Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Токиодон аманчылык

Элдин жүзүнөн мурдагыдай жайдары маанай байкалбаса да, сумсаюунун изи сууп, эртеңкиге болгон ишеним байкалат. Ошол ишеним мага окшогон чет өлкөлүктөргө да чоң дем бере алды."

Жамандыктан ары бол, Жапон Улусу!
Апрелдин акыркы күндөрү окуумду улантканы Токиого кайтып келдим. Тээ күндөрү Жапониянын Мияги, Фукусима жана Иватэ деген үч префектурасын камтыган зилзаладан убактылуу кеткенибизге, артка кылчайып көрсөм туура 40 күн болуптур. Ар дайым, Улустан Токиого жолго чыгаарга бир күн калгандан тарта кусалык сезимдер күчөчү адатым бар, ал кусалык Токиого жеткенден соң, бир жума өтүп гана таркаарын байкаган жаным, бул жолу жапондордун кайгыны башынан өткөрүп аткан учуру менен дал келди.
Кыргыздагы Ала-Тоонун элеси көз алдыман кетип-кетпей үйгө келсем, кантсе да узак убакыт өткөнгө электрге деп салып койгон баланстагы депозитим түгөнүп, муздаткычым токтоп калыптыр. Шашып жакынкы банкка тыйын сууруганы барсам, мурдагыдай эле жалпы Түндүк Чыгыш Жапониянын токту үнөмдөө планы күчүндө экенин билдим - банкоматтарын иштетпей атышыптыр. Бирок супермаркетке кирсем, эл жыш чогулчу жердегилери адаттагыдай эле режимде иштеп атыптыр.
Кайра шашып үйгө кирсем эле, кошунам - моңгол досум да Улан-Батордон эми эле келиптир, ал да 45 күндөн бери айылында жүргөндүктөн окшош эле проблемага туш болуп, балансына карыз сурап атпайбы. Негизинен чет элдиктерден турган жатаканабыз ээнсиреп атса да, шайыр мүнөз досум келип, шеригиме алаксый түштүм.
Деген менен Токиодогу жашоонун өз нугуна кирип калганын көрүп, көңүлүм тез эле жайлана түштү. Зилзаланын алгачкы күндөрү күркөлөрдө тээ Совет доорунун акыркы жылындай нан азык-түлүктөрүнө, күйүүчү майга аягы алты жүз метрге чубулжуган кезекти көрө алууга болсо, эми андай нерсе тарых барактарында гана калганын эстедим. Теледен болсо трагедияны кээде гана көрсөтүп, кадимкисинен тамак-ашты, ашкананы көрсөткөн берүүлөр менен оюн-зоок, тамаша программалары дээрлик экранды ээлеп калганын байкаса болот.
Дагы бир нерсе, жолдун артындагы аянтта бүгүн керээли кечке авто-шоу болду: сыланкороздонгон АКШнын машинелеринен баштап жапондун хайбрид/гибрид машинелерине чейин ар тараптан сынап, чогулган автосүйүүчүлөрдүн купулун толтуруп атышты, кыязы. Бул деген Жапон жеринде жашоонун күндөлүк нугуна кайта баштаганынан кабар берет.
Жапонияга кайткандан кийинки алгачкы байкоолорумдун негизинде жазылган ушул макалам "Алтын Жума" же болбосо "Голден Виик" (май айынын алгачкы бир жумасы) деп аталчу Жапониядагы бир жыл ичи эң узакка созулчу эс алуу күндөрүнө туш келди. Бала-чакасын жетелеп эс алып жүргөн үй-бүлөлөр да аз эмес болду, мен жашаган Одайба районунда (Токиодогу эң кымбат көңүл аччу райондордун бири, Токио булуңунун боюнда жасалма арал катары таанымал). Элдин жүзүнөн мурдагыдай жайдары маанай байкалбаса да, сумсаюунун изи сууп, эртеңкиге болгон ишеним байкалат. Ошол ишеним мага окшогон чет өлкөлүктөргө да чоң дем бере алды.
Жамандыктан ары бол, Жапон Улусу, жапон туугандар!!!

Сейтек Качкынбаев,
Токио

Васеда университетинин
Political Economics кафедрасынын докторанты.




  Биздин көчөдө

Керимжан устанын заманбап боз үйү
Таластын мал базарын аралап жүрүп, четте тигилген боз үйгө көзүм түштү. Чылк темирден жасалып, баасы 45 миң сомго бааланган бул үйдү Керимжан Бапышев аттуу уста жасап, сатып аткан экен.

Айылда өскөн ар бир эле кыргыз билсе керек, үй тигүү машакатын. Бул өзү жарым күндүк убакытты, күч-кубатты талап кылган жумуш эмеспи. Ал эми темир боз үйдү үч киши 2 саат ичинде тургузат экен. Ашыкча жип-шуунун да кереги жок. Ууктар керегеге бурама менен бекитилет. Көчүп-конгондо же катуу шамал болгондо "сынып калат" деп жүрөкзаада болбойсуң.
Мындай заманбап боз үйдү жасаган Керимжан уста темир боз үйдү эки жыл мурда Бишкектен көрүптүр. "Салмагы жеңил, баасы арзан экен. Сурасам "кытайдыкы" дешти. Жактырып, кийинкисинде атамды ээрчитип бардым. Атам үйдү бир көргөндө эле кынтык тапты. "Кыргыздын көркүн бузушуптур, жепирейтип" деп кейиди. Анан мага айылдагы боз үйдүн калыбына салып, үй жасоого тапшырма берди", - дейт.
Керимжан байке чындап эле биринчи жасаган үйүн атасына белек кылыптыр. Ал киши Таластын Манас айылында турат экен. Жаш кезинде ал да жыгачка жан салган уста болуптур.
Уста буга чейин Бишкекте жашаганын айтты. Темир боз үй жасоого киришкенден кийин бир жыл мурда туулуп-өскөн жерине баса бериптир. Аны "элиме кызмат кылайын да" деп түшүндүрдү. Таласка келгенине аз эле убакыт болсо да, устанын кардарлары жетиштүү экен. Көбү жайдыр-кыштыр тоону байырлап, төрт түлүк менен тирлик кылгандар. Айрымдары жеке эле боз үйдүн сөөгүн эмес, анын ичиндеги эмерегин, жерге төшөлгөн тактайын кошо заказ кылат.
- Боз үйдүн сырткы жабуусун да өзүңөр жасап бересиңерби?
- Акыркы кезде жалаң эле үйдүн сөөгүн жасап атабыз. Эгер кардар үзүк-туурдук заказ кылса, кийизден жасап беребиз. Ушул ишти жаңы колго алган кезде үйдүн жабуусун толугу менен кытайдын таарынан тиктиргем. Жаман жери, ал кийизге окшоп бир температураны кармабайт экен. Жайкысын үйдүн ичи үп, кышкысын муздаткыч болуп каларын байкадым. Анан кийизге өттүм. Аны Бишкектеги "Кыял" бирикмесинен алам. Бул жакта деле жүн тыткан жайлар бар. Жакындан бери алар менен сүйлөшүп жатам. Иш жүрүшүп кетсе, эки тарапка тең жакшы болмок. Алардын товары өтмөк, менин чыгымым азаймак.
- Бир боз үйдү жасоого канча убакыт кетет?
- Бир айдын ичинде жасап беребиз. Кээ бирөөлөр "мунун эмнеси кыйын, ширетип койсо бүтөт да" деши мүмкүн. Бирок мен башынан эле "бармак басты, көз кысты" кылганды сүйбөйм. Иш качан ийине жетип, буюм купулума толгондо гана кардардын колуна тапшырам. Биздин максат эптеп эле акча табыш эмес.
- Чын эле жыгачтан жасабагандан кийин, ширетип койгондун түйшүгү азыраак болсо керек?
- Антип айтканга оңой. Мына азыр баары эле кытайдын үлгүсүнө салып, боз үй жасап атышат. Карап көрсөң жапыз, ууктардын ийилиши туура эмес. Атам туура байкаптыр, кыргыздын көркү бузулуп атат да. Мен мына ошого жол бербейм. Бир эле боз үй эмес, бардык буюмга ошондой мамиле кылыш керек. Жакында Талас шаарына чакан цех ачкам. Дарбаза, жыгачтан эмерек, каалга, терезе, тепкич ж.б. толгон нерселерди жасайбыз. Шакирттериме талапты катуу коюп, өзүм көз салып турам.
- Көз көнбөгөнгөбү, айтор, кереге жок болсо орду аңырайып, бир кызыктай көрүнөт экен…
- Керегенин жарасы жеңил эле. Чий калап, кийиз жаап койсо кадимки боз үйдөн эч айырмасы жок. Эми, албетте, жыгач үйгө жетпейт. Бирок анын жумушу көп. Баасы да ошого жараша. Ага бардыгынын эле чөнтөгү чак келбейт. Экология деген маселе бар. Бир боз үй жасаш үчүн канча деген талды кыясың? Темир деген темир. Чирибейт, күйбөйт, көчүп-конгондо сынбайт.
- Өнөрүңүздү балдарыңызга да үйрөтүп жатасызбы?
- Эгемендик алган жылдары иш жок, бош жүрүп калбадыкпы. Ошондо жан багуу үчүн борборго көчүп кеткем. Бир топ жыл курулушта иштеп жүрүп, тирдендим. Үй-бүлөм азыр Көк-Жар кичи районунда турат. Жума сайын каттап, ал-акыбалдарын билип кайтам. Өзүм менен кошо ууктарды ала барып, атайын цехтерге ийдиртем. Бир уулум Таластагы техникумда окуйт. Бош убактысында устачылыктын сырларын үйрөнүп жатат. Аны "тууган-туушкан менен мамиле түзсүн, чоң атасынын жерлерин иштетсин, турмушка бышсын" деп ээрчитип келгем.

Санжи Туйтунова




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??