Экөө ээн бакта
(аңгеме)
Бак туташкан тоолордун этегинде.
Бак чексиз кең.
Бактын эгеси жок.
Бак жапайы.
Миң түркүн дарактар өз алдынча гүлдөп, мөмөлөп, мөмөлөрү ит-кушка, курт-кумурскага жем болуп, чирип-ирип жок болот...
Бактын баянын эч ким билбейт, байыркы замандан бери эле жашап келаткансыйт. Бирок жыл сайын жаңы чырпыктар чыгып, көчөттөр көгөрүп, жаңыланып, жашарып турат...
Бакта күн бүркөө, суйдаң туман түшүп, себелеп жамгыр жаап атат...
Бактын чыгыш жагынан бир адам келип кирет. Үстү суу, колунда узун таяк, арып-азган аквалда...
Адам бакты аралап узакка узап барып, акыры бир дарактын түбүнө токтойт. Дарактын асты кургак.
Жолоочу даракка жонун жөлөп, бутун сунуп отуруп калат. Ошол замат бүткөн бою талыкшып, магдырап уйкуга кетет. Бирок негедир чочуп, көп өтпөй көзүн ачат. Караса, кашында кара чаар жылан турат. Каректери каректерине кадалып, тилдери титиреп, адамды арбап аткансыйт. Адам аптыга түштү. Анткен менен жылан ага катылбады. Кайра койкойгон башын буруп, калың бариктердин арасына сойлоп кирип, көздөн кайым болду...
Ушул учурда адамдын алдына топ этип алма түштү. Алма ак-кызыл түстө, туптунук... Адам алманы алып качырата жей баштады. Алма ширин чыкты. Дагы жесем деген ниетте төбөсүн карады. Карап, айран-таң калды. Көрсө жөлөнүп отурган дарагы алма эмес, жаңгак экен. "Анда каяктан түштү бул алма?" деген ойго кетти. Адегенде маңдайындагы дарак көзүнө урунду. Бирок анысы чынар эле. Чынар оголе жоон болчу. Түп жагы көңдөй көрүнөт, боорунда боз үйдүн эшигиндей кичине эшик карарат. Эшиктин оозунда капкара чачтуу аял отурат. Өрүлбөгөн коюу чачтын арасынан кууш жүзү гана агарат. Аял бейтааныш эркекти аңдый карап, шашылбай алма жеп атыптыр. Качан экөө кездешкенде, ал ага мулуюп койду.
- Арыбаңыз, - дей салды жолоочу аз-маз алдастап.
- Бар болуңуз,- деп алик алды аял.
- А-а... алманы сиз ыргыткан турбайсызбы?
- Бекер отургуча, жеп отурсун дедим.
- Рахмат.
- Аш болсун.
Экөө тең унчукпай алма жей башташты.
- Каяктан каякка баратасыз?
Жолоочу ойдолоктой түштү.
- Чыгыш жактан...
- Батыш жакка?
- Ооба...
- Жолуңуз узак экен.
- Узак...
Эркек энтигип алды.
- А-а өзүңүзчү?
- Мен ушерде жашайм. Ушул үңкүр - менин үйүм.
- Коюңузчу?
- Былтыртан бери. Былтыр мен дагы сизге окшоп, белгилүү тараптан белгисиз тарапка бет алгам...
- Мага окшоппу?
Аял эркектин суроосуна этибар бербеди.
- Жолдо жети жолу күн батырып, жети жолу таң атырып, акыры ушул бакка келип киргемин. Кирип, кийин мындан чыккым келбей койду.
- Ажайып бак экен.
- Бейиштин багы.
Эркек тунжурай түштү.
- Эгер каршы болбосоңуз, мен да бүгүн биерде түнөп калайын. Абдан чарчадым.
- Уруксат сурагыдай, мен бактын ээси эмесмин. Кааласаңыз, биротоло калып калыңыз. Антсеңиз, андан жакшы. Экөөбүз бири-бирибизге эрмек болобуз...
Аял жароокер жылмайды. Эркек эрип кетти.
- Сиз туура баамдадыңыз: барар жагым белгисиз...
- Анда жетер жериме жеттим деп билиңиз.
- Жан дилим менен.
Экөө элире тиктешти.
Туман тарады. Жамгыр басылды. Дарактардын арасынан батып бараткан күн көрүндү. Бактын ичи кочкул кызыл нурга толуп, көлөкөлөрдүн тытылган тору жайылды...
- Эми жүрүң, кечки ырыскыбызды терип жеп келели, - деп калды аял, үңкүр үйүнөн чыгып.
Эркек эсейе түштү: аял жылаңач көрүндү көзүнө. Эңкейишин эле эптеп эски чүпүрөк менен калкалап коюптур, калган жагын жайылган чачы гана жаап турат.
Аял анын аңкайганын аңдады.
- Умай эненин кийими, - деди күлүп. - Бакта бир жыл жашасаңыз, сиз дагы Адам атага окшоп каласыз.
Эркек сылык жылмайды. Бакты аралай басышты.
- А-а... кышты кантип кыштадыңыз? Таза үшүсөңүз керек?
- Биерге кар түшпөйт экен.
- Ырас элеби? Сонун турбайбы! Мен ушунчалык үшүкчөөлмүн.
- Анда кадырыңыз жам болсун.
Эркек эми эки жагын куунак карады. Чын эле азыр ага жылдын төрт мезгили аралаш көрүнүп кетти. Бир эле учурда дарактардын бири бүрдөп, экинчиси гүлдөп, үчүнчүсү мөмөлөрү бышып, эзилип жерге түшүп турат. Туш-туштан куштар сайрап, түркүн түстүү көпөлөктөр учуп-конуп жүрүшөт.
- Айтканыңыз акыйкат, бул бейиштин багы экен, - деди эркек аялды эреркей карап.
- Адам ата менен Умай энебиз ушундай жерден куулуп отурбайбы.
- Умай энебиз алмага азгырылбаганда...
- Ага адамча сүйлөгөн жылан айыптуу.
- Эмнеси болсо да, экөөнүн кылмышынан кийин күнөөсүздүк кылымы кыйрады.
- А менимче, ошол жакшы болгон экен, - деди аял ойноктоп. - Эмесе экөөбүз минтип бу дүйнөнүн даамын татып, күнөөсүнө батып, жыргап жашайт белек. Чынбы?
- Чыны-го чын...
Аял алдына басып келишкен алчадан уучтап үзүп алып, экөөсүн эркекке сунду. Жалтыраган капкара алчалар эле. "Аялдын каректерине окшош экен", - деп койду эркек ичинен. Ачык айтканга тартынды.
Бирпастан кийин булар эки кыргоолго туш келишти. Кыргоолдун кыпкызыл корозу боппоз мекиянын ашыглыкка азгырып, кууш куйругун жайып таштап, аны айланып бийлеп атыптыр.
- Ой ушулардын сүйүү ышкысы өттү, - деди аял армандуу. - Каякка баспагын бийлешип-туйлашып, өбүшүп-тебишип жаткан жан. Кубалашкан көпөлөктөр, чырмалышкан жыландар... Мүйүздүү башын мүйүздүү башка артып алып магдыраган маралдар... Караңгыда калкандарын кагыштырышкан таш бакалар... А бир жолу сейилдеп жүрүп, эргежели жез кемпирге кез келдим. Жезкемпир куураган куу жыгачты минип алып, кутуруп кеткенсип, нары-бери күйүгүп чуркап жүрөт. Кызыгып карап калдым. Карасам жез кемпир дегеним - чүткор болуп чыкты. Ийилбес ийнелери үрпөйүп, тикенектүү куйругу титиреп, көздөрү бозоруп алган. Көрсө, кургуруң, куу жыгач менен атайлап денесин дүүлүктүрүп атыптыр. - Аял аяр күлүп койду. - Ашыглыктын азгырыгы менен азабы бардык макулуктар үчүн бирдей окшобойбу.
Эркек арсар жылмайды.
Алар калдайып өскөн картаң алмуруттун жанына жетип токтошту. Алмурут аппапак болуп гүлдөп турат. А анын астынан кайнар булак кайнап чыгып атат. Булак башатында оргуштап, ордонун ордундай тегерек көлгө айланып, анан андан нары агып кетет. Көл жээгин жашыл эңилчек каптап, үстүндө булуттай буу каалгыйт.
- Ой, кайнар булак! - деди эркек өңгөчүн тартып.
- Бакта баскан жагыңыз - кайнар булак, - деп айтты ал. - Мен күнү-түнү киринип турам буларга.
Аял аялдабастан көлгө кечип кирип кетти. Көл аны көкүрөгүнө чейин көмдү.
- Кана, чечинбейсизби?
Эркек арсар аквалда калды.
- Экөөбүз бирге жуунсак уят болбойбу.
Аял каткырып алды.
- Кимден уяласыз? Биерде бизден башка эч ким жок.
Эркек чечкинсиз чечине баштады. Жегдеси менен өкчөсүз өтүгүн чечип, шымына келгенде дагы тайсалдады.
- Кечиресиз... Ич кийимим жок эле...
- Ого бетер жакшы экен, - деди аял жайдары жылмайып. - Бир жылдан бери жылаңач эркекти көрө элекмин...
Эркекке кубат болду мунусу. А шымын шыпырып таштап, көлдү бойлоду.
- Ох, кандай рахат... Суу сонун ысык турбайбы.
Ал адебестен денесин жууп кирди.
- Узак жол басып, кирдеп кеттим, - деди актангандай.
- Эчтеке эмес. Эми экөөбүзгө эч кандай кир жукпайт, - деп жубатты аны аял.
Анан эркектин оозун ачыра койбой, алакандары менен артын жышып кирди. Эркек буга көшүп туруп берди.
- Колдоруңуз жаман жумшак экен, - деп койду бирпастан кийин, үнү каргылданып.
Эми аял алдына өттү. Экөө тең орто бойлуу эле. Тизелери тирешип, көкүрөктөрү тийишип кетип атты. Денелеринен көзгө көрүнгүс учкундар чачырап, жан жерлери жалындаганы калды булардын.
- Кийимчен кырктагы кишидей көрүнгөнсүз, эми карасам, желдеттей жигит турбайсызбы.
- Жыйырма жетидемин.
- А мен жыйырма экиде.
- Анан... абдан сулуу экенсиз.
- Сиз дагы...
Айткандары чын эле. Аял кымча бел, эмчектери чагылгандын ташындай катуу, ажары айдай тунук, а ой-кыялы ойноку окшойт... Эркек болсо арыкчырай, кыр мурун, аялдын түтөгөн кара кашындай муруту бар, сүйлөгөн-күлгөнү сыпайы, мүнөзү - сүйгөнгө да, күйгөнгө да даяр экенин элестетет...
Аял аны сылык сылай берди. Акыры ал чыдабай, аялды кыса кучактады. Экөөнүн маңдайлары сүзүшүп, көздөрү сүзүлүп, эриндери эрип кетти. Тизелери тирешип, көкүрөктөрү өйкөлүп, таптакыр тилден калышты...
Аста-секин ай чыкты. Ай нурлары алмуруттун аппапак гүлдөрүн аралап өтүп, көлгө себилди. Көл үстүндө эки кара баш калкып сүзүп жүрдү.
- Айтмакчы, атың ким, айым кыз?
- Акшам. А сеникичи?
- Актаң.
- Актаң...
- Акшам...
Экөө кайра жанашып, өбүшүп алышты.
- Жүр эми, үңкүр үйүбүзгө кайталы, - деди кыз.
Көлдөн чыгышып, барар жактарына бет алышты. Айдыңда ар кайсы даракка асылышып, анар, анжир, курма сыяктуу мөмөлөрдөн үзүп жеп баратышты.
- Акшам...
- А-а?
- Сен бая: мен дагы сизге окшоп, белгилүү тараптан белгисиз тарапка бет алгам, - деп айттың. Ал эмне дегениң?
- Ал дегеним: экөөбүз тең ашыглыкка азгырылып, анан анын азабынан, ата-журтубуздан айрылып, минтип барса келбес жолго чыгып отурабыз...
- Демек, сен дагы...
- Мен дагы... Сага окшоп...
Актаңдын оор жүгү жеңилдей түштү. Көңүлү көтөрүлдү.
- Анда айтып берчи, - деп калды ал куунак түрдө.
- Жок. Авал өзүң айт, - деди Акшам. - Кана, башта.
Актаң макул болду.
- Мен ушул жылдын жазына чейин үйлөнгөн эмесмин. Ойноп-күлүп жүрө бергенмин.
- Жаштыктын дооранын сүрүп.
- Ооба... Анан атам, аймактагы атактуу адам, элден намыс кылып, акыры ой-боюма койбой үйлөп салды. Бир жесир аялдын кызына...
- Эмне үчүн жесир аялдын?
- Аялдын эри атамдын жанбирге досу болчу. Атам ошонун арбагын сыйлады. А тойдун эртеси кайнэнем: "Аяш, эми ээн үйдө эңгиреп жалгыз каламбы? Кыз-күйөө мени менен жашасын" дегенинен, атам ага да макул болду. Ошентип, мен күч күйөө катары жашап калдым. Кайлыгым он алты жашар, уялчаак, ишенчээк, баео кыз. Бара-бара жакшына аял болуп бермек, бечарам. Бирок буга жеткирбеди апасы...
- Апасы?
- Кайнэнем кыркка кирелек катын...
Актаң аялдай түштү.

(Уландысы
кийинки санда)