Коомдук-саясый гезит
№38, 03.06.08-ж.






  Бейне

"Дакылдаган Дакени мэр болгондо көрөбүз"
Ак сүртүм
Токсон бешинчи жылдардагы парламенттин атактуусу да, оратору да, күркүлү да, билимдүүсү да ушул болчу. "Эридан" деген аталыштагы эң биринчи супермаркет, банктарды ачып, карапайым кыргыз тирүү капиталистти ушул Данчик аркылуу тааныган. А-бу деген менен алгачкы капиталын чочко багып чогулткан дешет. Атүгүл биринчи болуп чочко баккан кыргыз деп да жүрүшөт. А бирок, андагы премьер А.Жумагулов болбосо, анчалык байлыкты топтой албайт эле дегендер да жок эмес.

Сары сүртүм
Орун басар спикер кезинде аэропорттун бажыканасындагы жүктөрүн депутаттыгына салып бекер чыгарам деп, каршы болгон Мукаев деген атасындай болгон кишинин сол көзүн аңтара согуп салган жайы бар. Ал чоң муштумдугу үчүн 10 миң доллар төлөп кутулганын коомчулук жакшы билет. Аны уккан С.Жигитов Данчикти "сол көзүмдү тосуп берейин, мага деле он миң доллар берчи" деп тамашалаганы эл арасында алиге чейин айтылып жүрөт. Бирок, Мукаев аксакал жаратынан айыга албай калган окшойт, ошондон көп өтпөй эле каза болуп калды.

Көк сүртүм
Шаар мэри болгону Бишкекти өзүнүн ОсООсундай карайт. Борбордун таштандылар Силаев кезиндегидей, көчөлөрү Керимкулов, бак-дарактары Салымбеков учурундагыдай эле. Өсүш жагын алсак, жер бөлүштүрүүдө, курулушка уруксат берүүдө коррупция болуп көрбөгөндөй өстү. "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз" демекчи, дакылдаган Дакенин оозу менен орок оргондон башкасын байкай элекпиз. Тескерисинче, ишкерлерди кысып, догурунган аракеттери арбыды. Кайсы бир айылдык көзү ачык Кыргызстандын түбүнө үч киши жетээрин айтыптыр. Анын бири Ширшов, бири Данияр, бири өтө таасирлүү бир чоңдун баласы имиш. Даниярды тим койсо Кыргызстанды акционерлештирип, Европанын биржасында эң көп акча берген еврейине же негрине болобу, саткандан кайра тартпайт. Кыргызда "Төө көрбөгөн кутургур" демекчи, башта байлык, бийлик көрбөгөн адам коркунучтуу болот турбайбы.

Күрөң сүртүм
2005-жылдагы март окуясынан кийин биринчи вицеликке келип, республиканын бюджетин 5 млрд. долларга жеткизем деп чыкты. Жомок угуп чоңойгон жаныбыз ишенип алып бир топко чейин америкалыктарча жашоону түш көрүп жүрдүк. Атүгүл айылдагы чалдардын алды бата берип баштаган. Анан вицеликке бекиш үчүн парламентти 400 миң долларга паралаган дешет. Адегенде эле Адахан досу менин кабинетимде сүйлөшүлүп жатпайбы деп 50 миңин кытып алган имиш. Калган 350 миңди да "Бригада" бирөөнө 10 миң берсе, бирөөнө миң берип адилет бөлүштүрбөй коюп, иштин аягы натыйжасыз болуп калат. Баса, ошондо жалгыз гана жаш депутат Т.Субанбеков Данчиктин 10 миң долларын кайтарып берген экен.

Кара сүртүм
Кыргызчаны болсо бузуп сүйлөйт. Бир кездеги шефи Ф.Кулов төшөк жаңыртканда "Куш боо бек болсун" деп айтам деп, "Бешик боо бек болсун" деп салган. Окшошконго мушташкан болуп берки деле аны түшүнгөн жок окшойт. Өзү айткандай кыргыз тилин, салт-санаасын уруп да ойнобойт. Атүгүл атуулдугу да Казакстандыкы экендиги канча кеп болду.

Ала сүртүм
Балык уулаганды жакшы көрөт. Күнүнө 4-5 кишини алдап, он чакты ирэт калп айтып турбаса, грипп болуп ооруп калышы мүмкүн дешет жакындан билгендер. Дакенин даанышмандыгынын аркасында Казакстанга 0, 33 тыйындан сатылган электр энергиясына кыргыздар 0, 66 тыйындан төлөйт. Ошондой эле Өзбекстандан казак туугандар 50 доллардан алган газдын да бизге 145 доллардан сатылып калышына бу кишинин үлүшү зор дешет. Эл 4 сотыхка жетпей жүрсө, Орто-Сайда 16 га, "Ак Кеменин" жанында 7,5 га болуп отуруп, жалпы Бишкектин айланасында эле 30 га жери бар дешет.

Кызыл сүртүм
Бу деле бай кезинде кедейлигин, бий кезинде жөө жүргөнүн унуткан пенде турбайбы. Сүйлөсө бир миллиарддан ылдый сүйлөбөйт, кыялданса президенттиктен кем кыялданбайт дешет аны жакындан билгендер. Учурда Бакиевге эң кымбат арактарды ушул алперет экен. Өзү 5000 доллардан төмөн костюм-шым кийбейт. Ушу да акчабы деп кесир кылып, чөнтөгүнө сом салбай, жалаң доллар, евро көтөрүп жүрөрүн байкагандар көп. Жубайы Д.Исаева да - бизнестин битин сыккан айымбача. Соодагерлиги Данчиктен ашса ашат, асты кем калбайт дешет. Орустардын "Тату" группасындагы эки кыздай болуп, саясаттагы досу- өңү да, көйрөңдүгү да өзүнө окшош А.Мадумаров экөөнүн канынын группасы да бир болушу мүмкүн. Чогуу жатар-жатпасын ким билсин, бирок саунага чогуу барышат. Манастын арбагы менен Кудайдан коркоор-коркпосун айта албайбыз, бирок Максимден өлө коркот.

Ачуу сүртүм
Кокустан эртеңдерден бийлик алмашып калса ичкен-жегенин кускандардын алдыңкы сабында ушу Данчик болору шексиз. Бир жылда 365 күн болсо, анын 360ын кусуп өткөрбөсө болду бечара. Себеби, алгандын бермеги, ашыкча ичкендин кусмагы бар эмеспи.

Түзсүз сүртүм
Союз убагында Токмоктогу эт комбинатта бир эркеч эчки болгон экен. Ал союла турган малды баштап барып акырын бир жеринен өзү чыгып кетип, беркилердин баары этке кетчү экен. Анын сыңарындай, бу да Адахан менен Мирослав досторун баштап бараткан. Бир маалда карасак эле берки экөөнөн дайын жок. Бир кезде оппозициянын ана башчысы болуп жүрүп, аларды да аңга түшүргөн. Данчик болсо дале келатат. Чек, эчки, чек! Бишкектин газон, бак-дарактарын отобой. Чек дейм, чек!

Жеңишбек Эдигеев




  Акүй антологиясынан

Адахан аңтарылды, эми бутада - Данияр Үсөнов
Адахан Мадумаровду ээрден эңшерүү менен президент бир топ кадрдык жүрүштөрдү жасады. Бул деген президенттин жанындагы айыгышкан топторду таарынтып албайын, тең салмактап коеюн деген ниети. Эң башкысы, Акүйдөгү Садыркуловдун тобунун Адахан Мадумаровду чаап түшүү сценарийи ийгиликтүү ишке ашты. Бул план эки айдан бери "бышырылып" аткан. Адахан Мадумаров менен Медет Садыкуловдун келишкис мамилеси Мадумаров мамлекеттик катчы болуп турган кезинде эле башталган. Араң турган Садыркуловго Мадумаровдун 22-майда сүйлөгөн сөзү асмандан издегени жерден табылгандай эле болду. Адахан Мадумаров "мага бирди айтып, эки-үч кишиге башканы айтып…" деп президенттин эки жүздүүлүгүнө таш ыргытып койду. Чынында бул жерде Адахан Мадумаров күйүп кетти. Эмнеге? Президент мурдараак Адахан Мадумаровдун парламентти жаңгак жыгачы менен каптап, эмдиги жылы өтө турган парламенттин 85 жылдыгына даярданалы деген катына кол коюп, "прошу поддержать" деп виза коюп берген. Ал кагаз биздин колубузда турат. Анан президент "ремонттун кереги жок, мен буга башынан эле каршымын" деп чыкты. Бул деген мамлекет башчынын эки жүздүүлүгүн, саясий оюнга кирип кеткенинен кабар берет.
Баса, парламенттин залдарын жаңгак жыгачы менен каптоо тууралуу токтомду палатага вице-спикер Азиз Турсунбаев алып чыккан. Бул кишинин жеке кызыкчылыктары да болгон дешет. Себеби, бизнестин алиппесин чаккан Азиз Турсунбаев жаңгак уюлу менен иштеп да жүргөн дешет. Жаңгак чырын баштаган Азиз Турсунбаев көтөрүлүп, фракция башчылыгына шайланды. Мадумаров болсо ээрден эңшерилди. Анын төрагалыктан кетишинин ремонтко таптакыр тиешеси жок. Тамыры тереңде. Садыркулов өз ара келишпестиктен улам болгон өчтөрүн алып, ички көксөөсүн суутуп алды. Экинчиден, Бакиевдин жанжөкөрлөрү, бир туугандары 2010-жылы чыга калчу бир талапкерди мертинтип, канаттарын кыркышты. Соңку кездери ал өтө эле алкынып, команда топтоп, өзүн өлкөдөгү бери дегенде экинчи адамдай сезип кеткен. Бирок, анын кетишинин тамыры тереңде. Президент Германияда ооруп жатканда чыдамдуураак болуп, буктурмада жата турса болмок. Жаштыгы менен саясий ката кетирип, биякта орун бөлүштүрүп, өзүн эчак президенттик тактыда элестетип ийгенин айтып жүрүшөт. Мындайды президент эгерим кечире албайт. Аэропортто колуна парпыраган гүл кармап кыпылдап гана турду го. Президенттин ошол жерден эле дароо салкын мамилеси сезилди. Башкалар менен кучакташып учурашса, Мадумаров менен кучакташпай койгон. Ошондо эле саясий көзачыктар "Мадумаровдун "Ак жолдогу" тагдыры бычак мизинде" деп айтышкан. Эмки кезек кимде? Эми бутада Данияр Үсөнов. Адахан менен Данияр байпакчан кезинен кан дос болуп, бир команда экенин Садыркулов жакшы билет. Үсөновду алып түшүүнүн планы Акүйдө бышып, мэрликти мелжегендердин тизмеси тымызын түзүлүп калды. Данчикти ыргытышса, ал ошол замат жарылышы ыктымал. Адахан деле катуу арданып калды. Азыр тайм-аут ала туруп, бир күнү Бакиевдерден катуу өч алат. Негизи эле Адахан менен Данияр досу экөө тең ичинен Бакиевдерге кыжыры кайнап, азуулары аркайып араң жүрүшөт. Эки дос Бакиевге жана бир туугандарына кайнаган жинин өздөрүнчө кухняга жашынып алып талкуулап, пиво үстүндө бугун чыгарып аткан кездери. Бирок качан жарылышат? Эки дос жарылса, катуу жарылат.
Чолпон Орозобекова











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan