Коомдук-саясый гезит
№39, 05.06.08-ж.






  Министрлер парады

Турсун Турдумамбетов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин жетекчиси:
"Түндүкэлектр", "Бишкек жылуулук тармагы" менен Бишкек ТЭЦинин мүлк комплексин баалоо жүрүп жатат"
- Турсун Осмоналиевич, маегибизди энерготармакты жеке колго өткөрүүдөн баштабасак болбойт го. Өткөндө Интернетте Бишкек ТЭЦ, "Түндүкэлектро", "Бишкек жылуулук тармагы" үчөө бир пакет менен сатылат деген маалымат чыкты. Ушуга токтолсоңуз.
- Адистердин баамында, өлкөбүздүн электр энергиясына муктаждыгын толук камсыз кылуу үчүн энерготармакка ири өлчөмдөгү инвестиция керек. Каражаттын жетишпестигине байланыштуу, тилекке каршы, мамлекет керектүү өлчөмдөгү инвестиция сала албайт. Ушул себептен, жеке менчикке берүүнүн максаты-инвестиция тартып, энерготармакты бутуна тургузуп, өнүктүрүү.
Бишкек шаарынын ТЭЦине Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскады жөнүндөгү мыйзамда өзгөчө статус берилген. Ошол мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ТЭЦке инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бөлүштүрүүчү компания менен жылуулук тармак тууралу да өзүнчө программага өзгөртүү киргизилген. Андан кийин айтылган үч компаниянын менчиктештирүү жолдорун иштеп чыгуу максатында өкмөттүн чечими менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топ анализдеп карап чыгып, "Түндүкэлектр", "Бишкек жылуулук тармагы" жана Бишкек ТЭЦи - булар бири-бирине байланышкан мекемелер, ошон үчүн бир пакет менен менчиктештирилсин деген сунуш киргизген. Мисалы, "Бишкек жылуулук тармагынын" функциясы-ТЭЦ чыгарган энергияны элге жеткирип туруу. Ал ТЭЦ энергия өндүрүп бербесе өзүнчө жашай албайт да. "Түндүкэлектр" менен Бишкек ТЭЦи экөө бири-бирин толуктап турат.
Өкмөт бул жумушчу топтун сунушун карап чыгып, өзүнүн токтому менен жактырып, үч компаниянын баалоосун биздин мекемеге тапшырган. Бүгүнкү күндө комиссия түзүлүп, көз карандысыз баалоочуларды чакыруу менен "Түндүкэлектр", "Бишкек жылуулук тармагы" ААКоомдордун акцияларынын мамлекеттик пакеттеринин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлк комплексинин баалоосу жүрүп жатат. Баа берилип бүткөндөн кийин шарттары бекитилип, анан инвестициялык тендер жарыяланат.
- Демек, бул үч объект бир инвестордун колуна тиет да?
- Ошого аракет кылабыз.
- Бул пакеттерге кимдер кызыгып атат? Машкевич деп айтып атышат?
- Машкевич деп жатышат, казактар дешет, россиялыктар деп калышат. Азырынча бизге инвесторлор кайрылыша элек. Тажрыйбага ылайык инвестициялык тендер өткөрүү боюнча атайын жарыя берилгенден кийин, бизге расмий түрдө кайрылышат. Ошондо гана кимдер анык кайрылып жатканын айталабыз.
- Айрым эксперттер биздин ирип-чирип калган система инвесторлорго кызык эмес деп, келгендерге рахмат айтышыбыз керек деп атпайбы. Сиздин пикириңиз да ушундайбы?
- Биздин мамлекет баарына эле кызыктуу деп айтууга болбойт. Ар бир инвестор келатканда пайда көрөйүн деп келет, ал эми келген инвестордон мамлекет да пайда көрүш керек. Кээ бир учурда биз инвестор тапканыбызга ыраазы болобуз. Бул жагынан алганда сиз айтып жаткан эксперттердин пикирлери туура. Экинчи жагынан мамлекеттик мүлктү сатуунун максаты-ишканалардын жандануусуна жана өнүгүшүнө инвестиция тартууда. Ошондуктан мамлекеттик менчикти биз койгон шарттарга туура келген инвесторлорго гана беребиз. Эгерде биздин шарттарды аткара албаган инвесторлор кайрылган болсо, комиссия аларды кароодон четтетип коёт.
- Шарттар кандай болот жана алдарды ким аныктайт?
- Баа берүү бүткөндөн кийин шарттарды комиссия аныктайт, анан бекитет. Бул комиссиянын курамына тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү киришет.
- Мисалы, бир суммага бааланды дейли, ошол суммага жеткен эле алабы, же бул сумма баштапкы баа болуп калабы?
- Албетте, ал баштапкы баа болот. Бааны өзүнчө караган болбойт. Баа инвесторлорго коюлчу шарттарынын бири гана болуп саналат. Мамлекет үчүн башка шарттар дагы өтө маанилүү. Мисалы алсак, инвестициялардын багыты, өлчөмү, мөөнөтү жана ошондой эле тарифтик саясаты ж.б.
Биздин мамлекетке көзү түз, узак мөөнөткө келген инвесторлор керек. Кыска мөөнөткө келип туруп кетип калган инвесторлордун бизге кереги жок.
- Канттагы цемент-шифер комбинатын Адиль Тойгонбаевден кайра алып, мамлекетке кайтаруу маселеси революциядан кийин көтөрүлдү эле. Бул ишкана боюнча кырдаал кандай? Азыр кимдики деги?
- Биз экинчи сатып көзөмөл кылбайбыз. Бүгүнкү күндө ал жакта биздин үлүшүбүз жок. "Мурда туура эмес кеткен, мамлекетке кайтаруу керек" деген сөздөр айтылып жатпайбы. Анын баарын сот гана айта алат. Мүлк менен байланышкан талаштарга сот органдары баа берет жана алардын чечими менен гана кайтарууга болот.
- Ысыккөлдөгү пансионаттар жөнүндө бир аз айтып бербесеңиз болбойт го? Ысыккөл жээгинде казактардын 60тай пансионаты бар деген маалыматтар бар.
- Пансионаттарды менчиктештирүү 1998-жылы башталган. Биринчи күндөрү пансионат алам деп жүткүнгөн кишилер жокко эсе болчу. Баасы да арзан болчу. Аларды тендерге чыгарганда, эч ким албай, кайра-кайра койгон учурлар да болгон. Менин байкашымча, пансионаттарга кызыгуу 2002-2003-жылдан баштап эле жанданды.
Ысыккөл жээгинде казактардын 60тай пансионаты бар деген маалыматтар бар дегениңизге токтолуп кетсем, пансионаттарды менчиктештирип жаткан кезде, бизден түздөн түз үч эле казак компаниясы алган. Калгандары болсо экинчи сатык аркылуу кетиши мүмкүн. Биз аны көзөмөлдөбөйбүз.
Бизге инвесторлор келе берсин, аларга жаңы имараттарды салганына жол ачыш керек. Курганын алар эч качан көтөрүп кетпейт, алар иштетсе бизге салык түшө баштайт. Биздин жарандар иштейт, продукциялар өтө баштайт. Мындай жагдайларга жол ачуу менен бирге экология жана санитардык нормаларды бузбоону көзөмөлдөп туруу биздин милдет.
Мен Малайзияда болдум. Ал жакта 90%дан ашыгы чет өлкөлүк инвесторлор. Бирок алар гүлдөп жашап жатпайбы. Кээ бир бай мамлекеттер акчасы жетиштүү болсо дагы чет элдик инвесторлорду алып келишет. Бул нормалдуу тенденция.
Биз башка бирөөлөр келип салса кызганып жатпайбызбы. Менин оюмча, инвесторлорго ачык жол ачып берип, тиешелүү пайыздан кем эмес жергиликтүү кызматкерлердин эмгектенишин, алардын айлыктарын төмөнкү ченемден кем эмес төлөнүүсүн талап кылган мыйзамдар кабыл алынышы зарыл. Антпесе калкыбыздын эмгеги арзан болуп жатпайбы.
- Чечим чыккан төрт пансионат боюнча айтып берсеңиз. Кандай шартта болду?
- Муну да элдер жакшы түшүнбөй жатат. 1992-жылы Союз таркагандан кийин мамлекет башчылары келишим түзгөн. Ал келишимдин негизинде төрт пансионат биздин менчик болуп калыш керек эле. Союз таркаганга чейин кожоюндары казактар болчу. Биздин президент "За исключением" Кыргызстандын менчигинде калсын деп кол койгон да. Бирок убагында бул пансионаттар боюнча өткөрүп алуу процедуралары жасалбай, баланска коюлбай калган. Казактар болсо өздөрүнүн менчиги катарында эсептеп жүрүшкөн. Алар ушул күнгө чейин иштетип келишкен.
2003-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтү "менчикти таануу" боюнча келишим түзүп, "мүлктүк менчик" деп кол коюлган. Бул жери менен дегенди түшүндүрөт. Ал келишим Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган эмес.
Бул маселе боюнча Феликс Куловдун жакшы эмгеги бар экендигин айтып кетким келет. Ал 2006-жылы премьер-министр болуп турган учурда Таразга барып Казакстандын өкмөтү менен сүйлөшүп, "жерибизди бербейбиз, үстүндөгү имаратты гана тааныйбыз" деп макулдашып, ал жерде 80%дан кем эмес кызматкерлер биздин жарандар болсун, мүмкүн болушунча жыл бою иштей турган 3 жана 4 жылдыздуу деңгээлдеги отелдерге чейин жеткирилсин деп макулдашып келген. Ошондон кийин гана 2003-жылы кол коюлган келишим жокко чыгарылып, жаңы келишим түзүлгөн жана Жогорку Кеңештен ратификациядан өтүп, юридикалык күчүн алды.
Кээ бирөөлөр айтып жаткандай, биз өзүбүздүн менчигибизди берген жокпуз, анткени ушул күнгө чейин биздин менчик болуп катталган эмес. Ошондуктан келишимде таануу жөнүндө сөз бар.
- Жерге ижара акысын төлөйбү?
- Албетте. Жер биздики болгондон кийин биз үстөмдүк кылган өнөк болобуз. Канчалык үстүнө имарат курган сайын биздин үстөмдүгүбүз ошончолук өсөт. Анан ижара акысын биз аныктап жатпайбызбы. Менин оюмча ижараны өтө көтөрүп койбошубуз керек, анткени инвесторлорду бизге келип мекемелерди курууга кызыктыруу зарыл. Алар курган имараттар бизде калат да.
- Турсун Осмоналиевич, соңку бир жылды алсак, канча ишкананын статусу каралды? Приватизация болдубу, же реприватизация болдубу?
- Реприватизацияга эч качан барбашыбыз керек. Бул жолду бир багытыбыздан кайра артка кеткендик деп түшүнсө болот. Көпчүлүгү реприватизация менен мыйзам бузуучулукту алмаштырып коюп жатышат. Менчиктештирүү процессинде мыйзам бузуулар болсо, алар мыйзамдын чегинде гана каралат. Эгерде мыйзам бузуу менен менчикке өтүп кеткен болсо, кайра мамлекетке кайтарылышы керек. Муну реприватизация деп түшүнбөш керек. Дагы айтып кетчү нерсе, эгерде инвестор өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаса, ошондой учурда дагы мүлктү кайра мамлекеттин менчигине кайтаруу зарыл. Менчиктештирүүдө болгон мыйзам бузууларды жана милдеттенмелерди аткарбаган учурларды иргеп чыккан Укуктук көзөмөл башкармалыгыбыз бар. Мамлекеттин мүлкүн жеке менчикке берүүдө инвесторлордун "Мындай иштерди жасайбыз" деген конкреттүү сунуштары милдеттенме катары алынып, анын баары келишимде жазылат. Келишимдин аткарылышы көзөмөлдөнөт. Инвесторлор квартал сайын Укуктук көзөмөл башкармалыгына отчет берип турушат. Отчет бербей, же отчету күмөн болгон учурда адистерибиз барып текшергенге укуктуу. Бул иштер бизде калыптанып калды, кийинки жылдарда буга абдан көңүл буруп, системалуу ишке өткөнбүз. Биздин позициябыз өтө принципиалдуу. Ошондуктан душмандарыбыз да көп. Менчикке алып кеткендер менен соттошуп атсак, алар бизди жакшы көрбөйт да. Ошон үчүн ар кандай жолдор менен бизди каралаганга аракет кылган фактылар көп эле бар.
-Сиздер сотко бир ишкананы бердиңиздер дейли. Адатта жыйынтык кандай болот?
-Биз соттошуп соттон утуп алган учурлар бар, соттон уттурган да күндөр болот. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, башкаруу процесстериндеги ишибизди оңдоп, акыркы алты жылдан бери өзгөртүүсүз келаткан менчиктештирүү мыйзамына өзгөртүү киргиздик. Замандын талабына жараша мыйзамдарга өзгөртүү киргизип туруу зарыл.
-Так ушуну сурайын деп турдум эле, эмне үчүн бул иштен парламентти четтетип койдуңуздар?
-Ооба, менчиктештирүү боюнча программаны Жогорку Кеңештен эмес, өкмөттөн беките турган болдук. Биринчиден, өкмөт аны оперативдүү карайт. Экинчиден, ал өзүнүн функциясын мыйзам чыгаруу бийлигине жүктөбөш керек. Эгерде өзүбүздүн функциябызды өзүбүз аткарсак, Жогорку Кеңештин алдында толук жооп бере тургандай шарт түзүлөт. 1998-жылга чейин ушундай болчу. Кийин менчиктештирүү программасын бекитүү укугу парламентке өткөн, бир нерсе болсо Жогорку Кеңеш бекитип берген деп айтыш үчүн ашыкча сактануу жасалгандыр. Менин оюмча, ар бир бийликтин бутактары өзүнүн функцияларына жараша иш алпаруусу зарыл. Ошондой эле өкмөт жана мамлекеттик органдар өз милдеттерин башка органдарга жүктөбөй, жоопкерчиликтерин моюндарына алуу менен иштерин алып баруу керек.
Мыйзамдар боюнча сөздү улантып айта кетсем, коммуналдык менчик дегенди муниципалдык менчик деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам чыкпадыбы, ошого келиштирдик. Көп мыйзамдарда Жер кодекси эске алынбай калган. Биз аларды киргиздик, анткени имарат алган менен, астындагы жерди албай калып, же жеринин чек арасын чечише албай соттошуп аткандар толтура. Мамлекеттик жер бекер берилип кеткен учурлар да болгон. Жерди бекер бербей имарат менен кошо баалап, мүлктүк комплекс катары сатылса, алган кишинин чек арасынын чатагы болбой, натыйжалуу иш алпарат.
Жакында эле стратегиялык мааниси бар объектилер боюнча да жаңы мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамдын эң негизги максаты мамлекеттин коопсуздугуна түздөн түз тиешеси бар объектилердин тизмесин аныктоо. Объектилердин тизмесин Коопсуздук кеңешинин көргөзмөсүнүн негизинде өкмөт бекитет. Кокустан стратегиялык мекемеге коопсуздук маселеси туруп калса, өкмөт аны коргоп ала тургандай мүмкүнчүлүк түзүлдү.
-Акционердик коом жетекчилерин мурда президент бекитип келген, эмне үчүн бул ыйгарым мамлекет башчыга тийбей калды?
- 2005-жылы күзүндө КР Президенти Курманбек Салиевич Бакиев жылдын жыйынтыгы тууралуу мени чакырып отчет алган, маектешүүдө мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун башкаруу органдарын шайлоо боюнча 1998-жылдан бери келаткан Президенттин жарлыгынын негизинде мамлекет башчысы өзүнүн буйругу менен Акционердик коомдордун жетекчилерин көрсөткөнү туура эместигин айтты. Биринчиден, Президент түздөн түз чарбалык субъектилерге өкмөт турса өзү сунуш кылышы. Экинчиден, бул жагдайда мамлекеттин саясатын министрликтер, ведомстволор алып барса, анан акционердик коомдордун башкаруу органдарынын шайлоосуна катышпаса, кандайча өздөрүнүн тармактары боюнча мамлекеттик саясатты тиешелүү мекемелерге жүргүзүп жана алардын аткарылышына көзөмөл боло алышат?! Бул туура эмес деп, жарлыктын кемчиликтерин оңдош керектигин белгилеген.
2006-жылдын 27-апрелинде "Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасын өркүндөтүүнүн айрым маселелери жөнүндө" Президеттин жарлыгы иштелип чыккан. Мына акыркы үч жылдан бери ушул указдын негизинде иш алпарып жатабыз. Президент мамлекеттин үлүшү бар АКдун башкаруу органдарынын талапкерлерин сиз айткандай, өзүнүн буйругу менен көрсөтпөй калды, ал укукту өкмөткө берди. Эми тармактык министрликтер менен мекемелер сунуш кылган талапкерлердин ичинен Мамлекеттик мүлк комитети тарабынан тандалып, премьер-министр менен макулдашылып акционердик коомго шайлоо үчүн сунуш кылынат. Мындай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, тармактык министрликтер менен мекемелер тийешелүү акционердик коомдордун натыйжалуу иштөөсүнө өзгөчө көзөмөл кылганы, өндүрүштүн өсүшүнө түрткү болду. Ага далил катарында айта кетсем, акционердик коомдордо мамлекеттин үлүшү жылдан жылга азайып баратканына карабастан акциялардын мамлекеттик пакетине түшкөн дивиденддердин көлөмү көбөйүүдө. 2005-жылы дивидендден 197 млн. сом, 2006-жылы 273 млн. сом, 2007-жылы 293 млн. сом казынага которулду. Бул жылы дивиденддерден 415 млн. сомду чогултканды пландаштырып жатабыз. Анын ичинен 257 миллион сому Камбарата-2 ГЭСин куруусуна жумшалат. Демек мамлекетке тиешелүү акцияларга ылайык дивиденддер жылдан жылга өсүп жаткан мекемелерде, башка менчик ээлеринин дагы алган дивиденддери өсүп жатпайбы.
-Акционердик коомдор көпчүлүк учурларда мамлекетке берчү дивиденддерди төлөбөй жүрөт деген сөздөр бар эле. Алар ошол бойдон эле төлөбөй калабы, же өз ара эсептешүүлөр менен жоюлабы?
-Туура, 1999-2004-жылдары төлөнбөй келаткан айрым мекемелердин дивиденд боюнча карыздары бар, ага ар кандай жүйөөлүү жана жүйөсүз себептер болуп келген. Биз бул маселелерди талдап чыгып, тиешелүү жыйынтыктарга келдик. Алсак, төлөнбөй келаткан карыздар боюнча атайын өкмөттүн токтому чыгып, ал жерде төлөө мөөнөттөрүнүн графиктери бекитилген. Ошого ылайык ар бир компания менен биз келишим түздүк. Бүгүнкү күндө келишимге ылайык төлөп жатышат жана биз такай көзөмөлгө алып турабыз. Бул маселени ирээтке койдук десек болот.
Чолпон ОРОЗОБЕКОВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan