Жунгли токоюнда

3 жолу бычак жеп, кордолуп өлгөн Мээримдин арбагы качан тынчыйт?
Өткөн 2010-жылдын 18-июль күнү Талас шаарынын тургуну Мээрим Рысалиева үйдөн чыгып кеткен боюнча кабарын билдирген эмес. 17ге жаңы толгон кыздын дайынсыз кетиши, ата-энесин, бир туугандарын түпөйүл кылып, суй жыгылгыча издешкен. Жамандыкка кыйбай, "бирөө алакачтыбы?" деген ой менен милицияга арыз жазып, тирүү экенинен күдөр үзбөй күтүшкөн. Күлгүн кыздын мыкаачылык менен зордукталып, бычакталган денеси 22-июль күнү үйдөн алыс эмес жерде жайгашкан "Динамо" спорт аянтынын жанындагы булактан табылган.


Күтүүсүз
келген каргаша
Ошол каргашалуу күнү кыздын апасы Тамара Кожокеева үйдө болгон эмес. Эжесинин чакыруусу менен бешик тойго кеткен. Мээримдин жоголгонун ал эртеси күнү, 19-июлда уккан. "Эртең менен келиним чалып, "Мээрим кечээ үйгө келген жок" деп кабарлады. Аны угаар замат кызыма чалдым, телефону өчүк. Анан үйгө келип, кечке күттүм. Бушайман тартып жатып, көзүм илинип кетиптир. Түшүмдө босогодо турган экен. Бетин чачы менен жаап алып, "апа, мен кыздар менен көлгө кетип калбадымбы" деп коет. Чочуп ойгонуп, атасына кыз соо эмес, бирөө өлтүрүп койгон окшойт дедим. Блокнотун таап, бардык тааныштарына чалып, сураштырдык. "Көрдүм" дегени болбоду. Ал ортодо жоголду деп, ШИИБиге арыз таштаганбыз. Анан Жаныш аттуу баланы эстедим. Үйү бу биздин көчөнүн аягында. Кызым аны "досум" дечү эле. Экөө көп сүйлөшчү. Издеп барсак, үйүндө жок экен, апасы "эки күн мурун чөпкө кеткен" дегенинен унчукпай артка кайттык. Бирок негедир ушул баладан эле шектене бердим. Өлгөнүн угузганда да дароо эле ошонун атын айттым. Мээримдин андан башка бала менен ынак болгонун көргөн эмесмин", - дейт.

Маникенге
окшош дене
Айтымы, 22-июлда Мээримдин сөөгүн биринчи болуп ойноп жүргөн бала көрүп, атасына "булакта маникен жатат" деп айтып барган. Ушул сөздөн кийин Ш. К. аттуу адам стадион жакка барып, көмкөрөсүнөн түшүп, сууда калкыган куурчак эмей эле, өлүк экенине күбө болот.
"Сезим деген тун кызыбыз 5 жашында жол кырсыгынан улам көз жумган. Анын атын өчүрбөш үчүн Мээримди Назим деп чакырып калганбыз. Бул дагы 6 айлык болуп төрөлгөн, 2 ай кувейсте жатып, анан үйгө чыккан. Кээде бизди ушунча азапка салбай, ошондо эле чарчап калбайт беле деп ойлоп кетем. Байкушум аябай ак көңүл, ишенчээк жан эле. Ошол мүнөзү түбүнө жетти да. Үлбүрөгөн алсыз кызымды ушунча кордогудай ал баланын бизде эмне өчү бар эле?", - деп муңаят эне. Мээримдин апасынын минтип кейигенинин жөнү бар экен. Сөөктү жуугандар, кулак түбү жарылып, аркасына үч жолу бычак сайылганын, балтыры, колунун манжаларынын учтары тытылганын байкашкан. Моюну шалкылдап, жан жеринен кан токтогон эмес. Ал эми соттук медициналык экспертиза бычак боорго, өпкөгө тийгенин, алдыңкы жыныс кын менен арткы тешиктин терисине жаракат келтирилгенин, муздак суу, бактын көлөкөсү болгону үчүн гана өлүк бузулуп кетпей, 5 күнгө чейин сакталганын өз корутундусунда көрсөткөн.

Алма түбүнө
катылган бычак
Мээримди өлтүрдү деп шектелген Жаныш Касымбеков 1987-жылы туулган. Ал камакка алынгандан 10 ай өткөндөн кийин, 2011-жылдын 1-апрелинде сот болуп, Талас шаардык сотунун судьясы Б.Сагынбаев Жаныш Касымбековду КРнын КЖКсынын 129-статьясынын 2-бөлүмүнүн 4-, 6-пункттары, 97-статьясынын 2-бөлүмүнүн 3-, 7-, 13-пункттары, 168-статьясынын 3-бөлүмүнүн 2-, 3-пункттары менен күнөөлүү деп таап, 23 жылга эркинен ажыраткан. Бирок анын жакындары бул чечимге макул эместигин билдирип, облустук сотко апелляциялык арыз берген. Ал азырынча карала элек.
Жаныш алгачкы тергөөдө Мээримди кызганычтан улам өлтүргөнүн моюнуна алган. 18-июлдан 19на караган түнү, саат 1 чамасында Назимге (Мээрим) келип, эки бала менен турганын көргөнүн, ал жакындаганда тиги балдар басып кетишкенин, анан Назим экөө "Динамо" спорт аянтчасы жакка барып, жыныстык катнашта болгонун айткан. "Үстүндөгү кофтасын, шымынын курун бычак менен кестим, экөөбүз кошулуп бүткөндөн кийин кыз эмес турбайсыңбы" деп далыга чапкыласам, "кыздыгымды сен алдың, эртең үстүңөн арыз жазам" деп коркутту. Ушул сөзүнө ачуум келип, бычак менен үч-төрт жолу сайып алыпмын", - деп көрсөтмө берген. Анан бычакты сууга жууп, кыздын "Нокия" үлгүсүндөгү телефонун алып, жолдон сим-картасын ыргытып жибергенин бышыктаган. Далил болчу бул буюмду целлофан баштыкка ороп, алманын түбүнө катып койгон жеринен табышкан.
Уюлдук телефон демекчи, каражолтой бул буюмду Мээримге апасы өлөрдөн 15 күн мурда сатып берген экен. "Бизге аликүнчө тирүүдөй сезилет. Бир жолу атасынын көзүнө карааны көрүнүптүр. Менин да түшүмө кирип, "апа мен Россияга кетип калгам" деген эле. Ушундан кийин номерин терип, чала бермей адат таптым, бирок баягыдай эле өчүк, өлгөнүнө ишенгим келбейт", - дейт үшкүрүп.




Даниярбек Касымбеков, Жаныштын чоң атасы:
"Кызды башка балдар өлтүргөн"
Ар кимдин өз чындыгы бар эмеспи. Мээримдин ата-энесине жолуккандан кийин, учурда айыпталып аткан Жаныштын үйүнө бардым. Жигиттин чоң атасы Даниярбек Касымбеков менен апасы Жанна Касымбекова үйдө экен. Даниярбек Касымбеков, "Жаныштын колу таза. Мээрим башка балдар тарабынын 18-июль күнү эмес, 21-июль күнү өлтүрүлгөн" деди. Андан аркы сөздү калыстык иретинде өзгөртпөй берүүнү туура көрдүм.

- Бул сөздү кайсы негизге таяп айтып жатасыз?
- Менде соттук медициналык эксперттин чыгарган бүтүмү бар. Алар сөөктү 23-июлда ачып көрүп, "кыз 24-30 саат мурун өлгөн" деген тыянакка келген. 18-июлдан бери беш күн өткөн болуп атпайбы. Судья Сагынбаев муну эске албай эле "Ж. Касымбеков кылмышты 18-июлда, саат 01де жасады" деп айып такты. Биз кыз өлгөндөн кийин барганбыз. Ошондо "кан шорголоп атат" дешти. 5 күн мурда өлгөн кыздан кантип кан токтобой аксын? 35-40 градустук саратанда өлүк эзилип кетмек да. Сот, милиция, прокуратура көп нерсени эске алган жок. Мисалы, кыздын энеси "телефон алып бергем" деп атат. Ал калп. Мен өзүмдүн далилим менен айтайын. Кыз телефонду өлтүргөн баладан 700 сомго сатып алган. Ал баланын ким экени азыр белгисиз. Бирок телефондун ИМЕЙ коду бар да, ошол аркылуу тактайбыз. Кыз үйүнөн 18-июлда эмес, 10-июлда эле чыгып кеткен. Мобу жерде Асел (аты өзгөртүлдү) деген жеңил ойлуу кыз жашачу, ошого кошулуп кеткен.
- Бирок 18-июлда Жаныш менен Мээрим жолуккан тура?
- Жаныштын Белек деген досу бар. Ал 18-июлда Бишкектен бери карай чыгып атып, Мээрим менен да, Жаныш менен да бир канча жолу сүйлөшкөн. Мына телефондун распечаткасы колумда турат. Муну сот ачып да караган жок. Түнкү саат 12ден өткөндө Белек Жанышка эки бала менен келип жолуккан. Төртөө көчөгө отуруп, пиво, кымыз ичкен. Белек ал ортодо Мээрим менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 1-май көчөсүндө жүргөнүн билген. Анан балдар машинаны көчөнүн кесилишине айдап барып, токтоп турушканда Мээрим келет. Жаныш ал учурда мамасынын телефонун көтөрүп жүргөн, өзүнүкү жок болчу. Ошол себептүү, Мээримдикин сурап, сим-картасын салган. Телефон ошол бойдон Жанышта калган. Кайтарып берейин дегенде кыз алган эмес. Белек ага "эртең аласың" деп койгон. Эмнеге анткенин билбей жатабыз, ушундан улам атайын кылганбы деген оюбуз бар. Анан тиги балдар, Белек кызды алып өз жолдору менен кеткен. Жаныш болсо үйгө келип, апасы менен сүйлөшүп отурган.
- Эгер Жаныш өлтүрбөсө, анда эмне үчүн телефонду катып койгон?
- Жаныш мурда авария болуп, бир буту сылтып калган. Аксап баскан неменин көчөнүн аягына жетип, анан кызды оюна келгендей кордоп, кайра басып келгени деле бир сааттан ашып кетет эмеспи. Анан дагы бир кызыгы, ошол күнү түнкү төрттө Жаныш өлгөн кыз менен сүйлөшүп атпайбы? Ал "биздин компанияга келип, кошулбайсыңбы? Мен телефон саткан балдар менен жүрөм" деген экен. Биздин билишибизче, Белек кызды башка балдарга тарттырып ийген. Кызды алар 3-4 күн салып жүрүшкөн, акыры 21-июль күнү өлтүрүп коюшкан. Жанагы Асел деген кыз бир да жолу сотко келген жок. "Талды-Булак айылында жашайт" деп жазып коюшуптур. Ал айылды кыдырып чыктым, эч ким тааныбайт экен. Муну милициялар катып атышат да. Себеби бул ишке алардын да катышы бар. Болбосо, жок дегенде распечаткаларды салыштырып көрүшөт эле да.
Ушул жерден баятан бери ыйлап отурган, Жаныштын апасы Жанна Касымбекова сөзгө аралашты:
- 26-июль күнү Белек биздин үйгө келди. Жаныш жок болчу, апчесинин үйүнө өрүк тергени кеткен. Белек мага "эже, Жаныш менен байланыштырып коюңузчу" деди. Оюмда эч нерсе жок, Жаныштын апчесине чалдым. Андан Жанышты чакыртып, телефонумду Белекке бердим. Камыр жууруп аткам. Ошол маалда Белектин "Жаныш таап алдым деп койчу, сөзүбүз бир чыксынчы" деп жалдырап атканын угуп калдым. Көп өтпөй баламды Кара-Буурага алып барып камашты. Күндө тамак көтөрүп барам. Жарым жолдон түшүп алып, нары көздөй жөө кетем. Жеткиче ыйлайм, Кудайга жалынам. Ушундай күндөрдүн биринде артыман машине келе жатканын сездим. Жакындаганда карай салсам, Белек экен. Кара көз айнек тагынып алыптыр. Жүгүм оор эле, түшүп алайын деген ойдо кол көтөрдүм. Тигинин токточудай түрү жок, кайра качырып келе жатат. Коркуп кетип артка жылганда тайгаланып, жол боюндагы шар аккан арыкка куладым. Өзүмдү таштап койгонгобу, бир топ жерге чейин агып бардым. Анан суудан чыгып алып баламдын "мама досум келе жатыптыр, суу жылытып, төшөк салып коюңузчу" деп айткан сөздөрүн эстеп, "досуң ушул беле?" деп буркурап ыйладым. Жаныш башта милициялар уруп-сабаса да, досун сатпай, баарын моюнга алган. Эми минтип өзү азап чегип атат. Белек бир да жолу басып келип, акыбалыбызды сураган жок.
Кошумчалай кетчү сөз, Мээримдин ата-энеси жогоруда Жаныштын чоң атасы айткан сөздөргө макул эмес. "Чырактай кызыбызды баласы өлтүргөнү аз келгенсип, эми минтип көөлөп атышат. Мээрим түз жүргөн кыз болчу. Белектин Жанышка эки бала менен барып, кымыз ичкени чын экен. Бирок алар 18-июлда эмес, 16-июлда жолугушуптур. Даниярбек Касымбеков топтогондой далилдер, распечаткалар бизде да бар. Бет тырмалыктын да чеги болот. Криминалдар кызды эмнебизге кызыгып өлтүрмөк эле? Байлыгыбыз же бийлигибиз болбосо", - дешти.

Даярдаган
Санжи Туйтунова