Коомдук-саясый гезит
№41, 12.06.08-ж.






  Алатоо ажары

Бакыт Букаев, алып баруучу, шоумен:
"Чындык дудукка да тил бүтүрөт"
Белгилүү алып баруучу Бакыт Букаев он жылдан бери Алатоо аймактарын аралап, алыскы Алай, Аксы, Лейлек, Тогузторо, Акталаага чейин барып, кыргыз кыздарынын арасынан сулууларын тандап "Алатоо ажары" аттуу конкурсун өткөрүп келатканы жалпыга маалым. Жакында эле ушу конкурсту өзүнүн кичи мекени болгон Чолпонатада жыйынтыктап келди. Конкурстун күңгөй-тескейи тууралуу Бакыт мырза менен чакан маектештик.

- Бакыт мырза, өзүңүздүн мекениңизге барып сулуулар конкурсун жыйынтыктап келдиңиз. Сулуулукту даңазалаган салтанат кандай өттү? Өз жериңизде колдогондор көп болсо керек?..
- Өзүмдүн он жылдык эмгегимдин жыйынтыгын туулган жерим Чолпонатада өткөрсөм деп тилек кылып жүргөм. Буюрса, конкурс абдан жакшы деңгээлде өттү. Биринчи тур "Ысыккөл экспресс" деп аталып, кыздар деңиз флот символикасын жасап, ак жолчолору бар кыска сарафандарды кийип чыгып өздөрүн тааныштырышты. Экинчи тур "Саймалуу таш жомогу"деп аталып, алгачкы коомду элестеткен костюмдар менен чыгып бийлешти. Үчүнчү турда "Ажайып айымдар парады" деп үй тапшырмаларын аткарышты. Анда Клеопатра, Уркуя Салиева, Золушка,Индия айымы, Афродита, Цыганка сыяктуу тарыхтагы, жомоктогу айымдардын образын жаратышты. Акыркы төртүнчү тур "Ата Мекендин аруу кыздары" аталып, кыздар Татьяна Воротникова, Бурул Мамбетова, Бакыт Бешбаевдерге таандык кыргыздын улуттук костюмдарын кийип, кыргыздын желегин көтөрүп чыгып, "Эмне үчүн мен Кыргызстанды сүйөм" деген темадагы жалындуу мекенчил сөздөрүн айтышты. Бул конкурсту өткөргөндө кай жерге барбайын мага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жардам берип келишкен. Анан мекениме барганда Ысыккөл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Искендерович Мансуровго кат менен кайрылгам. Ал мени жаш балача алдап, ары-бери сүйрөп жүрүп акыркы күнү жардам берүүдөн баш тартып койду. Бул кишиден мындайды күткөн эмесмин. Анан аким орун басары Дамир Чериковго "жок дегенде билеттерди сатып бериңиз" десем, ошону да оңчулуктуу аткарып берген жок. Андан түшкөн акчага конкурска катышкан кыздарга белек алайын дегем. Ушу күнгө чейин толук эсептешкен жок. Бирок уучубуз кур эмес экен. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Оңкобаев Бактыбек Кусейинович жардам берди. Белектерди бүт ушу киши алды. Калыстар тобуна А. Иманалиева, Г. Молдоева, Э. Нурбаев, Б. Бешбаевдер шайланып, ар бириси өздөрүнүн чөнтөгүнөн жактырган сулууларына белектерин ыйгарышты. Конкурска көрүүчү болуп жалаң мектеп окуучулары келет го дедим эле, бирок ата-энелер, улуу муундагылар келип көрүштү. Назми менен Сапар, "Айчүрөк" эстрада театрынын балдары ырдашты. Жакшы деңгээлде өттү.
- Президентибиз жергиликтүү бийликтегилерге маданиятка жакшы көңүл бурулсун деп айтып чыкпады беле. Ысыккөлдүн жетекчилери муну эске алган эмес го…
- Ооба. Эки жыл мурда эгемендүүлүктүн он беш жылдыгы болгондо президент бүт жерге өзүнүн министрлерин жөнөтүп, "31-август эгемендүүлүк күнүн жакшылап майрамдагыла" деген. Ошондо мени көлдүн жээгинде жаткан жеримен чакырып, беш кыз-келинди кошуп берип, конкурс даярда деген. Турусбек Мансуров мен сураган акчаны берип, абдан жанталашты эле. Көрсө жетекчилер өздөрүнө керек болгон кезде Акүйгө жагыныш үчүн гана иш жасашат турбайбы. Мен мында акча сураган жокмун. Болгону билеттерди сатып бергиле дегем. Чынында бул иш алардын колунан келмек. Бирок жардам көрсөтө алышкан жок. Мен ошо жердеги өткөн конкурста мурдагылардан сүрөт көргөзмөсүн жасайын дегем. Эл аралык конкурстарга катышкан кыздардын сүрөттөрүн илмекмин. Анан катым он эки күн жатып, жооп болбой, акыры аким "Чокталдын кыздары эмнени кыйратмак эле. Эл аралык деңгээлдеги конкурс өткөрбөйсүңбү" деп кайра адамды мазактады. Мындай чындыктар дудукка да тил бүткөрөт экен. Айла жок "Өзүмдүн деңгээлимдеги конкурстарды өткөрөм. Эки жылдан бери Эл аралык "Мисс туризмди" деле улам артка жылдырып, кетенчиктетип атышат го" деп кесе жооп кайтардым. Өз жеримен мындай мамилени күткөн эмес элем.
- Эми конкурстун финалдык туру качан өтөт?
- Буюрса, күзгө маал өткөрсөмбү деп атам. Ошону менен сулуулар конкурсу жыйынтыкталат. Мындан ары бул ишти жасабайм деле. Айткандай Чолпонатада өткөн конкурста баш байгени Бабаханова Нурайым алып, күмүш таажы кийди. Ага он миң сом жана баалуу белек бердик. Калгандары да баалуу белектер менен сыйланышты.




  Мен өзүмдү үй сыртынан карасам

Элмира Кайып кызы, ырчы:
"Мени сатып кеткен достор көп"
Өзүм
Мен алдым-жуттумду билбейм. Башкалардай болуп "муну кыла калайын, тигини жасай салайын" деп жулунуп, жулкунбайм. Жөн гана камаарабай жүрүп эле ишимди бүткөрүп алам. Бирөөгө жамандыгым деле жок.
Ушак
Эл көзүндө жүргөн инсандардын артынан дайыма ушак сөздөр ээрчип жүрөрү анык. Мен андайларга көп көңүл деле бурбайм. Мисалы, өткөндө аферист аял жөнүндө гезитке чыкпады беле. Анан ал аял СИЗОго олтуруп алып кат жазган имиш. Анда мени аябай жамандаптыр. "Элмира артисттерди тойлорго алып барып, акчасын өзү алат" дептир. Чынында мен артисттерди тойго көп деле чакырбайм. Кантип мен кесиптештеримдин акысын жейин. Кайра кесиптештериңе акча болуп калсын деп жанталашасың да. Мисалы, мени тойго алып барып жүргөн ырчылар билет. Керек болсо ошол аферисттин канча тоюна бекер катышып берип жүрдүм. Анан өзүнүкүн билбей, бирөөгө жалаа жапканына көңүлүң ооруйт экен.
Өч
Болуп аткан иштин баарысына үстүбүздө кудай көз салып, таразалап турат. Ошондуктан "баары бир бир күнү кудай жеткирет, жараткандан жазасын алат" деп мага жамандык жасаган адамдардан өч алууга аракет кылбайм.
Калп айтуу
Бул жалган жашоодо калп айтпаган адам жоктур. Мен да кээде бир жарга такалып калган мезгилде калп айтып кутулуп кетем. Бирок чындыкка жарашараак кылып айтканга умтулам. Анан акыр аягы билинип калат. Себеби өзүм ошол кишиге байкабай "Баягыда минтип алгам" деп айтып алып, калпым чыгып калат.
Кайгы, көз жаш
Жакындарымды жоготкондо катуу кайгырам. Анан жөнү жок бир нерсеге ачууланып көз жашы кылганды жаман көрөм. Бирок мелодрамалык кинолорду, айрыкча Индиянын сүйүү темасындагы кинолорун көргөндө көз жашымды төгөм. Бул ошо кинонун маанисине берилип алгандан болсо керек. Өзүм бирөө таарынтса же жаман айтса ыйлап, көңүл чөктүрбөйм деле.
Сүйүү
Сүйүүгө өтө бекеммин. Бир адамды сүйсөм аны бардык жагынан сыйлап, дайыма жанында болгум келет. Учурда менин жүрөгүмдү ээлеген адам бар. Аны чексиз сүйөм. Сыйлайм. Ал да менин оюм менен болуп, көңүлүмдү оорутпай сыйлап турат. Эң башкысы сүйөт. Ал экөөбүз аруу махабатка кабылганыбызга он жылдан ашты.
Кызганыч
Кызганыч деген өтө жаман сезим экенин жакында түшүндүм. Сүйгөн адамымды катуу кызганып алып, кайра өзүмчө жаман болдум. Эми сүйгөндөн кийин кызганбай койбойт экенсиң да. Ошентсе да "мындан ары кызганбайм, кызганыч сүйүү эмес" деп өзүмчө ойлонуп калдым. Анткени сүйгөн адамың эмне кылса дагы, эгер сүйгөнүң анык болсо анын бардык нерсесине макул болосуң да. Ушул себептен мен кызгануу сезимине башкача карап калдым.
Үйбүлө
Үйбүлөдө негизи эркек киши баш болуш керек да. Анан эркек баш болсо, аял төш болуп эриш-аркак жашашса дейм. Бири биринен сыр жашырбай, кеңешип турса үйбүлөдө ынтымак, ырыс-кешик жылоолойт.
Сулуулук, тыкандык
Үйдө жүргөндө такыр косметика колдонбойм. Бирок эптеп эле кийим деп бир нерсени кийип жүргөндү жактырбайм. Иштегенде кыймылдаганыма жеңил деп дайыма тыкан кийинип алам. Анан, албетте, дайыма сулуу болуп, жасанып жүргөндү жактырам.
Алсыздык
Бирөөлөр мени мактап, жакшы сөз айтып алдап койсо, ошо алдап атканын сезип туруп алданып калам. Ага каршы күрөш жасабайм дагы. Жөн гана баш ийип берем. Мендеги алсыздык ушул гана нерсе.
Жалгыздык
Жалгыздыкты такыр жаман көрөм. Үйдө да жалгыз калбайм. Сиңдилерим же кызым бир жактарга кетип жалгыз кала турган болсом, дароо курбуларыма телефон чалып чакырып алам. Же шаша-буша кийинип алып көчөгө чыгып, бир иш таап алам да, ошо менен алектенип жүрө берем. Жалгыздыкты бир да адамга каалабайм. Жалгыздык деген сөздүн өзү эле мен үчүн жаман угулат.
Достук
Досторум аябай көп. Достукка абдан бекеммин. Эч убакта досторумду сатпайм. Бирок мени сатып кеткен достор толуп атат. Ага карабай кайра эле сүйлөшүп, сырымды айтып жүрө берем. Кээ бир адамдар дос болуп жүрсө да, арасынан ишенген адамдарына гана сырын айтат го. Мен болсо антип тандап, бөлгөндү да билбейм. Ар бир досумду өзүмө жакын деп билип сырымды айтып алам да, аягында ишенчээктигимдин айынан жаман акыбалга кабылган учур болот.
Уруш
Такыр урушканды билбейм. Бирөө келип кыйкырып, мага кыйындыгын көрсөтсө сөз менен жеткирүүгө аракет кылам. Ал эми айкырышып, кыйкырышып, ажылдашып урушканга жокмун. Жай түшүнбөгөндөргө унчукпай кутулам.
Бакыт
Ушу дүйнөгө жаралып калганым үчүн бактылуумун. Кудай адам кылып жаратып, сулуулукту, талантты берип койгонуна ыраазымын. 1993-жылы кыздуу болгонумда ушунчалык бакытка бөлөнгөм. Сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес. Ошондогу бийик сезим азыркыга чейин күнү бүгүнкүдөй жүрөгүмдө жашайт. Өтө бактылуумун.

Бурул МУСАБЕКОВА











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan