Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Эр чекишпей бекишпейт

Турсунбай Бакир уулу:
"Мен бул жерге отурбайм. Бул мусулман эмес!"

Турсунбек Акун:
"Биринчи Акыйкатчы" деп сүрөтүн илдим, уулумдун тоюна чакырдым…"

Бул жаңы рубриканы жөн жерден ачкан жокпуз. Айрым саясатчылар жеке таарынычтарын унута албай, анысы айрым коомдук иштерге терс таасирин тийгизип, жеке мамилеси элдин назарын буруп калган адамдарды элдештирели дедик. Көргөн жерден абысындарча айтышып, бири-бирин кыртышы сүйбөгөн, болгондо да экөө тең ажы - Акыйкатчы Турсунбек Акун менен ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулун редакциябыздан жолуктурдук.


Элдештире турган, бейтарап адам катары мударис Кусеин Исаевди чакырганбыз. Бул киши Турсунбек Акун менен да КДКда чогуу жүргөн болсо, Турсунбай Бакир уулунун атасынын колунан чай ичкен учурлары болгон экен.
Адегенде Турсунбек Акун менен Кусеин Исаев келди. Турсунбай Бакир уулу бир аз кечигип келди, ал келгенде Кусеин Исаев агай коридордон тосуп алды. Экөө абдан жылуу учурашып, тамашалай да сүйлөп кирип келишти. Турсунбек Акундун отурганын көрөрү менен Турсунбай Бакир уулунун өңү өзгөрдү, кубара түштү. Бул учурда Турсунбек Акун телефон менен сүйлөшүп жаткан эле. Унчукпай отургучка отурду. Анан биз рубриканы тааныштырып, экөөнү элдештирүүгө аракет кылып атканыбызды айтканда, Турсунбай Бакир уулу "Бул кылганыңар туура эмес, айтып койсоңор болмок да", - деди. Турсунбек Акунга деле айта элек болчубуз. Алдын ала айтып койсок келбей коюшмак. Аңгыча эле Турсунбай Бакир уулу "Мен бул жерге отурбайм!", - деп чыгып кетти. Биз аны токтотууга аракет кылып, экөө тең ажыбыз деп жүргөнүн, исламда дагы кек сактабаш керектигин айттык эле, "Бул мусулман эмес!", - деп алып шарт басып кетип калды.

Турсунбек Акун:
- Мен, биринчиден, силердин гезитиңерге ыраазычылыгымды билдирем. Элдешеби, элдешпейби, силер чоң кадам жасадыңар. Мен дагы Турсунбай Бакир уулун бир тараптуу күнөөлөбөйм. "Ачуу душман акыл дос" деп коет эмеспи. Ал дагы бир күнү эсине келет деген оюм бар. Ошондо элдешээрбиз. Азыр чыгып кеткенин деле эрөөн көрбөйлү. Балким, азыр даяр эместир.
- Эмнеге мынча таарыныштыңыздар? Талашканыңыздар эмне?
- Мен "Турсунбай Бакир уулунун дарегине эч кандай терс пикир айтпайм" деп депутаттарга дагы, өзүмө дагы сөз берген элем. Ошондуктан азыр дагы анын беделине шек келтиргим келбейт.
- Адамдык сапаттары тууралуу айтпай эле коюңуз, себеби биз бири-бириңерди жамандатууну максат кылган жокпуз. Эмнеге мынчалык өчөшүп калдыңар, ушул таңгалдырат. Сиз Акыйкатчылыкка, Турсунбай Бакир уулунун ордуна келгенден башталдыбы?
- Экөөбүздүн тең Акыйкатчылыкка талапкерлигибиз коюлуп, мен утуп кеттим. Бакир уулунун бир жаман жери, компьютердеги маалыматтардын баарын өчүрүп, кабинетин бекитип, ачкычын бербей кетип калды. Өткөрүп берген жок. Мына ушундан башталды. Эми жеңилип калса, жеңилди да. Андан мурда 2002-жылы мен деле утулуп калганмын, ал өтүп кеткен, ошого карабай, биз ага жардам берип жүргөнбүз. "Кызматтан кет" деп айткан жокпуз. Мөөнөтүм 2013-жылы бүтөт да. Мөөнөтүнөн мурда мени кетирүүгө депутаттардын укугу жок. Булар мыйзамсыз аракеттерди көрүп жатышпайбы… "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч", "Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер" деген сөз бар эмеспи, мен эми Турсунбай Бакир уулунун атасын өлтүргөн жокмун да. Эми менден да кетти кемчилик.
- Мисалы, кандай?
- Ошол учурда теңелбей койсом болмок, айтышпай койсом болмок.
- Буга чейин элдешүүгө аракет кылып көрдүңүз беле?
- Мен канча аракет кылдым. Келдибековдор, Турсунтай Салимов ортого түшүп атса да болбой, кабинетинен чыгып кетти. Менден не кемчилик кеткен болсо, бетиме айтсын. Акыйкатчынын кабинетине мен чепкен, калпак илип койдум, уулумдун тоюна чакырдым, "биринчи Акыйкатчы" деп сүрөтүн илип, ага чакырдым, такыр келбейт. Мына бүгүн да силер чакырып отурасыңар, бул достор жасай турган иш. Мени башка гезит чакырса келмек эмесмин. Силер чалганда айылда жүргөн болчумун, "Де-факто" деген атты укканда баш тарта алган жокмун. "Де-факто" гезитин мурунку бийлик куугунтуктаган, мен өзүм ага күбөмүн. Эң популярдуу гезиттен биз айрылып калган элек. Бийликтин өкүмзордугунан жубайлар Чолпон менен Жеңиш чет өлкөгө кеткенге мажбур болушту. Эми дагы агын ак, карасын кара деп жазып, мурунку ордуңарды кайра ээлейсиңер деген үмүттөмүн.
Кусеин Исаев:
"Аял ак жоолук менен ортого чыкса, согуш токтогон"

- Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акундун, деги эле коомдук ишмерлердин таарынышканы Кыргызстан бүгүнкүдөй оор акыбалда турганда эч кимге жакпай турган көрүнүш. Мамлекеттик төбөлдөрүбүз элдин, мамлекеттин келечегин ойлобой, кара курсактын камын көрүп жүргөн убакта эки жигиттин бири-бири менен кайым айтышып, түшүнүшпөй жатканы мени өтө кайгыртат. Мен өзүм Кара-Суу районун жакшы билем, студент кезде практикага барып, Турсунбайдын атасы Бакир акенин колунан чай ичип, чогуу болуп калганбыз. Турсунбек Акун жоопкерчиликке тартыла турган ката кетирген болсо бир жөн. Бирөө кызматтан кетиптир, экинчиси анын ордуна келиптир. Элдин кызыкчылыгы үчүн экөө беттешип, эмнени талашканын бири-бирине ачык айтып алышса жакшы болмок. Азыр Бакир уулунун "мен отурбайм" деп кетип калышын туура көргөн жокмун. Кыргызстанга ынтымак керек болуп турганда элге төбөсү көрүнгөн эки азаматтын минтип отурганы Кудайга да жакпаган иш. Мына бул жерде "Де-фактонун" кыздары эки жигитти элдештирүү демилгеси менен чыкканы жакшы жышаана. Илгери уруулардын ортосунда катуу согуш чыгып, бири-бирин өлтүрүп аткан учурда, аялдардын бирөө ак жоолук алып ортого чыкса, жаатташкан тараптар элдешчү экен. Азыр мен ошону эстеп кеттим… Негизи эле "Де-факто" гезити жабылганга чейин жердин сатылып атканын, бийликтин жасаган туура эмес иштерин ашкерелеп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгындагы макалаларды жарыялап келгенин билебиз. Эми дагы ошол калыбыңардан жазбай, элдин мүдөөсүн жазсаңар, кайра калыбына келип жаткан бул гезит эң мыктылардан болот деген ишенич чоң.
Ошентип, биздин бул эки адамды чакырып, маңдай-тескей отургузуп, таарынычтарын жазып, жигитче кол алыштырабыз деген аракетибиз майнапсыз болду. Бирок эртеби-кечпи экөө тил табышып, жигитче кол алышып, Акыйкатчылардын жаңы келген муунуна акылын айтып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, өздөрү болсо жеке арыз-арманды, таарынычты четке таштап, талашып-тартышса да өлкө келечеги үчүн козголгон маселелерди гана талашышат деп үмүт кылабыз.
Баса, бул күнү кечинде Турсунбай Бакир уулунун номеринен телефонубузга смс келиптир. "Туура эмес кылдыңар. Акун - гезитиңерди жапкан Бакиевдин куйругу, чөөсү. Силер Бакиев менен жарашат белеңер?", - деп жазыптыр. Ар кимдин өз чындыгы бар окшойт, бирок бул жашоодо чындык бирөө гана. Ал калыстыкка жана акыйкаттыкка барып такалат эмеспи. Сөзүбүздүн соңунда, Турсунбай Бакир уулу мырзаны да, Турсунбек Акун мырзаны да сабырдуу болууга, кечиримдүү болууга чакырабыз. "Эр чекишпей бекишпейт" деген кыргыздын жакшы сөзү бар.

Дилбар АЛИМОВА








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??