Коомдук-саясый гезит
№38, 03.06.08-ж.






  Спорт

Руслан СЫДЫКОВ,
"Дордой-Динамо" футбол командасынын коргоочусу:
"Легионерлердин бизден артыкчылыгы деле жок"
Акыркы беш жылда кыргыз футболунда дордойчулардын доорону сүрүп, катары менен чемпион болушуп, кубокторду алып, анан калса алыскы Африканын кара футболчуларын алып келип күпүлдөп турган кези. "Аз гана убакыт болду, алардын ийгиликтери алдыда" деп ганалыктарды калкалаган менен ийгиликтерди иритпей, баягы эле кыргызым жаратып жаткан кез. Өгүнү "Спартакта" өткөн Бангладеш менен болгон мелдеште 1:1 эсебиндеги тең чыгыш тактасын "Дордойдун" коргоочусу Руслан Сыдыков баш менен сүзүп гол жаратып, жеңиштин желегин желбиретти. Ийгилигине ичим жылып
аны кепке тарттым.
-Руслан, канча жаштан баштап футболго аралаша баштадыңыз?
-3 жаштан баштагам. Айылда жүргөндө балдар стадионго барып алып күнүнө 3-4 жолу ойнобосок, ал күнүбүз маанисиз болуп калгандай эле болчу. Арасында эң кенжеси мен болгондуктан дарбазага коюп коюшчу. "Мен деле ойнойм" деп кыйкырып жатып үнүм бүтчү. "Сени тепселеп кетет, тура бер" деп көңүл да бурушчу эмес. Кийин 5-класста футбол мектебине катышып Махмуд Галиевден сабак алдым. Анан артыкчылыктарым кичинеден көрүнө баштап, ошол кездеги "Алай" деген командага кабыл алышкан. Ошондо 16 гана жашта болчумун.
-Кандайча чоң футболго аралашып кеттиңиз?
-1992-96-жылдардын аралыгында Оштун командаларында ойноп жүрдүм. Жарым жылдай Өзбекстанга барып тажрыйба алмашып дегендей, ал жакта болдум. Кийин ИИМдин ошол кездеги башчысы Өмүрбек Кутуев "Динамо МВД" деген командасына алып келди. 3 ирет Кыргызстандын чемпиону болдук, бир нече турнирлерди уттук. Улам тажрыйбабыз курчуп, көптөрдүн назарына түшүп калдык. Анан 1997-жылы Талант Самсалиев, Азамат Ишенбаевге окшогон мыкты оюнчуларды, мени кошуп "Дордойго" чакырып, ал команданын оюнчусуна айланып калдык.
-Ийгиликтерден баш айланып кеткен жокпу, канча гол жараттыңыз?
-Ийгилик команданын жалпы эсебинде болот. Футболдо бардыгы командага байланышып турат. Чабуулчуга туура топту узатып, коргоочу өзүнүн ордун билип дегендей, командада бирдиктүү оюн көрсөтүш керек. Команданын ийгиликтери көп эле болду. 2004-жылдан баштап 4 жыл катары менен Кыргызстандын чемпиону болдук. Эл аралык турнирлерде бир канча жолу кыргыздын намысына жарап, жеңиштер менен кайтып жаттык. Президенттин кубогуна да ээ болдук. Азияда 3 жолу оюн талаасында беттешип, анын экөөсүн жеңип алдык. Дохада өткөн мелдеште биринчи группада жеңип, экинчи группасында 3-орунга илинип калдык. Чоң футболдо мындай ийгилик деле жаман көрсөткүч эмес. Ийгиликтер жаман эмес, жакшы эле. Өзүм коргоочу болгондуктан асты тарапка гол киргизүүгө умтулбайсың деле, бирок голдорум бар. Салыштырмалуу башкалардыкынан аз. Болгону биз качан топ дарбаза артына кеткен (угловое) учурда гана гол киргизүүгө бир мүмкүнчүлүк болот. Ошондой ийгиликтин бири катары жакында эле Бангладеш менен Кыргызстандын ортосундагы мелдеште 1:1 болуп, эсеп тактасы акырына чейин ачылбай турганда, дарбаза жанынан баш менен сүзүп киргизип командага жеңиш алып келгеним болду.
-Команданын коргоочусу эмессизби, башка оюнчулардан айырмаланып коргоочунун кыла турган кызматындагы оорчулук эмнеде?
-Коргоочу дарбазанын алдыңкы тарабында ойнойт. Сен тарапка гол кирбесе, ошол сенин мыкты экендигиңди билдирет. Оюнда негизи коргоочудан көп нерселер чечилет, артта туруп кимдин эмне кемчилиги болуп турат, кайсыл тараптан чабуул коюуну биз уюштуруп, айтып да турабыз. Коргоочуң жакшы болсо команда жакшы оюн көрсөтө алат. Дүйнөлүк футболдо деле ошондой. Артында ойноп жатса эле аны командадагы чабал футболист катары эсептебеш керек. Футболдо командаңдын чабуулчулары астыда болсо, атаандаш командаңдын чабуулчулары сени менен кармашат. Ошолорго туруштук беришиң керек.
-"Дордой-Динамо" командасындагы эң улуу оюнчу экенсиз, менимче, көп жылдан бери бул командада жүрөсүз. Жылдан жылга "Дордой" оюнчуларында кандайдыр бир өсүштөр байкалуудабы?
-2000-жылы келгенде баарыбыз тең эле жашыраак болчубуз. Кичине тажрыйба жетпей турчу. Азыр тажрыйба да, көз караштар да өзгөрүп калды. Ошол кезде алдыга жулунуп эле чуркап жатчубуз, азыр андай эмес. Футболдогу абалды карап башың менен көбүрөөк иштегенге аракет кыласың. Подкарытов машыктыруучулукка келгенден кийин топту алдыга эле тебе бербей, байланышта ойногонго үйрөтүп койду. Топ коргоочуда болсо, коргоочу жарым коргоочуга, жарым коргоочу чабуулчуга жеткирип берүүнү негизги максат кылып ойногонго үйрөттү. Ошонун арты менен "Дордойдо" чоң-чоң ийгиликтер жаралып олтурат.
-Башка командаларга сатылып же сатып алып келмей акыркы кезде адатка айланып кетти. Бирок, дордойчулардан "бөлөк өлкөгө кетиптир" деген сөздү уга элекпиз?
-Бизден бир эле дарбазачы Кашуба гана кетти. Калган эч кимиси кеткен жок. "Дордойдо" баардык шарттар бар. Жетекчибиз Аскар Мааткабылович футболдун фанаты болгондуктан, шарттарыбызды ойдогудай кылып койгон. Ошондуктан болсо керек.
-Азыр командаңыздарга келип кошулуп жаткан легионерлердин сиздерден эмне айырмачылыктары бар экен?
-Африкадан келген футболисттер азырынча оюнда ийгиликтерин деле көргөзө элек. Алар мыкты, супер оюнчулар деле эмес. Деңгээли биздикиндей эле, арасында бизден да начар ойногондору бар. Бирок биз алардан, алар бизден үйрөнө турган сапаттар бар. Алардын мен баалаган бир сапаттары- оюн талаасындагы абалды алдына ала билишип, оюндун жүрүшүн өзгөртүп жибере алышат экен. Бир чети алардын келгени деле жакшы болду, командада атаандаштык пайда болуп, оюнчуларга жаңы кан куйгандай боло түштү. Бир өңдөн башка бир өңдөрдүн келгени команданын өзүндө дагы кызыгып ойноону шарттайт экен. Ганалыктардан башка орус улутундагы оюнчулар да келишкен. Азырынча алардын футболдук тажрыйбасын жакшы деп айта албайм.
-Футболдобу, айтор, спортто орто калысы бир тарабына тартып койгон учурлар көп кездешет. Чынында эле ошончо элдин көз алдында чындыкты сатып алып койсо болобу?
-Болот, спорт - бул чоң саясат. Чоң саясатта чоң акча ойнойт. Оюнда калыстар эле көп нерселерди чечип коюшат. Атактуу Марадонанын деле кол менен киргизген голун дүйнөлүк чоң футболдо жаратып койбоду беле. 1994-жылы иорданиялыктар бизге келишип 2:0 го утуп алганбыз. Кийин биз кайра Иорданияга барып калдык. Ортодогу калыс Бахреиндин атуулу экен. Кимдир-бирөөсү жаракат алып калса, топту ортодон чыгарып тез жардам чакырыш керек. Алар топту да, тез жардам да чакырбайт. Калыс болсо унчукпайт. Биздикилер жаракат алып калса, биз топту ортодон чыгарып, бардык шартын жасап жатабыз. Калыс келип "тургула, тургула" деп кыйнап жатты. Биздин гол жарата турган көп мүмкүнчүлүктөрүбүздү калыс чектеп, жеңишти алдырып койгонбуз.
-Азия чөлкөмүндө футболдо кайсы мамлекеттер үстөмдүк кылып коюшат?
-Ирандын командалары күчтүүрөөк. Мага ирандыктардын ойногондору жакты. Баарын план менен ойношот, тез аракеттерди жумшашат. 1997-жылы ирандыктар менен беттешип, биринчи айлампасында 1:1 болуп, экинчи айлампада 3:1 менен утулуп калганбыз. Алардын Багири, Али-Дои деген мыкты оюнчулары бар. Көп учурда ошолор ийгилик жаратып кетишет. Анан өзбектерди айтсам болот, Бахреин деле күчтүү, Сирия деле кыйын, бирок эмнегедир биз менен ойносо эле утулуп, же тең чыгып калат. Кувейттин командалары да жакшы.
-Футболдон тышкаркы да жумушуңуз бар да?
-Бар. ИИМдин кызматкеримин.
-Үйбүлөңүз барбы?
-(Күлүп) Үйбүлөм бар. Сүйүктүү келинчегим Нуржан, кыздарым Шайыр, Бегимай, уулум Аскат. Уулум чоңойгондо футболчу болсун деп деле тилек кылбайм, өз эркине коем. Бирок спортко аралаштырам. Азыр 3 жашта, кичине чоңойсун.
Күнболот МОМОКОНОВ











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan