Коомдук-саясый гезит
№42, 26.06.08-ж.






  Баш кесмек бар, тил кесмек жок

Илим КАРЫПБЕКОВ:
"Газетага кылмыш ишин козгоо КМШ тарыхында болгон эмес"
- Мурдагы Советтер Союзундагы өлкөлөрдө жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө кылмыш кодексинин 329- статьясы менен козголгон иш тарыхта биринчи жолу болуп атат. "Dе-факто" газетасынын иши боюнча буга чейин укук коргоо органдары, шаардык прокуратура өзүнүн пикирин айтты. Эгер ошо принцип менен карай турган болсок, анда бүгүнкү күндө журналисттерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына кылмыш ишин козгоп, аларды соттоп кылмышкер деп атаганга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми жалпысынан мыйзамды карасак, бул мыйзам туура эмес колдонулган деп эсептейбиз. Себеби жалпыга маалымдоо каражаттары биринчи кезекте маалыматты таркатуу органдары болуп эсептелинет. Бул жөнүндө кылмыш кодексинде так беренелер көрсөтүлгөн. Мисалы, ушак айтуу жана мазактоо беренелери. Эгерде ошол макаланын автору мен жөнүндө жалган маалымат таратып, мени кылмышкер катары таанып жатышат десе, анда ал киши түздөн түз сотко кайрылууга болот. Ал эми укук коргоо органдары гезиттеги макаланы ушак же мазактоо катары атайын жеткирүү (донос) деп карап, туура эмес кылмыш ишин козгоп атышат. Бул донос эмес, жөн гана жалпы элге берилген маалымат болуп эсептелинет. Ал эми "Dе-фактонун" иши боюнча ошол макаланы карасак, анда чынында эле пара алды жана пара берди деп жазылган. Ал жерде менин билишимче, соттун өкүмү же башка соттук органдардын чечими чыккан эмес. Демек Кыргыз Республикасында соттун өкүмү чыкмайынча адамды кылмышкер деп айтууга болбойт. Ага тыюу салынат. Бирок, "Dе-факто" гезити ошо макаланы көрүп туруп, фактыны текшербестен жарыкка чыгарып ийгени бул чоң катачылыгы. Алар ошол макаланы кетирип атканда анын кесепети жөнүндө ойлонушу керек болчу. Азыркы күндө мунун орчундуулугу ошо "Dе-факто" гезитине гана эмес, мындан кийинки жалпы маалымат каражаттарына залакасы тийет. Эгер ушунун негизинде гезит жабылып же бир журналист жоопко тартыла турган болсо сөз эркиндиги үчүн абдан коркунучтуу болот. Анткени кайсы журналист болбосун же гезит болбосун, ката кетирсе ушу берене менен жоопко тартып, же соттоп, же журналисттик ишинен четтетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калат.
- Мындай абалдан чыгуунун кандай жолдору бар?
- Эми бул абалдан чыгуу жолу боюнча биз укук коргоо органдарына, бийликке жана гезитке кайрылып кетмекчибиз. Биз, журналисттер коому, жана "Медия өкүлчүлүгү" институту ортомчу болууга даярбыз. Көзкарандысыз объективдүү баа берип, ортодо болуп аткан абалды жокко чыгарууга көмөктөш болуп бере алабыз. Айтарым, гезиттин тегерегинде болуп аткан окуя мамлекетке да, күч органдарына да, гезиттин өзүнө да эч кандай пайда алып келбейт. Тескерисинче, имидждерин төмөндөтөт. Ошондуктан ушуну тынчтык жолу менен сүйлөшүп бүтүрүп коюуга чакырабыз. Алдын ала гезиттин баш редактору менен мен сүйлөшүп келдим. Ал кандайдыр бир консенсустук кадамдарга даяр экенин айтты. Ошол эле учурда "Dе-факто" гезити "Бакиевдерге жардам" деп бир сомдон чогултуп аткан акциясын токтото туруусун айтып кетебиз. Азыр биринчи соттун эле жыйынтыгы чыкты. Дагы экинчи, жогорку сот деген бар. Алардан да эч кандай жыйынтык чыкпаса, анан ар кандай акцияларды өткөрсө болот.
- Кеңсебизди мөөр басып жаап, компьютердик техникаларыбызды алып кетишкен. Ушу күнгө чейин кайрып берише элек. Буга кандай баа бересиздер?
- Чынында эле соттун токтомунун негизинде тергөөчүлөр гезиттин кеңсесинде тинтүү жасаган болчу. Мен юрист катары өзүмдүн баамды айтсам, булар өзүнүн ыйгарымдуу укуктарынан аша чаап, чектен чыгып кетишкен. Бул тинтүүнүн негизги максаты - ошо макалага тиешелүү гана иш кагаздарын алып кетиши керек эле. Бирок, тергөөчүлөр "Dе-факто" газетасынын кеңсесин жаап салышы, компьютердик техникаларын ушу күнгө чейин кайтарып бербеши гезиттин токтошуна алып келди. Мунун өзү туура эмес.




  Жума собол

"Dе-фактонун" айланасындагы окуяларга көз карашыңыз?
Бакыт БЕШИМОВ, ЖК депутаты:
- Мен бул окуяларды сөз эркиндигине каршы жасалган саясат деп түшүнөм. Кандай болгон күндө да сөз эркиндиги баарынан жогору болуш керек. "Сөз эркиндиги жогорубу же өкмөтпү?" дегенде Джефферсон "Өкмөттөн сөз эркиндиги жогору турат…" деп айткан. Бул эркин гезиттерди куугунтуктоо десек туура болот.

Иса ӨМҮРКУЛОВ, ЖК депутаты:
- Бул сөз эркиндигин басмырлап аткандын белгиси. " Dе-факто" гезитинин ачуу чындыкты жазып атканы бийликтегилерге жакпай жатат. Мен гезиттин позициясын колдойм. Гезиттин айланасында болуп аткан ызы-чуу атайын уюштурулган нерсе деп ойлойм. Демократиялык деп саналган өлкөдө сөз эркиндиги сөзсүз болуш керек.

Темир САРИЕВ,
"Ак шумкар" партиясынын лидери:
- Акыркы убакта бийлик тарабынан, бийликке жакын адамдар тарабынан эркин гезиттерге, анын ичинде "Dе-факто" гезитине кысым көрсөтүлүп келет. Убагында НТС, "Пирамидаларга" да кысым көрсөтүп, алар бийлик тарабына өтүп кеткен. Бүгүнкү жүрүп жаткан саясатка кайдыгер болбой, эркин гезиттерди коргоп калбасак, биз эртеңки күндө сөз эркиндигинен ажырап калышыбыз мүмкүн. "Dе-фактонун" айланасындагы болуп аткан окуяларды мен саясий заказ деп баалайм.

Жаныбек ЖАНЫЗАК, журналист:
- Менин оюмча, соттун чечими жок гезитти жаап салууга болбойт. "Dе- факто" акыркы үч-төрт айда эң окумдуу гезит болуп калган. Ката кетти деген күндө да мыйзам чегинде текшерип, тактамайынча техникаларын алып кетип, жаап салууга акысы жок болчу. Эми бийликте олтургандар каалаганын жасап жатпайбы. Мыйзам да ошолор тарапта. Маданият деген нерседен куру калдык. Негизи маданий деңгээлди көтөрмөйүнчө мыйзам иштебейт окшойт. Мисалы, прокурор "Биз алтынчы күнү да иштей беребиз" деп айтып атпайбы. Мындай учурда алтынчы күнү барып кайрылып калсаң, ордунан таппайсың же козголуп да коюшпайт. Анан эле силердин гезитке келгенде оперативдүү болуп кеткенине таң калып атам.

Бегиш ААМАТОВ, коомдук ишмер:
- "Dе - факто" гезити жабылып калбаса экен деп тынчыбыз кетип атат. Оппозициялык көз караштагы гезиттерди кысымга алганы туура эмес. Эгерде ката кетирип атса аны журналист кетирип атат. Ошон үчүн демократиялуу өлкөдө журналист менен соттошот. Ал эми жалпы гезитти жаап, соттогонго болбойт. Бир журналисттин катачылыгы үчүн бүтүндөй бир гезитти жоопко тартуунун кажети жок болчу.

Асия САСЫКБАЕВА, "Интербилим" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
- Биринчиден, сот органдары эки күндүн ичинде чечим чыгара калып, тез арада иштеп калгандарына таң калдым. Негизи бизде сот органдары ишти бир ай, бир жылга чейин созо беришет го. Анан Кыргызстан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду жерге берип, аза күтүү күнү кылып атса күч органдары ууруга окшоп келип, чаң-тополоң салып, беш- алты олбурлуу жигитти ээрчитип келип, кеңсени аңтарып, техникаларын алып кеткени туура эмес. Алар ишке тиешелүү болгон бухгалтериялык кагаздарды гана алыш керек эле. Айта кетчү нерсе, Чыңгыз Айтматов Совет учурунда белгилүү журналист болгон. Ал өзү сөз эркиндигин бийик баалап, "Сөз эркиндиги болбосо эч убакта демократия болбойт" деп баса белгилеп келген. Анан ушу кишини сыйлап койбой, так аза күтүү маалында гезиттин кеңсесине барып, жаш кыздарды коркутуп басып алганы акмакчылык. Бул ошол тергөөчү Байчаев жана башка күч органдарынын жасаган кылмышы десек болот. "Dе - факто" гезити бийликти сындап жазгандыгы үчүн ушундай мамиле жасап, сөз эркиндигин тепсеп атышат.




  Жума собол

"Dе-фактонун" айланасындагы окуяларга көз карашыңыз?
Султан УРМАНАЕВ, экс-депутат:
-Эл тарабында болуп чындыкты бетке сая айткан бир эле "Dе-факто" гезити гана бар болчу. Акыркы кезде бул гезит энергетика тармагындагы, жер маселелерин, бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды аябай таасын чагылдырып туруп алды. Бийликке мындай чындыкты айтуу жакпай калды болуш керек. Мурун Акаевдин тушунда "Агым", "Асаба" гезиттери аябагандай курч жазып эле жүрбөдү беле. Аларга салыштырганда "Dе-факто" гезитине коюлуп жаткан күнөөлөр салыштырмалуу анчалык деле көйгөйлүү эмес. Азыркы бийлик март окуясына чейинки, андан кийинки мезгилдерди бир эстеп койсо болмок. Бир кезде мурунку президент Аскар Акаев деле ошол кездеги эркин басылмаларды, "Азаттык" үналгысын сот аркылуу жоготууга аябагандай аракет кылган. Акаев качып кеткенден кийин кайра ошол куугунтуктаган эркин басылмаларын издеп, алардын караанына зар болуп, кээ бирлерине өзүнүн пикирин билдирип турбадыбы. Демек, азыркы бийлик деле эркин басылмалардын орду бар экенин сезсе жакшы болмок. Мунун арты жакшылыкка алып келбейт. Артында калдайган эл турат. Бая күнү Горький атындагы паркта шаардык пенсионерлер митинг өткөрүшүп, ыйлап-сыктап кетишиптир. Аларды чагылдырган бир да басылма болгон жок. Бийлик тараптан бир киши да басып барган жок дейт. Ошонун өзү деле жакшы эмес да. Кудай деген бар, баарын өз ордуна коет. Бул күндөр да өтөт.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ,
ЖКнын экс-депутаты:
- Мыйзам боюнча гезитти эки эле адам жаап кое алат: учредитель жана сот. Мен ушуну эле айта алам.

Кусеин ИСАЕВ, мударис:
-Кыргыз Республикасынын 2007-жылы жаңы редакция кабыл алган Конституциясында БУУнун генералдык ассамблеясынын 1948-жылдын 12-декабрында эркиндик-укуктук жоболордун бардыгын киргизген. Демек, биз күндөлүк жашоо- тиричилигибизде, расмий саясатта саясий жүрүм- турумдарды Конституцияга киргизилген дүйнөлүк эрежелердин негизинде баалап жана ошого жараша иш- чара көрүшүбүз керек. Ал эми "Dе-фактого" жарыяланган бир эле фактынын негизинде, мамлекеттик расмий уюмдардын жеке менчик эмеректерин алып кетиши мыйзамды бузгандык. "Dе-факто"- бирөөнүн жеке менчиги. Конституцияда жазылып турат: "жеке менчик кол тийгис" деп. Бул деген бийликтин бет тырмарлык кылып, зордуктоонун башталышы. БУУнун адам укугу боюнча Борбордук Азиядагы расмий конторун Кыргызстанда ачып жатат. Демек, бул өзү чоң ишеничтин белгиси. Бийлик ушундай эркин гезиттерди баса калып турса, ал ишеничтен жөн эле кол жууп калат. Арамзалыкты кээ бир бийликтин өкүлдөрү токтотуш керек. Андан ал өзүн да, өзгөнү да жыргатпайт.

Өмүрбек АБДРАХМАНОВ,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
-Өлкөгө кандай бийлик орносо, коомдун багыты, башкаруунун жолу да ошондой болот. Демократияны сыйлаган бийлик болсо, сөз эркиндиги болот, тоталитаризм болсо баарын кыкынтып жоготот. Ары- бери ойношуп эмне кылышат, сотко берсин да кечирим суратсын, конфискациянын эмне кереги бар. Бул жерде башкы мыйзам бузулуп жатпайбы. Жеке менчик деген ыйык нерсе да. Салык инспекциясында коррупция жок деген абсурд. Азыр бардык мамлекеттик мекемелерде кадам сайын коррупциянын башы кылтыйып турат. Жок болсо айтышсын "мен мына таптазамын" деп. Негизи бардык нерсени сот аркылуу гана аныктап, тактап бүтүм чыгарыш керек. "Dе-фактого" болгон бул аракеттери басмасөз эркиндигине болгон куугунтуктоолордун башталышы гана. Муну менен бийлик өзүнө гана ор казып, демократиялуу мамлекетпиз деген элдин ишеничинен алыстайт.

Даярдагандар Дилбар Алимова, Бурул МУсабекова











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan