Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Автограф

Чал-кемпирлерди, козу-улакты жакшы көргөн,
Акаевдин да, Бакиевдин да жеке фотографы болгон Эркин Болжуров
"Айылдык балдар, чал-кемпирлердин, кой-козунун сүрөтүн көрсөң, анда ал Эркиндики" деп бул сүрөтчүнүн кесиптештери тамашалап калышат. Ооба, чынында эле Эркин Болжуров кыргыз турмушун, айыл-кыштактын топурак жыттанган карапайым турмушун чагылдырып келет. Бирок ал мындай сүрөттөр менен чектелип калбай, бир эмес, эки президенттин доорун сүрүп, Акаевдин да, Бакиевдин да жеке фотографы болуп иштеген.

- Эркин, алгач өзүңүз туурасында сөз кылбайсызбы?
- Сүрөтчү Сагын Айылчиев айткандай, мен айылдыкмын. Ал менин бөлөм, бирок шаарда өскөн. Мени "колхозник" деп таарынтып албайын деп, айылдык деп коет. Чоң ата, чоң апамдын колунда чоңойдум. Карыя адамдардын жанында жүрүп, алардын ыйман сабактарын алып, чөп чаап, мал бакканды үйрөндүм.
- Кино тасмалардан да тарткан сүрөттөрүңүздү көрүп калабыз…
- Мен Актан Арым Кубаттын бир нече тасмаларында фотограф катары иштедим. Ал учурда сүрөтчү катары көп тажрыйба топтодум десем болот. Аным ошол маалда билинген эмес. Баары бүткөндөн кийин өз сүрөттөрүмдү көрсөм, актерлордун камера кармай албаган кээ бир эмоцияларын менин фотоаппаратым илип алыптыр.
- Образды кантип кармайсыз?
- Бизди сүрөт окуу жайында төрт жыл бою ошого окуткан. Маанилүү ирмемди, сулуу нерсени өз маалында байкаганга үйрөткөн. Фотограф катары дагы билимим бар. Ошол экөө кошулганда чоң эле пайда алып келет. Көчөдө келинчегим менен баратканда сулуу кыздарды бурулуп карасам, ал кызганып калат. Мен "бизди сулуулукту караганга, кармаганга үйрөткөн. Анан эмнеге мен антпешим керек, бул менин жумушум" деп күлүп калам.
- Эркин сүрөтчү болуп жүрүп, Акүйгө кантип келип калдыңыз?
- 2003-жылы Москвада Кыргызстандын маданият күндөрүнө өз сүрөттөрүмдү алып баргам. Ошол эмгектеримди көрүп, мени фотограф катары Аскар Акаевичтин кызы Бермет жактырыптыр. "Атакемди ушул адам тартсын" деп ошол эле жылы президенттин маалымат кызматына жумушка киргизген. Силер айткандай, мен ага чейин эркин жүрүп, кенен турмушта сүрөт тартканга көнүп калыптырмын. Акүйгө барганда график менен иштөөгө үч ай бою көнө албай жүрдүм. Ыйлагым келип, кетип калсамбы деп ойлочумун. Ал убакта Акаевдин чет өлкөгө командировкалары көп эмес беле. Мени ал дагы кубандырчу эмес. Анткени ага чейин эле көптөгөн жерлерди кино аркылуу көргөм. Фестивалда кенен жүрүп, көп адамдар менен таанышып, көп жерлерге барчубуз. Ал эми президенттер менен барганда, Сагын айтмакчы, чет өлкөнү самолеттун жана машинанын гана терезесинен көрөсүң.
- Анда саясатты тарткан оорураак турбайбы?
- Ооба. Мисалы, алты президент жолугушкан жер болсо, ар биринин фотографы, оператору, журналисти болгондо жыйырмадай адам иштеп атпайбы. Кээде эки мүнөт тартыла турган сүрөттү тартыш үчүн эки саат мурда барып орун алып, башкаларга алдырып ийбейин деп жылбай турган учурлар болот. Бирок бара-бара ага да көнүп калгам.
- Өлкө башчысынын жан-жөкөрлөрү анын кемчилигин жаап жүрүшөт эмеспи. Ошол жагынан сиздин милдетиңиз кандай эле?
- Негизи журналисттерге, репортерлорго президенттин көзүн жумуп, мурдун тырмап же чүчкүргөн сүрөттөрү керек да. Президент башын тырмай баштаганда, фотоаппараттар чыркылдап иштей баштайт эмеспи. А мен аны тартпашым керек. Андан сырткары, кайсы бир салтанатта тост айтып, бокал кагышкан жерине чейин тартып, андан кийин фотоаппараттын ишин токтотчумун.

Бегимай Бакашева




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??