Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Күйөрманга сүйүнчү!

Кумир менен чайлашуу
Эгер сиз сыйлап, кумир тутуп, атургай ички сезимиңизди айталбай жүргөн атактуу инсандарыңызга жолугуп, кызыккан суроолоруңузга жооп алып, баарлашууну кааласаңыз, анда "Dе-факто" гезити "Кумир менен чайлашуу" рубрикасына чакырат. Шарты жөпжөнөкөй. Болгону гезит бетине жарыяланган ар бир атактуу инсанга байланыштуу суроолорго кимде-ким биринчилерден болуп туура жооп берсе, кумири менен чайлашууга мүмкүнчүлүк алат. Бул жолу чайга КРнын Эл артисти Асылбек Өзүбеков келгени турат. Аны менен жүз көрүшкүңүз келсе, төмөндөгү суроолорго жооп даярдап, 0312 59 16 18, 59 15 76 телефондоруна бейшемби күнү саат 12.00дөн 14.00гө чейин бизге байланышыңыз.
1. Чыгармачылыктагы каймана аты?
2. Жубайынын ысымы ким?
3. Асылбек Өзүбековдун кичи мекени?


  Кан кечкен өмүр

Атылбай калган аркар бар же согуш ардагеринин бүгүнкү аянычтуу тагдыры
Улуу
Ата Мекендик согуштун катышуучусу, урушта Берлинге, Прагага чейин барган ардагер, Аксы районундагы Акжол айыл өкмөтүнүн Жолборсту айылынын
тургуну Орозалиев Жусупбай ата менен Республикалык оорукананын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан жеринен жолугуп, маектештик.

- Жеңиш күнүңүз менен!
- Аа-аа... Рахмат, балдарым. Райондон, айыл өкмөттөнбү, кайдан келдиңер?
- Бул жер - Бишкек, оорукана эмеспи.
- Аа-аа. Бишкекте бетерандарды куттукташабы?..
-Ошентет, а сизди бул жерде эч ким билбейт да. Айылда болсоңуз куттукташмак...
Жусупбай ата ындыны өчүп, көпкө тунжурап отурду да: "Аа, ошондойбу..." деп күрсүнүп алды.
Карыя көпкө ойлонуп, жакындан бери акыл-эси кирди-чыкты болуп калганына наалып, жаздыгынын алдынан саргарган дептерин сунду. Анда "Орозалиев Жусупбайдын тарыхый-хронологиялык автобиографиясы" деп турат. Төмөнкү маалыматтарды ушул дептерден алдык:
1920-жылы туулган. 1941-жылдын апрелинде аскерге чакырылып, июнь айында Ленинградда душмандар менен беттешкен.
Жеңиш күнүн Прага шаарында тоскон. 1945-1985-жылдарда мугалим, партиялык кызматкер, мектеп башчысы. Согуш жылдарында он жети орден-медалдар менен сыйланган, Сталиндин колу коюлган он бир Алкыш баракчаларын алган. Өзү көп жыл иштеген мектеп Орозалиев атындагы деп анын ысымына коюлуптур. Мунун баары ирети менен, датасы, номерине чейин далилдүү жазылыптыр. Аскердик наамы гвардия сержанты, артполкто орудийный номер, наводчик, командир орудия болуптур, 1943-жылы үлгүлүү жоокер катары партияга кабыл алыныптыр.
- Согуш жылдарындагы окуялардан уксак дедик эле?
- 41-жылы Ленинграддан Москвага чейин чегинип отурдук. 7-ноябрда Кызыл аянттан аскердик параддан өтүп, ошо бойдон түз эле Волокаламск жолунда чабуулга кирип, душмандын мизин биринчи болуп кайтарганбыз. 1945-жылы Берлинге 2-май күнү жеттик. 5-майда Карпат тоолорундагы немистердин калдыктарын талкалоо үчүн аттандык. Прагага кире бериште, тоонун этегинде, карагайдын түбүндөгү топурагынан булоо чыгып турган мүрзөдө "Капитан Нуралиев Дадиш, командир стрелковой роты. 1945. 8 мая" деген белгини көрүп, мүрзөсүнө өкүрүп, куран окудум. Таш-Көмүрдө интернатта агайым эле, кийин комсомол комитети, түрмөнүн начальниги болуп жүргөн. Жеңишке жарым күн калганда жайрап калган жоокерлерди ойлосом, азыр да каңырыгым түтөп турат.
- Ата, бул ооруканада эмне болуп жатып калдыңыз?
- Ээ балам, инсульт болуп, колу-бутум иштебейт, көтөрүп жүрүшөт, кулак укпайт, көзүм көрбөйт, дайыма клизма кылышат. Заарам чыкпайт, биерде табарсыкка түтүк койдук дешти.
- Айылда жашоо шартыңыз жакшы элеби?
- Байбичем каза болгонуна көп болду. Жалгыз бой жашадым. Он жылча мурда үйүм өрттөнүп кеткен, бүт документтерим менен кошо. Эски ашканада жашап жүрдүм. Небере балам каралашып турчу эле, ал дагы былтыр бир билегин араага кестирип алып, майып болуп калбадыбы. Айылда каралаша турган ылайыктуу шарт болбогон соң, кызым шаарга алып келе берген. Бул кызым да көп бүлөлүү, балдары, неберелери менен барак үйдө турат экен, мени зааралатып тосконго үй тар, шарт жок, сыртка көтөрүп чыгарышат.
- Үйүңүз өрттөнүп кетсе, жардам сурап кайрылдыңызбы анан?
- Страховкаң жок экен дешти. Бекназаров депутат болуп турганда чуркап жүрүп 50 миң сом өндүрүп берген, рахмат ошого, башка жардам болгон жок.
- Өзүңүздө мал-жандык бардыр?
- Алдуу-күчтүү кезимде эл сыяктуу эле быдырым болгон. Карыганда кайдан, анын жем-чөбү дегендери болот экен. Дегеле дүнүйөнүн артынан чуркаган эмесмин. Бир жылдары, күздө, жаандан мектеп урап түшкөндө, өз каражатым менен төрт класстык бөлмө курдуруп, кар түшкөнчө эле бүтүргөм, эл-журт жардам берген.
- Сиз мамлекеттин камкордугуна абдан муктаж экенсиз. Акыбалыңызды айтып кайрылып көрдүңүзбү? Мисалы, Россияда согуштун ар бир ветеранына өзүнчө үй-жай берип жатышат. Бизде деле ошондой болуш керек да?
- Эл башчылары катардагы букаралардын арыз-датын окубайт дешет го?.. Эгер арызым жеткен болсо, ырайым кылышса, өкүлдөрүн жөнөтүп, абалымды көрүп, өзүнчө бир бөлмө үй берсе болот эле. Мамлекет жардам бере албаса, ымандуу байлар деле көңүл буруп койсо, батамды берет элем...
Орозалиев Жусупбай сыяктуу фронтчулардын бүгүнкү аянычтуу абалынын илмийген көлөкөсүндө туруп алып Жеңиш күнүндө салтанаттуу, шаңдуу сүйлөп жатышса, бери болгондо эле орунсуз, ары дегенде адепсиздей туюлат экен. "Куу алган кушта не айып" дегендей, аман келип, атылбай калган аркардай арабызда аз калган, жашап эмес, өлбөй жүргөн фронтчуларга камкордук көрө албасак, төрөлө элек биз үчүн танк алдында тепселип кала бергендердин арбагы урат го!

Маектешкен
Астра Садыбакасова

Редакциядан:
Орозалиев Жусупбай атанын абалына кайдигер карабаган патриоттор болсо редакция менен байланышсаңыздар болот.








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??