Ордонун оюндары

Акүйдөгү "жаңгак" жүрүштөр
Президенттик команда бирдиктүү, дегеле ортосунан жел өтпөйт деген Өкмөт үйүндөгү саясий технологдордун айтканы суу кечпей тургандыгы көз көрүнөө эле дайын болду окшойт. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин ичин жаңгактан жасатам деп белсенген спикер Адахан Мадумаров менен өзүнүн эле "Ак жол" партиясындагы бир катар депутаттар тиреше кетти эле. Ал тургай президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов менен "Ак жол" фракциясынын башчысы Элмира Ибраимова спикерге каршы чыгып, ал тургай палата башчысына ишеним көрсөтпөө тууралуу маселе дароо эле кабыргасынан коюла жаздаган. Спикердин өзү администрация башчысын "президенттин атынан иш кыла берет экен" деген кыяздагы дооматтарды коюп, бет сыйрылыша түшкөн болчу. Кызык жери - аттары аталган саясатчылардын баары "мен президент менен кеңештим, президент каршы", "жок, президент колдоду" деп, эки тарабы тең мамлекет башчысына шилтеме беришкен. Аягында К. Бакиев өзү "азыр парламенттин имаратын оңдото турган убак эмес" деп талашка чекит койду. Ал тургай анысын Кыргызстандын Англиядагы элчиси Кубан Мамбеталиев "Англия парламентинин бир палатасынын депутаттарына орун жетишпесе деле андан эч ким уялбайт" деп КТРден берген комментарийи менен бекемдеди. Бирок ошондон кийин А. Мадумаров "бирөөнө бирди айтып, башкасына башкасын айтып" деп итатайы тутулганына караганда чын эле мамлекет башчысы булардын ар кимисине ар башка сөз айткан көрүнөт. Баягы Ө Текебаев менен парламенттин чыгашасын үнөмдөө тууралуу иштерди макулдашып туруп, парламентке келгенде түш көргөнсүп чалкасынан кеткен адатын карматкан шекилдүү. Эми анысын эч кимиси ачык айтпайт дечи.
Эмнеси болсо да А. Мадумаровдон бери дегеле бары-жогу элдин эсинен чыга баштаган мамлекеттик катчы кызматына Нур уулу Досбол дайындалды. Мамлекеттик катчынын орду дагы эле бар экенин айрымдар ошондо билди. Журналисттер айтып оозун жыйып ала электе анын ордуна Элмира Ибраимова барды деген кабар жетти. Мадумаров өзү болсо Австрияга иш сапары менен кетти деп кечээ парламенттин басмасөз кызматы билдирди. Демек, Мадумаров кайра келип "Манас" аба майданынан буту жерге тийгенде жөн гана депутат болуп калышы ыктымал. Ал тургай спикерлик кызматка Чолпон Баековадан тартып Аскар Салымбековго чейинки кандидатуралар тандалып атканын билген адамдар айтып жатышат. Ал эми "Ак жол" партиясынын фракция башчылыгына Азиз Турсунбаев келгени дайын болду.
Бул дайындоолор эчак эле бышып жетилип калган өңдүү. Анткени кечээ күч органдарынын да бир топ жетекчилери алмашты. Исмаил Исаков коопсуздук кеңешинин катчылыгына бекиди. Анын ордуна президенттин жардамчысы болуп жүрүп, кийин жансакчыларын жетектегенге жетишкен Бакыт Калиев коргоо министри болуп калды. 2007-жылдын апрелинен бери коопсуздук кеңеш катчысы болуп келген Токон Мамытов президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп калды.

Жыргалбек
Касаболотов














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan