Коомдук-саясый гезит
№40, 10.06.08-ж.






  Актерек көктерек

Ишенбай Кадырбеков дагы эки ай абакта отурмак болду
Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков камакта дагы эки ай отура турган болду. 6-июнда Ленин райондук соту ошондой чечим чыгарды. Буга КРнын Финансылык полиция кызматы Кадырбековдун камак мөөнөтүн дагы эки айга узартуу тууралуу өтүнүч каты себеп болду. Эми Ишенбай Кадырбеков № 1 Бишкек тергөө изоляторунда 6-августка чейин отурмакчы.
Ишенбай Кадырбековду колдоп, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен 800 жердеши, элге кеңири белгилүү коомдук ишмерлер, эл жазуучулары, парламенттин депутаттары кайрылганы эч кандай майнап берген жок.

Адахан мыкты
бильярдчы
Экс-спикер Адахан мырза президентке, Акжолчуларга шакардай кайнаган жинин бильярддан чыгарды. Бильярд федерациясы менен "Кыргыздипсервис" өткөргөн бильярддык турнирде биринчиликти эч кимге берген жок. Турнирден түшкөн каражатты уюштуруучулар Ысыката районундагы "Келечек" балдар үйүнө тапшырмак болушту. Ошентип акыркы күндөрү туш тараптан тепки жеген Мадумаров жок дегенде жетим балдардын ыраазычылыгына татып турсунчу.

Кыргызстанга эки миң түтүн өзбекстандык жаран көчүп келди
"Мусулман Өзбекстан" аттуу интернет-басылманын маалыматына караганда, акыркы жылдарда Кыргызстанга эки миң түтүн өзбекстандык жаран көчүп келип, кыргыз жарандыгын сурашкан. Алардын ичинен 257 үйбүлө кыргыз жарандыгын алышкан, 2000 үйбүлө эч кандай документи жок. Көчүп келгендердин көбү кыргыздар. Буга чейин расмий Ташкенге жарандыкты кабыл алуунун жөнөкөйлөтүлгөн келишими сунуш кылынган. Бирок өзбек тарап андай сунушка макул боло элек. Айтмакчы, Өзбекстан тарап чегарадан өтүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы тууралуу келишимге кол койгон менен, аны да аткарбай создуктуруп келатат.

Эдуард Пак 10 жылга кесилди
Жогорку Соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча соттук коллегиясы "Рентон групп" компаниясынын башчысы Эдуард Пакты 10 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, 30 миң сом айыпка жыккан Бишкек шаардык сотунун быйылкы 18-марттагы чечимин күчүндө калтырды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басмасөз кызматы билдирди. Ошентип, Чубактын кунундай чубалган "Рентон групптун" ишине чекит коюлду. Эдуард Пак компанияга акча салгандарга кайтарып бере турган сумма 187 миллион сомду түзөт.

Түздөнгүлө, финполиция!
Гезитибиздин өткөн санына да жазганбыз, бир канча курулуш фирмаларына финполициянын келип башаламан текшерип жаткандыгы жөнүндө. Андан бери токтоп калгандыр десек жок, кайрале жүдөтүшүп бөрү жүрүшкө салып текшерип жатышыптыр. Бул боюнча бизге курулуш фирмалары бир канча ирет кайрылышты. Финполиция аларга төмөнкү талаптары менен текшерип, кокодон алып жаткан экен:
- Ишкананын учредителдеринин жана жетекчи курамынын тизмесин;
- Алар кайсыл объектилер боюнча подрядчик жана субподрядчик болушканын;
- Кандай тендерлерге катышкандыгын;
- Курулуш ишмердүүлүгү үчүн лицензия менен уруксатты качан алышканын;
- Салган объектилеринен квартира сатып алышкандардын тизмесин;
- Квартира сатып алган адамдардын ичинде Ишенбай Кадырбековдун туугандары жана жакындары бар экенин тактоо;
- Курулуш материалдар менен ким камсыз кылаарын тактоо
- Салык төлөмдөрү боюнча бухгалтердик документтерди текшерүү. Салык төлөмү боюнча сурак кылганга жалгыз салык инспекциясынын гана укугу бар экенин эстерине алып койгулары жок.
Мынакей укурукчулардын абалы, тигил жагынан президент ишкерликти колдогула десе, бул жагынан акча "сындырганын" али токтотуша элек.

Элмира Ибраимова "мыш" болду
Вице-премьерлик ээрге олтуруп-олтурбай Элмира айым туристтик сезонго карата көл жээгиндеги пансионат-эс алуу жайлары менен таанышып-текшерүүгө барган. Кашайып "Насип жана Нур" жеке пансионаты вице-премьерди каакы ордуна көрбөй, пансионаттын ичин кой, аймагына да жолотпой койду. Ал пансионат экс-баш прокурор Асанбек Шаршеналиевдин уулу Арстан Шаршеналиевге тиешелүү экен. Жаалданган Элмира айым "сага көрсөтпөсөм элеби" деген кыязда жер сабап кетти. Бирок, менчик ээси "өзүн өзү билет, өтүгүн төргө илет". Ошондуктан парламентте Ибраимова "Ак жол" фракциясын башкарып турганда кыргыздын патриот уулдары "казактарга, деги эле башкаларга жер, суу бергенди токтотолу" деп пансионаттардын берилишине катуу каршы турганда, Элмира айым кабагым-кашым деген эмес. Эми эмнеге жер сабайт дейбиз да.


Парламент
кымбатчылыкка каршы чара көрө баштады
Жогорку Кеңеш ундун жана өсүмдүк майынын экспортуна бажы алымдарын киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомун жактырды. Документте буудайдын данына килограммына 15 сомдон, унга 30 сомдон, чемичкеге 20 сомдон жана өсүмдүк майына 100 сомдон экспорттук алымдар каралган. Документти жактаган экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтымында, бул алымдар 6 айлык мөөнөткө чейин бекитилет (www.Zpress.kg 06/06/08).
Мындай чечимдерди башка көптөгөн мамлекеттер да кабыл алууда. Мисалы, Россия 1-сентябрга чейин ЕврАзЭС өлкөлөрүнө буудайды жана өсүмдүк майын ташып чыгууга тыюу салган. Кыргызстан Москва тарапка бул тыюуну Кыргызстанга карата колдонбогула деген өтүнүч менен кайрылган. Россия тарап буга макул болуп, бирок аталган товарлардын бажы наркынан 40% өлчөмүндө бажы алымын орноткула деген шарт койгон экен. Анысы - силерге мурунку баада саталы, бирок андан ары сатылып кетпешине чара көргүлө деген сөз.

Равшан келет, келбейт
Алыскы Америкада окуп жүргөн Равшан мырза окуусун бүтүрүп, "туулган жердин топурагы алтын" деп Кыргызстанга аттанууну көздөп турганда атасы Бабурбек уулунун Кыргызстанга кайтып келүүсүнө каршы чыкты. Атасы тургай дос-жоролору да "бу бийликтин түрү жаман, келсең эле камашат, андан көрө аман-эсен Америкада жүрө бер" деп кабатырланышууда. Равшан Бабурбекович болсо 11-июнга өлкөсүнө билет алып алып, "келсемби, келбесемби" деп арсар абалда. Непадам Жээнбеков Бакиевдердин арыгын чаап, сөзүн сүйлөп турганда мынчалык куугунтукка тушукпайт беле, ыя?!

МЧС-революционерлердин киллериби?
Акыл токтотуп, абай салып караган адам өзүнө "бу Бакиев менен Садыркулов кантип эриш аркак иштешип калышты, аларды эмне бириктирип турат" деген собол ташташы мүмкүн. Садыркуловдун администрация башында башкы саясий рулду кармап кебелбей отурушун бирибиз Назарбаевдин калдайган карааны менен турат дедик, дагы бирибиз Максимдин күчү менен дедик. Айтор, ага жоопту алыстан издедик. Алыстан издегенибиз бийликтин өзүнө ого бетер майдай жагып "ошентип ойлой бергиле, кемпайлар…" дешип май тамган мыйыктарынан мылжыйышып тургандары. А бирок бул экөөнү баарыдан мурда эң жөнөкөй эки нерсе жипсиз байлап турганын айта кетели. Биринчиси Акаев кезиндеги бул ортосаар эки саясатчы экөө тең бири-биринин оңой эмес косяктарын жакшы билишчү. Ыңкылаптагы жана андан кийинкилерин андан бешбетер. Анын үстүнө Медет Чоканичтин АААны бийликтен кетирүүгө жардамы тийген өзгөчө "стратегиялык эмгегин" да азыркы ажо бери болгондо баалагысы келет. Бул экөөнүн "ынтымагы" жөнүндө учкай айтылган биринчи жалпылык. Экинчиси болсо Бакиевге МЧСтей курал бу мүлдө кыргызда табылат беле жок беле,чоң суроо. Чоканичтин ыңкылаптан кийин ажого берген бир кеңеши ажо үчүн тактыны экинчи ирет алып берген менен тете иш болгон. Ал эмне болгон кеңеш дебейсиңби-жанындагы бийликти алышып берген чыныгы революционерлерди ордодон жок кылуу. Анткени алардын арасында чыныгы көкжалдар бар эле, революциянын анык кылычын аягына чейин шилтегенди көксөгөндөр бар эле. Аягы келип ыңкылап кантип жасалганын үтүр, чекитине чейин толук сырын билген каармандар бар эле. Аларды аягына чейин айткан дегенин угуп чыдап кармап жүрүүгө мүмкүн эмес болчу. Убакыт өткөрүп четинен жоготуш керек эле. Мындай тарыхта бар бай тажрыйбаны Ажонун кулагы чалаар замат түн уйкусу төрт бөлүнөт. Акыры айланы Медет мырза өзү табат. Ажо ДОСТОРУН өз колу менен чыза албайт болчу. Ошентип "колу жеңил" Медет мырза чыгат. Ошону менен жетинчи кабатта революционерлер үчүн адистешкен "киллер" пайда болот. Ошол эреже боюнча бүгүн четинен тазаланып атканы. Мындай эмгеги үчүн Бакиев Чоканичти администрациясына эле эмес, мойнуна мингизип жүргөнгө даяр. Анык революционерлер Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаровдордун четке сүрүлүп калгандарын айтпай ак коелу, Үсөн Сыдыков өңдүү арстандар ажосунан кантип тебилип калганын эстей калышканда аргасыз МЧСке тишин кычыратып тим болуп отуруп калышкан кездери. Ал эми чоң миссия аткарылып бүтөөр замат МЧСтин өзүнө да кезек келет. Кыргыздын мыкты уулдарына ор камдап жатат деп ага Бекназаров туура баа берген. Демек мыкчыган бийлиги колдон тайганда Чоканич Акаевден алыс качып жоголоору турган иш.


Даярдагандар Жылдыз Мусабекова, Жыргалбек Касаболотов











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan