Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Ала-Тоодон алтоо
Жаныбек ЖАНЫЗАК
Акын Карбалас жазган, короомдогу чоң терекке суктанам, "мен" деп мактанбайт, үн катпайт, көк тиреп өскөнү-өскөн деп. Арабызда ошол Чынардай жарыгы тийген бир адам бар. Ал Жаныбек Жанызак. Мен көптү кылып атам дебейт. Кылганын эч кимге колко этпейт. Еврейлиги эмес эй, даанышмандыгы(!) бар. Кай темага чакырба, көзгө сайып айтып берет. Эркечтей болуп дайым жаңыны баштайт. Компьютерди илгери чү дегенде эле чүлүктөп жетелеп алган. Кыргыз шрифттерине ата болду. Мегиле деп кыргыз-орус сөздүгүн койду. Таң каласың, жашаган үч бөлмө үйүнөн китеп басат. Анысын айтып Өкмөт менен Партияга док артпайт. Диндин, кыргыз тилдин, анан секстин жайын сурап, кабарчылардын ага каттаганын айт. Анан күн сайын сыртта жүргөн жүз миңдеген кыргыздар Жанызак түзгөн "Presskg" сайты үчүн бата берип атышканын өзү да билбесе керек. Демек, Жаныбек мырза Жанызактын өмүрү узун, иши илгери болот. Жашасын жашоонун Жаныбек Жанызакча формуласы. Көз тийбесин. Суктанабыз. Сыймыктанабыз.

Медер Бишкек
"Менин асыл кыргызым" деп сүйлөгөн кыргыз, балким, башка кылымдарда болгондур, назили, "жыйырма биринчиде" чыга элек эле... "Биз кенедей эл эмеспиз, баарынан төмөн эмеспиз, кыргызчылык - бул итчилик эмес, ал биздин улуу касиет" деп эч ким айыбыбызга эм чача элек эле. Элде жок эмчиликти үйрөнүп, колу менен денеңди, деми менен дилиңди дарылап, эртеден кеч элүү... кыргыз үйүнөн айыгып чыгат. Тобо, мынча күчтү кайдан алат дечүбүз. Билинбей жүздөгөн булчуңу чоюн, деми өрт балдар анын колунан чууруп көбөйүп келатканын айт. Эмнеге жарыкты ушинтип издебейбиз. Көчтү ушинтип баштабайбыз. Анын урааны кыргызды бир тепкичке көтөрдү. Аны биз аңдай элекпиз. Дагы эле сезе элекпиз. Айласыз жатсаң башыңды жөлөп атабы? Сен тургун да, быкшыбай! Ал жаштайынан чоң ооруга тушугуптур. Төрт жолу буту сыныптыр. "Бул сыноо кудайдын мага белеги болду..." дейт. А сендей уулдар кыргыз үчүн буйрулуп келет. Сапарыңда эрен бол, Медер.

Турдакун Усубалиев
Быйыл 92де. Күндө сууга түшөт дешет. Жанды бапестеп, ыя, ар бир күндүн мейизин сыгып өткөрүү бу да жашоону сүйүү да. Кыргызстандын соңку эки кылымдык тарыхынын дээрлик бардыгына бүткүл аң-сезимдүү курагы менен күбө болуп келаткан адам. Же биз көп айтчу - тирүү энциклопедия. Бирок мынчалык зор энциклопедиянын бир дагы барагын ачалбайсың. Же өзү ачпайт. Мынчалык тарыхтын өйдө-төмөн, ак-кара насыйкатын бөлүшүп, агын санат, карасын сабак кылып кетиши Турдакун атанын парзы болчу. Кыргыздын бир байлыгы суусунда экенин майда булагына чейин санап бергени сыяктуу, анын аксакалдык кеңеши абадай керек эле. Ушунча болуп аксакал сырдуу чийининен чыгып бир гана ирет козголду. Анда да болгону алыскы Американы сөгүп, сөөгү менен бир бүткөн СССРди кулатууга Америка 2 триллиондон ашык акчасын коротконун айтып, кайышканы бар. Бирок дүйнөлүк тарыхтан мурда өз тарыхын балталап салганга даяр кыргыз элине Бакайдай албан, балбан сөз жетпей турганын кыйытып турганыбыз сизге!

Апас Жумагулов
Бул кишини көп жамандашты. Өмүр бою сен мага тийбе, мен сага тийбейин деп, өзүн гана ойлоп жашаган адам дешип... Мындан 20 жыл илгерки тарыхты талдашып, кыргыздын тунгуч президентин шайлаар күндү айтышып, эгерде Жумагулов ортодон чыгып оюн кылбаса, анда президент Акаев эмес Апсамат Масалиев болмок, Масалиев болгондо ал мынчалык өлкөнү тоноп, завод менен фабриканы сатпай, сактап калмак эле дешип... Атаңгөрү, дайыма ушинтип артынан 20 жылдан кийин сөгөбүз да. Пешенебизге президент болуп Акаевдин келмегин Апас Жумагуловдон эмес, оо бөлөк көк сакалдардан сурамактырбыз. Эми мунун баары өткөн чак. Бирок келээр чак үчүн аксакалыбызга айтаар дартыбыз бар. Улам бийлик өңү алмашкан сайын, мезгил мезгили менен бүт Сары-Өзөндүн тыңдарын жыйнап, учурга жараша келечек жайын мерчелеп алмайыңыз бар. Бирок арабызда бүтүндөй 50 жылын өлкөнүн экономикасына арнаган, Кыргызстандын ар бучкагын кармалап көргөн адам өзүнүн гана чөйрөсүнөн чыкпай, бир ишканадан бошобой, бар-жок экени билинбей жүргөнү ардантат. Жөн да болсо кыргыздап ураан чакырып, насаат айтып турсаңыз, жүдөгөн элге дем болот беле...

Тынчтыкбек Чоротегин
Бул ысымдын турпаты эле кыргыздын мыкты уулу, чоюндай уюган тарыхчысы, таланттуу жазмакери экенин айтып тургансыйт. Бу киши дээрлик 10 жылдан ашык жылдан бери четте жашайт. Ушунун өзү да Тынчтыкбек мырзанын эмгек чыйырын өзгөчөлөп, байытып турат. Лондон менен Праганын таш көчөлөрүндө далай изи калды, бирок куржунуна эмнелерди жыйып жүргөнүн али кыйыта элек. Кыргызстандагы эң орчундуу окуялар "Азаттыкты" жетектеп турган кезине туш болду. Ошондогу жумурай журттун мүдөөсү ишке ашышына "Азаттыктын" көтөргөн жүгү ченегис болгон. Эки элдик ынкылаптын мүдөөсү менен маңызын элеттин түпкүрүндөгү эл канкакшап жазган гезиттерден мурда "Азаттыктан" көбүрөөк кабыл алган. Тынчтыкбек мырза качан болбосун, кайда болбосун, жалгыз ошол нерсе үчүн да башын бийик кармап жүргөнгө акысы бар. Кыргыздын тилин, адабиятын, тарыхын оң ийнине асып, англисче түш жоруган чапчаңдыгы менен европа маданиятын сол ийнине жүктөгөн Тынчтыкбек Чоротегиндин күчүн алып элге жумшоо керектигин азыркы эл башчылар ойлоноор бекен?

Чоңду ырчы
Кези-кези келгенде,
Казы кертип,
жал жедик.
Кези-кези келгенде,
Чала кууруп кан
жедик.
Кези-кези келгенде,
Атан тайлак, төө миндик.
Кези-кези келгенде,
Куржун алып жөө жүрдүк.
180 жыл илгери кыргыздын азабын айтып, Манасын айтып ырдаган Чоңдуну бүгүн ким эстейт...
...Жамгырсыз калса жер карып,
Жакшысыз калса эл карып.
Аялсыз калса эр карып,
Ак мөңгүсүз төр карып.
Ачылып калса көр карып,
Балалуу туруп мен карып...
Сай-сайда калган тагдырды айткан, дал турмуштун өзүн айткан, барчылык менен жокчулукту, чоң тебетей кыргыздын келкели менен кеткетин айткан, чоюндай ийип сөз баккан ошол Чоңдуну бүгүн ким эстейт?..

Жеңишбек Эдигеев




  Тарыхтын таштанды себети жок

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ,
"Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Атыңарга маңызыңар төп келсин"
- "Де-факто" гезити 2007-жылы чыгып, кыска убакыттын ичинде окурмандардын ишенимине арзыды. Ошонун айынан бийликтен куугунтук жеп, убактылуу чыкпай калган. Бул гезиттин өзүнүн орду бар болчу, ошол орун ушул кезге чейин бош болуп турган. Эми кайра чыгып, бош орунду толтуруп атканы абдан маанилүү окуя деп эсептейм. Ар бир окуянын эки жагы бар. Де-юре - бул кагаз жүзүндө жазылганы, де-факто - ошолордун иш жүзүндө аткарылып жатканы. "Де-факто" гезити дагы өзүнүн атына маңызы төп келип, Кыргызстандын кагаз жүзүндө жазылып аткан турмушун эмес, иш жүзүндөгү абалын чагылдырып берип турат деп ишенебиз.

Темир САРИЕВ,
"Акшумкар"
партиясынын лидери:
"Чындык үчүн күрөшкөнү бийликке жакпады"
- "Де-факто" күчтүү, ачык, таза жазып, чындык үчүн күрөшүп жаткан. Бул жазганы бийликке жаккан эмес. Анткени ал кезде бийлик элге бирди айтып, такыр башка ишти жасап турган учуру болчу. Ошентип, бул гезитти куугунтуктап баштады. Гезиттин редактору Чолпон айымга коркутуу-үркүтүүлөр башталды. Анан бул гезит убактылуу жабылып калды. Эми минтип кайра чыгып атканына абдан кубанып отурабыз. Бул да болсо коомдо акыркы убакта болуп аткан өзгөрүүлөрдүн натыйжасы. "Де-фактонун" өзүнүн окурмандары бар болчу. Азыр дагы атаандаштык күчтүү болуп турган учурда өз окурмандарын табат деп ишенем.

Мелис ЭШИМКАНОВ, саясатчы:
"Бийликте туруп коргой албадым"
- Чолпон менен Жеңиш бир кезде "Асаба" гезитинен такшалышып, ошол жерден сүйүшүп, үйлөнүп, өйдө-ылдыйды көрүштү. Жеңиш зыңкыйган боюна жараша абдан терең жигит. Чолпон бою кичинекей болгону менен, баатыр мүнөз кыз. Өзүнүн тапкычтыгы, калеминин курчтугу менен айырмаланып турчу. Алар чыгарган "Де-факто" гезити өзгөчө дизайны, стили менен айырмаланып, жаңы муундагы гезит болду, бийликти катуу сындады. Анан Бакиевдин бийлиги өмүрлөрүнө коркунуч туудурду. Ошол кезде бийликте турган Эшимканов байкеси аларды коргой алган жок. Мен ошого алиге чейин өкүнөм, эми түштөн кийин аны айткандан не пайда? Эми эркин кыргыз журналистикасынын жолун баштаган Мелис Эшимканов гезитин баштагандан коркуп турган учурда, Чолпон баатыр болуп гезитин чыгарып атканы сүйүндүрөт.

Өмүрбек АБДЫРАХМАНОВ, ЖК депутаты:
"Демократиянын демин алып келгиле"
- "Де-факто" гезити мыкты гезит болгонун эч ким тана албайт. Бакиевдин учурунда акты ак, караны кара деп жазып, күчтүү чыкты. Тилекке каршы, бийликтегилерге мындай сын жакпайт экен. Гезитти куугунтукташты. Эми мына Батышты көрүп келгениңерден кийин, ошол жактагы демократиянын түсүн, демин алып келишин каалайт элем. Биз болсо кайра эле "Де-фактонун" окурмандары болобуз.

Мелис ТУРГАНБАЕВ,
Ички иштер министринин орун басары:
"Бийлик куугунтуктап, жаптырып салды"
- "Де-факто" коомдук саясый басма сөз каражаттарынын ичинен эң маанилүү гезит болчу. Ар түрдүү көз караштарды чагылдырып, бийликке катуу эле сокку уруп турган. Ошондуктан бийлик гезитти куугунтуктап, жаптырып салды. Эгер бул гезит кайра чыгып, мурункудай эле позициясын карманып, адилеттүүлүктү чагылдырса, мыкты гезит болот деген ишеним чоң.

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:
"Бүгүнкү "Де-факто" басма сөзгө үлгү болсун"
- "Де-факто" Кыргызстан үчүн тарыхый жана атуулдук сезимдерди ойготкон, эл үчүн иштеген, деңгээли жогору, элдик гезит болчу. Коомдогу терс көрүнүштөрдү, бийликтин кемчилигин көзгө сайып көргөзүп турчу. Ошон үчүн аны жактырышкан жок, жаптырып тынышты. Менин өмүрлүк жарым, Асылбек Исмаилов да ушул гезитке жазган "Аскада асылган Кыргызстан жана сур эчки" деген макаласы үчүн ошол кездеги бийликтин курмандыгы болгон. Бүгүнкү "Де-факто" да мурдагыдан калышпаган курч, калыс, чыныгы маалымат каражатынын үлгүсүн көргөзгөн гезит болоруна ишенем.

Темир Бирназаров,
кинорежиссер:
"Де-факто" элдин үнүн жазарына ишенебиз"
- "Де-факто" биздин жашообузду оң нукка бурууга салым кошкон гезиттердин алдыңкы сабында турчу. Сөздүн касиетин туура пайдаланып, сынды коркпой айтып, коомдогу бардык тармакты камтычу. Жакындан тарта "Де-факто" кайра чыгарын угуп, сүйүнүп атабыз. Азыр көпчүлүк гезиттер жалаң шоу менен майда ушактын деңгээлине түшүп кетти. Маданият тармагын үстүртөн, кооз сөздөр менен жазышып, көйгөйү көмүскөдө калууда. "Де-факто" ушул нерсени эске алып, карапайым элдин үнүн жазган гезит болоруна ишенебиз. Гезиттин жамаатына чыгармачылык эргүү, жаңы дем каалагым келет.

Анатай Өмүрканов, акын:
"Де-факто" аркылуу сатылган торпедо, ташылган алтын тууралуу билгенбиз"
- "Де-факто" чыккан күндөн эле эл оозуна алынып, колго алымдуу, көзгө толумдуу гезит болгон. Бул, албетте, ошол кездеги редактордун, журналисттердин эмгеги. Тайманбай чындыкты жазышты. Кыргыз эли гезит аркылуу сыртка сатылган торпедо, ташылган алтын тууралуу билди. Гезиттеги ачуу чындык бийликке жаккан жок. Айыбы чукулуп, чыныгы жүзү элге белгилүү боло баштаганда эбин таап, жаптырган эле. Көп өтпөй өзү да омкорулуп, жок болду. "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген ушу. Эми азыркы жаңы "Де-факто" мурдагыдан да жакшы чыксын, калыстыктан тайбасын, анда иштегендердин калеми мокобосун.

Санжи Туйтунова,
Дилбар Алимова







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??