Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Үй-бүлөлүк очокто

Жоомарт Сапарбаев,
ЖК депутаты:
"Кызганыч оорусунан айыктым"

Жубайы Нурзада:
"Жоомарттын коңурук тартканы жакпайт"
Жогорку Кеңештеги эң жаш депутат Жоомарт Сапарбаев менен жубайы Нурзаданын үйлөнгөнүнө эки жылга чукулдап калды. Учурда кызы Сайкалды тарбиялашып, үй-бүлөлүк пайдубалды акырындан түптөп келишет.


- Алгач экөөңөр кандайча табышып калганыңарды айтып берсеңер?
Жоомарт: - Курманбек Бакиевдин айынан таанышып калдык. 2007-жылы парламенттик шайлоодон кийин "Мен ишенбейм" акциясын уюштуруп жүрүп, бизди кармап кетип, соттоп атышкан. Ошондо Нурзаданы Биринчи май райондук сотунан биринчи жолу көргөм. Ошондон кийин таанышып, байланышып жүрүп, мамилебиз жакшы болуп кетти.
Нурзада: - Менин бир досум дагы ошол акцияга катышып, соттолуп аткан. Анан биз ага колдоо көрсөтүп келген болчубуз. Анан ошол жерден Жоомарт менен да таанышып калдык. Бул "баарыбыз чогуу киного баралы" деп айткан болчу, мен туура эмес түшүнүп алганмынбы, айтор, белгиленген убакытта барсам, Жоомарт өзү жалгыз эле туруптур.
Жоомарт: - Мен сенин өзүңдү эле чакыргам да. Сен башкача түшүнүп алыптырсың. Ошентип, экөөбүз кино көрдүк, андан кийин да жолугушуп жүрдүк. Бир жарым жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк.
- Сүйүү кимде биринчи пайда болду?
Жоомарт: - Мен кыз-жигит болуу тууралуу да, үйлөнүү тууралуу да сунушту жасагандыктан, сүйүү биринчи менде пайда болсо керек деп ойлоп атам.
- Нурзада, Жоомарт сунушун кантип билдирди?
- Расмий түрдө "Мага турмушка чыгасыңбы?" деп деле сунуш кылган жок. Сүйлөшүп жүрүп эле "биз үйлөнгөндөн кийин момундай болот, минтебиз" деп атып эле акырындан көндүрүп койсо керек. Мен деле ошол сунушка даяр болчумун.
- Азыр эми Жоомарт эң жаш депутат, депутаттын жубайы болуу кыйын бекен?
- Бул депутат боло электе деле саясатта жүрчү. Көп убактысы жумушта өтөт. Биз эртең менен, анан кечинде эле көрөбүз.
- Элдин көзүндө жүргөн адам, анын үстүнө жаш болсо, көз арткан адамдар көп болсо керек. Кызгануу болобу?
- Кызганыч ар бир эле адамда болсо керек. Мен да кээде кызганып кетсем дагы, Жоомарттын тескери жолго баспашына ишенем. Баспайсың ээ?
Жоомарт: - Баса элекмин азырынча (күлүп).
- Жоомарт, сен кызганасыңбы?
- Башында кызганчумун. Бирок эптеп атып ал оорудан айыктым. Анткени үй-бүлөлүк жашоого пайдасы жок экен.
- Нурзаданын кайсы сапатын сүйдүң?
- Мобул сапатын сүйдүм, анан мурду жакты, көзү жакты дегендер жөн жерден эле ойлоп табышса керек. Анткени сүйгөн адамыңдын кайсы бир сапатын бөлүп кароого мүмкүн эмес да. Сүйлөшүп, мамиле куруп атканда бири-бириң менен төп келишип атканыңды сезесиң да. Кудайга шүгүр, кебете-кешпири жакшы эле.
- Мырзалар биринчи эле сырткы келбетине көңүл бураары талашсыз да…
- Ооба, мен деле биринчи эле сулуулугуна көзүм түштү. Анан соттон эле кайсы жандүйнөсүн сүйдү дейсиң?
- Экөөңөрдүн үйлөнүү тоюңар болуп атканда Нурзадага чоң мамалак оюнчук алып баратканыңды көрдүм эле? Романтиксиңби?
- Экөөбүздө тең бул сапат аз-аздан бар. Нурзаданын жумшак оюнчуктарды жакшы көрөрүн билчүмүн. Ошон үчүн жагымдуу маанай тартуулагым келип алып алгам.
- Ата-эне болууга даяр белеңер?
Нурзада: - Айрымдар айтат экен биз бутубузга туруп алып, анан балалуу болобуз деп. Биз болсо үйлөнөр менен эле балалуу бололу деп чечкенбиз.
Жоомарт: - Үйлөнгөндөн төрт-беш айдан кийин эле боюнда бар экенин билип, сүйүндүк. Кызым эсебибизге караганда, референдум күнү төрөлүшү керек болчу, ошол түнү төрөлүп калды.
- Атын ким койду?
Жоомарт: - Сайкал деп чоң атасы койду.
- Баатыр кыз болсун деппи?
- Баатыр болбосо дагы элдин керегине жараган кыз болсун деп.
- Кандай ата болуп атасың?
- Мен баласаак эмесмин деп ойлочумун. Көрсө, аябай эле балага жакын экенмин. Кызымды көрүп эле эзилип кетем.
Нурзада: - Жоомарт жакшы ата болуп атат. Жумуштан чарчап келсе дагы кызы менен ойноп, эркелетет.
Жоомарт: - Кызым менен ойногондо чарчаганымды да унутам.
- Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбойт да. "Косяк" кимден кетет?
Жоомарт: - Албетте, кагышат да. Кыргыздарда "косяк" аялдардан кетет болуш керек.
- Тилиненби?
Жоомарт: - Тамаша, экөөбүздөн тең кетет. Бирок кимден кетсе ошол күнөөсүн сезип, биринчи болуп кечирим сурайт.
- Үйдө ким кожоюн?
Жоомарт: - Мен кожоюн. Жок, Сайкал кожоюн.
- Сайкал кимиңерге жакыныраак?
- Азыр эми эмчек эмип аткандыктан апасына жакын да. Анан чоңойгондо көрөбүз го. Кыздар атасына жакын болот деп айтып калышат го.
- Биринчи балаңды кыз болсун деп күттүң беле?
- Биринчиси кыз болсун же уул болсун деп бөлүп караган эмесмин. Кудай бергени деп эле койгонбуз. Кыздуу болгондон кийин аябай кубандым. Ини-сиңдилерин карашып, апасынын колу узарат да.
- Бири-бириңердин кемчилигиңерди айтып өтпөйсүңөрбү?
Нурзада: - Жоомарттын коңурук тартканы, чылым чеккени жакпайт. Башында коңуругунан уктай албай кыйналчумун, азыр көнүп кеттим.
Жоомарт: - Ар бир адамдын кемчилиги болот да. Бирок орой кемчилиги жок. Таарынчаактыгы бар. Эми аялдын баары эле таарына берет да. Эркерээк өсүп калган.
- Саясатчыга ар кандай соккулар болоруна күбө болуп келебиз. Мындайда тыл бекем болуш керек экен. Нурзада, сен ошондой чабуулдарга даярсыңбы?
- Мисалы, камап койсо, кол салса деп мындай жагдайларга эч ким атайын даярданбаса керек. Бирок мен жолдошумду кандай жагдай болбосун колдоого аракет кылам.
- Нурзада ашканада кандай кожойке?
- Жакшы кожойке экенин далилдеп атат. Кайсы тамакты суранбайын, жасап берет. Улуттук тамактардыбы, европанын тамактарынбы, баарын жасайт. Үйлөнгөндөн бери мени "толуп кеттиң" деп айтып атышат. Демек, мени жакшы багып атат да. Бирок, айрым учурларда, мен деле тамак жасайм. Мисалы, достор менен чогуу тоого чыгып калганда.
Нурзада: - Күрүчтү жакшы басат.
Жоомарт: - Бирок үйдө ашкана жубайыма караштуу аймак, ошондуктан кийлигише бербейм.
- Үйдө акчаны ким кармайт?
Жоомарт: - Мен алып келип эле Нурзадага берем. Анткени менде жүрсө бат эле короп кетет. Бирөөлөргө карыз берип коюп, ала албай жүрө берем. Нурзада кесиби боюнча банкир да, акчага жакын.
Дилбар АЛИМОВА








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??