кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"

п»ї


Кайрадан көчкө кошулдук!
"Dе-факто" гезитин мындан 2 жыл 10 ай мурда бакиевдик режим жаап тынган. Сатылма соттор мойнубузга 5 миллион сом айып жүктөп, мага болсо Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Жамандыкты амандык жеңет дейт кыргыз. Аман-эсен кайрадан кыргыз басма сөз көчүнө кошулуп отурабыз. Ушул күндү биз 2 жыл 10 ай бою самап, зарыгып күттүк. Бийлик алмашкандан кийин гезитти кайра баштаганга дароо каражат таба алган жокпуз. Эч кимге күнкор болгубуз да келген жок. Ошондуктан "Dе-факто" гезитин калыбына келтирүү деп эл аралык уюмдарга долбоор жазып, туура бир жыл убактыбыз короду. Тилегибизге жетип, мына бүгүн гезитибиздин экинчи төрөлүшүнө күбө болуп отурасыз. Эски жамаат кайрадан чогулуп, ишти баштап турган чагыбыз. Эмесе, жолубуз шыдыр болсун!

Урматым менен,
Чолпон Орозобекова




КСДП "Акжолдун" кейпин киеби?
"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевди президенттикке талапкер катары президенттик шайлоо кампаниясы башталардан он күн мурун отставкага кетирүү керек деген сунуш айтты. Бул сөз КСДПга жакпай калды көрүнөт, жабалактап баары туш-туштан каршы чыгышты. "Бул талапкерлердин Конституциялык укугун бузуп атат деп" Галина Скрипкина айтса, "Өкмөт башчы отставкага кетсе, министрлер кабинети бүт кетиши керек. Бул кайра эле коалицияны уратууга болгон аракет" дейт Данияр Тербишалиев. Эгерде Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер болуп чыгып, бирок шайлоо кампаниясынын учурунда өкмөттү жетектеп турса, мамлекеттик машина бүт бойдон ага иштээри талашсыз. Өмүрбек Текебаев мына ушул маселени айтып чыркырап атат. КСДП болсо кандай жол менен болсо дагы өз жетекчисин президенттик такка жеткирүүнүн аракетин көрүп, мурунку "Акжолдун" кейпин кийип атабы?


Алмазбек Атамбаев: "Мени Кулов ууланткан болушу мүмкүн"
Дүйнөгө чуу салган WikiLeaks Кыргызстанга тиешелүү дагы бир документти жарыялады. Ал документ АКШнын Кыргызстандагы ошол кездеги элчиси Мари Йовановичтин мамдепартаментке жазган дипломаттык каты экен. Катта 2007-жылы Алмазбек Атамбаев уулангандан кийин АКШ элчиси менен жолугуп, ууланганы тууралуу айтып бергени жазылат. Уулантууга шектүүлөрдүн тизмесинде биринчи болуп экс-премьер-министр Феликс Кулов аталган. Атамбаев ал учурда Акүйдүн ашканасында мурунку өкмөт башчы Куловго караштуу адамдар иштегенин айтат. Андан сырткары, өкмөт башчы шектүүлөрдүн катарында Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводун менчиктештирүүнү токтотуп койгондугу менен байланыштуу болушу да мүмкүн экенин божомолдогон. Алмазбек Атамбаев "Казакстандын президентинин күйөө баласы да бул ишти уюштурушу мүмкүн" деп, бирок себебин ачык айткан эмес.











??.??