Коомдук-саясый гезит
№42, 26.06.08-ж.






  Кимбайкеден
Күлкүлятор

Майкан талаа
Демократия аралчасы экен кезибизде куюлуп эле кредит, инвестициялар келип турчу. Куюлуп эле кумга сиңип кетип атчу. Көп өттүбү, аз өттүбү, айтор, бир күнү кайсалаган өкмөт алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп, башына кум чачып, күл чачып отуруп калды.
Жанагынча байлык сиңген аралча сөрөйүбүз тез эле "Кенч аралына" айланып тынды. Ал жерде азыр маңдай тери менен күнүнө алты нөлдөн ашык "тапкан" арам тамактар эмгектенип атышат. Эмгектен чарчаганда кум сепил куруп ойношот.
Сандык-сандык сансыз байлыкты казынадан карактап алган доңуз каракчылары сокур ичегидей болуп бийликтин киндигинин астында түйүлүп жатканы сокур кишиге да көрүнүп турат. Киндиктен ылдый тепчү болсоң оюндан чыгасың, айылдан чыгасың деп бөдөнөдөй сайрайт.
Бирок бөдөнөнү сойсо да, дакмөнтү бар касапчы сойсун деп келжейип тургандарына караганда, бу, оозунун майы тоңбогондор устуканына кошуп бизди да майкандайт көрүнөт. Көпкө мүлжүйт көрүнөт.
Жепжутарлардын буту жерге тийбей калды. Башы булутта, ою асманда. Асман империясын түзүп алышты. Чү дегенде эле бааны асмандатышты. Баалар кутуруп, пулу жоктун баарын каап атат. Тиштеп атат. Түңүлгөн карапайым эл Казакстанга качып, эти ооруган эл орустанга ооп кетип атат. Кыргызстанда күндүзү кымыз, түнү кыз деп эки исменде иштегендер эле калууда…


Эки кыргыз базардан жолугушуп калышат:
- Жашоо кандай?
- Кара жерге кирсин, жашоо эмей эле жампа болуп калды!
Кийинки жылы баягы экөө дагы жолугушуп калат:
- Житуха кандай, жылыш барбы?
- Атасынын башынабы, былжыраган оокат болду, былтыркы жашоо көрсө повидло экен!..


Бир күнү падыша катуу эригип, базарда отурган көзачыкты алдыртат:
- Айтчы, көзачыгым, мен бийликтен качан кетем?
- Эл чоң майрам өткөргөн күнү кетесиз.
- Ал эмне болгон майрам?
- О, улуу урматтуум, сиз кайсы күнү кетсеңиз, ошол күн эл үчүн чоң майрам болот!
Ойбоорсок
.Өрт жигитти суужүрөктөр "өчүрөт"
.Кайчы жүргөн жерде кара чач өспөйт
.Нотаңдын башы "до" беле?
.Тишиң барда чынжырыңды чайна, кул-кутан!

.Отко сыйынгыча, сотко сыйын
.Эт тартпасаң, жан тартпайт
.Албайм деген милиса жүрөгүңдүн үшүн алат
.Тону калыңдын, үнүнүн да тону калың
.Бөтөлкөлөп чогултканды ыстакандап чачабыз
.Казандын түбүнө чөмүч жетет.


Айыл-чарба институтунун ректорунан сурап калышат:
- Айтыңызчы, эмнеге эмчектеги бала үчүн уйдун сүтүнөн көрө энесинин сүтү жакшы?
Ректор жооп берет:
- Биринчиден, ал алдаканча таза болот. Экинчиден, дайыма сип-сивежий. Үчүнчүдөн, аны эч убакта мышык ичип кетпейт. Төртүнчүдөн, эмчектеги бала кайда барса да энесинин сүтүн өзү менен кошо алып жүралат.


Генерал кызмат машинеси менен келатса, бир солдат колун көтөрүп токтотот:
- Жолдош генерал, машинем баткакка батып калды, түртүшүп коесузбу, аскердик машыгуудан кечигип атабыз?..
Боору ооруган генерал баткактан чыкканга жардам берет.
- Машинең танкедей оор го, ыя, солдат?
- Оор болбой анан, кузовдо отуз дембель былк этпей отурушса оор болот да!..


Театрдын режиссеру актерго:
- Жанагы спектаклдеги бушайман болгон жерлерди дегеле өзүндөй кылып сонун аткардың да, маладес!
Актер бети-башын тырыштырып арызданат:
- Батиңкемдин ичиндеги мыгы бутумду өйкөп…
Режиссер кубанычтуу:
- Кудай жалгагыр, сезон бүткүчө ошол мыкты суурута көрбө!..


Театрдын режиссеру үйүнө кабагы суз келет.
Астынан тосуп чыккан аялы:
- Эмне мынча үтүрөйүп калгансың, артисттер менен уруштуңбу?
- Эч ким менен урушпайле… Бүгүн "Отеллонун" бетачары болгон, анан, Отелло Дездемонаны муунтуп атса, көрүүчүлөрдүн баары ыйлагандын ордуна шатыратып кол чабышпадыбы!..


Пивоканада отурган бир киши крушкесин бошотуп болуп, сатуучуга келет:
- Күнүгө канча литрден пиво сатасыңар?
- 300 литрдей болот го…
- Күнүгө 500 литрди кантип сатыштын жолун айтайынбы?
- Айтыңызчы!..
- Крушкелерди толтура-толтура куй!..


Катардагы жоокер караңгыда келатып бирөө менен сүзүшүп кетет.
- Сокурсуңбу, ыя?! - деп кыйкырат жоокер байкабай.
- Солдат, көзүңдү ач! Тааныбай атасыңбы, мен генералмын!
- А сиз мени тааныган жоксузбу?
- Жок, сен ким болосуң?
- Буга да кудайга шүгүр! - деген бойдон жоокер караңгыга сиңип жок болуптур.


Жазуучу менен саясатчы сүйлөшүп калат:
- Сизди китеп жазып жатат дейт го? - саясатчы сурайт.
- Ооба, автобиографиялык роман жазып атам, - деп жазуучу жооп берет.
- Жакшы экен, а сиз баягы менден миң доллар карыз алган жерге жеттиңизби?!


Эки физик пиво ичип отурушса, мүчө-башы келишкен келин өтүп баратат дейт.
- Таңгөрү, мобу келиндин мүчөсүн карачы, атомдору тирукмуштай бөтөнчө топтошкон экен, чиркин! - деп жибериптир физиктердин бири.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan