Коомдук-саясый гезит
№41, 12.06.08-ж.






Башсалыкчы Темирбек Курманбековдун култуң оюндары
Адамдын изгилиги адамдын анын айланасындагыларга жасаган мамилесинен, колуна алып турган ишинин натыйжасынан дароо эле байкалат. Ал эми бүгүнкү жону улам эле жооноюп бараткан чиновниктер, министрлер ж.б. сын укса сууп калгандын ордуна кайра бет тырмаган өнөр өнөкөткө айланды. Бүгүн мен улам бир гезитке былык-чылыгы жарыяланганы менен "пыш" этип да койбогон КР салыктар жана жыйым боюнча мамкомитеттин директору Темирбек Курманбековдун "кылган-эткени", этикасы туурасында сөз кылсам башкаларга үлгү түшөр дейм.

Президент апрелде ишкерлер менен жолугушуусунда салык башчы Т.Курманбековдон "Карасууга эмнеге Мойдуновду дайындаган жоксуз?" деген суроосуна ал "райаким бул кызматта бир күн да иштебеген адамды сунуштаган, ошол себептүү аны дайындаганым жок" деп жооп узаткан. Курманбек Бакиев ынанып калган. Аныгында салыкта дегеле иштебеген А.Мойдунов ага чейин Карасуу райсалык инспекциясын мыкты башкара келген болчу. Салык жыйымы 107 пайызга чейин барып турчу. Ал эми аны башсалыкчы ээрден жыра жыгып, ордуна өз кишиси М.Сатаровду койгону, Сатардын уулу сетер иш жүргүзүп, салык жыйымы 100 пайыздан төмөнгө түшкөн. Мойдунов арызданып, аны Бишкектин Биринчи май райсоту карап, Т.Курманбековдун буйругун мыйзамга жатпайт деп тапкан. Т.Курманбеков аны кызматка алып, ошол эле күнү кайра башка буйругу менен кызматынан бошоткон эле. Чычканга өлүм, мышыкка оюн деген ушул.
Т. Курманбеков мамлекет башчысына калп айтып, өлөрмандык кылганы эмнеси? Нравасынын жоктугубу же карөзгөйлүгүбү?
Менимче, бийик төр, кырс сапаттары менен ал Ахунбаев-Бах көчөлөрүнүн кесилишине койкойгон каз тушмук ак сарай салганга ар-ар кимден каражат жыйнаганы көрүнүп эле турат. Эл алакандай жер алалбай жатса Темирбек мырза араандай жерге жалаандай үй салып, үйүн кызыл үртүк менен тунукелеп, кыскасы, көргөндүн көз жоосун алгычалык аракеттенди.
Темирбек мырза кызматында монитор тиктеп, Кыргызстанды коколоп, карапайым элди жакалап аткан кымбатчылыкта эл 8 сотыхка жетпесе, ал 30 сотыхты басып, бабачарба курду. Айлыгын иликтеп көрсөк, 20 миң сом өлчөмдө экен, ага премияльный ж.б. кошулат. Анысы канча экенин Темирбек Барктабасович өзү гана билсе керек. Ушу акчага аксарай курса болобу?
Темирбек мырза Аксуудан болот. Анан ал кайдан жүрүп Тоңдун мыкты жеринен жер энчилейт. Көктөн түшпөсө деле керек, бирок мынакей, энди карап туруңуз. Гоголдун баягы ревизор келатат деп жергиликтүү чиндер титирегендей эле кеп. Курманбеков Тоңдо оюндагыдай мырза. Маселен, Күнчыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Манжылы ыйык жайдан 5 гектар айдоо жерди Барскоондо жашап турган апасы Айнагүл Жанабекованын наамына каттаткан. Көлдө азыр бир чарчы метр жер канча алтын пул болуп жатканын көңүлүңүзгө алсаңыз - анда Темирбек чиновник анык буржуа болуп чыга келет.
Жерди жөн эле "ме" дей коюшпайт. Ага коштоп аткан кошоматтын "тили" жетпейт. Жетсе же акча парала, же өз кадрыңды көзөл орунга кой. Бул жагынан Темирбек мырзанын "усталыгын" айт.
Башсалыкчы Тоңдон жерди оңой эле "чөнтөгүнө" салып алды. Райгосрегистр начальниги К.Сулайманбеков мыңк эткени жок. Себеби анын келинчеги Тоң райсалык инспекциясынын башкы бухгалтери кызматында эле. Ал эми айыл өкмөт башчысы Тосор Ыдырысовдун келинчеги салык инспекциясында завсектор кызматында болгондуктан, ачендикке тууганчылык артып, чоочун сураса "көрсөм көзүм кашайсын" позициясын ээлеп турду да, жерди тынч бөлдүрүп алды.
Экинчиси, башсалыкчы Көл-Нарын аймагы боюнча орунбасарлыкка өз бир тууган иниси Максат Курманбековду дайындаган. "Өзүм дегенде өгүзүм да жорголойт" дегендей, Темирбек мырза инисине тендер-мендери жок эле жаңы кызмат машинесин салып берген болчу.
Өгөйгө келгенде өгүзү очорулуп ордунан турбай калып келет. Айталы, Карасуу райакими Т.Барманов менен башсалыкчы "башка-көзгө" койгулашса, андан көз көгөрүп, томук сынганы деле жок. Мынабу нарындыктарга убал болду. Башсалыкчы өткөн күздө Нарын, Акталаа райондорун кыдырган соң, жөндөн-жөн эле К.Султаналиева, К.Кожоярова, К.Кенжесариев, Б.Нуралиева ж.б. эрктүү аялдар таң эрте ишке чыгып, кечинде кызматтарынан алынды. Бирок өйдөдөгү төрт аял облсотко арыз жазып, утуп чыгышса да Барктабасович барк алып койбоду. Бардаң көзүн барт-барт ирмеп тим болду. Сот чечимин тоготподу.
"Сыныктан башкасынын баары жугуштуу" дегендей, башсалыкчынын жер-жерлерге ишенип койгон кызматчылары, айталы, түштүк аймакты тейлеген С.Эргешов өзгөчө ыргыштап, кутан ойноп атканына эл нааразы. Бул бери эле жагы.
Т.Курманбековго Карасуу акими Т.Барманов нааразы. Нарын райакими да нааразы. Себеби, облсот чыгарган чечимди башсалыкчы тоготпой турат.
Башсалыкчы Египеттен үй алмак түгүл, Каирдин өзүн көрөлекмин дейт. Анткен менен тик сөз чиновниктердин айтымында, Темирбек мырзанын Египеттен үй сатып алганы күбүр-шыбыр кеп болуп келет. Ал эми башсалыкчы быйыл апрелде Дубайга учуп барып, тандап отуруп чарчы метри 3 миң доллар турган 146 чарчы метр үй алганы айгине дешет.
Азыркы башсалыкчы жумуштан куулат деген туздуу суунун даамын эки ирет таткан. Адеп, Чүй облсалык башчысы кызматында турганда губернатор А. Момункулов аны иштин көзүн билбегени үчүн айдаган. Андан соң шаар салык башчысы болуп турганда башкы салыкчы Т.Акматов аны ишти жөндөй албагандыгы үчүн кызматтан бошоткон болчу. Президенттин да жиндеген жагдайы бар. Мамлекет башчысы Тоңго барып жер маселелери, салык боюнча элдин суроолоруна жооп берип жатып, Т.Курманбеков кайда десе, ал жер алган экен, ошонун кызыл китебин майлап, башы ооруп тура албай калганын да айтышат. Турмуш да.
Айтмакчы, башсалыкчы - борбордогу "Саякат" мейманканасынын 20% акциясынын ээси. Башка да көздөн далдаа "оокаттары" бар.
Мамчиновниктин мындай маң баспаган "ишкердүүлүгү" катардагы салык төлөөчү адамды ичиркентпей койбойт. "Пир во время чумы" деп койчу беле, дал ошол маанай кайталанууда. "Ай-кой" деген ажо жок.
Башсалыкчы кол алдындагыларга да жетишерлик мээрим менен "кам" көрөт. Мисалы, Ардак грамота алыш үчүн Бишкек шаардык салык инспекция жетекчиси Долбаев, Биринчи май райсалык инспекциясынын начальниги Ж.Асанбеков аста-секин басып кирип, шефин "көмүскө" көндүргөн учуру бар. Дагы айта берсе сөз көп.
Темирбек Бакртабасовичтин "барктуу" иштери боюнча басмасөз беттеринде акыркы убактарда бери болгондо жыйырмадан ашык макалалар жарыяланды. Өйдө жактан бир ылдыйга моюн созуп, Барктабасовичтин ишмердигине баа берип койбогон бийликке таңым бар.
Медет Тайкожоев




Президенту
Кыргызской Республики
Бакиеву К.С.

Премьер-министру
Кыргызской Республики
Чудинову И.В.

Мэру города Бишкек
Усенову Д.Т.
Заявление
Долбаев Таалайбек Абасканович занимает пост начальника налогового органа города Бишкек с мая месяца 2007 года. За короткое время он наладил систему поборов как с подчиненных так и с налогоплательщиков, обещая последним так сказать "крышевание".
Побор, который Долбаев Т.А. организовал с районных налоговых органов, объяснил тем, что он якобы "отмечается" ежемесячно перед мэром города (в данном случае речь идет о экс градоначальнике Ногоева А.) по $ 5000 и перед руководителем администрации Президента страны г-не Садыркулове М.Ч. по $ 10 000. Неугодных и не послушных он заменил "нужными" людьми, назначил на все "денежные" должности по всем районам города Бишкек "своих" людей. Справедливости ради надо заметить, что Долбаев Т.А. является протеже самого Садыркулова М.Ч. Сам не раз хвастал перед приятелями и коллегами о том, что он выходит из дома Садыркулова М.Ч. и что он отдал ему $ 50 000 за назначение начальником городской налоговой и что в скором времени сам возглавит налоговый орган страны, да и любые вопросы может решить через него.
Помнится экс-Спикер Жогорку Кеңеша КР Марат Султанов, председатель профильного комитета ЖК КР Акматбек Келдибеков давали поручения по налогообложению предпринимательства на рынке Дордой. Конечно эти поручения не исполняются и не исполнятся т.к., рынок Дордой является очень даже не плохой кормушкой для налоговиков. Любой предприниматель с Дордоя скажет сколько платит официально, а сколько на руки отдает, чтобы не проводились всякие хронометражи и обследования. По словам отдельных налоговиков, собранную "дань" забирает г-н ДолбаевТ.А. и по его словам большую часть он относит председателю ГКНС Курманбекову Т.Б.
Обидно то, что все делается на глазах как говорится не прячась. Спрашивается куда смотрят правоохранительные органы, зачем создан анти коррупционный орган? Разве такие люди должны руководить госструктурами?
И еще, г-н Долбаев Т.А. оказывает не бесплатно некоторые услуги крупным налогоплательщикам пользуясь своим служебным положением и позволяя им не платить во время налоги, идя таким образом в разрез и политике главы государства и в разрез политике нынешнего градоначальника Усенова Д.Т.
Надо наверное добавить еще вот что в настоящее время организованный им побор отмеченный выше не прекращается, по словам Долбаева Т.А. он отмечается и нынешнему мэру, и уже наладил и с ним "отношения". В следствие чего недопоступают в местный бюджет города огромные средства, тогда как мэр города делает все возможное и невозможное чтобы улучшить жизнь, социальное положение горожан, хочет решить разные жизненно важные для города вопросы, а для чего ему нужные не малые средства…
В недавнем прошлом на заседании мэр города Усенов Д.Т. правильно заметил, сказав что "налоговики" привыкли красиво преподносить цифры, которые отнюдь не вяжутся с раельностью и направил на имя председателя Госкомитета КР по налогам и сборам Курманбекова Т.Б. представление об освобождении от должности Долбаева Т.А.
Но не тут-то было, Курманбеков Т.Б. не то чтобы освободить Долбаева Т.А., а наоборот заступился за него, более того на общем собрании заявил "Пусть Усенов Д.Т. делает что хочет, а освобождать и назначать начальников буду я". На первый взгляд и должность председателя ГК КР по НС должность мэра города Бишкек обзывает проводить в жизнь единую государственную политику направленную в данном случае на процветание города. А на деле получается не совсем так - выступая перед всеми Усенов Д.Т. доказав правоту принял решение направить а адрес руководителя налоговой службы соответствующее представление и никак не предпологал градоначальник думающий о процветании города, что мнение г-на Курманбекова пойдет в разрез. Так, что же получается - занимаемые должности начальников налоговых органов превращяется в вотчину для сбора средств или все таки это определенная обязанность перед государством, народом?
На мой взгляд, Данияр Токтогулович все-таки мэр города и несет ответственность в т.ч. моральную перед президентом КР, премьер-министром КР перед горожанами за состояние города, за ее развитие. Развитие без денег невозможно, а в большинстве случаев это поступающие в бюджет налоги. Если мэр не может назначить или отстранить от должности, а равно павлиять на состояние сбора налогов, так как он сможет претворить в жизнь ту или иную задачу. Да и на месте Долбаева Т.А. уважающий себя человек лучше бы попросился на другой участок работы, нежели цепляться за должность. Прошу принять меры.
С уважением, Молдоева Замира
г.Бишкек, мкр 11, дом 21, кв 2












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan