Коомдук-саясый гезит
№37, 29.05.08-ж.

Меймансап
Форум





  Шырылдаң

Бек Борбиев бажыдан чарчады
Кыргыздардын Добрынини аталган Бек Борбиев Бажы кызматына жумушка орношкондон кийин чыгармачылыктан алыстай түштү. Бирок жумушунда Бек мырза жөн жүрбөй кыңылдап ырдап, жаңы обондорду жаратып жатат. Алардын баарын бир топтом кылып жаздырып койсом деген ою бар. Азыр ырчынын көзүнөн учуп турган нерсе, жакында келаткан жайкы өргүү. Жыл сайын ырчы үйбүлөсү менен он күнгө Ысыккөлгө барып, андан кийин дагы он күндү туулуп өскөн Токтогул жергесинде өткөрөт. Быйылкы отпускасын да ошол эле тартипте өткөрүүнү пландап жатат.

Айчүрөк Иманалиева сыйлыкка ээ болду
Кыргыз эстрадасынын чолпон жылдыздарынын бири Айчүрөк Иманалиева кыргыз өнөрпоздоруна берилчү Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыкка ээ болду. Азыр ырчы "Айчүрөк" эстрада театрынын жумуштары менен алек болгондон сырткары, көпчүлүк убактысын балдарына арнап жатат. Жылда ырчы эстрада театры, үйбүлөсү менен чогуу Ысыккөлгө барса да гастролдоп концерт койгону барчу. Быйыл балдары "Апа, биз дагы элге окшоп жөн эле эс алганы баралычы" деп суранып жатыптыр. Балдарынын айтканына макул болуп, Айчүрөк айым быйыл ырдабай эле жөн гана эс алып келүүнү пландаштырып жатат.

Үч теректин үч кызы попурри
даярдоодо
Дилбар Райымбекованын чачы өскөндөн өсүп баратат. Чачынын мындай узун, калың болушунун өзгөчө сырлары бар экен. Дилбар айым чачын шампун менен эч качан жуубайт. Ар кандай чөптөрдүн суусуна жууган өзүнүн ыкмасы бар. Чачын кыскартуу оюна келген эмес. Анткени ырчы аялдын көркү чачта деп билет. Азыр Үчтеректин үч кызы - Анапия, Лира, Дилбар патриоттук, ашыктык ырлардан куралган жаңы попурри даярдап жатышат. "Попурринин курамына кандай ырлар кирээри азырынча сыр бойдон калсын", - дейт ырчылардын эжеси Анапия Райымбекова.

"Кыз Бурактын"
кыздары киного
тартылат
Легендарлуу "Кыз Бурак" тобунун кыздарына өзбек режиссерлору киного тартылууну сунуш кылып жатат. Бирок комедия жанрындагы фильм экендиги кыздарга жакпай турат. Алар кинодо да бир топтун кыздарынын ролун ойноону каалап жаткандарын да жашырышкан жок. "Кыз Бурактын" сулуулары мелодрама болсо ойномокпуз деп өзбек режиссерлоруна өздөрүнүн сунушун жолдоду. "Мелодрама ойногондо эми тасмада өзбек жигиттери менен "сүйүшүшүбүз" керек да" деп тамашалайт кыздар. Киного тартылууну өзбек режиссерлору "Кыз Буракка" биринчи жолу сунуш кылып аткан жок. Буга чейин дагы Сайкал Садыбакасованы тартылууга чакырганда, "ал ролду аткарууга Сайкалдын жашы жете элек" деп баш тартып коюшкан эле.

Мерген Турган ата
болгону турат
Кыргыздын эрке ырчысы Мерген Турган жакында эле бойдокчулук менен коштошуп Жылдыз аттуу казак кызы менен кол кармашкан эле. Эми жакында ата болуп чоң бакыттын кучагына батканы турат. Жубайы Жылдыз кош бойлуу, Мерген болсо анын көзү менен тең айланып аткан кези. Ырчы жигит баласына жакшынакай кыргыздын атын коюуну убада кылды. Баарыбыз Жылдыздын аман-эсен көз жарып алышын тилеп туралы.

Сегиз шеринелеш бир сахнада
Көп жылдан бери шеринелеш болуп жүргөн Гүлзат Байзакова, Салима Балтаева, Дилшат Кангелдиева, Айчүрөк Султанова, Нуриза Абасова жана башка сегиз ырчы кыз 5-6-июнь күндөрү "Досторго" деп аталган концерт койгону жатат. Кыздар концертте жөн эле ырдап калбастан, чакан интермедияларды да өздөрү ойношот. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген сөздү четке кагып, сегиз ырчы бир концерт берүүгө даярданып жаткан учурлары.

Замир Арыкбаев он жылдыкка
барып келди
"Көлдүк карындаш" деп ырдап жүрүп эле таластык кызга үйлөнүп алган Замир Арыкбаевдин мектепти аяктаганына он жыл болуптур. Тоң районунун Акөлөң айылындагы Саякбай Каралаев атындагы орто мектепке он жылдыгына барып келди. Ырчы классташтары менен чогуу үч күн болду. Биринчи күнү ата-энелерди сыйлап, экинчи күнү мектепке барып агай-эжелерге ыраазычылык сөздөрүн айтып, үчүнчү күнү классташтар өзүнчө майрамдашты. Классташтары он жыл ичинде Замирдин токтолуп калганын айтышты. Анткени, ырчы окуучу кезинде тентектик кылып классташ кыздарынын чачын жула берчү экен.

Ариет оор жумушка жок
Аты-жөнү - Ариет Абдрахманов
Туулган жылы, жери - 1987-жыл
Зодиак белгиси - Текечер
Учурда - Жеке ырчы, студент
Үйбүлөлүк абалы - бойдок
Хоббиси - Музыка угуу
Жактырган түсү - Кызыл
Жактырган машинасы - "Мерседес Бенц"
Сүйүп жеген тамагы - Тамактын баары
Жасай алган тамагы - Картошканы кызарта кууруйт
Сыймыктанганы - Кыргыз болуп жаралганы
Өкүнгөнү - Өкүнбөйт
Жетишкендиги - Чыгармачылыгы
Ариет Абдрахманов эмнеден "кайф" алат? -Ырдагандан
Жакшы жагы - Алдыга умтулуусу
Жаман жагы - Өтө эле ак көңүл
Эмнеден "аллергиясы" бар? -Адамдын байлыгына карап иш кылгандардан
Аял кандай болуш керек? - Ыймандуу, сулуу, жөнөкөй
Мырза кандай болуш керек? -Ыймандуу, сөзгө бекем, намыстуу
Адамдарда баалаган сапаты - Кечиримдүүлүк, адамкерчилик
Акыркы жолку таарыныч - Таарынган эмес
Жан курбусу - Достору
Корккону - Алла таала
Ариет Абдрахманов такыр жасабайт - Оор жумуш
Акыркы жолу өзү жөнүндө уккан ушак - Сүйлөшкөн кызы таштап кеткен деген
Баалаган саясатчысы - Дооронбек Садырбаев
Девизи - Көздөгөн максатка жет!

Даярдагандар Бегимай БАКАШЕВА, Дилбар АЛИМОВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan