Коомдук-саясый гезит
№38, 03.06.08-ж.






  Бириндейин, экиндейин, үчүндөйүн...

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Мадумаров Бакиевдин камчысын ай-да чаап, президент үчүн элге өз төшүн тоскон..."
- Өмүрбек Чиркешович, маегибизди алгач парламенттеги кырдаалдан баштасак. Мына Мадумаровду спикерликтен алып түшүштү. "Ак жол" ичинен ирий баштаганбы же Адахан досуңуздун дагы бир кылыгыбы… Дегеле "Ак жолдо" өздөрү түшүнбөгөн процесстер башталдыбы? Бул эмненин белгиси?
- "Ак жол" төрөлгөндө эле проблемалар менен төрөлгөн да. Ал проблемалар эртеби-кечпи бир жерден көрүнмөк. Проблема дегеним, бүгүнкү президенттин жалпы улуттук идеологиясы, саясий платформасы болгон эмес. Ошондуктан бүгүнкү бийлик көбүнчө регионалдык факторго басым жасап, аны саясий жөлөк катары колдонуп келе жатканы жашыруун эмес. Пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, жаңы парламенттик шайлоо идеясын 2006- жылы көтөрө баштаган. Ноябрь митингинде жаңы конституция кабыл алгандан көп узабай эле президент жасалма өкмөттүк кризис чакырып, ошонун жыйынтыгында парламентти таратып, жаңы парламент шайлайбыз деген. Жаңы парламенттик шайлоо январь айынын экинчи жарымына туура келмек. Бул кыш убагы болуп, элдин нааразычылыгы көп болбойт деген ой менен жасалган. Бирок анда ишке ашпай калып, туура бир жылдан кийин, 2007-жылы декабрда орундаган. Ал кезде парламент жең ичинен Бакиев менен макулдашып, Кулов өзүнүн ишенчээктигинин курмандыгы болду. Кризистик кырдаал курчуп, парламент тарай турган кезде бир топ депутаттар кирип, президентке кырдаалды түшүндүрүп, "парламентти таратуу Бакиев үчүн өтө ыңгайлуу эмес" деп сүйлөшүү жолдору менен парламенттин өмүрү бир жылга узарган. Бирок бир жылдан кийин президент референдумдун жыйынтыгы менен парламентти таратып, жаңы парламенттик шайлоо дайындады. Буга алар капиталдык даярдык менен келген. Бул даярдыгы шайлоо кодексине кирген бут тосуулар болгон. Ар кандай тузактар менен коштолгон. Мисалы, ушул эле бут тосуулардын бири "шайлоо алдындагы шайлоо союздары түзүлүшү мүмкүн эмес" деген нерсе. Анткени партиялар баары биригип бир желектин алдына чыкса күчтүү болуп кетиши мүмүкүн деп, ар бир партия өзү гана чыга алат деген чектөө коюлган. Бул чектөө бизде эле эмес, Казакстанда да болгон. Биз көп ойлонуп олтурбай эле Казакстанда эмне болсо ошону туурап, көчүрүп алып келе койдук. Казакстанда Назарбаевдин партиясынын ийгилиги биздегилерге дем берсе керек. Бул кыргыздардын саясий амбициясы башка калктарга караганда көп дегенди билдирет. "Мен эмне үчүн алардын партиясына барышым керек" деп намыстанышат. Ошентип алар бириге албай калышы ыктымал деген кыргыздын кур намысына эсептелинген тоскоолдук болгон. Ага карабастан "Ата Мекен", "Ак шумкар", "Элет" партиялары ж.б. бир топ саясатчылар биригип, бирдиктүү оппозициялык тизмени алып чыгардык. Муну менен биз мындай тоскоолдуктарды аттап өтүп, кыргыздар да бириге ала тургандыгын далилдеп көрсөттүк. Кыргызстандын саясатында коалициялык биримдиктерди түзүү жаңы салт болуш керек. Мындан ары да зарыл болгон кезде бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара алгандай болушубуз зарыл. Проблема бизде эле болгон жок. Президенттин командасынын да ыркы жок болуп, алар да бир топ партия түзүп, ал партиялары да "мен кыйынмын" деп турган. Бул президенттин инилери түзгөн "Эмгек жана биримдик" партиясы. Экинчиси -"Жаңы Кыргызстан" партиясы. Бул революциянын Бабахан агаларынын бири Үсөн Сыдыков жетектеген күчтүү партия. "Эркиндик" партиясы жана башка Бакиевди колдоп жүргөн майда-барат партиялар болду. Адахан Мадумаров да партия түптөгөн. Аппарат жетекчиси Садыркулов да "Менин өлкөм" деген партия түзгөн. Ошол кезде Социал-демократия деле "Президент жакшы адам турбайбы, биз билбей жүрүптүрбүз" деп бийликти колдоп турган. Компартия да бийликти колдоду. Ушул Бакиевди колдогон партиялар да бириге алышкан жок. Аны күч менен, административдик ресурс менен баарысын бир партияга кыска убакыттын ичинде бириктиришти. Биригүүдө абдан чоң жаңжалдар чыккан. Азыркыга чейин "Жаңы Кыргызстан" партиясы ошол жаңжалдын аягына чыгалбай атат. "Биз "Ак жолдо" жетектөөчү орунда турушубуз керек эле, алданып катыша албай калдык" деп Досбол Нур уулун ж.б. күнөөлөп жүрөт. "Ак жол" партиясы өзүнүн тизмесин көпкө чейин түзө албай, шайлоонун акыркы күнү араң шайлоо комиссиясына партиялардын тизмесин берген. Мыйзамды бузуп, тынымсыз тизмелерди өзгөртүп турушту. Мунун өзү "Жашылдар" партиясынын төрагасы Бөлөкбаев сотко бергенге алып келди. Ал сотко берген доосунда "Ак жол" партиясы мыйзамдарды бузуу менен шайлоо тизмесин түзүп, каттоодон өттү, партия шайлоодон алыныш керек" деген. Анын жүйөөсү туура. Себеби, тизмени партиянын съезди гана түзөт. Аны эч ким өзгөртүүгө акысы жок. Ал эми булар сүйлөшүүлөрдүн жана башка кырдаалдардын негизинде тизмени улам өзгөртүп, мыйзам бузууларды жасашты. Адахан Кимсанбаевич болсо "Акжолчу депутаттардын бир бөлүгү мүшөктөп акча ташып тизмеге кирген" деп жакында жарыялады. Балким ал факторлор таасир калтырышы мүмкүн. Ошентип бул партия абдан кыйынчылык менен түзүлгөн партия болду. Ошол эле учурда президенттин командасында келишкис карама-каршылыктар болуп, алар бири-бири менен тирешип турушкан. Тизмеге да ар кандай күчтүн өкүлдөрү компромисттик жол менен келип кирген. Парламентке шайланган менен деле алар ынтымактуу болуп кете алган жок. Анткени алардын ынтымагынын булагы парламентте жатпайт. Парламент ал максатка жетүүнүн гана каражаты. Алардын эң негизги кызыкчылыгы экономикалык чөйрөдө жатат. Мына азыр эң чоң байлыктар менчиктештирилгени турат. Ушул менчиктештирүү процессине ким көзөмөл жүргүзөт, менчиктештирилген стратегиялык тармактардын келечегине ким ээ болот? Бул абдан маанилүү. Энергоресурстарынын баасы көтөрүлдү. Жүз миллион, беш жүз миллион, миллиард доллар деген акчалар азыр Кыргызстанда кадимкидей эле айтылып калган заман болду. Ушундай долбоорлорго көз кызартып, "иш аткарсак" деген чет элдик компаниялар көп. Албетте, алар биринчи кезекте биздин менталитетти, тартипти билет. Өзүнө ошого жараша крыша издешет. Ишенимдүү болсун үчүн адам издейт. Ошондон кийин гана рынокко келип бир долбоор алып иштейт. Болбосо Кыргызстандагы баш аламандык, мыйзамсыздык, сот адилетсиздиги аларды чочутат. Эгер ишенген кожоң болбосо, бул өлкөдө ийгиликтүү чоң бизнес жүргүзө албайсың. Эртең ар кандай шылтоо менен сени ал менчигиңен ажыратып коюшу мүмкүн деп коркушат. "Ак жол" фракциясы экономикалык кландык түзүлүштөрдүн өкүлдөрүнөн болгондон кийин, албетте, бул жерде дагы тынымсыз күрөш уланып келди.
- Мадумаров менен жакын дос болдуңуз эле. Ушу досуңуз чын эле өзгөрдүбү же өзүн жоготуп койдубу? Эмнеге "бул бала тилинен тапты" деп атышат?
- Мен майда-чүйдө жактарына токтолгум келбейт. Парламенти бизде туура эмес принцип менен түзүлгөн. Азыркы депутаттардын мандаты эркин эмес. Бул императивдүү. Аларды туура эмес сүйлөсө же туура эмес иш алып барса чакырып, мандатынан ажыратып коюшу мүмкүн. Ошон үчүн Конгантиев президенттин атынан Адаханга салам айтты. Эгер жаңжал чыгарбастан сый эле өз эрки менен төрагалыктан кетсе, анда депутат болуп кала берсе болот. Мунун өзү "Эгерде каршылык көрсөтсөң депутаттыктан да ажырайсың" деген катуу эскертүү. Албетте, эң тажрыйбалуу, эң лидер депутатка президент ушундай мамиле жасап, президенттин парламенттеги өкүлү ушундай шарт коюп аткандан кийин жөнөкөй депутаттардын иши бүттү. Мына ушу менен президенттин администрациясы эки коенду бир ок менен атты. Биринчи Адахандан кутулушту, экинчи жөнөкөй депутаттардын орду кай жерде экенин билдиришти. Кимдин уруксаты менен ал жерде олтурганын, эртең кай жерге барарын көргөздү. Ошондуктан жаңы спикер шайланары менен президенттин кээ бир мыйзамдарга болгон кайчы пикирлерин талкуулабастан, мыйзамдын аты жөнүнүн, маңызын айтпастан туруп эле үч-төрт мыйзамды кабыл алып, "Ак жолдун" абийирдүүрөөк депутаттары "Ай, жок дегенде докладчы чыгып, мыйзамдын аты-жөнүн, маңызы жөнүндө эки-үч күн сүйлөп койсун. Билбей эле добуш бере бербей" деп токтотконго чейин барышты да. Бул окуя алардын үшүн алды. Албетте, ремонт шылтоо гана. Бул жерде бүгүнкү бийликти мүнөздөй турган бир учурларга токтолсок болот. Адахан Кимсанбаевич күйүп кетти да, "президент өзү макулдук бербеди беле" десе, президенттин өкүлү, фракциянын жетекчиси "жок, биз өзү менен сүйлөштүк, ал макул болгон жок" дейт. Кийинчерээк Бакиев бул жаңжал бийликтин авторитетин түшүрөрүн сезип калдыбы, администрация жетекчисинин оозу менен өзү мындан баш тартып, "ремонт жүргүзүү туура эмес" деген ойду айта баштады. Бакиев мамлекеттик стат катчыларды жыйнап алып, ал жерде "мага ишенбесеңер Садыркулов, Азиз Турсунбаев, Мадумаров турат. Ошо үчөөнүн көзүнчө айткам. Ремонтко эртерээк. Кийинки жылы жасайсыңарбы дедим эле" деп. Эмдиги жылыбыз алты айдан кийин келет. Эми январда Кыргызстанда кырдаал башкача өзгөрөбү? Эл жыргап-куунап, алакан чаап, бийликти колдоп кубаттайбы? Тескерисинче, экономикалык кризистин эң чокусу ушу кышта келет да. Бул маселеде да президенттин так көз карашы жок. Ошол сөз ээрчитип, сөз берип, парламент жетекчилигине "ремонт жасай бергиле" деген сөз болгонун далилдегени да.
Адахан ашыкча намыстуу жигит да. Президент менен макулдашып, анан элдин алдына "президент колдоду" деп айтып чыккандан кийин "эл кыйналып атса, парламенттин мындай кылганы туура эмес" деп президент администрациясы, президент партиясынын фракциясынын лидери айтып, эсин оодарбадыбы. Анан "өлгөнгө көмгөн" кылып, бийликчил гезиттер менен КТР кайра-кайра лекция окуп, "бул туура эмес" деп туруп алса, анан күйүп кетти да. Анан күйгөнүнөн "Бул эмне деген президент? Бир эле маселе боюнча ар кандай адамдарга ар башка дейт. Эгерде ушундай эле ою болсо мага айтпайбы. Эмне үчүн коридордон башка бирөөлөргө звонок кылып айтат же интернет аркылуу салам жолдойт" деп күйүп айтты да. Муну кыргыздар кыскача "тойдум байдын кызына" деп түшүндүрөт. Адахандын мүнөзү ошондой. Ал түбөлүк абсолюттук жетеленме болуп жүрө албайт. Акыры бир жерден жарылып, өз пикирин айтмак.
- Менимче, депутаттыктан деле кетет го?
- Адахан Кимсанбаевич өзүн Бакиевдин саясаты менен чырмалыштырып, байланып калган. Акыркы жылдары башкалардан аша түшүп, Бакиевди, анын идеясын колдоп, жакында эле Бакиевдин "мамлекет-менчиктин жаман ээси, ал шалтурук" деген идеясын колдоп, "мамлекет башкара албайт, баарын саталы" деп Бакиевдин идеологиясын ашыкча колдоду да. Президент үчүн эл алдында төшүн тосуп берди. Президенттен кетсе да бир топ убакыт өтүш керек . Кыскасы Мадумаров абдан татаал кырдаалга тушукту. Бакиевдин жанында жүргөн башка чоң кызматтагы адамдар деле болгон. Бирок алар эл алдында эч убакта Бакиев үчүн жоопкерчилик алып, ал үчүн элге чыгып төш тосушкан эмес. Айткан ишти унчукпай жасап жүрүшкөн. Ошондуктан ал өзүнө татаал кырдаал түзүп алды. Анын үстүнө "Мен Бакиев менен отставка жөнүндө сүйлөшкөндө "мен эч убакта оппозицияга кетпеймин" деп сөз бердим" деген жарыя кылды. "Айтылган сөз - атылган ок" демекчи, Мадумаровдун оппозицияга кетиши күмөн, депутат катары калып, "Ак жол" партиясынын, Бакиевдин саясатын турмушка ашырыш үчүн көмөк көрсөтөт болуш керек.
- Бирок көкүрөгү муздады го деп атам да…
- Эгерде Бакиевдин саясатынан алыстап, обочолонуп, өзүнчө саясий позиция тутунам десе, ал партиядан жана парламенттен кетиш керек. "Кетпейм" десе мындан кийин жасаган иштерине эл алдында, тарых алдында толук жооп бергени оң.
Чолпон ОРОЗОБЕКОВА




  Көңүл бургула. Түз байланыш!

Мирбек Атабеков
Жаш таланттардын арасынан суурулуп чыгып, жылдын эң популярдуу ырчысы аталып, көптөгөн кыздардын жүрөгүнүн тынчын алган жаш ырчы Мирбек Атабеков менен түз байланышып, көңүлүңүздөгү кызыккан суроолоруңузду берип, кенен баарлашкыңыз келеби? Анда 5-июнь күнү саат 15. 00те чалып, сүйүктүү ырчыңыз менен пикир алышсаңыз болот. Мирбекке каалоо-тилек айтып, сырдашып, арзуусун арнагысы келген күйөрмандары үчүн байланыш телефондор 90 26 08, 90 27 03. Мирбектин үнү, ырлары сизге жагабы, анда мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, өзү менен сырдашып калыңыз!











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan