Коомдук-саясый гезит
№43, 01.07.08-ж.






  Тасма тагдыр

"Махабат дастаны" томолой жетим калды
Алгач кабыргабызды кайыштырып ДОКЕбиз 27-майда актыкка моюн сунган, 12 күндөн кийин ЧЫКЕбиз да кете берди кыргызын жетим калтырып. Бири тасмага жан киргизсе, бири кара сөздүн устаты болуп, кыргызды чыгармалары менен дүйнөгө таанытпадыбы. Экөөнөн бирдей айрылып, жер муштап кала бердик. Тоо урады, зоо кулады, тартылбай калды тасмалар, жазылбай калды жазмалар… Эки залкар чыгармачылыкта эриш-аркак иштешип, ДОКЕ ЧЫКЕнин чыгармаларына тасмада өмүр берген. Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романын мүлдө кыргызда окубаган адам аздыр. Ошо романдагы сүйүү баянын алып, Дооронбек Садырбаев "Махабат дастаны" деген керемет кино жараткан. Бүгүн залкар талант Чыңгыз Айтматовду эскерип, көгүлтүр экрандан күн куру эмес "Махабат дастаны" көргөзүлүп аткан соң, мен дагы эки залкардын баасы эбегейсиз эмгектерин газета бетинде айтпай кетсем болмок эмес. 2003-жылы Дооронбек ага депутат кезинде жанын койбой жатып, "Махабат дастанынын" тартылышынын тарыхын сурап маектешкенбиз. ДОКЕМ кабинетинде "Полет" папиросун дембе-дем соруп, кара кофеден шорулдата ууртап, тасмасынын тагдырын ушундай эргүү, берилүү менен айтып, рахаттанганы эсимде.

Бийлигине алданып, байлыгына кызыгып, Бегимай сулуу Раймалыга жүрөгүн арнабады. Жашынын улуулугу, жалгыз аты, колунда комузунан бөлөк эч нерсеси жоктугу да ак сүйүүгө тоскоол боло албады. "Көңүл майрамына да сот барбы?" деп Раймалы айтмакчы, экөө улуу тойдо бир-бирине таланты менен жагып, махабат майданында шапар тебишти. Намыс деген кур жалаа менен мыкчыгерлер экөөнүн сүйүүсүн өрттөп ийишти. Чатырап күйгөн жалын менен улуу махабат асманга, абага тарады, сүйүү даңкталып-даңазаланды. Сүйүүнүн ыйыктыгын, улуулугун даңазалаган "Махабат дастаны" фильминин быйыл 25 жылдык юбилейи. Дооронбек Садырбаев 44 жаш курагында айтылуу Арсланбаптын Кызылүңкүрүндө 1983-жылдын июнь-июль-август айларында тарткан. Тасмага 310 миң рубль сарпталган болсо, бүткүл союздук прокаттан эле 42 млн. рубль (!) алып келген. "Махабат дастаны" "Советская культура" газетасынын баалуу сыйлыгын жана Минскиде өткөн кинофестивалда эң мыкты режиссураны жеңип алган. Бегимай сулуунун образын жараткан Асел Эшимбекова аялдын образын эң мыкты аткаргандыгы үчүн 500 рубль менен сыйланган.
Ошентип 25 жылдан бери "Махабат дастанын" көргөн сайын шыпшынып, кайгырып, көздү жаштап, кайра суктанып келебиз. Ошентсе да тасманын жаралыш тагдырына баарыбыз кызыксак керек. Бүгүн болсо 25 жылдык юбилейинде минтип ДОКЕсинен, ЧЫКЕсинен ажырап "Махабат дастаны" томолой жетим калды.
Мейманканадагы сулуу кыздын сүрү
1980-жылы Дооронбек Садырбаев кан досу композитор Түгөлбай Казаков экөө Токтогулда "Терек канча жыл жашайт?" аттуу фильмди тартып жүрүшкөн. Анда ДОКЕнин 41 деги кычыраган кези, чыгармачыл адам, режиссер катары дасыгып, урушаарга жоо, урунаарга тоо таппай турган мезгили. Басса-турса кыргыз элинин, тилинин тагдыры, каада-салты, ар-намысы, комуздун керемети жөнүндө кино тарткысы келип кыялдана берчү эле. Анын үстүнө бул кинонун сценарийи өзүнөн-өзү жаралып калды. Кино тарткан топ мейманканадан татынакай бир кыз менен таанышып калышат. Ал институтту жаңы бүтүп, "айылга барып иштейсиң" деп бөлүп ийишсе, шаарга көнгөн кыз эптеп документ жасап кете албай жүрүптүр. Мейманканадан Дооронбек Садырбаев, Түгөлбай Казаков, Тургун Бердалиев, мугалим кыз төртөө сүйлөшүп-тамашалашып отурушуп, кокусунан ДОКЕбиз комузду колго алып:
Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап санаам бөлүнүп.
Кайгыга салдың карындаш, сен
Мен картайган кезде көрүнүп… деп кыңылдап ырдап, анан калган куплеттер өзүнөн-өзү шыр кетет. Кыз да оңой эмес окшобойбу, "ушу ырыңызды канча катынга ырдадыңыз эле" деп омуроолосо ДОКЕбиз "өлүп кетейин, биринчи жолу чыкты, менин кемпирим бар" деп актанып ийет. Айтор, ушу ырдын тегерегинде кинонун сценарийи жазылып, ДОКЕбиз Чыңгыз Айтматовдун өзүнөн тасма үчүн "Кылым карытаар бир күн"романындагы уламышын сурап алат да, сценарий жазат. Бары даяр болгондо Москвага барып, улуу жазуучуга жолугуп, тасманы тартып баштаарын айтып, уруксат сураса, ЧЫКЕбиз "киноң эмне жөнүндө?" десе "башынан аягына чейин сүйүү" деп балп эттирет. "Сүйүү болсо мейли, саясат жагы болсо абайла" деп ак жол каалап, батасын берген.
Домбрага алмашылган
комуз
Сценарий боюнча сүйүшкөндөр комуз менен айтышмак. "Баштан-аяк эки комуз таңшый берсе, европалыктар түшүнөбү?" деп режиссер баш оорутуп атса, Түгөлбай досу "кел, бирин кыргыз, бирин казак кылалы да, комуз, домбраны шаңшыталы" деп көктөн издегени жерден табылып, экөө Казакстанга "Казакфильмге" келишет. Бир бөлмөгө отуруп алышып, казактын домбра кармап ырдаган сурайылдай сулуу кыздарынын далайын сындан өткөрүшөт, бири да режиссерго жакпайт. Аңгыча өңү капкара, серт, узун шарфты башына байлап алган (анысы жер чиет) бир келин кирип, "актриса тандап аткан кыргыздар, кана, мени көргүлө" деп домбраны бир кагып, өлөң айтып киргенде ДОКЕнин жүрөгү болк этип, керемет үнгө арбалды да калды. Көрсө ал 28 жаштагы Калемкас Орошова экен. ДОКЕ Түгөлбайга "калган кыздарды өзүң уга бер" деп коюп, Калемкастын артынан чыгып, сүйлөшөйүн десе, Калемкас өзү озунуп, "кечинде үйгө келгиле, күйөөм үйдө болот, чай үстүндө сүйлөшөлү" дейт. Чай үстүндө режиссер "киного сизди тартпайбыз, үнүңүздү эле алабыз, ырдап бериңиз" деп суранып, Бегимайдын ырлары казакчага которулуп, Калемкас ырдап берет.
Режиссер үчүн Раймалы, Бегимайды табыш абдан кыйынга турду. Алгач Төлөш Турдалиевди издеп барса, а кишинин үнү бузулуп калыптыр, карылык таасир этсе керек. "Жараса Жапар жарайт" деп Жапар Чабалдиевди издесе, ал аялын сабап койгону үчүн беш жылга кесилип, Молдовановканын түрмөсүндө жатыптыр. Молдовановкага келсе түрмө башчысы кыргыз жигит таланттуу адамдын абакта жатканына кейип, аяп жүргөн экен. Жапарды ырдатса үнү өзгөрө түшүптүр, бирок табында бойдон, ошентсе да ырдаганга жарабайт. Араң турган түрмө башчысы "быякта кор болот, эптеп алып кетиңиз" дегенинен, "сизди киного тарта албайм, бирок администратор кылып алайын" деп абактан чыгарып кетет. Айласы кетип, Тууганбай Абдиевди ырдатып көрсө, үнү Калемкастыкынан төмөн болуп калды. Акыркы үмүт Эстебес Турсуналиевге токтоп, "Эстеке, артисттик чеберчилигиңиз жок, үнүңүздү эле тартам" деп сүйлөшөт. Ошентип "Махабат дастанында" Бегимай-Калемкас Орошованын үнү менен шаңшыса, Раймалы-Эстебес Турсуналиевдин үнү менен таңшыйт. Калемкас Орошова 35 жашында эле дүйнөдөн кайтса, Эстебес Турсуналиевден ажыраганыбызга эки жылдан ашты.
Раймалы болбой калган
Советбек Жумадылов
Үндөр даяр болгон соң, артисттерди тандоо башталды. "Бегимай болом" деп Алматыдан 10, Өзбекстандан 6-7, Кыргызстандан оголе көп актриса келди. Эң жашы, тажрыйбасы жогу Асел Эшимбекова эле. Бирок, Сайра Мырсалиева (КР эмгек сиңирген артисти) сыноодо ойногондо баарын тебелеп кетти, эч ким ага тең келчүдөй эмес. Раймалыга болсо түркмөн-Баба Ананов, тажик-Марат Арипов, кыргыздан Советбек Жумадылов ат салышкан. Жумадылов менен Мырсалиеваны ойнотуп көрүшсө, экөө бир-бирине келишип калды. Көркөм кеңеш да экөөнү башкы ролго бекиткен. Бирок ушу жерден режиссер "Бегимайды Асел Эшимбекова ойнойт, мен ошентип чечтим" деп кежирленип, талаш-тартышка чекит коет. "10-класста окуган, кыргызча бир ооз сөз билбеген, өмүрү колуна комуз кармап көрбөгөн кызды кантип?" деп баары чочуган. Бул кырдаалды ДОКЕбиз мага "Таттыбүбүнүн арбагын сыйладым, кызы үмүттөнүп сыноого келип атса, анын үстүнө мен ар бир тасмамда жөнөкөй адамды тартып, жылдыз кылганга аракеттенчүмүн" деп эскерип, түшүндүргөн. Ошо замат "Аселге комуз кармаганды, фонограмма менен дал өзүндөй кылып ырдаганды үйрөтөсүң" деп Түгөлбай Казаковго тапшырма берди. Эшимбекова менен Жумадыловду ойнотуп көрүшсө окшошпой койду. Асел Советбекке барабар ойной ала турган эмес. "Болбойт" деп баш чайкаган режиссерго Советбек "мага Абдил ханды бер, Раймалыны Тууганбай ойносун" деди. Тууганбай болсо Тилеке байдын образын жаратмак. Тасманы бүгүн-эртең жакшылап көрсөңөр байкаарсыздар, Тууганбай Раймалыны уялуу менен өтө начар аткарган. "Советбек укмуш талант болчу, "көзүң менен мобу кызды чечинт" десең андан өтө аткармак. Тууганбай акеде артисттик чеберчилик жок да. "Аселди ушундай бир ашык болгон көз караш менен карап, суктанчы" десем, "кой, ээ, кызымдай болгон кызды кантип сүйүп, суктанмак элем" деп болбой коюп, эптеп мажбурлап атып, ошо сүйүүнү араң тартканбыз" деген эле ДОКЕ.
Багы жокко дагы жок
Докебиз "кино тартам" деп ылайыктуу жер издеп Кыргызстанды бир жыл кыдырды. Кызылүңкүр май, июнь, июль, августта көздүн жоосун алып көгөрүп турат экен. Бирок, 1983-жылы Кызылүңкүргө жай бою бир да тамчы жаан жаабай койду. Режиссер аргасы кетип Ош обкомунун биринчи секретары Ринат Кулматовго кирип, а кишинин тапшырмасы менен күнүгө эки суу ташыгыч машина жерди, бак-даракты сугарышат. 45 градус ысык, көлөкөдө акактамай, жылкылар турбайт. ДОКЕ жылкылар менен алышып жүрсө, артисттер арак ичип, мас болуп мушташышат. Айтор, бу тасма Садырбаевдин бир топ эле канын ичти. Кызылүңкүргө 27 боз үй тигилип, эки ашкана орнотулган. Тасмада ойногон артисттер аял, бала-чакасы менен ошо жерде жашашып, эки күндүн биринде кой союлуп, күндө майрам, күндө той. Тасмада Омор Султанов, Алмаш Чойбекова, Салижан Жигитов, Эрнис Турсуновдун ырлары окулат, Ноокен, Карасуу, Базаркоргон райондорунун акимдери жардам бергени үчүн боз үй, жылкы, жем бекер болду. Эгер тасманы өз эрежеси менен тартканда, боз үй, жылкы ж.б. болуп отуруп, баш аягы 1,5 млн. рубль сарпталмак.
Сегиз ай жумушсуз калган Садырбаев
Тасма тартылып бүтүп, монтаждалып, экранга даяр болгондо "16 секунд куран окулуптур, ошону жогот, 27 боз үй тигилген кадрды алып сал, эскини эңсеген кино экен" деп ж.б. көрүнгөн шылтоонун башын айтып, экранга чыгарбай, режиссерду иштен айдашып, Садырбаев сегиз ай ишсиз отуруп, Алыкул Осмонов жөнүндө "Өзөктүн өртү" романын жазды. Ошо кезде Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" фильми чыгып, Германияда өткөн фестивалда "Күмүш аюу" сыйлыгын алды, а бут тоскондор Океевди Германияга жибербей коюшту. "Махабат дастаны" болсо СССРдин прокатында айланып, Москва мактап, телевидениеден 1-каналдан кетиришти. Кыргызстан болсо унчукпайт. Кээси "махабатсыз махабат" деп моокуму канганча сындап-шыбады. "Өзөктүн өртүн" Түгөлбай Сыдыкбеков окуп чыгып, колдоп рецензия жазып берген, бирок бир да газета баспады. Кийин орус тилине которулуп, "Литературный Кыргызстан" журналына жарыяланды.
Ийгиликтин эрте-кечи жок
Тасма тартылгандан эки жылдан соң 1985-жылы Чыңгыз Айтматов СССР кинематографисттер союзунун көчмө пленумун чакырды. "Мен ошондо Чыңгыз аганын даанышмандыгына абдан баа бергем, ал киши сүргүндө жүргөн режиссерлорго кол сунуп, ызы-чуу ордосунан кыл сууругандай сууруп, атагыбызды далайга таратты" деген эле ДОКЕМ. Пленумда сүйлөгөндүн баары Садырбаев, Океевди апендинин кызынча мактап туруп алышты. "Кызжибекти" тарткан Султан Ходжиков сүйлөгөн атса, ДОКЕбиздин чындап жүрөгү түштү, себеби "Махабат дастанында" ашыктарды өрттөп аткан мезгилдеги музыканы Ходжиковдон сурабай эле "Кызжибектен" алып колдонуп койгон. Ходжиков тескерисинче "менин фильмимдин музыкасын колдонгону үчүн абдан сыймыктандым, айланайындар, бу балдарга бут тоспогулачы" деди. Ошол эле күнү Чыңгыз Айтматов Дооронбек Садырбаевге "бүгүн "Алатоо" кинотеатрында "Махабат дастанынын" премьерасын өткөрөбүз, даярдан" деди. "Кантип?" деп чочуса, "Бүгүн үлгүрсөң үлгүрдүң, болбосо калдың. Тууган, дос-жороңо айтсаң да залды толтур" деди. Садырбаев ары-бери чапкылап, радиодон кулактандыруу бергенге үлгүрдү. Кечинде саат 18.00 дө келишсе "Алатоонун" алдында эл батпайт, "билет тап эле тап" деген адамдар. Режиссер гүлгө оронуп, Асел Эшимбекова эки сааттын ичинде жылдыз болуп чыга келди.
Кинодо Болот Бейшеналиев аткарган Жалман кары-мезгилдин образы. Карынын небереси, "Манасты" буркурап-боздоп, ыйлап отуруп айткан Муратты-Түгөлбай Казаковдун 10 жаштагы уулу Мурат Казаков ойногон. Дооронбек Садырбаев өзү казактын ханы Таукелдин образын жараткан. Күнболот Досумбаев, Ашыр Чокубаев, Эдил Чокубаев ж.б. белгилүү артисттер ойногон фильмди калайык калк, калың журт эң сонун кабыл алды.
"Кыргыз, кыргыз, кыргыз!"
Жогорку Кеңештеги бөлмөсүнүн терезесинен эски аянтты, дубалда илинген тактадагы өзү чогулткан сүрөттөрдү карап отуруп, депутат Дооронбек Садырбаев тасма тартылганына 20 жыл өткөн соң "Махабат дастаны" жөнүндө жыргап сүйлөп берген. Бул интервью 2003-жылы октябрь айында алынган эле. "Махабат дастаны" мага түгөнбөгөн түйшүк берди, адамдарга болгон ирээнжүүлүк пайда кылды. Себеби даярданып, кадр тартайын деп атсам эле бир артисим мас болуп чыга келет. Ошол эле учурда "Махабат дастаны" мага өтө бийик атак-даңк алып келди. Ошого карабай кинодо кемчилик көп, көргөн сайын уяла берем. "Кыргыз, кыргыз, кыргыз!" деп ураан чакырат эмеспи, "Махабат дастаны" мына ушул үч сөз үчүн гана тартылган, кыргыз деген сөздү ай-ааламга угузуп, кыргыз деген эл бар экенин билдириш үчүн. "Сүйүү таза, кол жеткис, бийик болсун" деп экөөнүн колун карматып, жетелетип да койгон жокпуз, Бегимай Раймалынын акындык өнөрүнө кызыгып ашык болуп жатпайбы. "Махабат дастанын" СССРдин бүт республикалары жакшы кабыл алып, гүлгө, куттуктоолорго көмүлүп калгам, бир гана казактар эч нерсе дешпеди, кыязы таарынып калышса керек" деп тасмасынын тарыхын зор эргүү менен айтып, рахат алганы али көз алдымда. ДОКЕМдин интервьюларын кайра-кайра окуп, өлүмгө ыраа көрбөй кеткенимчи…
Аттиң бири кем дүйнө демекчи, ошентип кыргыз деп сүйлөп, кыргыз деп ырдап, кыргыз деп ыйлап, кыргыз деп жазып, кыргыз деп күйүп, кыргыз деп жашаган эки залкар биринин артынан бири ээрчишип кете берди. Асмандан учту эки жылдыз. Эми алардын орду эч качан толбойт. Бөксөргөндөн бөксөрүп, кабырганы кайыштыраары турган иш. Болгону тарыхта ЖАКШЫ аты менен калтырып кеткен чыгармаларын эш тутуп, таберик кылабыз. Албетте, эки залкардын жазган чыгармаларын, тарткан тасмаларын көрүп, кээси сын айтып, кыйынсынып, жеңил атак издешеттир, аны убагында мезгил таразалаар, бирок ар бир чыгарма түмөн түйшүк, убара менен жазылып, тартылаарын баары эле биле бербейттир. Ошентсе да бүгүн-эртең "Махабат дастанын" көрүп кала турган болсоңуз, тасманын тарыхына да кызыгып койсоңуз экен. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, бир ачуу чындыкты моюнга алсак, эми кыргыздан ЧЫКЕМдей чыгарма жазган, ДОКЕМдей тасма тарткан адамдын жаралышы кыйын. Жаралбайт деле…
Жылдыз МУСАБЕКОВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan