Коомдук-саясый гезит
№40, 10.06.08-ж.






  Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсо…

Темир САРИЕВ, "Ак Шумкар" партиясынын лидери:
"Оппозицияны угуп-тыңшап, тымызын аңчылык күчөйт…"
Кадр саясатындагы күтүүсүз жүрүштөр же орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт
-"Исмаил Исаков Коргоо министрлигинен кетет" деп мурда эле айтып жүрүшкөн. Кандайдыр бир ыңгайлуу учурду күтүп атышса керек. Исмаил Исакович шымаланып, билегин түрүнүп иштеп, "армияны реформалайм" деп, кээ бир адистердин айтуусунда армияга бир топ жакшы иштерди жасаптыр. Тилекке каршы, кыргыздын саясатында ушундай, эчтеке түшүндүрмөсү, дооматы жок эле бир күндө алып ыргытат, кызматтан кеткени унчукпай, баш ийип берет. Эмне үчүн Исмаил Исаковду Коргоо министрлигинен алып, Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып койду - эч ким түшүнбөдү. "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" демекчи Исаковдун ордуна барган Бакыт Калыев кадрдык адис эмес. Бул деген "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмү төргө илем, каалаган адамымды каалаган жерге отургузам" дегендик. Президенттин кадр саясаты адамдын жөндөмү, билим деңгээли, даражасы таразаланбай, жеке ишеним, берилгендикке карап калды. Бакиевдин көзүнүн агы менен тең айлангандардын күнү тууп аткан учур. Такталбаган мааалымат боюнча Коргоо министрлигинен Орозбаев Кубанычбектин кетиши, Исмаил Исаковдун которулушу боюнча "булар кандайдыр бир иш кылып атканда кармалып калышкан" деген сөз чыгып кетти. Ошондуктан Исаков унчукпай барып отуруп калды. Ага чейин "кандай сүйлөп жиберет?" деп мындан чочулап, "кетиребиз" деп кетире албай жүрүшкөн. Орозбаевдин тез кеткени "финансылык жактан оркойгон кемчиликке жол бериптир, аны угуп, жаздырып алдык" деп айтылууда, чын-төгүнүн билбейбиз. Аларды күтүүсүз алмаштырганы ушу сөздөргө ишенгенге түрткү берет.

Аганы көрүп, ини өсөт
-Жаныш Бакиевдин күзөт кызматынын башына келиши абдан туура эмес. Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам бар, ал мыйзамды эч ким четке чыгарган эмес, иштеп атат. Ал мыйзам боюнча президенттин жакын туугандары түздөн-түз президенттин башкаруусуна кирген структураларды жетектегенге бөгөт коюлат. Күзөт кызматынын башчысы президентке баш ийет, президент менен күзөт башчысы бир тууган ага-ини. Бул мыйзамга каршы. Моралдык жактан да "эмне үчүн президент инисин күзөт кызматынын башчылыгына койду?" деген чоң суроолорду пайда кылды. Эгерде президент жеке коопсуздугунан тынчсызданып атса, инисин жеке жан сакчысы кылып алса эч ким каршы, капа да болмок эмес. Себеби күзөт кызматынын башчысы бир гана президент эмес, мамлекет жетекчилерин кайтарат. Премьер-министр, спикер, Конституциялык соттун төрагасы бар, булар мамлекеттик бийлик бутагында отургандардын коопсуздугуна жалпысынан жооп берет. "Бул кадамы менен президент бардыгын тең өзү көзөмөлгө алып калабы?" деген суроо туулуп атат. "Президент инисинен бөлөк эч кимге ишенбейт, иниси аркылуу тегерегиндегилерге көзөмөл кылат" деген сөздөрдүн чындыгы бар. Биринчиден, командасына көзөмөл кылса, экинчиден, бул өзүнө-өзү ишенбестик болуп кооптонуп атат. Үчүнчүдөн, бул биздин бүгүнкү жалпы саясый акыбалды, кандайдыр бир кооптонуу, коркунучтар бар экенин көргөзүп турат. Бул эмнеден келип чыгып атат? Эгер президент таза, ачык-айкын, туура саясат жүргүзсө, эл ишеним артып, ар түрдүү сөз чыгышына жол бербейт эле. Коопсуздукту чечиш үчүн саясат күзгүдөй тунук болушу зарыл. Биз "тууганчыл, үйбүлөлүк, жердешчил, коррупцияга чырмалышкан саясаттан кетебиз" десек, анда мамлекеттин саясатын өзгөртүшүбүз керек эле, андай жок, моралдык жагынан да абдан кыйын. Бакиев президент болгондо "мен эч качан тууганчыл, жердешчил, үйбүлөлүк саясатка жол бербейм, бир туугандарым, балдарымды саясатка кийлигиштирбейм" деп убада берсе да, бүгүн баары тескерисинен чыгып, бир туугандары саясат башына отуруп, кадрларды каалагандай калчап, колунан иш келбегендер кызматка конуп, мыкты адистер көчөгө түртүлүп калып атат. Мамлекеттик күзөт кызматы күч органдарга кирип, анын өзүнүн тескеп-иликтеп, оперативдик кызмат кылган оперлери, чалгынчы-тыңчылары, куралдуу тез реакция жасаган тобу бар. Эми мунун баары Жаныш Бакиевдин карамагында болуп, алар мамлекет башында турган адамдарды кайтарып, коргогондон сырткары башка жумуштарга да кийлигишип кетпейт деп эч ким кепил боло албайт. Оппозицияны, чындыкты сүйлөгөн патриотторду угуп-тыңшаганга, тымызын аңчылык кылганга, кандайдыр бир иш-чараларды жасап, "мамлекет башчысына же бийлик бутагында отурган адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурууда" деп айрым адамдарды камап, коркутуп-үркүткөнгө мүмкүнчүлүк алат. Муну менен өлкөдө кыйын кырдаал түзүлүп, карама-каршылыктарга да кептелебиз. Анын үстүнө мамлекеттик күзөт кызматы "координациялайбыз" деп күч органдарынан толук маалымат алып, өз кызыкчылыктарына колдонуп жибериши да мүмкүн. Деги эле бизде ушу маселе боюнча ачык-айкындык жок болуп калды. Бул сөзсүз түрдө атайын мыйзам менен көзөмөлдөнсө болмок, жооптон көрө суроо көп. "Жакшылыктын жышааны болгон жок, айла кеткенден барган кадам" деп атышат. Анысы чын болсо президент күзөт жагын күчөтпөй, саясатты оңдосо көп нерсе утмак.
"Өзүмдү өзүм билем" саясатына ынтымаксыз оппозиция да салым коштубу?
-"Оппозиция бириге албай алсырады, президент саясатына таасири жок" дегендерге айтаарым, оппозиция алсыраган жок, оппозицияда ар түрдүү көз караштагы адамдар бар. Ачыгын айтканда азыр бир гана оппозиция эмес, мамлекет да жаңыдан бутуна туруп келаткан убак. "Оппозициянын программасы жок, алар бириге албайт" деп сындаган бийлик тыңыраак программа түзүп, бириге алдыбы? Мына Мадумаров менен болгон окуяны алсак, бул түздөн-түз бийликтин ынтымагы ыдырап, саясаты сайда калганынан кабар берет. Кечээ эле Мадумаров президент үчүн өпкө-жүрөгүн чаап, көкүрөгүн кагып, бир кезде шилекей алышып, чогуу жүргөн шериктерин асман-айга чыга чакчырыла жамандап, "Кыргызстанда баары сонун, аны абдан акылдуу адам башкарып атат" деп чаң жугузбай жүргөн, бүгүн аны үйбүлөнүн короосунан "узатып" коюшту. Айласы кеткенде "президент эки сүйлөйт экен, мындай саясат кылганга болбойт" деп өзү бийликтин башкы бутагында отуруп айтканга мажбур болду.Эгер башкалар айтса "булар Бакиевди, бийликти көрө албайт" дешчү, президенттин жанында үч жылдан бери жүрүп, эң жакын адамы болуп, төшүн дзотко тоскон адамы айтты. Бул деген бийликтин дараметин, ичинде болуп аткан кыймыл-аракеттин баарын тең ачык көргөзүп турганы деп түшүнсөк болот. Кээ бир кадрдык жүрүштөрү да ушуга байланыштуу. Оппозицияны көөлөп, "бийликте баары сонун, күзгүдөй тунук" деген - көз боемочулук, жеткен калпычылык. Ооба, оппозицияда да кыйынчылыктар, кемчиликтер бар. Эгер алар "оппозиция бириксе эле Бакиевди алып түшөт" деп кооптонуп атышса чоң жаңылышат. Маселе Бакиевди алып түшүү эмес, мамлекеттин саясатын өзгөртүүдө. "Кайсы жол менен барабыз, кантип өнүгүп-өсөбүз, ким өзгөртөт, ким ачык, таза саясат кыла алат?" деп баарыбыз баш оорутушубуз керек. Азыр акылдуусунуп, философиялык сөздөрдү айтып, асманды убада кылбай, жөн турмушту кеп кылса, кыйынчылыкты эл түшүнүп, жардам бермек. Эл күн сайын турмушта болуп аткан акыйкатсыздык менен бет келишип, жакшылыктан үмүттөрү үзүлүп барат. Мен "бүгүнкү бийликте бийликтин арыгын чаап, "экспертмин, саясат, коом таанучумун" деп жүргөндөрдүн бир синдрому бар" деп айткам. Алар "оппозиция жүгүрүп келип бийликти күч менен тартып ала электе буларга каршылык көргөзүп турушубуз керек" деп турушат. Үч жыл өтсө да ушу синдромдон арыла албай коюшту. Бирок, бүгүнкү жүргүзүлүп аткан саясат көптөрүнүн көзүн ачып, кандай жол менен бийликти алмаштырбаш керек экенин далилдеди.
-Кеп өзүнөн өзү Мадумаровго бурулуп кетти, эми биз сурабай сиз айтпай койсоңуз болбойт. Адахандын кийинки тагдыры кандай болот да, жаңы спикер бизди эмне менен кубантып, эмне менен күйүнтөт?
-Шайлоодон кийинки окуялардын баары Кыргызстанда парламент жоктугун далилдеп атат. Парламент - жөн эле добуш берүү машинасы. Алар эч кимди сүйлөтпөйт, эч нерсе талкуулашпайт, эч нерсе чече алышпайт. Кандай команда түшсө ошону "ляппай" деп аткарышууда. Орчундуу маселелер, Кыргызстандын келечек тагдыры каралып атканда парламент чоң келишпестикке барып, ызы-чуу түшпөй, момпосуйдай момоюп отурушат да, жөнөкөй маселеде кыйкырып чыккандары бул өздөрүнүн ичиндеги биримдиктин жоктугун, ирип-чирип, бирин бири көрө албай, бирине бири аң казып аткандарын көргөзүп турат. Тилекке каршы, парламентте өлүү жымжырттык, бул келечек үчүн жоготуу кыймыл аракетин билгизип, баасын берүүдө. Буга бийлик бутагында отургандар канчалык парламент алсыз болсо, ошончолук кыргыздын саясатынын, элдин дарамети, кадыр-баркы жоголоорун түшүнбөй, "биз парламентти өзүбүз билгендей шайлап алып кыйратып, жыргап атабыз" деп шапар тээп атат. Кечээки окуялар сабак болбогону өкүнүчтүү. Өкмөт алсыздыгынан эч нерсени чечпесе, парламенттин буту-колу тушалса, сот бийлиги сокурлукка жетеленип, көз карандысыздык туткунунан чыкпаса, эркин ММК куугунтукталып, жок кылынып атса - бул не деген мамлекет? Бул элди, мамлекеттин келечегин сыйлабастык, күчтүү саясатты сыртка түртүп, каалагандай калчап, каалагандай чайкаймын дегендик. Муну менен биз эч нерсе утпайбыз, көбүрөөк уттуруп атабыз. Ал эми Мадумаровдун келечеги деген маселе мени кызыктырбайт, бул кыргыздын тагдырын чечкен маселе эмес, Адахан үч жыл мурун өз тагдырын өзү тандап алган. Ал эми Тагаев жөнүндө айтсам, бизде 5 миллиондон ашык эл бар. Анын баары - жакшы эл, эч ким эч кимди жаман дей албайт. Бирок, ар кими өз ордуна отуруп, өз ордун табыш керек. "Бүгүнкү парламент күчтүү, парламентке элдин ишенимине татыгандар келди" десек, анда биз парламенттен таптакыр башка адамдарды, таптакыр башка спикерди көрөт элек, парламент саясаты минтип өлүк болбойт эле. Тилекке каршы, парламентте ой жүгүртүүсү, билим деңгээли бийик, интеллектуалдык көрөңгөсү мол адамдардын ордуна, элге таанылбаган, өздөрүн көргөзө албаган, эмне болсо ошо болсун деп баарына кол шилтеген азаматтар отурат. Алардын келгенинин бир эле кызыкчылыгы бар, булар парламентти жеке бизнесин, кызыкчылыгын коргогон орган катары кабыл алып келишкен. Мадумаров "кимиңер канча акча төлөп келгениңерди билем" деп бекеринен айтпаса керек. "Ак жолго" ар кимиси взнос төлөгөн, "эми ошо акчаны кантип кайра алабыз" деп кээсинин башы ооруса, кээси кечээ эле бийликти сындап, кыйкырып жүрүшкөн, бүгүн айга-күнгө теңеп, мактап, кошомат кылып отурушат. Бул эмне? Бул принциптин жоктугу. Бирок, айтып кетейин, кыргыз үчүн күйүп-жанып, кыргыз деп жүрөгү соккон кыргыздын патриот уул-кыздары көп. Уучубуз кур деп үмүт үзбөйлү.
-Президент баш болуп "саясат" деп баары саясатка кирип кетти, а кымбатчылык, жокчулукка көңүл бөлгөн киши аздай. Сиз дасыккан экономист катары айтсаңыз, кыргыздын турмушунда деги жакшылык болобу? Акыркы күндөрү шекер, ун ж.б. товарлар кескин түрдө кымбаттап барат.
-Дүйнөлүк эксперттердин анализи боюнча азык-түлүк багытындагы проблемалар мындан ары курчуй берет. Өнүккөн өлкөлөрдөн азык-түлүк баасы жогорулашы стабилдештирилди деп атышат. Жакында Римде БУУнун жетекчилиги менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча чоң жыйын өттү. Жыйында чыгып сүйлөгөн адистер "акыркы 20 жылда дүйнөдө болуп аткан саясаттын кесепети" деп айтышты. Анткени, өнүккөн мамлекеттер өздөрүнүн айыл чарбасына дотация берип, колдоп, өздөрүн өздөрү камсыз кылып алган. Ал эми өнүгүп келаткан мамлекеттерге "силер дүйнөлүк соода уюмуна кирип, эл аралык финансылык стандарттарга жооп бериш үчүн айыл чарбасын кое бергиле, мамлекеттик көмөк көргөзбөгүлө" деп айтып, талап кылгандарды күнөөлөп атышат. Андай саясаттан Кыргызстан да кур калбай, биздин агрардык реформа да ошого такалган. Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фондусу, Азиаттык банк ж.б. уюмдар катуу үстөмдүк көргөзүп, "айыл чарбасына мамлекеттик колдоо болуп, дотация бөлүнбөсүн, эркин болсун" деп келишкен. Өнүгүп келаткан мамлекеттер абдан чоң кыйынчылыкка тушугуп, өздөрүн өздөрү азык-түлүк менен камсыз кыла албай калды. Анын үстүнө Индия, Кытай, Чыгыш-Түштүк Азияда абдан чоң өсүш болуп, жашоо-турмуш жакшы жагына өзгөрүп, аларда азык-түлүккө суроо-талап көбөйдү. Баарын билип туруп Кыргызстан да агрардык саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүп, шашылыш түрдө кыска жана узак мөөнөттүү программа иштеп чыгышыбыз керек эле, буга бүгүнкү өкмөттүн дарамети жетпей, колунан да келбей калды. Былтыртан бери баалардын өсүү тенденциясын какшап айтып келатабыз, бирок, эчтеке кыла алышпады. Баанын өскөнүн жөнөкөй түшүндүрсөк, биз шайлоодо жүргөндө Асылбаш айылынан бир аксакал "ай, Темир, бу кандай, мен Акаев бийлигинде пенсияма бир мүшөк ун алчумун, Бакиев бийлигинде кемпирим экөөбүздүн пенсиябызды кошсок да бир мүшөк унга жетпей калдык" деди. Бул түздөн-түз инфляцияны, азык-түлүккө болгон кош көңүл саясатты көргөзүп турат. Бул маселе мындан да курчуй берет, мисалы, Кытайдын өкмөтү атайын чечим кабыл алып, өздөрүнүн бизнесмендерине кайрылуу жасады. Кайрылууда "өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чечиш үчүн силер Кытайдан тышкары мамлекеттерде жер сатып алууга катышышыңар керек" деп үндөп атат. Көргөзмөдө Бразилия, Түндүк Африка, КМШ мамлекеттери бар. Эгерде ушу тенденция кете турган болсо Кытай көп жагынан азык-түлүк продукциясын сыртка чыгарып атса да эртеңки күнүн ойлоп атат. Бизде саясатты туура кылып, бир топ мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, сөзсүз түрдө ирилешкен чоң кооперативдик чарбаларды түзүү зарыл. Антпесек биз өзүбүздү даназык менен камсыз кыла албай, абдан чоң жоготууларга барабыз. Бүгүн эгиндин ахывалы начар, түшүмдүүлүк аз болуп, эгиндин дефицити келип чыгат. Дефицит баанын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Коопсуздук кеңеши ушу маселени караш керек эле, эмгиче карала элек. Өкмөт, мамлекет саясатына түшүнүү кыйын. Акүйдүн арыгын чапкандар "экономикабыз начар, элибиз жалкоо" деп атпайбы. Жок, Кыргызстандын экономикасынын структурасынын түзүлүшү абдан жакшы, бир жактуу экономика жок. 28 пайызын айыл чарба продукциясы, 20-22 пайызын өндүрүш, 30-35 пайызын тейлөө тармагы, 5-10 пайызга чейин финасылык инструменттер түзөт. Мамлекет туура эмес, сабатсыз экономикалык саясат кылып атса да, экономикабыздын системасынын структурасы мыктылыгынан, элибиздин эмгекчилдигинен улам экономикабызды нөлгө түшүрбөй кармап жүрөбүз, антпесек небак итке минмекпиз.

Мадумаров "кимиңер канча акча төлөп келгениңерди билем" деп бекеринен айтпаса керек. "Ак жолго" ар кимиси взнос төлөгөн, "эми ошо акчаны кантип кайра алабыз" деп кээсинин башы ооруса, кээси кечээ эле бийликти сындап, кыйкырып жүрүшкөн, бүгүн айга-күнгө теңеп, мактап, кошомат кылып отурушат.


Эгерде президент жеке коопсуздугунан тынчсызданып атса, инисин жеке жан сакчысы кылып алса эч ким каршы, капа да болмок эмес. Себеби күзөт кызматынын башчысы бир гана президент эмес, мамлекет жетекчилерин кайтарат. "Президент инисинен бөлөк эч кимге ишенбейт, иниси аркылуу тегерегиндегилерге көзөмөл кылат" деген сөздөрдүн чындыгы бар. Биринчиден, командасына көзөмөл кылса, экинчиден, бул өзүнө-өзү ишенбестик болуп кооптонуп атат.

Жылдыз МУСАБЕКОВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan