Коомдук-саясый гезит
№43, 01.07.08-ж.






  Шырылдаң

Токтобек жубайына темир тулпар тартуулады
Улуттук колориттеги чыгармаларга басым жасап, коңур үнү менен кандай ыр болбосун жан киргизип, элге жеткиликтүү кылып ырдаган ырчы Токтобек Асаналиев келинчеги Саадатка "Ниссан- премьера" маркасындагы машина белек кылды. Эми жайдын аптаптуу күндөрүндө Көлгө барып эс алып, андан ары Атбашынын жайлоосуна чыгып кымыз ичип келем дейт. Чыгармачылык жакта болсо бир топ жаңы ырларды жаздырды. Анан ичинен "Нарындан жазган салам кат" деген ырды жаңыртып жаздырып, Ашыраалы Айталиев агайды кошуп клип тарттырып бүттү. Жакында бул эмгекти теледен көрүп каласыздар.

Ассоль "дүйнө кыдырат"
КМШ өлкөлөрүнүн мыкты продюсери наамын алган белгилүү теле жылдыз, шоу-вумен Ассоль Молдокматова жакында дүйнөлүк чоң компаниянын алкоголсуз суусундуктарынын түрүн рекламалап, атайын роликтерге тартылды. Мында дүйнөнүн ар тарабынан келген айымдардын арасынан тандалып алынган Ассоль айымдын образы такыр башкача нукка өзгөргөн. Бул рекламаны жакынкы аралыкта Кыргызстандан гана эмес, Казакстан, Индия жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн телеканалдарынан көрсөтө баштайт. Мурда Молдокматова Россия, Казакстан, Татарстан сыяктуу жакынкы мамлекеттерге чыгып, иш тажрыйбасын алмашып иштешип жүрсө, эми Ассоль айымдын жүзү бүткүл дүйнөгө таанылып калмакчы.

Нан болсо, ыр да болот
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунун деканы, ырчы Асел Турдалиева учурда студенттерден экзамен алып атат. Ошондуктан жеке чыгармачылык ишине көңүл бурганга убактысы жок. Жада калса алдыга иштерди пландап, концерттерге да катыша албай жүрөт.

Карбосова концерт бербейт
"Алина" тобунан чыккан ырчы Фарида Карбосова күзүндө жеке концертин берүүгө даярданып аткан. Азыр ал концертин бербей калды. Ага кеткен каражатты клип тарттырууга жумшоону пландап атат. Буюрса, Көлдөгү пансионаттардын бирине барып, "Сүйүүнүн кемеси" деген ырына клип тарттырат. Ал эми жеке концертин бербесе да күздө өтө турчу "Алина" тобунун концертине катышмакчы

Эрмек эми юрист
"Браво" берүүсүн алып барган Эрмек Нурбаев Юридикалык академиянын юридикалык бөлүмүн аяктады. Эми окуусун чет өлкөдө улантууну көздөп жүрөт.

Расул менен Айгерим дуэт ырдайт
Кэчээ Маданият министрлигинин алдында чыккан "Айыл өкмөтү" гезити бир жылдыгын өткөрүп, жылдын адамдарын такташты. Анда Расул кызы Айгерим "Жылдын мыкты адамы" жана "Эстрададагы эң мыкты жаш ырчы" деген номинацияларга татыды. Азыр Расул мырза "Кыргызстан" аттуу жаңы ыр жазды. Эми Айгерим экөө дуэт ырдаганы турушат. Жакында эле Ысыккөл районуна гастролдоп келген ата-кыз эми июль айында Ош, Жалалабатка турнеге чыгышат. Андан кийин Россияга бир айга барып турне жасап келүүгө чакыруу алышты.

Тойгонбаева экзаменден "эки" албайт
Ырчы Гүлнара Тойгонбаева Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистратура жагын аяктап атат. Жаңы эле практикасын бүтүрүп, эми мамлекеттик экзамендерге даярданып аткан учуру. Андан сырткары "Таверно-Карамбуль" кафесинде өзүнүн чыгармачылык кечесин өткөрдү. Анда ырчы өзүнүн мурдагы жана жаңы ырларын ырдап тим болбостон, "Брим-Тим" деген музыканттар менен Битлз, Тина Тернер сыяктуу дүйнөлүк ырчылардын чыгармаларын жандуу аткарды. "Эми экзамендер ийгиликтүү аяктап, дипломду жактап алсам "өх" деп туулган жерге, андан соң Көлгө эс алууга аттанат элем" дейт.

Элмара эмнеге жетекчи болгон жок?
"Белес" радиосунун ди-джейи, белгилүү алып баруучу Элмара Турсуналиева өзү эмгектенген "Белес" радиосуна жетекчи болот экен деген кабар тарады эле. Бирок кандайдыр бир себептер менен элге сүймөнчүк бул ди-джей кыздын жетекчилик кылуусун каалабагандар чыгып, каршылык көрсөтүшкөн. Азыр жөн гана кызмат кылып аткан Элмара Турсуналиеваны балким келечекте аталган радионун директорлук кызматынан көрүп каларбыз.

Аскат халтура
жасагандарга "аллергия"
Аты-жөнү - Аскат Мусабеков
Туулган жылы, жери - Атбашы району, Акмоюн айылы, 1985-жыл
Зодиак белгиси - Текечер
Учурда - Студент жана жеке ырчы
Үйбүлөлүк абалы - Бойдок
Хоббиси - Музыка угуу
Жактырган өңү - Ак
Жактырган машинасы - "Мерседес"
Жактырган тамагы - Апасы жасаган тамактын баарысы
Жасай алган тамагы - Шишкебек
Эңсегени - Ата-энесинин аман болуусу, жакындарынын жанында болуусу
Сыймыктанганы - Ырчы болуп калганы
Өкүнгөнү - Жаштыктын өтүп баратканы
Аскат эмнеден "кайф" алат? - Бир ишти аткарып, анын өтөөсүнө чыгуудан
Жакшы жагы - Жумшактыгы
Жаман жагы - Уйкучулугу
Эмнеден "аллергиясы" бар? - Халтура жасагандардан
Аялзаты кандай болуш керек? - Мээримдүү эне, күйүмдүү жар
Мырза кандай болуш керек? - Сөзүнө бекем турган жигит, камкор ата, ишенимдүү жар
Адамдардагы баалаган сапаты - Жакшыга жакшы баа бергени
Акыркы жолку таарыныч - Өтө чоң таарыныч болгон эмес
Аскат такыр жасабайт - Тамак жасагысы келбейт
Баалаган саясатчысы - Владимир Путин
Девизи - Бийик чокуларды багындыруу, алга карай умтулуу

Бетти даярдаган Бурул МУСАБЕКОВА











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan