Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Мираида Далбаева, актриса:
"Жок, бул менин атам эмес!.. Менин атамдын буту бар болчу!.."
Кыргыз драма театрынын мега жылдыздарынын бири Мираида Далбаева, учурда чыгармачылык жолу байсалдуу, үй-бүлөлүк турмушу ойдогудай бактылуу айым.

- Мира айым! Ушундай сонун турмушта жашап атып өмүрүңүздүн кайсы учурун көбүрөөк эстейсиз? Кай мезгилиңизди эч унута албайсыз?
- Кандай турмушта жашасаң да балалык кез эч унутулбайт экен, ар бир адамда. Атам фронтто эле. Бир жолу түнүчүндө апамдын кыйкырган үнү ойготту. "Мира, Мира, атаң келди фронттон!.. Турагой, атаң келди!.." Мен көзүмдү ачып, бир буту жок таякчан кишини көрдүм да - "Жок, бул менин атам эмес!.. Менин атамдын буту бар болчу!..", - деп кантип айтып ийгенимди билбейм. Ыйлап жибердим. Үйдөгүлөр, коштой келген эки аскер жигит - баары тунжурап отуруп калышты. Жым-жырт. Жанымда апам гана акырын солкулдап ыйлап атты…
Атам мага жакын келип, орундукка отуруп, жалгыз бутунун тизесине кондурду да, аскер мүшөгүнүн ичинен бир чакмак кант алып чыгып мага сунду. Чачымдан сылап, көпкө башымдан жыттады. Мен акырындан басылып, таттуу кантты кемире баштадым. Чарчаган, оор жараттан кыйналган адамга, эки буту бар кездеги татынакай атамды окшоштура албай көпкө турдум. Акыры атамды тааныдым…
Ошондогу менин сөздөрүм ага кандай оор тийгенин азыр эстесем жаман болуп кетем… "Кечир, атаке!.." - дейм ичимден дайым…
- Бала кезде шоктонуп тил уккан күндөрүңүз болду беле?
- Мектепке хореографиялык окуу жайдын эшигинен өтүп барчумун. Бир жолу, сонун музыка угулуп аткан терезени кызыгып карап көргүм келди. Ичинде эмне болуп атканын даана көрүш үчүн балконго мышыктай тырмышып чыгып алдым. Ал жерде мендей эле балдар-кыздар колдорун жай, кооз каалгытып, бирде манжаларын бат-бат кыймылдатып, музыканын ыргагына жараша бийлеп атышыптыр. Көрүп алып таң калдым. Кийинки күнү дагы баягы жерден кыя өтө албай дагы балконго тырмыштым. Оюм-дилим бүтүндөй андагы бийлеген балдарда болду. Ошентип, күнүгө ал жерден ары жылбай, эч кимге көрүнбөй, балконду биротоло ээлеп отура берчү болдум…
- Ата-энеңизге айткан жоксузбу?
- Кайдан! Алар мени "врач болот кызым" деп кыялданышчу. Айтканга батынбадым. Акыры, өзүм баарын шак чечтим да, директоруна өзүм шыр кирип бардым. Менин да балетте окугум, бийлегенди үйрөнгүм келерин айттым. Директор менен хореография мугалими жаңы келген балдарды карап көрүп атышкан экен, мени да сынап карай башташты. Купулдарына толгон окшойм, балет мектебине кабыл алышты. Ал жерде жашыруун окууну чечтим, өзүм окуган мектепке анда-санда барып калдым. Бул иш көпкө созулган жок. Бир күнү класс жетекчим үйгө келгенде, сырымдын баары ачылып калды. Ата-энемдин чачы тик туруп, хореографиялык окуу жайга баруума тыюу салынып, көзөмөлгө алындым. Ошентип, ата-энемди эч көндүрө албай, балеттик карьерам дароо токтоду.
- Бирок, ошентсе да, искусствого кайтып келдиңиз, чыгармачылыктын башаты анан кантип башталды?..
- Ооба, акыры эле чыгармачылыкка келдим да. Жайкы каникулдарда Башкарасууга барчубуз, Күлия апабыздыкына. Сиңдим Зина экөөбүз шашкеде суу жээгинен бүлдүркөн терип, түш оогон соң калың жүгөрүнүн арасына чогулчубуз. Ал жер биздин театрыбыз эле. Жыйырмадай жүгөрүнүн паясын кесип даярдап, сахна жасачубуз. Эки четин үйдөн көтөрө келген жапкычтар менен байлап тосчубуз. Шаарда кыргыздрам театрына үй-бүлөбүз көп баргандыктан, анда көргөн "Курманбек", "Жаңыл" спектаклдерди туурап ойноп, балдардын оозун ачырчумун. Бакен эженин Канышайын туураганда, куурайды бычак деп өзүмдү сайып жыгылып, кыздар: "Тур, кечке жата бересиңби",-деп тургузмайын жата берчүмүн. Ал кезде актриса болуш ойго-түшкө кирчү эмес, баары оюн гана болчу.
- Ошол балалыктын ойнунан чоң сахнага кантип өттүңүз?
- 1956-ж. Москвада боло турган жаштар менен студенттердин бүткүл дүйнөлүк VI фестивалына катышууга даярдап калышты… Баарыбыз тең кандай гана жаш, сулуу элек. Хореограф Нурдин Түгөлов хор ырдатып, бийлетип… Элдик ырлардын табигыйлыгы ушунчалык, эмдигиче уксам бийлегимди келтирет. Балким, бийчи болсом, тагдырым мындан башкача болот беле?!.. Бирок өкүнбөйм. Биздин корифейлер атамдын астына келип, министрликти ортого салып атып, өз "кепилдиктерин" берип, театрга сурап кеткен соң, биротоло театрга байлангам.
Маектешкен
Алтынай Темирова





  Өз кабарчы билдирет

7-апрелде каза болгон
Эдил Такырбашевдин үй албай калганына ким күнөөлүү?
Ысык-Көл облустук администрациясынын тиешелүү жетекчилеринин ырастоосу боюнча, президенттик аппаратта сектор башчысы болуп иштеген Иман Досбаев аттуу кызматкер - Эдил Такырбашевдин үй албай калганына түздөн-түз тиешеси бар. Анткени тизмелерди тактоодо ал шалаакылык мамилеге жол берген. Биз бул боюнча Иман Досбаевдин өзүнө 0773 437 224 номери аркылуу байланышканда, жооп болгон жок.
Милициянын жогорку мектебинин 4-курсунун курсанты Эдил Такырбашев 7-апрелде кызмат өтөп жаткан учурда каза болгон. 23 гана жаштагы Эдил үй-бүлөдө жалгыз уул эле. Андан туяк калбаганына карапайым ата-энеси эле эмес, бүтүндөй ысыккөлдүктөр өкүттө. Эдил туулуп-өскөн Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагылар ага үй берилет деп коюп, берилбей калганын "Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган мамиле болду", - деп нааразыланууда. Ал эми ата-энеси менен эжеси күйүткө баткандыктан, бул теманы козгогулары келбейт.
Эдил Такырбашев жашаган айылдын "Алчалуу" көчөсү анын ысымына аталды.




"Мээрим" фондусунун имаратын айылдыктар басып алды
Союз кезинде Ысык-Көл районунун Бакты-Долоноту айылындагы "Березка" деп аталган бала бакчанын 2 кабаттуу имараты 2004-жылга чейин М.Акаева түзгөн "Мээрим" фондусунун "Балдардын билим берүү борбору" болгон. Бирок 6 жылдан бери сот иши бүтпөгөндүктөн, имарат кароосуз калып, тонолуп, талкалана баштаганда, эл аны кайра бала бакча катары иштетебиз деп басып алды. Жергиликтүү бийлик соттун чечимин күтүүгө чакырды эле, ага ынанышкан жок. Учурда ата-энелер тамак-аш, жууркан-төшөк алып келип, имараттын 2 бөлмөсүнө 30дан ашык балдарын тарбиялап атат.
Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Үчкурткаев - райондук сот, жергиликтүү бийликтин дооматын укпай туруп, "Мээрим" фондусу менен АКБ банкынын сатып алуу келишиминин негизинде эле "мээримчилерге" чечип койгонун айтты. Ал эми райкеңештин төрагасы Эсенбай Орозоев, 9 жолку сотто "мээримчилердин" жактоочусу гана келип, катталган ээси ачыкка чыкпай жатканын билдирди.
Бала-бакчага ылайыкталган бул имаратты оңдоого жана балдарды бакканга элден каражат чогултулуп атат, Бостери айыл өкмөтү болсо керектүү эмеректерди берди.

Рита Борбукеева,
өз кабарчы





кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??