Коомдук-саясый гезит
№36, 27.05.08-ж.

Меймансап
Форум





  Дардак такта

Аскар Акаев
"Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол" деген кеп бар. Кекиртегинен ашкыча ичип-жеп, анан анысын куса албай качып кеткен Аскар Акаев азыр Орусиянын борборунда студенттерге акыл үйрөтүп жүрөт. "Илимдеги ишимди сагыныпмын" деп. Ойлоп көрсөк кыргыз үчүн кылы деле кыйшайгыдай эмес. Жашоосу жыргал, куунак болсо шордуу кыргызга бору ооруп жинди болуппу. Эми Санкт-Петербургга өткөн илимий иш чарага барып, Америка ачты. "КМШ өлкөлөрүнүн арасында Гуманитардык университет ачсак" деп анысын бир топ далилдер менен аргументтемиш болду. Акаевдин ою боюнча университет Санкт-Петербургда ачылса жакшы болмок. Бирок, ага азырынча эч ким лам деп ооз ача элек. Непадам, кең пейил Орусия ушундай университет ачып калса, экс-президентибиз башкарып башында турайын деген ою бар окшоп калды.

Адыл Бакиев
Президенттин инилери спорт менен кандуу шугулдана башташты. Кээ бир федерация кошомат кылып президенттигин берсе, кээси каражат жагын камсыздайбы деген куру үмүткө жетеленет. Канчалык деңгээлде акталат, анысы белгисиз. Бизнесмен-курулушчу, азыр Кытайдын кыйырын кыдырып жүргөн Адыл Бакиев Кыргызстандын каратэ-до Федерациясынын президенттигине конуп, үчүнчү дандагы кара курга ээ болду. Көрсө, Адыл мырза спорттон алыс чоңойбоптур, кашайып анысын биз билбеппиз. Эркин күрөш менен ээликчү тура. Негизи эле президенттин үйбүлөсү спортчул тура. Курманбек Салиевич боксер, Жаныш Салиевич тапанчадан таамай атса, Максим күрөш федерациясынын президенти... Баракелде! Ушундай спортчуларыбыз турганда эл аралык аренага чыга албаганбыз осол иш.




  Кайф заман

"Мени сат, бирок жүгөнүмдү сатпа!"
"Мен күлүк атка айланып, базардагыларды кызыктырам, мени сат, бирок жүгөнүмдү сатпа. Жүгөнүм сенин колуңда болсо сага кайтып келе берем, жүгөнүмдү кошо сатсаң жаңы кожоюндун колунда кала берем" деп сыйкырчы жомоктогу балага эскерткени, бала болсо кызыгып кетип сатып жиберип, сыйкырчыдан кол жууганы эсиңердеби? Кыргыз өкмөтүнүн акыркы жоруктары ошонун сыңарындай болуп баратат.
Муну айтканыбыздын себеби - кечээ президент К. Бакиев "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча мыйзамга кол койду (www.akipress.kg 26/05/08). Бул мыйзамга ылайык, менчиктештирилие турган объектилер турган жер ошол объектилер менен бир комплекс болуп эсептеле турган болду. Демек, кайсы бир объект менчикке берилсе анын түп-орду менен берилет деген сөз. Мындай либералдуу норманын жанында Казакстанга төрт пансионатын өткөрсө да жерин 49 жылдык арендага берген чечим төөчөлүк өйдө болуп чыгат.
Мындан тышкары, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын түзүү жана бекитүү өкмөттүн шыбагасына биротоло өттү. ГЭСтерди (анын ичинде Токтогул ГЭСтеринин каскадын), Улуттук электр түйүнүн, газ түтүктөрүн, стратегиялык магистралдык темир жолдорду менчиктештирүү Жогорку Кеңеште бекитилген программага ылайык ишке ашышы мүмкүн деп турат. Демек, аларды менчиктештиргенге мыйзам жүзүндө жол ачыла турган убак жакындап калды деген сөз. Ал аз келгенсип, мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө даярдоо боюнча комиссиянын иши эки эсе кыскарды. Алгысы келгендердин иши жеңилдеди, бергиси келбегендердин, шашпай кое туралы дегендердин мыйзамдуу мөөнөтү азайды.
Баарынан да менчиктештирүүнүн ыкмалары боюнча чектөөлөр алынып салынды, каалаган объектиге менчиктештирүүнүн бардык ыкмаларын колдонууга мүмкүнчүлүк ачылды. Ал эми стратегиялык объектилерди менчиктештирүүдө менчиктештирүүнүн ыкмасы өкмөттүн чечими менен аныктала турган болду, мурда мындай норма да жок болчу. Мыйзамдын максаты менчиктештирүү процессин тездетүү экендиги ачык эле айтылууда.
Ушул эле күнү президент К. Бакиев айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, ага ылайык Бишкек ТЭЦин менчиктештирсе болот деген норма киргизилди. "Энергетика тууралуу" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга да кол коюп, анда электр энергиясы товар деп мыйзамдуу түрдө таанылды. Мунусу кийинки менчик ээлерине электр энергиясынын акысын төлөбөгөндөргө каршы ар кандай мыйзамдуу санкцияларды колдонушуна мүмкүнчүлүк түзө турган шарттардын бири.
Менчиктештирүүгө байланышкан мыйзамдардын мынчалык тез бүтүп, бир күндө кол коюлушу буларга менчик ээси даяр болуп калды деген сөз. Ушундан улам бир болмуш эске түшөт. Илгери бир атактуу эле киши бир үйгө кудайы конок болуп кирип калса, үйдөгү келин майда-майда кылып боорсок бышырып аткан экен. Тигил киши боорсокту беш-алтыдан алып жеп атса үйдөгү келин "Аке, сиздин элде киши өлгөндө бирден коебу?" деп какшыктаптыр да. Анда жанагы киши сөздүн төркүнүн дароо түшүнүп, "Ээ, балам, мендей чоң киши болсо бирден коет. Сендей чакан-чакан кишилер болсо топ-тобу менен деле кое берген учурлар болот" деп коет дейт. Анын сыңарындай, энергетика объектилеринин майдалап отурбай дүңүнөн менчик колго өтүшүнө толук жол ачылды.

Жыргалбек Касаболотов




  Эки доо бир келсе…

Британиядагы элчи Адаханды эсиңе кел деди
Улуу Британиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчи Кубан Мамбеталиев азыркы элчилердин бычакка сабы ушул. Бул жолу да чындыкты Адахам Мадумаровдун бетине балп эттирип айтты. "Парламенттин залын ремонттогуча эл аралык уюмдардагы карыздардан кутулуп алалычы" деп айтты. Акыркы жылдары Эл аралык парламентер кеңешине эле Кыргызстан 120 миң доллар карыз. Эгер карызды төлөбөй ЖКны шөкөттөп алсак, "карызыңар көп туруп, айга кол сермеген өлкө экенсиңер"деп бизди бул кеңештен чыгарып, чет өлкөлөр арасында кадыр-баркыбызга доо кетиши мүмкүн. ЖК жаңгак менен кооздолдбой атат" дегендери уят. Эмне ар бир спикер ремонт жасаганды өзүнүн милдети деп эсептейби? Мисалы, Британия парламенти 14 жылдан бери ремонт көрө элек. Өлбөй-этпей эле иштеп атышат" деди Кубан мырза. Элчимин деп Акүй жакка кылчактабай ак сүйлөгөн Кубан Мамбеталиев азамат экен.


  Туугандуу бийде...

"Ак жолго" чоң муштум келди
Элмира Ибраимова өкмөткө вице-премьер болуп кеткенден кийин кечээ акжолчулар чогулуп, фракциянын башчысы кылып вице-спикер Азиз Турсунбаевди шайлашты.
Эми фракция ичи ого бетер ыдырайт деген кеп. Азиз Турсунбаев депутаттар менен муштум менен гана сүйлөшпөсө, аларды башкара алчу түрү жок. Журналисттерге анын президент Бакиевге өтө жакын чйөрөдөгү адам экендиги, өткөндө парламенттин аппарат башчысынын мурдун сындыра чапкандыгы гана белгилүү. Башка өнөрүн азырынча көрө элекпиз.




  Жума собол

Акүйдөгү жаңы кадрдык жүрүштөргө оюңуз кандай?
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, Коомдук парламенттин спикери:
- Ушундай багыттагы кептер буга чейин эле жүрүп аткан. Ошондуктан, бул дайындоолор капысынан эле болду дегенге болбойт. Кадрдык алмаштыруулар Курманбек Бакиев үчүн мүнөздүү болуп калды. Үч жылдын ичинде алдын алты жолу, артын үч жолу алмаштырды. Мындай жүрүштөргө таң калбаса деле болот. Бул дайындоолор мурдагы жасалган иштердин жыйынтыгы десек да болот. Муну менен олуттуу өзгөрүүлөр да болуп кетпейт. Бул кезектеги эле кадрдык алмашуулар.

Осмон АРТЫКБАЕВ, ЖК депутаты:
- Бир жагынан алганда Досбол Нур уулунун да, Элмира Ибраимованын да, Исмаил Исаковдун да тажрыйбалары бар. Жаңы орундарына отуруу менен ошол тармактарды сүйрөп кете алат деп ойлойм. Бирок, кадрдык алмашуулардан эч нерсе өзгөрбөйт.

Токтайым ҮМҮТАЛИЕВА, Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси:
- Алгач Элмира Ибраимованын вице-премьер-министрликке барышы тууралуу пикиримди айтайын. Жалпысынан алганда, билими, тажрыйбасы жетет. Ага чейин "АРИС" программасынын жетекчиси болуп жүрбөдү беле. Анан кийин "Ак жол" шайлоого аттанып атканда АРИС жасаган иштерди Элмира Ибраимова жасагандай айтып жүрүштү. Ушул чоң чет элдик программаны саясатташтырбай эле койсо дейм да. Мен Элмира Ибраимовадан бул программаны жаңы кызматында пайдалабашын суранат элем. Ал эми мамлекеттик катчылыкка деңгээли бийигирээк адам барса жакшы болот эле. Манастын күмбөзү боюнча Досбол Нур уулуна кирели десек, граждандык коомдон бирөөнү да кабыл албай койду. Мамлекеттик катчы деген мамлекеттик идеологияны көтөрүп, кыргыз туусун желбиреткен патриот болушу керек. Манастын күмбөзүнө кол салууну токтото албаган адамдын мамкатчылыкка келгени туура эмес деп ойлойм. Министр деңгээлинде эле жүрө берсе болмок.

Тилектеш ИШЕМКУЛОВ, профессор:
- Мен Досболду "Будь друг" деп коем. Ал мамлекетти жогорку кызматтарды биринен сала бирин ээлеп келди. Белгилүү илимпоз, профессор катары саясий күрөштөрдүн майданында жакшы эле такшалды. Бул орунду ээлөөгө татыктуу эле деп ойлойм. Анын ордуна Элмира Ибраимованын келип отуруп калганы деле мыйзам ченемдүү нерсе.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, "Эркиндик" партиясынын экс-лидери:
- Акыркы үч жылдан бери адилеттү иштеп, демократиялык жолго сала турган команда жок деп мен президенттин өзүнө да айткам. Өздөрү ичинен бири-бири менен менен келише албай Акүй- "Бозүй" менен урушуп атат. Мамлекеттин өнүгүшүн бирдей каалап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиктерин, ынтымактарын дегеле көргөн жокпуз. Мадумаров менен Бакиев, Садыркулов менен Мадумаров, кайра Мадумаров менен Ибраимова бири-бири менен чабышып жүрөт. Өкмөттө болсо Чудинов, Балкыбеков сыяктуу энергетиканы сызга отургузгандар, кечээ Айдар Акаевдин тобунда жүргөндөр отурат. "Ак жолчулардын" арасында кара жолчулар бар деп мен силердин гезитиңерге 15-октябрда эле айткан элем. Эми алар өз ичинен ирип ыдырап жатышат. Негизи Курманбек Бакиев Россия менен Казакстандын жолуна түшөм деп туура эмес жолду тандап алды. "Ак жолчулардын" тагдыры "Алга, Кыргызстандыкына" окшоп калышы мүмкүн.

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ,
- Муну "ички рокировка" деп койсо болот. Ички кадрдык саясатта эч качан өзгөрүү болбойт. Мындый кадрдык саясат эч кандай жылыштарды алып келбейт. Ошондуктан кадрдык саясатты түп тамырынан бери өзгөртпөсө, мамлекеттин келечеги, элдин кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу боло албайт. Жаңы кызматка келгендерди жемиштүү иштеп кете алат деп ойлобойм.

Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
-"Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дегендей бийлик эч ким менен акылдашпай эле, бийликке келген адам иштеп кете алаарына же албасына карабай эле кадрдык саясатты каалагандай жүргүзүп жатат. Мындай системаны мен жакшы билем, эч кандай өзгөрүү болбойт. Мурда кандай болсо ошондой болуп эле улана берет. Мындай кадрдык саясат коомдогу ынтымакты бузат, тең салмактуулукту алып келбейт.

Бакыт БЕШИМОВ, ЖК депутаты:
-Бул суроого карата Крыловдун "Оркестр" деген тамсили эске түшөт. Куду Акаевдин заманындагыдай система дагыле уланып жатат. Система өзгөрмөйүнчө кызматка кандай гана адам келбесин эч кандай өзгөрүү болбойт. Буга карата бир мисал келтирип кетейин. Чүйдөн, Ысыккөлдөн, Таластан алтымыштан ашык мугалим келип 2003-жылдан берки айлыктарын ала албай, парламентке кире албай, парламенттин тегерегинде бир ай жүрүштү. Алар жаңы кызматка келген Нур уулу Досболго кайрылып эч кандай маселени чече алышпаптыр. Анан биз кайдагы кадрдык өзгөрүү жөнүндө сөз кылабыз. Өкмөт эл үчүн кызмат кылбай эле, эл өз жүгүн өзү көтөрүп келе жатат. 2003-жылы жазылган мыйзам аткарылбаса, эч кандай алдыга жылыш болбосо, жөнөкөй эле маселелер чечилбей жатса, анан кадр алмаштыруунун эмне кереги бар эч түшүнбөйм.

Дилбар АЛИМОВА, Асел СТАЛБЕК кызы











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan