Коомдук-саясый гезит
№36, 27.05.08-ж.

Меймансап
Форум





  Кумир менен чайлашуу

Съездбек Искеналиев:
"Жубайыма караганда мен өтө эле кызганчаакмын"
Рубрикабыздын бүгүнкү мейманы ырчы, актер Съездбек Искеналиев болду. Күйөрман кыздары менен тамашалашып, ээн-эркин сүйлөшүп отурду.

Съездбек: - Кандайсыңар кыздар? Таанышып алалы, окуйсуңарбы же иштейсиңерби?
Кыздар: - Окуп да, иштеп да жүрөбүз.
Съездбек: - Анда окшош эле турбайбызбы. Мен да окуп да иштеп да, эки жакты тең алып жүрөм.
Венера: - Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп атат? Жаңы ырларды жаздырдыңызбы?
Съездбек: - Чынында акыркы бир айдан бери окуума катуу көңүл бөлүп, сессиялар менен алек болуп атам. Ушунча окуп келгенден кийин бүтүрүп атканда жакшы катышып, экзамендеримди жакшы тапшырып алайын дедим. Ошол эле учурда чыгармачылыкты да таштап салбай, жаңы клиптерди тарттыруунун үстүнөн иштеп атам. Жакында "Уулума" деген ырыма клип тартылып баштайт. Азыр клипке түшүргөнгө 7-8 айлык олтуруп калган балдар керек болуп атат. Эгер ушундай кичинекей бөбөктөрүңөр болсо алып келип катыштырсаңар болот. Клипке негизи отуздай наристе керек. Андан сырткары дагы бир клип тартылат. Кыргызстанда биринчи жолу анимация болот. Буюрса, алдыда күбө болуп каласыздар.
Чолпон: - Кайсы окуу жайда окуйсуз?
Съездбек: - Б. Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунда, СДК бөлүмүндө. Андан продюсер, менеджер болуп чыкса болот.
Бурулай: - Киного тартылууга чакыргандар барбы?
Съездбек: - Азырынча толук чечиле элек. Бирок киного тартылууга сунуштар түшүп атат. Балким жакында күйөрмандарыма дагы бир жаңылык тартуулашым мүмкүн. Азырынча сыр болуп турсун. Убагы келгенде айтабыз.
Зарина: - Продюсер менен иштешесизби же башка жардам бергендер барбы?
Съездбек: - Продюсерим жок. Өзүм иштейм. Бирок, колдоп, жардам берген тааныштарым, жакын адамдарым бар. Мурда Тынчтыкбек Кожобеков продюсер болур жүргөн. Биздин келишим дос катары эле болчу. Азыр дагы аны менен акылдашып, кеңешип турам.
Венера: - Буга чейин канча киного тартылдыңыз?
Съездбек: - Эң биринчиси-баарыңарга маалым болгондой "Боз салкын" фильми. Андан кийин Айбек Дайырбеков деген жигит тарткан "Жээк" деген кыскаметраждуу фильмге тартылдым. Ал Ташкенттен үч сыйлык алып келиптир. Абдан кубандык. Мындан сырткары "Боз салкында" Сагындын ролун ойногон Тынчтыкбек деген бала өзү режиссер факультетин бүткөн. Дипломдук ишине ал да бир "Көл жээгинде" аттуу кыскаметраждуу кино тартып, анда да ойнодум. Кийин "Кайып булакта" да катыштым.
Зарина: - "Боз салкын" фильминдеги ролуңуз өзүңүзгө жагабы?
Съездбек: - Кандай десем. Жагат деп айтам. Эмнеге дегенде мени ушунчалык ийгиликке жеткирди. Чыгармачылыгымда үч тепкичке көтөрдү. Мен бул фильмдин артынан актердук кесипти өздөштүрүп, кино тармагында көп нерселерди үйрөнүп, кыргыз киносуна аз да болсо өз салымымды коштум. Мындан ары кино тармагына дагы чоң салымымды кошкум келет жана иштегенге даярмын.
Бурулай: - Сиздин балаңыз барбы?
Съездбек: - Даткайым деген татынакай кызым бар. Жети айдан ашып калды. Өнөрү чыгып, кубандырып турган кези.
Чолпон: - Жанагы балдарды тартчу клибиңизге катышабы?
Съездбек: - Сөзсүз катышат. Анткени эң аягында кызымды көтөрүп алып ырдап, клипти бүтүрөбүз.
Венера: - Концерттердеби, гастролдоп жүргөндөбү, айтор, кандай кызыктуу окуяларга кабылдыңыз эле. Эсте каларлык бир күлкүлүү окуяларыңыз барбы?
Съездбек: - Кызыктуу окуялар көп болот. Жакында эле биз Россияга барып келдик. Ошол жакта Неля экөөбүз дуэт ырдап атканбыз. Анан дистанционный микрофон бирөө эле экен. Мен шнуру бар микрофон менен ырдап аткам. Ырдап бүтүп, ортодо "келгиле, кол чабабыз" деп кол чаап атсам эле шнуру үзүлүп түшүп кетти. Эл мени карап калды. Мен болсо эптеп улап, иши кылып ыр башталганча жетишип калдым. Дагы бир ирет КТРде Бегимай Бекбоеванын чакан концертинде ырдап аткам. Дистанционный микрофон болчу. "Саратанды" созуп атып, ортодо кол чаап атсам баягы микрофондун башы шалк деп ыргып барып, элдин арасына түшүп калса болобу. Бош экен да. Ичиндеги шнуру болсо шалбырап чыгып калды. Эптеп тагып алып ырдап кеттим. Айла жок, жагдайдан чыгыш керек да.
Венера: - Адамдардын сапатынан эң жогорку деп кайсыларды баалайсыз?
Съездбек: - "Адамдын көңүлү гүл" дегендей жашоого бир келген соң мейлибай болобу, мейли колунда жок жарды болобу же укмуш атактуу болобу, баары бир барар жерибиз бир. Ошондуктан тирүүлүктө бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай, жөнөкөй, ыймандуу болуш керек. Алла таала бизге денсоолук, сулуулук бергенден кийин аны баалап, өкүнбөгүдөй өмүр сүргөнүбүз оң. Артыбызга жакшы из калтырышыбыз керек. Мен адамдардагы ушундай сапаттарды баалайм.
Зарина: - Сиз эл көзүндөгү адамсыз да. Анан келинчегиңиз көп кызганат болсо керек?
Съездбек: - Кызганыч деген сезим-бул бардык адамдарда болсо керек. Бирок жубайыма караганда мен көбүрөөк кызганчаакмын. Ал менин ырчылыгыма түшүнүү менен мамиле кылат. Менин кандай адам экенимди билет. Ага жараша мен да туура жүргөнгө аракет кылып, келинчегимдин көңүлүн оорутуп алгым келбейт.
Чолпон: - Жубайыңыз менен кайдан табыштыңыз эле?
Съездбек: - Мен мурда кафеде ырдап иштегем. Аны баары эле билет болсо керек. Анан ошол жакта мен ырдап атсам, келинчегим курбулары менен туулган күн өткөрүп барып калыптыр. Таанышып, жакшы мамиледе болуп кеткенбиз. Нике кайып деген ушу экен, баш кошуп, бактылуу жашап атабыз.
Бурулай: - Ырчылар көчөдө көбүнчө орусча сүйлөшөт го. Сиз кайсы тилге басым жасайсыз?
Съездбек: - Кыргызча сүйлөгөнгө кыргызча, орусча сүйлөгөнгө орусча жооп берем. Ал жагдайга жараша болот да. Башка тилдерди билбейм.
Чолпон: - Сахнадан башка жерде косметика колдоносузбу?
Съездбек: - Негизи колдонуп жүрүш керек деп ойлойм. Бирок мен эмнегедир колдоно албайм. Ал эми концертте гримди колдоном.
Венера: - Кийимдериңизди өзүңүз тандайсызбы же жубайыңыздын көз карашы менен кийинесизби?
Съездбек: - Өзүм тандайм. Келинчегим алып келгенди деле кие берем. Ошол эле учурда Замир Илипо деген имиджмейкер жигит бар. Ошону менен акылдашып, анын көз карашы менен кийинем. Мурда элге тааныла электе эл катары базарларга барып кийинчүмүн. Азыр дүкөндөрдөн сатып алам. Базарларга барыш оор мен үчүн.
Венера: - Имиджмейкер менен кеңешем дебедиңизби. Ал сиздин баскан-турганыңызга, сүйлөгөнүңүзгө да кеңеш берип турабы?
Съездбек: - "Оймо" деген студияны баарыңыздар билесиздер. Ошол жерде "Оймонун он баласы, деп достор иштейбиз. Мисалы, мен интервью берсем же эфирге чыгардын алдында ар дайым ошо он бала он жагыман жөлөк-таяк болуп турат. Интервью берээрде Тынчтык менен акылдашам. Клипти Айбек Дайырбеков тартат. Кыскасы, бир адам менен эле иштешпестен, көпчүлүктүн кеңешин алып турам. Чач жасалгасы боюнча айтсак, чачымды Замира Молдошева жасайт.
Чолпон: - Азыр айрым жаш ырчылар үйлөнүп алгандарын жашырып, ачыкка чыгарбай жүрүшпөйбү. Сиз болсо дароо элге билгизгенсиз. Жашырып койсоңуз болот беле? Дегеле ушундай нерсеге көз карашыңыз кандай?
Съездбек: - Мындай нерсеге мен каршымын. Үйбүлөңдү, балаңды кантип жашырып коюуга болот. Ал деген темир эмес да. Мен андайга чыдай албайт болчумун. Бир күнү болбосо бир күнү ачык айтмакмын. Бирок андай тактика мен үчүн жат көрүнүш. Мен үйлөнүп кетип атканда эле "мына мен кеттим" деп сүрөттөрүм менен берип, ачык эле айткам.
Бурулай: - Үйлөнгөндөн кийин күйөрмандарыңызды жоготуп алган жоксузбу?
Съездбек: - Жок, тескерисинче мага телефон чалып же концерттерде кайрылып, чыгармачылык ийгилик, үйбүлөлүк бакыт каалагандар көп. Мен аларга абдан ыраазымын.
Зарина: - Өзүңүз ыр жазасызбы?
Съездбек: - Сөз жазбайм, бирок обон жаратам. Андан сырткары залкар обончулардын ырларын ырдап чыгып атам. Композиторлор менен иштешүүдөмүн. Чыгармачылыкта бир калыпта болбостон ар кандай жанрды ала жүрүүгө аракет кылып атам.
Венера: - "Боз салкын" фильмине тартылганда сиз атка мингенди билбей, үйрөнгөнгө көп убакыт талап кылынган турбайбы. Айылда жүргөндө атка минчү эмес белеңиз?
Съездбек: - Мындай жөнөкөй эле минип жүрчүмүн, бирок жанагыдай ары ооп, бери ооп, катуу чаап ат минген жокмун. Кыргызча эле минип алчумун. Чынын айтсам, мен ат минип, кой кайтарып, жылкы издеп көргөн эмесмин. Себеби атам дүйнөдөн эрте кетип калган үчүн карындашым экөөбүздү апам канатына калкалап, эрке өстүргөн. Ошондуктан оор жумуштарга да аралашкан жокмун.
Бурулай: - Кинодо кызды ала качып кеткенден кийин сиз Сагынга жолугуп, "Кел сүйлөшөлү" деп сөзгө тарткан жери бар го. Ошондо аябай жүдөп, кебетеңиз кетип калган. Ушуну атайын жасадыңарбы же өзүңүз чарчап калдыңыз беле?
Съездбек: - Сценарийде Мурат эч нерсени билген эмес. Жалаң кыздар менен жүрүп, машина минип, үйдүн жалгыз баласы болгондуктан бардар жашоого көнүп, анан турмуштун кичинекей бир оорчулугуна кабылып, өзүн таштап койгон. Сагынды болсо акырын көтөрүп олтуруп, бийиктикке алып чыккан. Атасы жок, түнт, карапайым малчы жигит болгон да.
Венера: - Боз үйгө кирип Асемадан кечирим сураган жеринде сиз жакшы аткара албагандай сезилет. Эмнеге жандуу кыла алган жоксуз?
Съездбек: - Бүгүн тартылат деген күнү аябай даярданып алыш керек да. Анан мен биринчи күнү даярданып келсем тартылбай калды. Өзүмдү таштап койдум. Эртеси жамгыр жаап калып, дагы тартылган жок. Ошентип отуруп баягы даярдык алсырап, жакшы чыкпай калган да. Экинчиден, көпчүлүк эл оригиналын көргөн эмес. Кинонун эмоциясын жакшы түшүнбөй калгандыктан жакшы болбой калгандай сезилиши мүмкүн. Себеби оригинал менен жөнөкөйдүн айырмасы чоң. Оригиналда үндөр ачык берилген. Кайгылуу жерлерин музыка коштоп, телефон менен сүйлөшсөң үнү ачык чыгып, жандуу болгон. Анда мындай кемчиликтер дээрлик жокко эсе.
Чолпон: - Сагын экөөңөр аттын үстүнөн алышып, сиз аны алып ыргыткан эпизодуна кандай даярдандыңар?
Съездбек: - Ал жерде таңкы саат алтыдан тартып даярдандык. Атты минип алып үч таштын ортосунда тынбай тегеренип, акыры ат жиниккен кезде чаап келчүбүз. Ошондуктан бул эпизод абдан жакшы чыккан.
Бурулай: - Дегеле ушул кинодон эмне үйрөндүңүз. Сизге таасир калтырган жакшы неселер болдубу?
Съездбек: - Биринчиден, таланттуу чоң-чоң актерлер менен иштешип, алар менен пикир алышып, тажрыйба топтодум. Чыгармачыл чөйрөгө актер катары аралаштым. Машина айдаганды билчү эмесмин. Машина айдаганды үйрөндүм. Мага бул кино көп жакшы нерсеолерди берди.
Зарина: - Ушунча болду сурай кетели эми. Атканадагы көрүнүштү кантип ойнодуңуздар?
Съездбек: - Башында "Ушул жерин катыра ойноп бербесемби" деп баатыр болуп аткам. Анан тартыларга келгенде кетенчиктеп калдым. Так ошол жер тартыларда Элнуранын жигити келип, "Мен тартылбай эле кой, туура эмес жактары болуп калат" десем болбой койду" деп духумду түшүрүп койду. Анан режиссердон тартып атканда эч ким болбосун деп суранып, башкалар үйдө чай ичип атканда чакан топ барып тартылып келдик.
Венера: - Эгер жашоодо ошондой болсо, сизге Бурма жагат беле же Асеманы тандайт белеңиз?
Съездбек: - Билбейм. Бирок мен Бурманыкын туура дейм. Себеби ал да өзүнүн бактысы үчүн күрөшүп атпайбы.
Бурулай: - Кинону көргөндө "Бул жерин туура эмес аткарып салыптырмын" деп өзүңүзгө сын айткан учуруңуз болдубу?
Съездбек: - Бул менин кинодогу биринчи ийгилигим болгондуктан өзүмө сын көз караш менен караган жокмун.
Венера: - Чыгармачылыкка аралашканыңызга каршы болгондор барбы?
Съездбек: - Башында ырдап, кафеде иштеп жүргөндө эжелерим, туугандарым каршы чыгышкан. Анткени ата-энем дүкөндө иштеген адамдар болгон. Союз учурунда дүкөнчүлөр аябай жакшы турган адамдардан эмес беле. Алар үчүн кафеде ырдаган уят нерсе эле. Ошондуктан "Ырдабай эле үйгө барып эч нерсе кылбай жат" дегендер көп болду. Бирок жүрөгүң каалап турганды таштай албайт экенсиң. Мектепти бүтүргөндөн кийин келип окууга тапшырдым. Анан каникулда байкелерим жайлоого алып барып таштап салышты. Шаарга жеткенге эки көзүм төрт. Жүдөп, бетим кесилип, кадимкидей нерв болуп ооругам. Мен ырдабай каламбы деген ой кеткен. Анан таажеңем бар эле, азыр өтүп кетти. Ошол "Муну туткунга түшкөн немистей кылбай кетирбейсиңерби" деп, айылга жөнөтүшкөн. Жиним келип, машинеден түшкөндө эле эркелигиме салып сүйлөнүп атсам, байкем "Сенин ырларыңды радиодон берип атыптыр" дегенде баягы таарынычтын баарысын унутуп, шаарга кетүүгө жанталаштым. Жети күн калды эле. Өтмөгү тозок болуп, жети күн жети кылымдай болгон. Анан шаарга келип, радиодон ырымды күтсөм бербейт. Бир күнү эле "Кыргызстан обондорунан" угуп калдым. Телефон чалсам Лилия Абдубаитова алып, кел деп чакырды. Барып, ошол жерден Тынчтык менен тааныштым. Дос болуп бирге иштештик. Ошентип ыр дүйнөсүнө кадам таштадым. Бир ирет апам "ботинка ал" деп акча берсе мен ага ыр жаздырып коюп атпаймынбы. Аларга алдыңбы дегенде ооба деп койгом. Анан апам шаарга келип, экөөбүз базар кыдырып жүргөнбүз. Бутум аябай үшүп кетти. Эски ботинкам тамтыксыз айрылып калган. Анан апама айтсам, кайра жаңы ботинка сатып берген. Ыр да жаздырып, ботинкалуу болгом. Ошондо аябай сүйүнгөнүм да эсимен кетпейт.
Чолпон: - Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?
Съездбек: - Албетте бактылуумун.
Чайлашууну уюштурган
Бурул МУСАБЕКОВА











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan