Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Миша байкенин өлкөсүндө

Жанар Акаев:
"Саакашвили жумушка баратканда тоз-тополоң болбойт экен"
Ушул күндөрү "Азаттык плюс" телетобу жана "Борбор Азиядагы эркин базар" институтунун өкүлдөрү Грузиянын полиция жана экономикалык реформалары тууралуу документалдуу тасма тартып жүрүшөт. Программанын алып баруучусу Жанар Акаевдин фейсбук баракчасына Грузиядагы реформалар тууралуу жазгандарын окуп, Тбилисиде жүргөн теле алып баруучу менен интернет аркылуу чакан маек курдук.

- Жанар, Грузияда түнкү саат үчкө чейин иштеген министрлер бар деп жазыпсың. Чын эле ошондой бекен?
- Бул көрүнүш бизге, кыргыздарга гана таңкалычтуу болбосо, министрлердин түнкү саат 2-3төргө чейин иштегени грузин элине кадыресе көрүнүш экен. Мисалы, мурдагы финансы министринин орун басары, азыркы вице мэр Гиорги Цхакая түнкү саат үчкө чейин иштейт, анын эки айдоочусу, эки катчысы бар экен. Бир айдоочусу күндүзү иштеп, экинчиси түнү иштейт. Цхакая күндүзү саат 10:30, 11:00дөргө жумушка келет экен, түнкүсүн үчтө кетет. Министрлердин дээрлик 90%ы түн бир оокумга чейин иштейт турбайбы. Алардын баары энергиялуу, билимдүү жаштар. Өз өлкөсүнүн фанаттары десек болчудай. Биз реформаны аягына чыгышыбыз керек, биз Грузияны бай мамлекет кылышыбыз керек деген принцип бар баарында.
- Революцияга чейин алардын милициясы деле кыргыз милициясынан айырмасы жок болчу. Пара алышчу экен, эң коррупциялашкан тармак деп саналчу күч органдары. Азыр таптакыр өзгөргөн дейт. Алар муну кантип жасашыптыр?
- Мен ушул суроону көптөгөн грузин саясатчыларынан сурадым. Оппозициясынан да сурадым. Саясый эрк болуш керек деп жооп беришти. Булар бүтүндөй милицияны толугу менен жумуштан кетирип, эки айдын ичинде аз, бирок саз полицияны курап чыгышыптыр. Алардын айлыгын көтөрүп, пара алууга катуу тыюу салыптыр. Азыр полиция пара алабы деп сурасам, күлкүнү келтирбечи деп жооп беришет. Полиция пара алат деген түшүнүк таптакыр жоюлуптур. Полициянын кадыры абдан жогору, ар бир экинчи грузин окуучусу келечекте полиция болууну кыялданышат экен. Айтмакчы, полиция реформасы ийгиликтүү ишке ашкандан бери криминал Грузиядан тез арада качып чыгып кетишиптир. Азыр бул өлкөдө криминал жок.
- Катардагы полиция керек болсо министрлерге деле айып пул төлөтөт деп жазыпсың фейсбукта?
- Ооба, мындан алты ай мурун Грузиянын премьер-министри мас абалында машинесин айдап баратса, полиция тосуп айып пул салып, төлөтүптүр. Элестеткиле, бизде Атамбаевди МАИчилер тосо алабы? Ал тургай ЖК депутаты Улан Чолпонбаев твиттерге мактанып жазып атат, "мен ичип алып рулда келатсам, МАИ кызматкери тосту, күбөлүгүмдү көргөзсөм кое берди дароо" деп. Мына биздин депутаттардын деңгээли. Баса, президент Саакашвили жумушка эл катары эле барат экен, ал келатат деп жолдордо ызы-чуу болушу мүмкүн эмес, анын жумушка барып келгени билинбей эле калат. А биздечи, эртең менен тоз-тополоң башталат, Отунбаева өтөт, Атамбаев өтөт, Келдибеков өтөт деп канча адам жумушка кечигет.
- Кандай ойлойсуң, Кыргызстанда ушундай реформаны ким жасай алат?
- Азыркылар жасай албайт. ИИМ министринин интервьюсун окуп калдым, бизде деле реформа болуп жатат дейт. Кайсы реформа? Ал реформа дегенди кандай түшүнөт? Эки жолу революция болду, реформа жок. Менимче, билимдүү, пара албаган жаштардын жоон тобу бийликке келгенде реформадан үмүт кылсак болот. Бирок мен азыр ошондой жаш лидерлерди да көрбөй турам. Менимче, келерки президенттен жаштар чоң нерсени талап кылат. Ал реформа. Ушундай реформаларды жасайм деп программасын сунуштаган кишини гана жаш муун колдош керек, анан талап кылыш керек.
- Маегиңизге рахмат!

Маектешкен
Кошой Наркеев



  Бөтөн элди агалабай,
Бөтөн жерди сагалабай

Өгөйлөбөгүлөчү, мен Кыргызстанга кайткым келет!
Түркияда окуп-иштеп аткан 1246 кыргызстандык студент, магистрант, докторанттар жакында премьер-министр А.Атамбаевге кайрылуу жолдошту. "Биз - кыргыз жаштары, ата журтубузга келип иштегибиз келет. Бирок өлкөбүздө өгөйлөнүп чет жерде жатабыз. Улуттук аттестациялоо комиссиясы (НАК) биз алган билимди тааныбайт, моюндабайт экен. Гуманитардык жана техникалык илимдер боюнча чет өлкөдө докторантураны бүткөндөр Кыргызстанда өз тармагы боюнча илимдин кандидаты катары таанылышы керек болчу, резидентурада беш жыл билим алган медиктер советтик чөлкөмдө эки жылдык ординатураны жана үч жылдык аспирантураны аяктагандар менен тең бааланууга тийиш эле" деп жазышкан. Алар чет өлкөлүк дипломдордун кунун Кыргызстанда өз даражасында таануу маселеси чечилсе, мекенине кайтып келишип, билимин, тажрыйбасын өлкөбүзгө жумшап, Кыргызстандын бутуна туруп кетишине салым кошууну атуулдук парзыбыз деп жатышат.
Мен Калининград шаарында врачтын үй-бүлөсүндө туулгам, жашым 28де. 2007-жылы Түркияда Гүлхан медакадемиясын бүтүп, азыр Анкарада кардиохирургия боюнча клиникалык ординатурада окуп жатам.
Түркия кардиохирургия жаатында бизден ой чабым озуп кеткен. Биз окуган жайда АКШ (аортокоронарное шунтирование), жүрөктүн тубаса кенемтесин жоюу, жүрөк дүлөйүнө протез коюу же калыбына келтирүү ж.б. эң татаал операциялар жасалат.
Кыргызстанда алтын колдуу кардиохирургдар көп. Алар менен тең тайлаша иштеп кетүү үчүн биз адистикти мыктылап өздөштүрүп жатабыз. Мекенибизде ишке орношуу үчүн колдогон чоң кожоң болушу керек же өзүң учка чыккан иш билги адис болушуң зарыл экенин билебиз. Мен экинчи жолду тандадым, буюрса мекениме керегим тиет деп турам.
Биз мамлекеттен сокур тыйын жардам албай, өз күчүбүз менен окуп жатабыз. Түркия бизге бекер билим бергени менен, иштегениң үчүн маяна төлөбөйт. Айла жок, менчик медборборлордо тийип-качып, легалсыз иштей коёбуз. Түркияда, Европа жана башка өлкөлөрдө клиникалык ординатура биздегидей бир-эки жыл эмес, беш жыл! Өлбө жаным өлбө деп кандай күн көрүп, анан билим алып жатканыбызды түшүндүңүздөр да... Балдар кардиологиясы боюнча ординатурада окуп жаткан таанышымдын үч баласы бар, жалаң стипендия менен күн кечиришет. Көп жыл каржалып жүрүп билим алган соң, адамча жашагың келет экен. Анан мекениңде билимиң бааланбаса, келегой деген адамың болбосо, башка өлкөгө кеткенден башка жол жок болуп жатпайбы!
Өлкөбүздө коррупцияга малынбаган, жердешчиликтин, тааныш-билиштин сазына батпаган тармак калбаптыр. Саламаттык мекемелери таксисттер уюгу сыяктуу... машинеңдин модели кайсы, күбөлүгүңдүн категориясы кандай, иш алган жан жок, баары котолошот, бош орун жок... Медфактар жыл сайын күргүштөп балапан басып чыгарышат. Аксакалдарыбыз менчигине басып алган сыяктуу ордуна өз кишилерин калтырып кеткенге далбасташат.
Бу дүйнөгө ар ким өз ырыскысы менен келет дейт, бешенеге жазганын көрөбүз деп өзүңдү өзүң жубаткандан башка айла жок. Анткеним, ординатураны бүтүп, мекениме иштегени барсам, Кыргызстанда Түрк өлкөсүнүн дипломдору жарабайт деп моюнга албайт экен!
А.Атамбаев жакында эле официалдуу визити менен келээрдин алдында Түркияда окуган студенттер ушул көйгөйдү көтөрүп, Кайрылуу жазганбыз. Премьер-министр быякка келгенде, ТОВВ университетинде жолугушууда Кыргызстандын атуулдарынын чет өлкөлүк дипломдору өз өлкөсүндө тааныла тургандыгына убада берди. Бизде сөз менен иш дайыма эле дал келе берчү эмес эле...
Руслан Шаршенбаев,
Анкара, Түркия.

P.S. Кыргызстан ширеси сыгылып бүткөн анар сыяктуу. Эки революцияны баштан кечирдик, өлкөнү бутуна тургузуп кетчү адамдар келет деп күттүк. Партиясы башка эле болбосо, баягы эле тааныш жүздөр, ысымдар... Компартия доорунда мындайларды "несписываемый инвентарь" дечү. Р.Шаршенбаев сыяктуу чет жерден билим алган, бөтөн элди агалабай, бөтөн жерди сагалабай, жан дүйнөсүндө "Кыргызстаным!" деп жаңырык чыгып турган жаңы муундагы патриот кадрлар гана өлкөнү саздан чыгара алат. Андыктан алардын дипломдору Кыргызстанда да жарактуу болушу зарыл. Өзүбүздө турган интеллектуалдык инвестицияны ишке салмайынча, чет элдик каржы инвестиция бизге бапа кылбайт.
Даярдаган
Жаналы Нурманбетов




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??