Коомдук-саясый гезит
№43, 01.07.08-ж.






  Баш кесмек бар, тил кесмек жок

Жогорку Кеңеш комитети: "Dе-фактого" каршы аракеттер- саясий заказ"
27-июнь күнү Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясат комитети "Dе-факто" гезитинин айланасындагы кырдаалды талкуулады. Жыйынга депутаттардан сырткары шаардык прокурор Айбек Турганбаев, айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Депутаттар гезиттин айланасындагы түзүлгөн жагдай боюнча шаар прокурорунун оюн уккандан кийин баары бир добуштан эркин гезитти сактап калуу зарыл экенин билдиришти. Мыйзам чыгаруу өкүлдөрү укук коргоо органдарынын бир учурда чагылгандай тез иштеп, кээ бир кылмыш иштерин айлап-жылдап аягына чыгарбай жүргөндөрүнө таң калып, көпчүлүгү "бул - саясий заказ" деген пикирлерин да жашырышкан жок.

Сөз кезеги биринчи шаар прокурору Айбек Турганбаевге берилди. Ал иштин чоо-жайын түшүндүргөндөн кийин депутаттар туш тараптан суроолорун жаадырышты.
Бакыт БЕШИМОВ, ЖК депутаты:
- Бул арыздын гезит бетине чыкканы эле кылмыш ишин козгоого жетиштүү негиз болуптур десек, туура түшүнгөн болобузбу?
Айбек ТУРГАНБАЕВ,
Бишкек шаардык прокурор:
- Туура.
Бакыт БЕШИМОВ:
- Азыр бизде "Агым" гезити бар. Ал жердеги макалада жогорку кызматтагы кээ бир адамдарды "кылмыш ишине катышкан" деп түздөн түз күнөөлөгөн. Мындай макалалар сандан санга башка гезиттерге да чыгат. Бүгүн депутаттарга кызматтагы кээ бир адамдардын кылмышка катышкандыгы тууралуу расмий түрдө кагаз таратылды. Сиздин оюңуз боюнча ушулар кылмыш ишин козгогонго негиз болобу?
Айбек ТУРГАНБАЕВ :
- Бул логика эмес, бул - мыйзам. Кылмыш кодексинин 156-беренеси боюнча ММКларда жарыяланган материалдар да кылмыш ишин козгоочу негиздердин бири болуп саналат.
Бакыт БЕШИМОВ:
- Мен сизге кошулам. А эмне үчүн башка гезиттерде түздөн түз күнөөлөө жүрүп жатса аларга кылмыш ишин козгобойсуздар? ММКларга чыккан материалдарга негиздеп канча кылмыш ишин козгогонуңузду санап бере аласызбы?
Айбек ТУРГАНБАЕВ:
- Канча кылмыш иши козголгону, албетте, сиздерге белгисиз. Адам укугунун бузулушу, кылмыш боюнча жүргөн ар бир макаланы текшерүүдөн өткөрөбүз. Анан процессуалдык чечим кабыл алынат. Эгерде сиз кат жүзүндө кайрылсаңыз, мен ушундай негиз менен канча кылмыш иши козголгону тууралуу жооп берем. Бүгүн "Dе-факто" гезитинин форматында сөз болуп жатат.
Бакыт БЕШИМОВ:
- Жолугушуунун форматын сиз аныктабайсыз. Сизди мыйзам чыгаруу органы комитет жыйынына чакырып жатат. Укук коргоо органдары бир окуя боюнча аябай оперативдүү иштеп, башка окуялар боюнча көз жумуп койгону бизди таң калтырып жатат.
Роза ОТУНБАЕВА, ЖК депутаты:
- 12-июнда гезит чыкса, 13үндө кылмыш иши козголуп, эртеси соттун чечими чыгат, 14-июнда гезит редакциясын тинтүүгө келип ушундай тездик менен иштегениңерди көрүп каның кайнайт. Баары биз үчүн ыйык болгон Чыңгыз Айтматовго топурак салып, жаназада жүргөн убакта келип атышат. Жалалабат банкын тоноп кетишти, ал жерде миллиондогон акчалар жоголду. Оперативдүү укук коргоочулар кайда? Экинчи суроом, эмне үчүн "ложный донос" деп иш козгоп жатасыздар? Медиа өкүлдүн айтымында, бул жерде эч кандай "ложный донос" жок. Бул жерде силер Акүйдүн тапшырмасын жакшы аткарып жатасыңар. "Беделине шек келтирүү" бул жерге туура келбестигин билип туруп, ошон үчүн "ложный донос" деген беренени таап алдыңар. Замира Сыдыкова го шаардык кыз экен. Чолпон менен жолдошу - айылдан чыккан эле уул-кыздар. УКК кызматкерлери айылда Жеңишбек Эдигеевдин артынан аңдып, компромат издеп жүрүптүр. Мунун себеби эмнеде? Бул материалда жөн гана бийлик өкүлдөрү аталып жатат. Медет Садыркуловго коомчулуктун көп суроолору бар. Буга саясий заказ деген гана баа берсе болот. Сиз ошол эле салык тармагында периштелер иштейт деп айта аласызбы. Үйбүлөнүн, дагы башкалардын жасаган иштерин ачык айтып аткан гезит, албетте, бийликке жакпайт. "Dе-фактонун" миллиондогон окурмандары бар, керек болсо баарыбыз чыгабыз. Жооп бере турган күн келээрин 24-март көргөздү. "Dе-фактону" башка бирөө жапса да, Медет Садыркулов жаппасын. Бул жерде кайсы топтор айыгышып жатканын да жакшы билебиз. "Эки дөө чабышса ортосунда чымын өлөт" болуп атат. Ушул гезитти сактап калууга баарыңыздарды чакырам. Өтө жапайы ыкмалар менен бул гезитти куугунтуктап жатасыңар. Айтып коеюн, бул гезитти жабам десеңер, баарыбыз тикебизден тик турабыз, миллиондогон окурмандары көтөрүлөт.
Гүлжамал СУЛТАНАЛИЕВА, ЖК депутаты:
- Кыргыз эли дайыма эркин болгон. Сөз эркиндигине эч качан тыюу салынган эмес. Адам укугун мамлекеттик деңгээлде тебелеп-тепсегенге барсак, кыргыз деген атка шек келтирип калабыз. Сөз эркиндиги баарынан ыйык болуш керек. Урматтуу прокурор, мен сизден жаран катары, депутат катары, ушул иш боюнча адилеттүү чечим чыгарып берүүңүздөрдү суранат элем.
Бакыт БЕШИМОВ:
- Азыр оппозициянын катарында жүргөндөрдүн арасында, мурда адам укуктары бузулуп, кылмыш иштери болгон учурларда жогорку кызматтарды ээлеп жүргөндөр бар. Убагында алар мыйзам бузууларды көрсө да унчукпай жүргөн. Башка мезгил келип, бийлик алмашканы эми алар адам эркиндиктери, укуктары жөнүндө сүйлөп жүрөт. Эми түшүнүштү. Бул учур да өтөт, кырдаал да алмашат. Эгер адам мыйзамга, укукка кызмат кылбай жеке бир кызыкчылыктарга кызмат кылса, эртеби-кечпи ал кызыкчылыктар да бүтөт. Экинчиси, жогорку кызматтагылар, же дагы башкалар 24-мартты наркобарондор уюштурган төңкөрүш катары айтып келишет. Жогорку Кеңеш 24-мартты "Элдик революция" деген чечим чыгарганына карабай, көзөмөлдөөчү органдар эч кандай аракет кылышкан жок. Ошон үчүн бул жерде саясий кызыкчылыктар бар дегенге негиз түзүлүп жатат. Сөз эркиндигин сактап калганда гана бизде укуктук мамлекет түзүлөт.
Илим КАРЫПБЕКОВ, Медиа өкүл:
- Албетте, укук коргоо органдарынын ММКларга чыккан материалдарга карата текшерүү жүргүзүп кылмыш ишин козгогонго укук, мүмкүнчүлүгү бар. Бирок "Заведомо ложный донос" деген берене бул жерге туура келбейт. Соттун токтомунда "офисти, сейфти печаттагыла" деген жери жок болчу. Бул жерде тергөөчүлөр өз укуктарын жогорулатып алышкан. Компьютерлерди алып кетүү менен, гезиттин банктагы эсебин арест кылуу менен гезиттин чыгышына тоскоолдук кылышкан. "Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү" мыйзам материалды ойлоп табылган ат, псевдоним менен бергенге уруксат берет.
Динара ОШУРАХУНОВА, Демократия жана граждандык коом үчүн коалициясынын жетекчиси:
- Массалык маалымат каражаттары аз, көз карандысыздар андан да аз. Эгерде ушул инцидент боюнча гезитти жаап койсо , анда сөз эркиндигинин жоголуп кетүү коркунучу пайда болот. Эркин ММКлар жоголуп кетет. Маалыматтын туура, же туура эместигин текшерип чыккандан кийин кандайдыр бир аракет жасаса болот эле. Сиздер бир күндүн ичинде гезитте көрсөтүлгөн фактыларды текшерип чыкканга кантип жетиштиңиздер?
Галина КУЛИКОВА, ЖК депутаты:
- Биз укуктук өлкөдө жашагандан кийин мыйзам баарына бирдей болуш керек. "Dе-факто" гезити биздин өлкөдө чынында эле сөз эркиндиги бар экенин көрсөтүп турат. Чиновниктердин кабинетине жете албаган жарандар гезит аркылуу өз арыздарын, ой-пикирлерин айта алышат. Айбек Турганбаевичтен бул маселени чечүүдө адилеттүү чечим чыгаруусун суранат элем. Эгерде, адвокат айткандай, мыйзамсыз түрдө процессорлорун алып кеткен болсоңуздар, тез аранын ичинде кайра кайтарып бериңиздер.
Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ, ЖК депутаты:
- Эркин массалык маалымат каражаттарынын иштешине шарт түзүп берели. Кыргызда "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деп коет. Гезитти жапкан тил кескен менен барабар. Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп калган "Dе-факто" гезитин сактап калалы.
Нина ЗОТОВА, адвокат:
- Мен Панфилов районуна барсам, райондун тургундары "Dе-факто" гезитинин адвокаты экенимди билип калып аксакалдар келип аябай тынчсызданып аткандарын билдиришти. Алар гезитти жаап салыптыр деп түшүнүп алышыптыр. "Dе-фактону" айылдагы эл да колдойт экен, "Гезитти жаап салса жол жапканга чейин барабыз" дегендер болду.
Иса ӨМҮРКУЛОВ, ЖК депутаты:
- "Dе-фактонун" айланасындагы окуялар демократияга, сөз эркиндигине кайдыгер карабагандарды ойлондурбай койгон жок. Эгер укук коргоо органдары баарына бирдей мамиле жасап, бардык иштер боюнча ушундай оперативдүү иштесе, мынчалык таң калмак эмеспиз. Ушундан улам "Dе-фактонун" айланасындагы окуяларды саясий заказ десе болот. Келгиле, адам укугун, сөз эркиндигин сыйлайлы. Урматтуу прокурор, бул ишти объективдүү карап чыгып, башка органдарга үлгү болуп берүүңүздү суранам. Кыска мөөнөттүн ичинде, чындыгында, көп окурмандарды арттырып, элдик гезитке айлана алган "Dе-фактону" жаптырбай сактап калууга аракеттенели.
Даярдаган Дилбар Алимова




Профессор Исманкулов - лидер инноваций в медицине Кыргызстана
Лидером инноваций в медицине Кыргызстана назван госпиталь "Микрохирургия глаза" профессора Исманкулова.
В настоящее время госпиталь проводит очередную плановую модернизацию диагностического и хирургического оборудования. Казалось бы госпиталь всего два-три года назад уже производил полное переоснащение, но современные технологии развиваются очень динамично. Достаточно посмотреть на развитие в современном мире компьютеров и сотовой связи, чтобы понять, что медицинская аппаратура и технологии морально устаревают всего за несколько лет.
Благодаря умелому менеджменту, Госпиталь "Микрохирургия глаза" стал лидером в области лечения патологии органа зрения не только в Центральной Азии, но и во всём пространстве стран СНГ. Достаточно сказать, что по учебнику "Глазные болезни", написанному профессором Исманкуловым сегодня этот предмет изучают в России, Казахстане, Узбекистане и Таджикистане.
Сегодня ученики профессора Исманкулова успешно работают в Кыргызстане, России, Казахстане, США, Украине, Германии, Республике Корея, Италии, на Филлипинах, Швейцарии.
Модернизация госпиталя является частью глобальной мировой программы по борьбе со слепотой и слабовидением и находится под патронажем Ассоциаций офтальмологов ведущих стран планеты.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan