Коомдук-саясый гезит
№38, 03.06.08-ж.






  Түз байланыш

Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ:
"Айылда классташтар менен чер жазышкан жагат"
Айнура Баатырбек кызы,
Бишкек шаары:
-Алгачкы жолу сахнага качан чыгып, кайсы чыгарма менен элге таанылдыңыз эле?
-1993-жылы филармониянын алдындагы эки жылдык студияга окууга кирип, Эстебес Турсуналиевдин тобуна кабыл алынып калдым. Мына ошондон тартып эл алдына чыга баштадым десем болот. "Акындын жери" деген Эстебес Турсуналиев агабыздын ырларынан ырдап жүрдүм. Ал эми өзүмдүн чыгармаларыман болсо "Көлдүк кызга" деген ырымды 1994-жылы элдин алдына алып чыктым. Ошол ырым менен элге таанылдым десем болот.
-Сиздин оюңузча фонограмманы жойсо болобу?
-Фонограмманы жойсо болот, бирок жоюш керек деп эле айтып койбой, аракет кылыш керек да. Фонограммасыз чыксак абдан жакшы болот эле. Бул тууралуу Султан Акимович жакшы демилге көтөрдү эле, бирок бул маселе чечилбей, аягына чыкпай жатат. Тездетилсе жакшы болот эле. Бул тууралуу комиссия түзүлдү деп жатат, бирок кандай иш алпарат, маселе ошондо. Мисалы үчүн Москвада шаардын мэри Юрий Лужков өзү киришип, "Москвада өтүлгөн концерттер фонограммасыз өтүлсүн" деди. Маданият министрлиги ушул иш-чараны колдоп, мисалы үчүн Данияр Үсөнөв да ошондой жөрөлгөнү киргизсе жакшы болот эле. Бизге, ырчыларга, жакшы болот эле, жоопкерчиликти сезет элек. Толук колдоого алына турган нерсе. Үнү бары, үнү жогу деле ырдап чыга бербей, ырчылар да иргелет эле. Элдин билет үчүн төлөгөн тыйыны акталат эле. Эл да жакшы ырахат алып, ырчылар да ырахат алмак. Биз өзүбүз да колдоп-буттап жардам берет элек. Ар бир концертте комиссия отурсун. Эгерде катачылык кетиришсе олчойтуп штраф салсын. Керек болсо концертке түшкөн каражаттын бардыгын алып алсын. Ошондо гана тартип болот деп ойлойм.
Жакшы, күчтүү аппаратура менен иштеш керек. Эми Кыргызстанда азыр деле талапка жооп бере алгыдай аппаратуралар бар. Жок деп эле оозубузду куу чөп менен аарчый бергенде болбойт. Ырчылар негизи фонограммасыз ырдоого тийиш. Мен, мисалы, фонограммасыз беш саатка чейин деле ырдап бере алам.
-Мен сизге атайы ыр чыгардым эле, окуп берейинчи:
Таазим этем Кудай берген талантыңа,
Жаралбастыр бул дүйнөдө сендей талант.
Жаңырып эч өчпөс булбул үнүң
Тарбиялап из калтыргын артыңан.
-Рахмат сизге.
Салтанат Абдиева, Кант шаары:
-Продюсер дегенди кандай түшүнөсүз?
-Продюсер деген кыргыздын калыбында жок нерсе. Бирок бардык нерсе бизге келатпайбы. Мурда устат деген болчу. Продюсерликке окшошуп кетиши мүмкүн. Жеке өзүм продюсермин деп айталбайм. Аваз Акимов деген баланы алып келдим эле, азыр ырдап жүрөт. Ошого жеке чыгармачылык түрдө жардам берүүдөмүн. Бул деген продюсерлик эмес, мен анын устатымын деп айтсам болот. Жеке көз карашымды айта турган болсом, Улуттук телеканалда иштегендердин көпчүлүгү продюсер. Орусияны, башка чет мамлекетти карай турган болсок, акчалуу адамдар продюсер болсо болот. Анткени акчалуу адамдар таланттуу ырчыны чыгарыш үчүн бир топ акчасын жумшайт да. Ошондуктан жумшаган акчасын кайра кайрып алуу үчүн иштешет. Эми бизде бай адамдар ырчыга канчалык акча короткону менен баары бир андан көп деле пайда табышпайт. Себеби, Кыргызстандын рыногу ырчылыкка абдан чакан. Эгерде биздин шоу бизнес Орусиянын деңгээлине чыга турган болсо, анда бизде деле миллионерлер продюсерлик борбор түзүп иш алпарса болот да. Продюсерликтин Кыргызстандын рыногунда анчалык деле зарылчылыгы жок деп ойлойм.
-Саясатка кызыгасызбы?
Кыргызстанда саясатка кызыксаң да, кызыкпасаң да саясатсыз жашоо өтпөй калды. Кайсы жерге барбагын, кичинекей баладан баштан сексенге келген карыялар деле саясатты сүйлөшөт. Эми анан айла жок саясатка кызыгасың да.
Гүлнара Абдужалилова, Бишкек шаары:
-Динге болгон көз карашыңыз кандай?
-"Динге кандайсыз?" деген суроо берилгенде эле эң оңой жооп "ниетим бар" дейт го ар бир мусулман. Анын сыңарындай биз да ниет койгонбуз. Бирок беш маал намаз окуй элекпиз. Муну убакытка деле шылтоологонго болбойт. Бирок намазга жыгылбасак деле убагында орозо кармайбыз.
-Үйбүлөңүз тууралуу токтоло өтсөңүз?
-Үйбүлөм тууралуу айта кетсем, мен өзү он бир бир тууганмын. Сегиз эркек, үч кызбыз. Мен экинчисимин, ата-энем азыр айылда турушат. Бир туугандарымдын айрымдары очор-бачар болуп үйбүлө куруп алышты. Бир туугандарымдын ичинен студенттери бар. Өзүнчө түтүн булатып, келинчегим экөөбүз бир уул, бир кызыбызды тарбиялап жатабыз. Башыбызга баш кошулганы турат. Келинчегим көз жараарына аз калды, ана-мына деп үчүнчүбүздү тынчсыздануу менен күтүүдөбүз. Андан сырткары Аваз Акимов деген баланы чыгармачылыктагы уулум деп коем. Үчүнчү классында алып келдим эле, азыр эми экинчи курстун студенти болду. Окуп жатат, биз менен чогуу жашайт. Бизди ата, апалап турат.
Айгүл Кубатбекова,
Бишкек шаары:
-Сиздин кандай арманыңыз бар экенин билсек болобу?
-Бул жашоонун негизи өзү арман, арман жок деген киши дүйнөдө болбойт болуш керек. Себеби дегенде, эч кимдин телегейи тегиз эмес. Ошентсе да бардык нерсеге топук кылганыбыз туура. Арман кылсак арман көп эле чыга берет. Эмнеге биз башка өлкөлөргө тең болбойбуз, башка өлкөдөгү ырчылардай боло албайбыз деген армандар чыга бериши мүмкүн. Айтылгыс армандар, айтыла турган армандар бар дегендей. Кыргызстанда бардыгыбыз, сиз дагы, мен дагы армандашып жашап келатабыз. Жакшылыктан үмүт үзбөйлү.
-Кандай гүлдү жакшы көрөсүз?
-Гүлдүн баарысын, жыттуусун жакшы көрөм. Жийденин гүлүн өзгөчө жакшы көрөм, гүлдөп турган убагы, жагымдуу жыты жагат.
Улан Бекбатыров, Талас областы:
-Алдыда кандай иш-пландарыңыз бар?
-Экинчи майда Камбарата курулушуна Жогорку Кеңештин депутаттары, токтогулдук ырчылар болуп бардык эле. Биздин ырчылар чогулуп концерт берип, ушул Камбарата ГЭСинин курулушуна салымыбызды кошсок дегенбиз. Адахан Кимсанбаевич бул сунушту абдан колдоду. Кудай буюрса, июнь айынын аягында концерт бергени турабыз. Азыр комиссия түзүлдү, концерттен түшкөн каражатты толугу менен чыпчыргасын коротпой, Камбарата ГЭСинин курулушуна жумшайлы деп жатабыз. Баарыбыз тең саясатташып кеттик, саясаттан аз да болсо алысыраак бололу деп, андан тышкары саясатчылар, депутаттар менен искусство чеберлеринин арасында футбол оюнун өткөргөнү турабыз. Бээжинге кетип бараткан спортсмендерге кичине болсо дагы тамак-ашына, жата турган мейманканасына жардам болсун дегенбиз. Манас атабыз дагы Бээжинге аттанган экен. Азыркы биздин баатырлар дагы ийгилик менен барып келээрине ишенебиз.
Гүлжамал Асылбекова,
Токмок шаары:
-Сыймык иним, жакшысыңбы? Чыгармачылыгыңа ийгилик каалайм. Менин сурайын дегеним азыр деле тынбай обон жаратып жатасыңбы?
-Жаңы обон кантип жаралбасын. Чыгармачыл адам болгондон кийин бул каалабасаң да жарала турган нерсе экен. Атайы бир убакыт болбойт, мен өзү обонду нотага түшүрүп, нота менен жазбайм. Жаңы обондор эргүү келген учурда жазылат. Кээ бир адамдарга аба-ырайынын өзгөчөлүктөрү чыгармасынын жаралышына себепкер болот экен. Мага атайы жагдайдын деле кереги жок, ар кандай кырдаалдарда деле обон жарала берет. Мисалы, "Арзуу" деген ырым кызым жаңы төрөлүп, тили жаңы чыгып, өнөрү чыгып турган убакта жаралган. Ошондо кызыма болгон арзуум, кызыма болгон сүйүүм ушул ыр аркылуу чыккан.
Гүлнара Койчуманова,
Жалалабат областы:
-Гастролго чыгып жүрөсүзбү?
-1993-жылы филармонияга киргенден баштап гастролдоп келе жатам. Гастролдор көкөйгө тийгендей болгон учурлар кездешет. Азыркы көп шарты жок клубдар, айыл жериндеги элдин кыйынчылыгы, кыйналып жаткан элди көрүп көп деле гастролго чыгууну каалабайм деле. Анын үстүнө отуздан ашкандан кийин анчалык деле эки жакка чыккың келбей калат экен. Мурда жашыраак кезде бир-эки айлап тынбай гастролдоп кетчүбүз. Кайра үйгө келип, эки-үч күн туруп башка жагына кетчүбүз. Андайга денсоолук деле, нерв деле чыдабай калат экен. Мурункудай тынымсыз гастрол болбосо дагы, эки айда бир, он күнгө чыгып келе жатабыз. Ошко, Көлгө барып келдик. Кудай буюрса, алдыда дагы далай сапарлар бар. Орусияга, Кытайга чакыруулар болуп жатат.
Талант Кушчубеков,
Бишкек шаары:
-Саламатсыңбы, Сыймык. "Де- факто" гезитине композитор Турдубек Чокиев сизди түрк элинин обонун уурдап алган деген сын макаласы чыгыптыр. Бул тууралуу эмне дейсиң? Чын эле уурдалды беле?
-Бул ырды мен негизи укпаптырмын. Ырчылыктын пиринин алдында айта турган болсом, жети нота болгондон кийин баары бир окшоштуктар болот. Турдубек байке 1998-жылы чыгарган "Бала кербез" деген китепке киргизген экен. 2002-жылы болсо өзүмдүн ырларым жөнүндө китеп чыгарганда Турдубек Чокиев уурдалды деген "Кыргызымдын сулуу кыздары" деген ырым да кирген . Ошондо Турдубек байке жа кшы кайрыктары бар обон экен деген. Эгер Турдубек байке кыргыз музыкасына күйгөн адам болсо, ошол убакта нота басылып жатканда акчасына карабай туруп бул ырыңдын обону түрк элинин обонуна окшошуп калыптыр десе болмок да. Анда мен түшүнүп, окшоштуктар болсо башкачараак кылып оңдомокмун да. Бул беш-алты жыл мурун эмес, жети-сегиз жыл мурун чыккан ыр. Мен бул ырды уккан да эмесмин, уурдаган да эмесмин. Кудайдын алдында да колумду жүрөгүмө коюп айта алам. Бул менин жеке өзүмдүн жүрөгүмөн жарып чыккан обон. Сөзү да, обону да өзүмө таандык. Концерт бериш үчүн, репертуарын көбөйтүш үчүн эле чыгарган дептир. Турдубек байкенин деңгээлине түшкүм келбейт. Мени тааныбаса бир жөн, жеке өзүмө эле "кайрыктарың башка музыкага окшошуп жатат, уурдап жатасың" десе, анда чыгармачылыкка түрткү бермек, жакшы сын да болмок да. Калем акы үчүн, сенсация үчүн жазган макаласы суу кечпейт десем болот.
Айдай Керимкулова,
Бишкек шаары:
-Сыймык байке, бош убактыңызды кандай өткөргөндү жакшы көрөсүз?
-Бош убакыт бизде аябай эле көп болот. Үйбүлөм менен жакын адамдарыма, туугандарыма, досторума жолугуп бош убактымды өткөргөндү жакшы көрөм. Бош убактым аябай көп болуп калса айылга барганга аракет кылам. Айылга барганда классташтар менен чер жазышкан жагат. Убакытты туура пайдаланганга аракет кылабыз. Өзүбүз кабат үйлөрдө тургандыктан кээде кылаарга иш жок, диванга чалкалап жатып телевизор көрөм, гезит окуйм. Ал эми жер тамыбызга иштеш үчүн барабыз. Огороддо иштегенди жакшы көрөм.
Бакыт Алкожоев,
Бишкек шаары:
-Киного тартылууга сунуш түшсө тартылат белеңиз?
-Киного тартылууга сунуш түштү десек болот. Биздин кино сынчы, кинорежиссер Жаныш Кулманбетов "жакында фильм тартам, киного тартыласыңбы"деген сунуш киргизген. Сценарийин бир карап чыгайын дедим. Андан сырткары кино тарта турган балдарга жардам иретинде продюсерлик жумушка сунуш түшүп жатат. Кудай буюрса, ал оюбуз да ишке ашып калаар. Чолпонбек Абыкеев байкебиздин "Качкын" деген повестинин негизинде фильм тартсакпы деп биздин дос балдар болуп сүйлөштүк эле. Кудай буюрса, бир жылдын ичинде ошол сценарий менен кино тартылып калышы мүмкүн.
-Киного кызыгасызбы?
-Киного кызыкпаган адам жок болсо керек. Бала кезимде эңсегеним киноактер болуу эле. Бирок ырчылык талант көбүрөөк тартып кетти окшойт. Мектепти жаңы бүтүп келген учурда, Союздан Кыргызстан бөлүнүп, кино жаатында эле эмес, бардык жамаатта кыйынчылыктар башталып калган убак эле. Анан ошол учурду эске алдымбы, театр жагына тапшырам деген оюм таш каап, ырчылыкты аркалагым келди.
Азимбек Жолдошев,
Каракол шаары:
-Жаңы чыгып келе жаткан ырчыларга көз карашыңыз кандай?
- Сын пикир айтсаң эле көрө албай жатышат деп айтып жатышпайбы. Көрө албайт деген сөз бир чети туура, анда ушул сөзгө жараша бирдеке көргөзүшсүн да. Эч кимиси жакшы ырдай албайт дегенге болбойт. Арсында мыктылары деле бар. Жакшы саяпкердин колуна түшсө, жакшы такшалса дегеним. Булар жөн ырдабай, кыргыз тилин акцент менен ырдап элдин кыжырын келтирип жатпайбы. Көзгө көрүнөөрлүк аракеттерди кылышса болмок. Аларга чыгармачылык эргүү керек, элдик көп чыгармаларды ырдаш керек. Мисалы Аскат Мусабеков деген таланттуу бала чыгып келе жатат. Султан Садыралиевдин, Мирбек Атабековдун өзүнчө жакшы үндөрү бар. Намыска жарай турган бир топ ырчыларыбыз бар, аларга мен ийгилик каалайм.
Мирлан Конушбаев,
Бишкек шаары:
-Көптөн бери дайныңыз билинбей кетти, чыгармачылыктан алыстап кеткендейсиз?
- Чыгармачылыктан алыстаган деле жокмун. Күздөгү концертке даярданып жатам, кудай буюрса, он чакты жаңы ыр болот. Эмдиги жылы чыгармачылыкка он беш жыл болот экен. Он беш жылдан бери өзүбүздүн дараметибизди көрсөттүк десек болот. Чуркап элге таанылалы деген курактан өттүк. Илхом келгенде ырларды жазып, жылына бир-эки концерт менен элге чыгып турабыз. Жылына 9-сентябрда туулган күнүмө карата концерт берем. Быйыл да сентябрь айында туулган күнүмдөгү концертте жаңы ырларга күбө болосуздар.

P.S. Сыймык Бейшекеев азыр бакыттын дайрасында балкып турган убагы. Биздин түз байланышка келгенден эки күндөн кийин балканактай уулдуу болду. Бешик боо бек болсун! Уулуңдун урматын көрүп, эл керегине жарачу азамат кылып өстүр демекчибиз!
Даярдаган Асел СТАЛБЕК кызы










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan