралыгы 6-7 километр. Базар, оорукана дегендин баары ошол жерде. Жол киреге 30 сом кетет. Эми көз ачып-жумгуча күз келет. Канттын баасы 70 сом болду. Аялым "вареньени кантип жасайм?" деп сарсанаа тартып отурат.

Кошой Наркеев




  Картунз

"Кукси"
деген бешбармак алып келдим
Кыргыз эли өзү мал менен күн көрүп атып, этке жарыбай Кытайдын этин жеп калдык. Кыргызстан бир жылда 333 миң тонна эт өндүрөт. Бирок ошол өзүбүздүн дасторконго буюрбай келет. Кыргызстан базарларында сатылып аткан эттин 80 пайызы Кытайдан ташылып келинген. Ал болсо кандай малдын, эмне жеп чоңойгон малдыкы экени түшүнүксүз. Көбү генетикалык жактан бузук. Ошол эле учурда өзүбүздүн жайлоонун чөбүн жеп, суусун ичкен малыбыздын ширин этин казактар ташып кетүүдө. Казакстандын эт рыногунун 80%ын биздин эт камсыз кылууда. Кытайдан кирип аткан импорттук пошлиналарды кымбаттатсак казынага да, элдин кардына деле жакшы болмок. Бирок парламент аны 10% бойдон калтырып койгону өкүнүчтүү. Өзүбүз мал-жандуу, агрардык өлкө болуп туруп, өзүбүздүн этти сугунбай, Кытайдын эти менен куксисин жеп отура беребизби? Деги эле эт рыногу качан тартипке салынары белгисиз.

Даярдаган
Төлөгөн Онбиржылгалык








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??