Коомдук-саясый гезит
№41, 12.06.08-ж.






  Ыстаканда кантың бар

Биздин үйдөгү чайлашуу
Df: - Бүгүн маданият жаатында бир аз солгундоолор болуп, артисттер өз алдынча жансактаганга өтүштү. Сиздердин оюңуздарда театрга эмне жетишпейт? Эмнеге таарынып жүрөсүңөр?
Шайыр Касымалиева: - Учурда жалпы пландаштырылган иш деле жок. Бирок маданият жаатында бир топ эле жүрүштөр болуп атат. Албетте, ар бир артист өз алдынча иш алып барганы менен баарыбыз эле театрдын ишин кошо ала жүрүүдөбүз. Мисалы, мен театрдан сырткары бир ишти пландап атам. Буюрса, күзгө маал баштасам деген ойдомун. Бул азырынча сыр болуп турсун. Жакындаганда элге сюрприз болот. Анан эки-үч күндө кыска метраждуу фильм тартылганы турат. Телевидениеде бир топ жылдан бери иштеп жүргөн Шаршен агайдын чыгармасы экен. Сюжети абдан кызыктуу. Буюрса, ошого тартылуу иштери башталып, отпусканын алдында чыгаралы деп атабыз. Андан соң жайдын аптабында эс алууга чыгып, дем, күч топтоп, күзүндө ишке күүлүү-күчтүү келели деген ой.
Df: - Театр менен кошо "Дем" театры да эс алууга кетеби же башкача пландарыңар барбы?
Назым Меңдибаиров: - "Дем" театры да алдыда бир жакшы нерселерди жасасакпы деген оюбуз бар. Негизи эле "Дем" болуп түзүлүп, жаңыдан иштеп баштагандан бери өз алдыбызча спектакль койсокпу деп пландаганбыз. Өзүңүздөр билесиздер. Театрда баарына роль жете бербейт. Биздин жигиттердин болсо жашы өтүп баратат дегендей. Анан белсемдүү жаштар турганда, болуп, толуп турган мезгилде жакшы ролдорду ойноп калсак деп ушул театрды ачканбыз. Буга чейин "Дем" театрын пиар кылып рекламалап, шоуда бир аз иштерди жасасак, эми салабаттуу спектакль коюп, кино тарталы деп атабыз. Ошондуктан жайында театр эс алууга кеткенде убакыт бөлүп, ушул ойлорду ишке ашырсак дегенбиз.
Df: - "Каражолтой" сериалында экөөңүздөр эне-баланын образын жаратпадыңыздарбы. Ошондо маньяк кишинин ролун ойногон татаал бекен? Моргдо өлүктөрдүн арасында кантип жаттыңыз?
Назым Меңдибаиров: - Каражолтойдун өзгөчө кызыктуу жактары көп эле. Бир четинен терс каарманды ойноо кыйын болсо, экинчи жагынан көрүүчүлөргө да башкача ой калтырат экен. Бул кино тартылып бүтүп, элге көрсөтүлүп аткан маалда биз Турцияга фестивалга кеткенбиз. Келсек эле бул жакта ажиотаж болуп атыптыр. Анда маньяк кишилерди өлтүрүп, сюжети курч эмеспи. Ушуга байланыштуу кызыктуу нерселер көп болду. Шаарда эки иним бар. Алар айтып атпайбы. Экөө келинчектери менен чогуу олтуруп көрүп атышыптыр. Анан мен моргдо жатып тирилген жерим бар го. Ошондо келиндерим "Ий, бул сволуч тирүү турбайбы, келатат" деп бетин жаап алып аябай сөгүп атса кичүү иним "Эй, силер кимди сөгүп атасыңар" деп аябай күлүшүптүр. Мен аларга кайнага болом да. Бирок бул ошо кинонун таасири деп ойлойм. Ал эмес үйдөн өзүмдүн балдарым коркуптур. Мен жандарында болсом коркмок эмес болуш керек. Үйдө жок болгонум үчүн фильмдин сюжетине берилип кеткен чыгар. Келинчегим айтып атпайбы. Балдарым да ошол моргдон тирилген жерине келгенде экранды карабай ыйлап, "Апа, коркуп атам. Тиги тирүү турбайбы" деп качыптыр. Алар менен кошо келинчегим да коркуптур. Анан бир аздан кийин эсине келип, "Ий өлүңдү көрөйүн десе. Бул силердин атаңар да. Коркпогула. Өзүңөрдүн атаңардан өзүңөр коркосуңарбы. Жөн олтуруп көргүлө" дегенде анан тынчтанып калышыптыр. Угуп алып аябай күлдүм. Биздин үйдүн алдынан ары-бери элдер өтүшөт да. Анан кичинекей кыздар "маньяк бар" деп өтпөй калган. Апалары келип өткөрүп, анан кетип жүрүштү. Келгенде бардыгы күлүп айтышты. Экинчи, биринчи класс окуган кыздар келип, "Сиз андай эмессиз, тийбейсиз ээ" деп сурап атышты. Ошондо бирөө жакшы суроо берди. Кино койулгандан кийин маршруткага түшүп калдым. Башымда кепка, очки тагынып алгам. Таанылбайт деле болчумун. Анан олтурсам артыман бир кыз аябай карап келаткан. Таанып калып атпайбы. Мага кайрылып "Сиз баягы" деп келатканда эле ооба деп баш ийкесем, сумкасынан блокнот алып чыгып "мага автограф берип коесузбу?" деди. Эмне кыларымды билбей "Чоң кыз, мага телефон чалсаңыз кай жерге болбосун, барып автограф берип кетем. Бирок бул жерден эмес" деп визиткамды бердим. Макул деген. Анан кайра кайрылып "Сизге бир суроо берсем болобу?" дейт. "Ооба" десем, "Ошо кинодон кийин кыздарды көргөндө психологияңыз өзгөргөн жокпу?" деп атпайбы. Күлкүм келип, "Жок, андай деле болгон жок, ал деген кино да" дедим да түшүп кетип калдым. Театрга жеткенче күлкүмдү тыялбай келбедимби.
Шайыр Касымалиева: - Мага биринчи Мурат байке айтканда мейли дедим. Бирок, кичинекей эле эпизод деди. Ага да макулмун, эң башкысы кызыктуу болсо болду десем, "Психикасы жаман болгонго жараша өңү серт бирөөнү тартсам деле болмок, бирок тескерисинче өңү жакшынакай болуп туруп оорулуу болгон кызыктуу болобу деп ойлоп сени чакырып атам" деди. Өзүмө абдан кызыктуу болду. Кичинекей болсо дагы өтө кызыктуу роль экен. Анан ушуну жасай аламбы, жакшы деңгээлге чыгара аламбы деп ойлодум. Ошентип иштеп баштадык. Режиссер репетиция жасап атканда улам токтотуп, өзүнүн пикирлерин айтып атты. Ошондо менден эмнени каалап атканын түшүндүм да ошого жараша иштегенге аракет кылдым. Кийин кино көрсөтүлүп атканда Назым айткандай жок болдук. Келсек тегерегимдегилер ызы-чуу болуп калыптыр. Туугандарыбыздын келинчеги бар. Ошол үйгө келип калыптыр. Олтуруп алып эле мени тимеле карайт. Мурда көп деле баарлашчу эмеспиз. Анан мага карап "Мен сизди көрүп алып аябай жаман болдум. Бул ролго ыраа көргөн жокмун. Ошол аялдын жаман экенине ишендим да, сизди ошондой болуп калгандай сезип кеттим" деди. Жүрөгүнө жакын кабыл алганын байкап, роль баары бир элге сиңген экен деп ичимен ыраазы болдум. Бир күнү маршруткада келатсам бир аял карап келатат да бир маалда кофтамдын жеңинен тартып "Сен Шайырсыңбы?" дейт. "Ии" десем. "Жанагы "Каражолтойдо" сени эмне кыларымды билген жокмун. Же аярымды билбейм же сени менен кошо ыйларымды билбейм. Бир четинен боорум ооруса, бир жагынан жек көрдүм" дейт. Андан соң бир айылга барып калсак бирөө "Жаш баланы кантип чаптың бетке?" дейт. Ал кинодогу балдардын ролун Назымдын эки баласы ойногон да. "Жок, мен чапкан жокмун, жөн эле чабымыш болдум" десем, "Кадимки чапкандай болуптур, жүрөгүм ооруду" деп атпайбы. Ушундай кызык окуялардан кийин Назымдан дискин алып, кинону көрдүм. Ага чейин толук көргөн эмесмин.
Df: - Эркин, өткөндө "Белгисиз маршрут" фильминдеги ролуңду көрдүк. Ал өзүңө кандай таасир калтырды? Жашоодогу образыңа окшош бекен ал каарман же такыр башка чөйрөгө түшүп калгандай болдуңбу?
Эркин Эгембердиев: - Мени балдар дагы, агайлар дагы рэппер деп калышат. Биздин муун менен Марат, Назым агайлардын мууну өзүнчө бөлүнүп калат. Анан алар "силер - рэпперсиңер" деп атып ошол сөз Темир байкеге жетиптир. "Кандай бала бар?" десе, "ушундай бала бар" деп атып эле бышып жетилди. Киного түшкөндөн кийин өкүнүү болду. Анткени көп сүйлөбөй калгам. Мисалы "эй" дечү жерден баш ийкеп, сүйө турган жерден күлүп, айтор кыймыл менен аткаргам. Ошол жерлеринде бир аз үн менен коштолсо жакшы болмок деп калдым.
Df: -Чемпионат башталганы көпчүлүк футболго чоң маани берип карап атышпайбы. Кимиңер футболго кызыгасыңар? Бала кезде спортко катышчу белеңиздер?
Назым Меңдибаиров: - Менин өзгөчө кичинекей балдарым аябай кызыгышат. Керээлди кечке тажабай футболду тиктеп олтурушат. Биз комсомол болгонбуз, пионер болгонбуз. Канга сиңип калыптыр. Баары бир көңүлүң калса деле болбой Россиянын командасын сүрөйбүз да.
Шайыр Касымалиева: - Кичинекейимде балдар менен футболду аябай ойночумун. Кыздар менен ойногонго караганда балдарга кошулганды жакшы көрчүмүн. Анан мени дайыма дарбазага тургузуп коюшчу. Себеби бутка тээп алышат же дагы бир жериңди оорутуп коюшат. Ошондуктан дарбазага турчумун. Апам балдар менен топ тээп ойногонуңду токтотсоң боло, кыз киши кантип топ тепсин деп уруша берчү. Мен ага болчу эмесмин. Бир жолу гол киргизип алып, сүйүнгөнүмөн таң аткыча уктабай чыкканым эсимде. Абдан кубанганбыз.
Эркин Эгембердиев: - Театрда 26 деген бөлмө бар. Ичинде ондой бала барбыз. Анан футбол башталганда кырылыш болот. Бири Германияга, экинчиси дагы бирөөнө сүрөйт. Анан командаларын коргоп өз ара ызы-чуу түшө беришет. Данчик, Жеңиш деген балдар таблицаны өздөрү эле күн мурун түзүп коюшат. Футбол жөнүндө эле сүйлөшүп отурмай. Аягында анан "эй футболду токтотуп, бир роль тууралуу сүйлөсөңөр боло" деп калабыз.
Назым Меңдибаиров: - Негизи футбол театрга окшош болот. Мен экөөнү абдан окшоштурам. Анткени театр түпкүлүгү футболдой. Алар да бардыгы бир максатты көздөшөт. Ошо максатка жеткенге аракеттенишет. Мисалы, дарбазада турган оюнчу чабуулчулардын гол тепкендерине мен жардам берип атсам, эмнеге мунун аты чыгыш керек деп жаман ойлобостон, жалпы команданын кызыкчылыгын ойлошот. Ошо команданын намысын коргошот. Театрда деле артисттер ойногондо өздөрү моокумун кандырыш үчүн эмес келген көрүүчүлөргө ырахат тартуулоону максат кылышат. Негизи ушундай жагдайлардан улам футболдон көп нерсени үлгү алса болот.
Df: - Бош убактыңарды кантип өткөрөсүңөр?
Шайыр Касымалиева: - Бош убакыт балдарда көбүрөөк болсо керек. 26дан чыгышпай эле олтурушат.
Назым Меңдибаиров: - Чынында бош убактыбыз болбойт. 26- бөлмөдө 11 бала бар. Буларды башка бөлмөлөргө бөлүп койсо болбой эле ошол жерге чогулуп алышат. Анан ар түркүн күлкүлүү сөздөр болот дегендей. Ал бөлмө шайыр бөлмө да. Мындай кызык сөздөрдү таап алышкан. Бирөө келип балдардын бирин кайда деп сураса эле эч нерсени сурабай дароо "уккан жок белең?" дешет. "Эмнени?" дегенде эле "ал кайтыш болуп кеткен, же ооруп ооруканада жатат, кырсыктап калды" деп тамашага салышат.
Эркин Эгембердиев: - Бир жолу Камчы байкенин (Сарыбаев) иниси "Камчы байкем кайда?" деп кирип келип атпайбы. Биз дароо эле "уккан жок белең?" десек. "Эмнени?" деп оройу бузула түштү. Сыр билгизбей "Ал деген кырсыктап ооруканада жатат" десек бушайман болуп кеткен. Артынан чыгып айтып койгула деп атканбыз. Аңгыча туугандарына чалып ызы-чуу түшүп калышыптыр. Анан иниси аялдамада турса, Камчы байке нары жактан чыгып келатса иниси чуркап барып кучактап ыйлап ийиптир да. Аны түшүнбөй калган Камчы байке "Жинди болуп атасыңбы. Болду басыл" десе болбой ыйлап атат дейт. Ошентип бир ирет тамашанын артынан күлкү болгонбуз да.
Назым Меңдибаиров: - Жеңиш бар го. Жашыраагы. Кооз деп коебуз. Келинчеги менен үйлөнө элек кезинде өзү паркта олтуруп "Баргыла, сүйлөшкөн кызымды тамашалап, мени өлүп калды десеңер. Эмне дээр экен?" деп балдарды жибериптир. Алар келип тиги кызга эптеп атып "Жеңиш каза болуп калды" дешсе ыйлап Аскатка барат. Аскат да түшүнбөй "Туй ата, качан, жүрүчү" деп сыртка ээрчитип чыкса Жеңиш жалжайып күлүп парктан чыгып келатат дейт. Ушу сыяктуу тамашалар күн сайын болот. Айрымдары "ушинтип да тамашалайсыңарбы?" деп капа болушат.
Df: - "Демдин" бойдок балдарына кыздар көп тийишеби? Дегеле араңарда кыз жандуулар көп болсо керек?
Эркин Эгембердиев: - Бойдок болгон жакшы экен. Агайлар да бир жерлерге барып калганда топтун жалгыз бойдогу деп кыздарга телефонумду берип коюшат. Ошондуктан эки айда бир номурумду алмаштырганга туура келет. Телефон чалган, sms жазган кыздардын айрымдары менен таанышып, жолугуп калам. Кээ бирлери менен дос да болгон учур кездешет. Мисалы, телефон аркылуу бир дизайнер кыз менен таанышкам. Ал мага кийим тандаганда жардам берет. Кээде өзү деле тигип берип калат. Пайдасын жакшы эле көрүп атам.
Df: - Шайыр эже, жакында таене болдуңуз. Таене болгон кандай экен? Дегеле куда күтүп, кудагый аталганыңызда кубандыңызбы?
Шайыр Касымалиева: - Таене болгон менен бакыттын чегине жете элекмин. Азыр кызым кайын журтунда. Баласын да алар каралашып атышат. Мен жакшылыктуу деле колго алып эркелете элекмин. Ошондуктан таене болуу бактысын анчейин сезе албай атам. Кудагый болгондо деле башында бири-бирибизге көнбөгөндөй болуп атканбыз. Азыр кудайга шүгүр. Жакшы түшүнүшүп, бир тууган болуп калдык. Бул да өзүнчө чоң бакыт.
Df :- Убакыт тар, эч нерсеге жетпейт деп калабыз го. Эгер убакыт жете турган болсо эмне иштерди кылат элеңер?
Назым Меңдибаиров: - Менимче, убакыт канча тар болсо ошончо көбүрөөк баалайсың да. Эгер сен айткандай убакыт кенен болуп, суткада 24 эмес 36 саат боло турган болсо, анда мен сөзсүз китеп окуйт элем. Акыркы кездери китеп окуганга такыр убакыт таба албай жүрөм. Мурдагы окуган китептерди, жаңы китептерди окуп, көп нерсени түшүнөр элем. Негизи адам отуздан кийин өзүн акылдуу сезип калат деген чын. Мен мурда студент кезимде бирөөлөр келип акыл айтса жиним келе берчү. Азыр өзүм студенттерге акыл үйрөткүм келип, ошондогу агайларымды отуздан ашкандан кийин түшүнүп олтурам. Биздин театрдын азыркы максаты да келечекте театрды сүйгөн бир муунду тарбиялаш керек болуп атат. Ошол муунду тарбиялаш үчүн ар бир балага барып түшүндүрсөң мээсине кирбейт. А аларды ата-энеси театрга ээрчитип келип, үлгү катары "бул гардероб, бул буфет, буфетке спектаклден кийин кирет, залга пирожки, лимонад алып киргенге болбойт" деген сыяктуу шарттарды түшүндүрсө, алар да ии деп билип калышат. Жок дегенде эки жолу алып келсе балада түшүнүк, театрга болгон кызыгуу пайда болот. Бүгүнкү күндө жылыш жок деп көптөрү айтып атат. Менимче, аракет кылса кантип жылыш болбосун. Албетте болот.
Шайыр Касымалиева: - Адам баласы сүйгөн кесип менен алектенсе ал сенин экинчи жашооң болуп калары шексиз. Анын сыңарындай театр да - биздин экинчи үйүбүз. Жашообуздун кызыкчылыгын арттырып турган бөлүгү деп айта алам. Киного же башка нерсеге салыштырмалуу театрдагы роль адамга көбүрөөк таасир калтырат. Себеби алардын дем алганын, сүйлөгөнүн, ыйлаганын көзүң менен көрүп, тирүүлөй тагдырды сезесиң. Кино болсо психологияга көбүрөөк таасир берет. Театр болсо жашоо жүрүп аткан жер да. Ал жерге келген көрүүчүлөр эки саат спектакль көргөндө кандайдыр бир тарбия, өзүнчө ой-пикир менен кетишет. Биз да илгери бала кезде "Сен апа бол, мен ата болом. Булар балдарыбыз. Сен жумуштан келдиң. Мен тамак жасап атам" деп ойногон сыяктуу эле килейген кишилер сахнада ойнойбуз. Артисттер негизи бала кыял болот да. Анан Асанкул, Сатыбалды агайлар сахнада репетиция кылып, бир баскан жерин миң басып, алтымыш, сексен жыл бою ойносо, сырттан караган адамга өмүр бою жаш баладай жүргөн сыяктуу сезилет. Элге бир нерсе тартууласак деп чоң күч менен иштейбиз. Андан ошо көрүүчүлөр ырахат алса дейбиз. Театр ички дүйнөнүн тазалыгынан келип чыккан. Адам баласы өлөр, өлгөнчө жүрөгү жаш бойдон болуп, бир нерсени кыялданып, ошону күтүп жашайт эмеспи. Анын сыңарындай театрдын касиети ушунда болсо керек.
Df: - Эркин, сен чыгармачылыкка көксөп келдиңби же күтүүсүз аралашып калдыңбы? Эгер чыгармачылыкка аралашпасаң ким болмоксуң?
Эркин Эгембердиев: - Бала кезимде учкуч, доктур, милиция болом деп эмнени жакшы көрсөм, ошону айта берчүмүн. Көрсө кудай таала ушунун баарын бириктирип туруп артист кылып коюптур. Онунчу класста окуп атканда сынактарга катышып, "Шайыр окуучулар клубу" деген берүүгө келип жүрүп телевидениеге, ал жактан театрга экскурсияга алып барышып, ошондо театрга биринчи келгем. Анан артист болом деп чечкем. Чыгармачылыкка келгениме эч өкүнбөйм. Тескерисинче жакшы адамдардан таалим-тарбия алып, көп нерсени үйрөнүп атканыма ыраазымын. Театрга киргениме эки жыл болду. Театр алдындагы эки жылдык окуу жайды бүтүрдүм.
Df :- Качан үйлөнөйүн деп атасың?
Эркин Эгембердиев: - Азырынча өзүм да билбейм. Үйдөгүлөр деле, агайларым деле "убактың келди, үйлөн" деп атышат. Менимче, жашоодогу теңимди кезиктире элек болсом керек. Болбосо үйлөнгүм эле келип атат. Эми буюрган күнү бойдокчулук менен кош айтышам да.

Чайлашууну уюштурган Бурул МУСАБЕКОВА











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan