Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Айланайын, айылдыктар

Балапан
Замирбек кызы Гүлзамира. Балыкчы шаарынын мектептеринин биринде 9-класста окуйт. Атасы Замирбек - жөжө, балапандардын түрүн багып үй-бүлөлүк киреше табат. Гүлзамира болсо, ар жекшемби сайын 70 чакырым алыс Бостери айылындагы жарменкеге келип, тоок, өрдөк каздардын балапанын 150 сомдон сатат. Быйыл дан азыктары кымбаттагандыктан, жемге карап эл жөжөлөрдү көп албай атканын айтты. Анын эки чоң байкеси Орусияга иштегени кетишкенине 2 жыл болду. Гүлзамира ошондон бери атасынын соода жагындагы оң колу.




Сыйкыр сан
Урматтуу окурман, мурдагыдай эле "Сыйкыр сан" рубрикабызды кайрадан баштадык. Эч тартынбай байланышка чыгыңыз. Куттуктоо болобу, дубай саламбы, көкүрөктөгү көкөй кескен оюңузбу же жөн гана баарыбызды жылмайткан тамашабы, айтып калыңыз. Эң башкысы, ар бир жолу редакция кеңешип, бир номерди алдын-ала бергилеп коебуз. Эгер ошол номерге туш келип калсаңыз, анда 200 сом утасыз. Келерки сыйкыр саныбыз -5. "Сыйкыр санга" ар аптанын жума күнү 10.00дөн 14.00гө чейин 0 (312) 59 15 76 номерине чалыңыз. Андан тышкары 0 (771) 12 54 02 номерине СМС билдирүү жөнөтсөңүз болот.




  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Кечир мени, апаке!..
Жалгыз эжеси Сабираны бир нече жыл мурда өз колу менен жайлап, эми минтип жалгыз тамда муздак дубалдар менен сүйлөшүп жашаган Камиланы кокустан жолуктуруп калдык. Тагдырын угуп отуруп зээниң кейийт, кыргыздын "өз башы менен кетсин" деген сөзү бүгүнкү каарманыбыздын тагдырына, жашоосуна дал келчүдөй. Ал талкаланып, тарпы чыккан тамда жалгыз күн кечирүүдө. Ата-эне, бир тууган дегенден эч кимиси калган эмес.

Кайната каргышы оңдурбай…
44 жаштагы Камила Сыдыкова Түп районунун Балбай айылынын тургуну. Бир уул, бир кыздын энеси. Балдардын атасы чымкенттик казак жигит болуптур. Экөө студент кезде кол кармашкан экен. Тилекке каршы, тоонун салкын абасын жутуп чоңойгон кыз, казак жерине көнө албаптыр. Ден-соолугу начарлап, кыйналганда күйөөсүн жетелеп, Бишкекке баса берет. Анткен менен жаш жубайлардын бактылуу турмушу көпкө созулбайт. "Кайнатам ал убакта чоң болуп иштеген, аттуу-баштуу адам болчу. Баласынын Кыргызстанга өмүр бою жашоосуна уруксат бермек эмес. Күйөөмдү кайра-кайра чакыртып атышып, акыры бизди ажыраштырып тынышты. Кайнатам менден "биздин башыбызды аттаба" деп аябай суранган эле. Жаштык кылып, укпай койгом. Эми кайнатам каргаган окшойт деп ойлой берем", - дейт өзү. Ошентип, жалгыз бой калган келин куу турмуштун айынан соода-сатык кылганга өтөт. Ысык-Көлдөн алма-өрүк чогултуп, Россия, Казакстанга ташыйт. Колу бош кезде айылдагы энесине жолугуп, кызын бооруна кысып, сагынычы таркаганда борборго кайтчу экен.

Каргаша чакырган арак…
Кырсык күттүрбөй келет тура. Камиланын багы ачылбаганы аз келгенсип, ошол маалда Сабира аттуу эжеси да күйөөсү менен ажырашып, төркүнүнө келет. Айтымына караганда, эжесинин кыялы чатак көрүнөт. "3-4 жолу энеме кол көтөргөнүн өз көзүм менен көрүп, ачууланган элем" деп үшкүрүнүп алды. Ал ортодо өзү да арактан аз-маз ууртап калчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде канча бир тонна алмасы арзыбаган пулга өткөнүнө ызаланып, үйгө кызуу болуп келет. Босогону аттары менен эжеси көзгө урунуп, баягы соо кезде көкүрөккө түйүлгөн кек ойгонот. Эжесинин кычыгына тийип, экөө уруша кетет. Ээн үйдө ажылдашкан эже-сиңдинин чатагы көпкө созулат. Акыры алагүү Камила токтоно албай, эжесин тактай менен башка, каракуш тушка 2-3 жолу уруп ийет. Андан кийинкиси эсинде жок. "Бир маалда ойгонсом, жердин баары кызыл-жаян кан. Эжемди силкилдетсем, денеси муздап калыптыр. Балким, ошондо уктап калбасам, эжемди сактап калмактырмын. Кашайып калганымды кара. "Энем үчүн!" деп кыйкырып атканымды элес-булас билем", - дейт Камила.

Эне да, кыз да жок
Ушул окуядан кийин укук коргоо органдары жана доктурлар аны акыл-эси ордунда эместердин катарына кошуп, Чымкоргондогу жиндиканага жаткырышат. Ал жакта үч жыл жаткан соң, жакшы жүрүм-турумун эске алып, үйүндө багары жок карыган энесин баксын деп чыгарып ийишкенин айтат өзү. Келсе үйү эчак таланып-тонолуп, төрт дубалдан башка эч нерсеси калбаптыр. Шордуу энеси бир кызы өлүп, экинчиси тигинткенден кийин күйүтүнө чыдабай каза болуптур. Кызын чоочундар эле асырап алыптыр. "Тиги жакта жүргөн жылдары жашоонун, эркиндиктин, жакын адамдардын баркын билдим. Эми мына жакшы жашайм, энемди, кызымды багам деп чыксам, эч ким жок, карайлап, жер муштап калбадымбы", - деп өксүп ыйласа, жанына чыдап тура албайсың. Камила жиндиканада жаткан кезде арманын кагазга түшүрүп, бир топ ыр жазган экен.

"Балдарымды сагындым"
Бейтаалай аял уулу менен кызын көп эстерин айтты. Күйөөсүндө калган эркеги быйыл 22 жашка толуптур. Камила ал баласын көрөрүнө деле ишенбейт. Анткени атасы жибербесин жакшы билет. Ал эми кызы бой жеткенде өзүнө кайрылып келерин энелик жүрөгү менен сезет. Бирок ушу кезге чейин кызын издеп барган эмес. Анын себебин "жүдөө кебетем менен коркутуп, убайымга салгым келбейт", - деп түшүндүрдү. Камила да бардык эле энелердей кызынын балалык доору тынч, бактылуу өтүүсүн каалайт.

Түнкү азап
"Күндүзү ары-бери өткөндөр, кошуналар менен сүйлөшүп, алаксыйм. Ал эми күн батып, караңгы кирди дегиче балээ башталат. Таң атпайт десең. Көзүмдү жумсам эле энем көз алдыма келе берет, эжем түшүмө кирет. Бир жолу ойгонсом, "энекелеп" бакырып атыптырмын. Анүстүнө светимди дагы кесип кеткен. Үйдүн ичи бопбош аңгырап. Мен көргөн күндү итке да каалабайм. Кудай эч кимге мындайды бербесин. Күйүтүмө чыдабай ичкиликке да берилип кеттим. Ичип алсам эле бул жаман нерсенин баары мени менен болбогондой, баары унутула түшөт", - дейт.

Бегимай БАКАШЕВА,
Түп району








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??