Коомдук-саясый гезит
№35, 22.05.08-ж.

Меймансап
Форум





  Жол маек

Бүбүмайрам Мамасеитова:
"Кайнатам мага өзүм машине алып берем дечү…"
Роза Отунбаева:
"Бизге Чолпон Турсуновнадай болуп ырдаш кайда…"
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Отунбаева жана Бүбүмайрам Мамасеитова эжекелерибиз болуп Көлгө чогуу сапар алып калдык. Тагыраак айтсам, Кумтөргө баратканбыз. Мингенибиз Кумтөрдүн танкадай болгон джиби. Айдоочудан "машинаңдын моторунун күчү канчалык?" десем, "көлөмү 7 куб" дейт. Аркырайт тимеле. Эми канадалыктарга айла барбы.
Ошентип жолдобуз… Ар кайсынын башын чолуп сүйлөшкөн болобуз. Бир кезде ой кетти, эки депутаттын ортосунда дудуктай болуп уктап барышым бери болгондо көңүл коштук болоор дедим да, кызык кепке бурганга өттүм. Бүбүмайрам эже аз мурда Монголияга барып келген экен. Жолдогу күмбөздөрдү карап баратып аңгеме ошондон башталды.

Бүбүмайрам Мамасеитова:
-Монголдор салтында өтө кызык нерселер бар экен. Кыздарын күйөөгө өз чөлкөмүнөн алыс беришпейт. Адегенде ата-энелери кудалашып коюшат экен дагы, эркек бала 12-13 жашында кыздын ата- энесинин үйүндө 2-3 жыл жашайт экен. Отун жагып, суу ташып, үйүндөгү болгон жумушун аткарат. Акыры баш кошушаар мезгил келгенде кызды ата-энелери баланын үйүнө өздөрү алып барып беришет экен. Андан дагы адам өлгөндөгү салтын угуп алып оозубуз ачылды. Маселен, адам карылыгы жетип же ооруп алы кетип калган болсо, аны тирүү кезинде, жаны үзүлө элегинде ээн талаага алып барып ташташат экен. Ээн талаада ачкадан же ит-куштарга жем болуп өлүш керек экен.
-Коюңузчу, чындап эле ошондой кылышат бекен?
-Ии, "бизди Кудай жаратты, Кудай кайра өз колу менен жанын алыш керек, ошондо Кудайга да,өзүнө да жакшы болот" түшүнүгүндө болушат тура. А эгер башкача шартта өлүп калгандар болсо да сөөгүн көтөрүп барып тоонун арасына же талаага алып барып ташташат. Анткени Кудай анын сөөгүн көрүш керек. Ушундай шумдук экен буларда. Өлөөрүн сезгендер "мени эми таштап келгиле" деп өзүлөрү айтышат дейт. Ушундай салт менен төрөлүп өскөндөр акыры ошого даяр болуп калышат турбайбы.
Роза Отунбаева:
-Буддизмде бул сыяктуу көрүнүштөргө түшүндүрмө тапса болот. Адам жаратылыштан чыккан, анын бир бөлүгү, өлгөндөн кийин кайта ошол дүйнөгө кирип барат. Мисалы, индустар сөөгүн өрттөп туруп сууга же талаага чачып, же болбосо ыргытып жиберишет. Бирок монголдордун тирүүлөй таштап салышкандары чыны менен таңгалаарлык. Өзүңдүн эле атаңды же энеңди ошентип таштап жатканыңды элестет. Бул деген коркунучтун коркунучу, тозоктун тозогу да. Биздин адамгерчилик түшүнүгүбүзгө сыйбайт экен.
-Кадыресе жерге көөмп жашыргандар да болот бекен?
Б.М.: -Болот экен, андайлар көбүнчө башка өлкөлөр менен көп аралашышып иштешкен ак сөөктөр арасында кездешээрин айтышты. Мисалы, Монголиянын канча жерин барып кыдырдык, бир дагы биздики сыяктуу күмбөздөрдү көрбөйсүң. Таптакыр жок.
Ушул маалда Роза Исаковна терезени карап кыйкырып калды:
Р.О.: -Апэ-эй карасаңар, бул жакка да "Ак жол" деп жазып алышыптыр.
Биз баарыбыз жабылып "Эмне экен?" деп эже көрсөткөн терезени карап калдык. Боом капчыгайынан ары чыгып калган элек. Тоонун бооруна чо-оң кылып акталган таш менен "Ак жол" партиясы деп жазып коюшуптур. Баарыбыз күлүп калдык. Дагы саясатка кирип кетпейли деп кепти кайрадан алиги чын дүйнө жайына бурдум.
-Демек, кээ бир элдер монголдор жырткычтар жасабаган нерсени кылышат турбайбы деп айтып калышы мүмкүн экен да?
Р.О.: -Туура эми, бул жагынан алганда ар кандай көрүнүштөр кездешет. Маселен, буддисттер болгон ошол эле кытай, япон, корейлердин ичинде да ар түрдүү салтты көрүүгө болот. Мен бул темада кичине бөлөкчөрөөк жагын айтсам. Кытайда Шанхай жактарында болуп, көрүстөндөр тарапка келип калдык. Карасак тимеле тыкыйтып атайын тосмо менен тосуп, кооз кылып жасап коюшкан. Ичи-сыртынын тазалыгын айт. Тирүү эле адамдар ар кыл, кооз таштардан жасалган мүрзөлөрдү өзүнө, өзүнүн үйбүлөсүнө тандап туруп, ошол жайды сатып алса болот экен. Дегеле өнүккөн Батыш болсун, Чыгыш болсун, өлкөлөрдө рынок шартында, жер тартыштыкта мындай көрүнүштөр кадыресе болуп калыптыр. Жакында эле Лос-Анжелес шаарында Мерилин Монро сыяктуу дүйнөгө абдан таанымал адамдар жаткан шаардын так борборунда жайгашкан көрүстөнгө туш келип калып, так жанагы айткандай фактыларды көрдүк. Абдан чоң акчага ошол жерден даяр орун азыртан эле сатып даярдап коюшка мажбур болушат экен бай америкалыктар.
Жөнөкөй адамдар жаткан деле Батыш болсун, Россия, Грузия жерлериндеги көрүстөндөргө салыштырсам, биздин бул тарапта али маданиятыбыз, тартибибиз жетишсиз. Аякта мындай жерлер көчө-көчө болуп, ирээтке салынып, өзүнчө эле чоң парк болуп каралып турат, керектүү мүрзөнү аталган номери менен оңой эле таап аласыз. Четтен келген адамдардын көзүнө биздин күмбөздөр дайыма кызыктуу, архитектура жагынан таасирдүү, сүрөттөрү менен, бугунун мүйүздөрү менен таңгалтат. Акталаага кире бериштеги оо дүйнөгө кеткендердин шаарчасы менин элесимде дайыма турат…Совет бийлиги бизди урбанизацияга буруп, айылдарыбызды көчө-көчө түз кылып салганды, дагы көп эле жакшы нерселерге үйрөттү. Кейиштүү нерсе, күмбөздөр жагына келгенде бизди бир тартипке келтире албаптыр деп ойлоп калам да. Биздин көрүстөндөр сыртынан толук курчалып же талапка жооп берээр жерлерге жайгаштырылган эмес. Жаңы өлүктү бош болгон жерге эле четинен көмө беришет, өз билгендериндей темир курчай беришет, анан башкалары өзүнүн керектүү мүрзөсүнө өтө албай эле кыйналып жүрүшөт. Анан калса биз өзүбүз жакындарыбыз жаткан жерге барбайт экенбиз да. Келип карап, тазалыгына көңүл бурбайт экенбиз. Байтик күмбөзү азыр шаардык көрүстөнгө айланып калды, менин да туугандарым жатат ал жерде. Ошол жерде жылдан жылга кыргызга таанымал адамдар көп эле коюлуп жатат. Тилекке каршы, көрүстөн жайгаштыруунун эч планы да жок, ал кыргызча башкарылат. Акаарат келтиргим келбейт, бирок мени абдан капаланткан нерсе мүрзөсүнүн үстүн куурай басып калган, бир топ өлгөндөрдүн жакындары, туугандары басып барып коюшпайт. Гүл коюшканды мындай кой, айланасын тазалап турушса болот эле да.. Татынакай гүл, дарактарды тиксек, жыл сайын мүрзөлөрдү каптаган куурайларды күйгүзөбүз деп көп карагайларыбызды өрттөшөт… Арбак деп көп оозанабыз, бирок көбүнчө карап турсаң, аларды көңүлдүн сыртында калтырат экенбиз. Башка элдерди карасаңар, кандай сый, ызат менен мамиле жасашат. Жыл сайын көрүп эле жатпайбызбы, жаз келгенде орустар туташ көрүстөнгө барып ата-эненин (родительский) күнү деп бир күн мүрзөлөрүн тазалап чыгышат. Корей улутунун да бир катуу адаты бар экен: жакындарынын күмбөзүн бир жылда бир жолу жердин кайсы түбүндө болсо да келип зыйнатын жасап кетишет. Албетте, колунда бар кыргыздар көз жумган жакындарын даңазалашып, ашыкча кооздоп салып аткандар да бар. Бирок негизинен, жана мен айткан нерселер басымдуу болуп кетип жатат. Айтор, кыргыздардын азыркы заманда бул жашоосунда да, тигил жашоосунда дагы ирээт жок болуп жатат.
Б.М.: -Дегеле мусулманчылыкта үстүн жаап, тумчулаган күмбөздөрдү койбош керек. Мусулман өлдүбү, ал жерде өлүк бар экенин билгизген бир таш эле калышы мүмкүн. Маселен, менин атам каза болгондо да эч нерсе коюлган эмес. Бирок азыр кыргыздар сөөк койгондо да атаандашып коюп калышпадыбы.
-Алхамдүлла. Мынакей, мүрзөлөрдүн жанынан да өтүп баратабыз. Кудай бул жердегилердин тирүүсүндөгү күнөөлөрүн кечирсин!!! Айтсаңыз, мисалы, сиз арбактар боюнча ишенимиңиз кандай?
Р.О.: -Билесиңби, бул боюнча мен өзгөчө пикирдеги адаммын. Айталы, исламда сөөктү жашырып аткан жерге аялдарды жолотушпайт. Мен ушул нерсеге абдан каршымын да. Мисалы дейин, менин атам өлүп атса, ал эң акыркы сапарга узап атса мен эмне үчүн топурак салбашым керек? Ал бул жашоодогу мага тиешелүү менин атам болуп атса.
Б.М.: -Илгери партия учурунда иштеп жүргөнүмдө биз дагы ошентип каршы чыктык эле. Көрсө ошол кездеги динсиз саясаттын деми менен чыккан экенбиз. Анан эле эл көтөрүлүп "кой, андай болчу эмес" деп токтотуп коюшкан.
-Куран окуганды билесизби?
Б.М.: -Билем, кантип билбейин.
-Роза Исаковна, сизчи?
Р.О.: -Ой, Жеңиш, сен катуу жарга такадың го. Бул деген эми өтө аялуу, купуя, талуу маселе да, туурабы. Менин айтканым бул бир нерсеге каршы чыгуу эмес. Дин ар бир адамдын ички жеке ою-иши болуш керек го. Мен болгону аялдардын экинчи орунга сүрүлүп калышын эле айткандагым. Мечитке барсаң да кайсы бир арткы босогодон киресиң, борбордук, эң кенен жайга кирүүгө уруксат жок, шүмүрөйүп бир кычыктарга барып олтурасың…
-Адамдар башыбызга иш түшкөндө Кудайды эстейт турбайбызбы. Оор, жооптуу учурларда. Маселен, депутаттык жарышка түшүп атып Кудайга жалынып дегендей?
Б.М.: -Мен депутаттык жарышка түшүп атып Кудайга жалынган эмесмин, сурангам. "Жолумду ачып бер. Өтсөм элге кызмат кылалгыдай болоюн" деп сурайсың. Менин айтаарым, намаз билбесе эле "бул мусулман эмес же Кудайга ишенбейт" деген туура эмес. Ошол эле учурда Бишкектин көчөсүн карасаңар деле келин-кыздарыбыз бети-башын тумчулап, жерге сүйрөлгөн кийимдерди кийип жүрүшөт. Мен ушуга да абдан каршымын. Кыргыздын жакшынакай улуттук кийими бар. Кыргыздар эч качан андай кийим кийишкен эмес. Анан да жанагы чала сабат даабатчылар бүгүн жайнап кетишти. Бирөөдөн чала -була укканын башкаларга окутуп жүрүшөт. Тигил жагында болсо баптисттери жүрөт. Айтор, мындай жосун акыры дин согушун жаратып тынат.
Р.О.: -Намаз дейбиз, ооба окушсун. Баары эле Куранды кыдырата жатка үйрөнүп, окуп калышты го. Өзүң түшүнгөн тилде болбогондон кийин, ошол намазда эмне деген маанини айтып атканыңды же угуп атканыңды түшүнбөй турса, бул да өзүнчө азап оокат да.
Б.М.: -Биз же өз тилибизди жарытып билбейбиз дагы, башкаларды түшүнбөсөк да жаттап атпайбызбы.
-Силерге чейинки парламентте бир кыргызчылык учур бар эле, бир куран окутканга чакырса, парламенттин жарымы көчүп кетип, кворум болбой калган учурлар болчу. Тилекке каршы, азыр деле кээде ошондой учурлар боло калып атат.
Б.М.: -Туура, андай учурлар бар. Бирок аны чечебиз деп бүт парламенттин деңгээлине көтөрүп чыкпаш керек. Ошону күн тартибине коебуз деп жүргөнүбүздүн өзү копол иш. Бирок ырас, ал жашоо- турмушубузда кезигип аткандан кийин жетекчилик эки ооз сөз менен өзүнчө эле чечип койсо болот.
Р.О.: - Мисалы, Россияда өткөндө Борис Ельцинди акыркы сапарга узатуу аземи болду. Төгөрөктүн төрт бурчунан чакырышып, тимеле шумдук кылып өткөрүштү го, ээ. Менин айтайын дегеним, акыркы кездери ар бир эл бардык жагдайда өздөрүнүн жол-жобо салттарын даңазалап көрсөткөндү трендге, модага айлантып алышты. Мунун эми жаман деле жагы жок. Ар улуттун өз жосундары болот экен да. Болгону СССР чөлкөмү 70 жыл бою мындай салттарды көшөгө артында гана жүргүзүп келишкен. Эми ачыкка чыгышып, мына биз православие динин туткан улуу орус элибиз деп өздөрүн көрсөткөнгө болгон далалаттарындай сезим калтырат. Бизде да кээде ошол сыяктуу далалаттарды байкоого болот. "Дин мамлекеттен сырт" дегенибиз менен кээде мамлекет иши менен аралаштырып жиберген учурлар жок эмес. Ал эми парламенттеги көрүнүшкө келсек, бул албетте уят иш. Жат көрүнүш. Жогорку Кеңеш мамлекеттеги эң чоң органдын бири болсок, анан ойлоп иш жасабасак болбойт. Биз ошентип атсак анда райкеңеш, шаардык кеңеш дегендер чилдей эле тарап кетишпейби.
-Кандай дейсиздер, бизге келишкен чет өлкөлүктөр саясий жагыбызды албаганда кыргыздар жөнүндө көбүнесе кандай пикирде кетишет? Караңгы, жапайы деген жамаачылардан арыла алдыкпы дегеним?
Р.О.: -Жо-ок, билгенге кыргыздар билимдүү, илимдүүлөр менен теңтайлашып, өздөрүнүкүн бербей турганга жетип калышты. Атаңгөрү, жолго коюлалбай гана атканыбыз болбосо, кыргыздардын деңгээли бийик. Биз деле сабаттуу коомбуз. Монголдор бизге караганда көп тилдерде сүйлөшөт, алар өткөн системанын пайдасын өтө көп көрүп, мурунку Чыгыш Европанын соцөлкөлөрүндө билим алышкан. Бул жагынан биз аларга жете албайбыз го. Туризмди ошону үчүн алар ийгиликтүү өнүктүрүп жатышат. Кыргыздын шаардык маданиятын алып барган, өнүктүргөн адистери биздин калкты эң эле өнүккөн улуттардын арасында уят кылбайт, уттурбайт.
-Эже, сиз машина айдай аласызбы?
Р.О.: -Жок, мен окугам, укугум да бар, бирок тажрыйбам жок, айдоочу болбосо, уулум бар. Деги эле биздин графикте унаа айдаган өтө чоң түйшүк берет дейм. Иш ушунчалык көп болуп турат, мен атымды унутпай турайынчы деп тамашалап коем учурда.
Б.М.: -Ошол түйшүк эле жетишпей атты эле дебейсизби. Мен болсо мурда айдачу элем, азыр айдабай калдым. Илгери кайын атам "келиниме өзүм машина алып берем, машина айдап ал" деп калаар эле. Жолдошум да "сен айда" дечү. Анда мен "Ой ата, уулңуз тойго барганын эле ойлоп атат, ичип алганда мен айдашым керек да" десем, "ай, аттиң ай, ошонусу бар беле" деп күлүп калчу. Чындап эле аялдар үчүн бул дагы кошумча жумуш экен да. Азыр үч келиним бар, үчөө тең машина айдашат. Тогуз неберем бар.
-Роза Исаковна, сиз жакшы ырдасаңыз керек, алыс жолдо ырдап бербейсизби?
Р.О.: -Жок, мен, тилекке каршы, публично ырдабайм. Тилибиз орусча чыккандай, орус ырлары дайыма биринчи келет эске. Кыргызда көбүрөөк шайыр, ритмикалык, динамикалык ырлар жазылса, болбосо көбүнчө, баары эле созулгандай, сүйүү жөнүндө, кайгылуу угулат. Отуруштарда же болбосо марштарга арналган хор ырлары бизде кем деп эсептейм. Дегеле бизде хор ырынын маданиятын турмушка киргизсек сонун эле болмок! Ырдын күчү укмуш, аны билем, ыр терапиясы бар деп ишенем, ыр чындап эле ахвалыңды оңдоп, маанайыңды көтөрүп, эсалтат.
-Вице-спикериңиздерден үйрөнүп албайт белеңиздер?
Р.О.: -Кайсы, аа! Эжебиз эми ыр жагынан чыныгы профессионал да. Табияттык таланты да бар, а балким, профессионалдардан сабак да алаар. Жаш кезиңде үйрөнө албай калсаң, кийин улгайганда көп нерсени өздөштүргөнгө убакыт болсо керек дейт экенсиң, азыр эми сүрөт тартканды, бийлегенди, ырдаганды үйрөнсөк сонун эле болмок. Биздин коом ошончолук байып, маанайы ачылмак.
Б.М.: - Чолпон Турсуновна чындап эле жакшы ырдайт. Кол коюш керек. Ал киши мектептен баштап эле ырдап келатат. Үнү укмуш.
Р.О.: -Ооба, эми биздин турмушубуз жалаң эле ырдамай менен өтсө, анда ырды деле үйрөнүп алат белек.


Жеңишбек ЭДИГЕЕВ




  Үч тапан

Эл ичи-анекдот кенчи
-Кошунаңардын сулуу кызы бар эле, ошого үйлөндүңбү?
-Кедейсиң деп тийбей койгон.
-Байкең бай эмес беле, аны айткан жоксуңбу?
-Айткам, ошондон бери ал кыз менин жеңем болуп калды!..

Жапонияда кир жууган машиналардын акылдуу түрү чыгыптыр. Кир жууганы келген аялдарды бир сааттан кийин кадимкидей кул кылып алат экен.

Эски тааныштар жолугушуп калат.
-Көзүңдү ким көгөрттү?
-Менин кандай тайманбас жигит экенимди билесиң да, эмне болсоң ошо бол деп, катыным жасаган кесме бөлтөк болуп калганын бетине эле айтып таштадым!..

Баткенде кайрадан суу талаш чыкты
Баткен областында "Согмент" чегара бекетинде Өзбекстандын Сох анклавынын Хушъяр айылынын тургундары менен кыргыз чегарачыларынын ортосунда чыр чыкты (www.akipress.kg 21/05/08). Чегара кызматынын билдирүүсүнө караганда, 20-майда сугат иштери менен жүргөн 20дай өзбек жараны алардын документтерин текшерип жаткан кыргыз чегарачыларына нааразы болуп сөгүнө башташкан. Сүйлөшүлгөн график боюнча сууну 5 күн өзбекстандыктар, калган 2 күнүн кыргызстандыктар пайдаланышат. Өзбекстандыктардын бири кыргыз чегарачысына кетмен шилтей баштаганда кыргыз чегарачылары эскертүү иретинде асманга 2 жолу ок атышкан. Өзбекстандын "Хушьяр" чегара күзөтүнүн башчысы жана Хушъяр айыл өкмөт башчысы келип, өз мекендештеринин кылыгы үчүн кечирим сурап, алардын жоопкерчиликке тарттылаарын айтып кетишкен. Азыр чегара курамы бекемделип, иликтөө жүрүп жатат.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan