Айланайын, айылдыктар
Чатырда, анан мончодо өткөн 5 жыл
Жети-Өгүз районундагы Талды-Булак айылында Эркинбай Осмоновдун үйүн 5 жыл мурда сел алып кетип, турак-жайсыз калган. Жубайы Таня "бул кырсыкты алдын алуу мүмкүн болчу" деп кейип, буга тиешелүү органдар кайдигер карагандыгын айтат.
Эркинбай Осмонов өзү "Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 200 миң сом бергиле дегем. Андан бери 6 жыл өттү. Үй курам деп алган тактайларым чирип бүттү. Селден кийин кышы-жайы дебей чатырда жашадык" дейт. Быйыл болсо чатыры түшүп калган узун-туурасы 3 метрлик ным мончого корголоп, кыштан чыгышкан экен.

Рита Борбукеева,
өз кабарчы




  Ата-бала

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын лидери:
"Уулум сыра жыттанып келсе менден жашынат"
Беккул Жекшенкулов - белгилүү саясатчы, экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун тун уулу. Ага президент Курманбек Бакиевдин тушунда жалган жалаа менен кылмыш иши козголуп, былтыркы жылдын 7-апрелине чейин сыртта жүрүүгө мажбур болгон. Биздин гезиттин "Ата-бала" рубрикасында атасы менен чогуу сыр бөлүшүп, ошондон бери бүгүн коомчулукка биринчи жолу чыгууда.

Беккул Жекшенкулов:
"Атам унчукпай койгондон көрө чаап алса..."

Мага жакканы тамеки тартпайт, анча-мынча сыра жыттанып келсе, мага көрүнбөй уктап калганга аракет кылат. Бул да болсо атаны сыйлагандык да

- Беккул, Бакиевдин бийлиги кулаганча кайда жүрдүңүз?
Беккул: - Кылмыш козголгондон кийин Казакстанга баргам, андан ары Москвага кеттим. Кийин Түркияга барып, ошол жакта иштеп жүрдүм.
А.Жекшенкулов: - Мен оппозицияда жүргөндө атайын жакындарыма кысым көргөзүү менен менин оозумду жабууга аракет кылышты да. Алгач Балыкчы шаарында вице-мэр болуп турган иним Таалай Медеркуловго бир ишти бурмалап, түрмөгө отургузушту. Андан кийин уулум Беккулга кылмыш ишин козгошту. Ошондо "Балаңыз качып кетпесе болбойт, болбосо балаңызды камап, кыйнайбыз. Бизге ушундай буйрук келди" деп оппозицияга күйгөн органда иштеген кишилер алдын ала эскертип койгону жакшы болду. Анан дароо качырдык. Эң кыйналганы ушу Түркия болду. Анткени ал жакка барганда мен түрмөдө жатып калдым да, анан бул бара турган жери жок же акчасы жок калыптыр.
Б.: - Ошондо БУУга арыз жазып кайрылып, алар мени башка шаарга жиберишти. Өнөр-жайы өнүккөн шаар экен. Ошол жактан жумуш таап, жашоо оңолуп кетти. Атама рахмат, мага жаш кезимден эле "тилдерди үйрөн" деп талап коюп, англис, түрк, немис тилдерин билчүмүн. Анан Европа, КМШ өлкөлөрү менен иштеген бир фабрикага орусчадан сырткары, төрт-беш тилди билген менеджер керек болуп аткан экен. Ошол жакка жумушка орношуп, 2010-жылдын 7-апрелине чейин ошол жакта болдум.
- Сиз чет жерде жүргөндө, атаңыз түрмөдө болуп калды. Бул учур оор болсо керек...
Б.: - Өтө оор болду. Мындай нерсени эч кимге каалабайт элем. Атамды камап коюшту, жардам берейин десем келе албайм. Кирсем эле мени да камап коюшмак. Келинчегим да бул жакта кызым менен калды, экинчиси боюнда бар болчу.
А.Ж.: - Анан ошол учурда келиндин артынан ар кандай органдан шектүү адамдар аңдып жүрүштү. Сыртынан эле аңдып жүрүшөт, бирок жакындашпайт. Айтор, мындай жагдайлар көп эле болуп жатты.
- Аликбек мырза, Беккул сиздин кайсы сапаттарыңызды алган?
А.Ж.: - Бул маданияттуу, бирөөгө жамандык жасабайт, майда-чүйдөгө көңүл бурбайт, ошол сапаттары мени тарткан го деп ойлойм. Токтоо, анан аябай баласаак. Мен баласаак болгон менен сыртымдан билдирбеймин да, а бул жаштар биздин көзүбүзчө эле балдарын өөп-жыттагылап, аябай эркелетип жиберет. Мага жакканы тамеки тартпайт, анча-мынча сыра жыттанып келсе, мага көрүнбөй уктап калганга аракет кылат. Бул да болсо атаны сыйлагандык да.
- Тургеневдин "Отцы и дети" чыгармасында эки муундун ортосунда дайыма талаш-тартыш болору тууралуу айтылат эмеспи. Сиздердин ортоңуздарда кандай келишпестиктер бар?
Б.: - Тфү-тфү, андай келишпестик бизде жок. Балким, бала кезде айтканын кылбай, сабактан качкан учурлар болсо керек. Бирок азыр атамдын бир айткан сөзү мыйзам, баарыбыз сыйлайбыз.
А.Ж.: - Бизде талашып-тартышмай жок. Бир маселени талкуулап атышса мен унчукпайм. Биринчи буларды угам да, аягында оңдоп, чечим чыгарып коем. Анан булар да макул болуп калышат. Үйдө бир киши кожоюн болуш керек деп ойлойм. Демократия деген үй-бүлөгө жарабайт. Кээде туура айтып атышкан болсо, булардын айтканын жасайм. Биздин үй-бүлөдө баары тартипке көнгөн да. Мен дагы атам менен апамдын айтканын эки кылчу эмесмин. Буларды да ошондой тарбиялайм. Апасы аябай жумшак киши, ошондуктан буларды бир аз эркелетип коет.
- Беккул төрөлгөн күндү элестетип көрүңүзчү...
А.Ж.: - Оо, анда студент кезим болчу. Киевде айыл-чарба академиясында окуп, гүжүлдөп турган учур. Практикада жүргөм, анан уулдуу болгонумду укканда аябай катуу толкундангам. Анткени биринчи баласынын уул болушу ар бир эркектин максаты болсо керек. Биз жашаган жатакананын теңин сыйлап, майлаганбыз.
- Беккул, сизге атаңыздын кайсы сапаттары жакпайт?
Б.: - Айрым маселелерде бир карайт дагы эле такыр унчукпай коет. Анан биз эмне деп ойлоп атканын билбей, кыжалат болуп жүрө беребиз. "Ушундан көрө жакпай аткан болсо бир чаап ийип, анан оюн түшүндүрүп айтса жакшы болот эле", - деп калабыз.
А.Ж.: - Мен атайын ошондой ыкма колдоном да. Анткени эгер адам ичинен кыжалат болсо, ойлонсо, ошондо өсөт да. Бир чаап ийгенден эмне өзгөрмөк эле? Мисалы, менин кыздарга эч качан колум тийген эмес, тийбейт дагы. Эркектерди кээде чапчу жерден чаап деле койчумун.
- Беккул, атаңыздан бир таяк жегениңизди эстеп бербейсизби?
Б: - Кичинерээк кезим болчу. Магнитофонду сындырып койдум. Анан бир чаап ийди дагы, караңгы кладовканын ичине камап койду. Бир саатча отургандан кийин апам келип, "чыга бер эми, атаң кетти" деп чыгарып койду. Бир аздан кийин атам келип калып, "эмне чыктың?" деп урушуп, кайра камап койгону эсимде.
- Атаңыздын саясатта жүргөнүнүн пайдасы көбүрөөк тийдиби же зыяныбы?
Б.: - Пайдасы да бар, зыяны да бар. Оппозицияда жүргөндө зыяны бар болчу. А кээде кээ бирөөлөр фамилиямды угуп, "Аа, байкенин уулусуңбу, биз аны сыйлайбыз", - деп айтышат. Атамдын оппозицияда жүргөнүнөн улам көп жумуштарга албай коюшчу.
- Ким болуп иштейсиз?
Б.: - Кесибим боюнча юристмин. Азыр Эксперт Кей Джи (http://expertkg.info) деген бир маалымат-аналитикалык интернет порталды жетектейм.
- Атаңыз сизди кантип эркелетет?
Б.: - Жок, такыр эркелетпейт. "Силерди жакшы көрөм, бирок эркелете албайм" деп айтат.
А.Ж.: - Эми мен балдарга "айланайын, секетин кетейин" дей бербейм да. Кыздарды эркелетем. Эркек балдардын болсо эркекче тарбияланышын каалайм.
- Беккул, атаңыздын жолун жолдоп, саясатка аралашкыңыз келеби?
Б.: - Кээде аралашкым келет. Бирок айрым учурларда саясаттагы таза эмес иштерди көрүп туруп, бул чөйрөгө кошулгум келбей кетет. Мен өзүм "Ата Мекен" партиясынын мүчөсүмүн, Бакиевдин учурунда Шаардык кеңешке шайлоого да катышкам. Бирок бир үй-бүлөдөн бирөө эле саясатта жүргөнү жетет го.
А.Ж.: - Мен балдарымдын саясатка аралашканын каалабайм. Бул өтө татаал жол. Бул ошол билген тилдерин пайдаланып эле, кандайдыр бир коом же эл аралык уюмда иштесе жакшы деп ойлойм. Мен булардын жүрөгүн ооруткум келбейт да, анткени, бүгүнкү күндө саясатта болуу өтө оор. Өзгөчө таза иштесең, саясатта ар кандай боектордун сүртүлүп атканына чыдаш кыйын. Андан көрө бала-бакырасын багып, оокатына тың болуп эле биздин фамилиябызды уят кылбай жүрсө, мен ошого кубанам.
- Келинчегиңизди атаңыз таап берген жок беле?
Б.: - Жок, өзүм эле тапкам. Беш жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз.
А.Ж.: - Мен түгөй тандоо боюнча балдарга эркиндикти бергенмин. Анткени жашай турган ушулар. Уулдарыма кыз тандаганда энесине карагыла деген кеңешимди айтам. Анткени эне кандай болсо, көбүнчө балдар ошондой болот.

Дилбар АЛИМОВА