Коомдук-саясый гезит
№35, 22.05.08-ж.

Меймансап
Форум





  Дин чатагы

Куланактагы баптист үйбүлөнүн 14 жашар баласынын сөөгүн жерге бердиртпей атышат
Нарын районунун Куланак айылынын баптист үйбүлөдө каза болгон 14 жашар баланын сөөгүн жергиликтүү эл төрт күндөн бери жерге койдурбай жатат. Бул тууралуу Нарын Евангелисттик Христиан Баптисттер жыйынынын атынан Сагынбек Рыскелдиев, Рахат Чүйтиев, Асылбек Акынбаев билдирди. 18-май күнү Алымбек Исаковдун уулу каза болуп, 19-май күнү Куланак айыл өкмөтүнүн чечими менен көрүстөн үчүн бөлүнгөн жерге жай казыла баштаганда, имам баштаган айыл тургундары сөөктү көмүш үчүн жай каздырбай, айыл тургундары "Көрүстөнгө гана эмес, Куланак айыл өкмөтүнүн аймагына да балаңардын сөөгүн көмдүрбөйбүз, анткени силер диниңерди саткансыңар" деп жемелешкен. Ата-эне райондун акимине кайрылып, аким ал маселени чечип келиш үчүн орун басары менен милиция кызматкерлерин кошуп берген. Куланактын тургундары болсо өлгөн баланын атасы Алымбекке "Баптисттиктен чыгып, исламды кабыл алганда гана балаңдын сөөгүн койдурабыз" деген шарт койгон. Райондон барган өкүлдөр айыл тургундары менен тил табыша албай, аларды кепке келтире алышкан эмес. Андан кийин баптисттер Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиевге жолугуп, маселени чечип берүүнү суранышкан. Бирок губернатор бул багытта кандай чараларды көрүп атат, азырынча белгисиз. Эң башкысы, баптист үйбүлө 14 жаштагы баласынын сөөгүн беш күндөн бери көмө албай атат.

ЕХБ жыйынынын мүчөсү Рахат Чүйтиев:
"Баласы 14 жашта гана болгондуктан баптист эмес болчу"
Нарын Евангелисттик Христиан Баптисттер жыйынынын мүчөлөрү Бишкекке келип, президентке чейин кайрылып жардам сурап жүрүшөт. ЕХБ жыйынынын мүчөсү Рахат Чүйтиев менен бул окуя боюнча чакан маек курдук.
- Рахат, каза болгон бала дагы баптист беле? Бул маселе боюнча губернаторго киргенде не деди?
- Губернаторду кабинетинен чыгып бараткан жеринен кармап сурадык. "Бул суроону кандай чечип бере аласыз?" десек, губернатор "Эл айткан сөз менен макул болгула, анан сөөктү койдурат" деди. "Биз сөөктү жерге кое беребиз, эгер чыр-чатак чыгып кетсе ким жооп берет?" дегенде, Өмүрбек Суваналиев "Баптисттер жооп берет" дейт. Азыркы учурда баланын сөөгү Куланак айылында ата-энесинин үйүндө. Бала 14 жашта, ал эми биздин жобо боюнча, адам 18 жашка чыккандан кийин гана өз эрки менен баптисттердин катарына киргенге акысы бар. Азыр аны баптисттердин мүчөсү деп айтканга болбойт.
- Ата-энеси качан мүчө болду эле?
- Мен так айта албайм, бирок бизге мүчө болгонуна он жылдай болуп калды.
- Куланак айылында жана Нарын областы боюнча канча баптист бар?
- Куланак айылында эки баптист үйбүлө бар. Нарын областы боюнча болжол менен 50-60 адам.
- Эми Куланак эли такыр сөөктү жерге койдурбай койсо кантесиздер? Бишкекке алып келесиздерби?
- Азырынча айта албайбыз. Президентке массалык маалыматтары аркылуу кайрылдык, биздин үнүбүз ага жетет деген үмүттөбүз.
- Мисалы, мусулмандардын мүрзөлөрү да, христиандардын мүрзөлөрү да өзүнчө болот да. Жергиликтүү эл ушул талап менен койдурбай жаткандыр?
- Мен ойлойм, Исага ишенгендерге тыюу салып, баш тарттыруу максатында жүрүп аткан иш. Анткени, бул биринчи жолу болуп аткан жок. Нарында 2001-жылы дагы бир баптист каза болгондо сөөгүн мусулмандардын арасына койдурбайбыз деп, казылып, даярдалган жайды көмүп салышкан. Анан айылдан алыс Аккыя деген жерге көмгөнбүз, бир нече убакыт өткөндөн кийин жергиликтүү эл анын мүрзөсүн трактор менен түздөп салышкан.
- Мисалы, Чүйдүн бир айылында баптисттердин өзүнчө мүрзөсү бар деп уккан элек, эмнеге ошол жакка койбойсуңар?
- Өзүнүн туулган жерине коюлганы жакшы да. Эмне үчүн аны биз Чүйгө алып келишибиз керек?


Шакир ажы МАМАТОВ, Бишкек шаарынын казысы:
"Аны имамдар чыгарган жок, бул шарияттын өкүмү"
-Шарияттын өкүмү боюнча, баптист болобу, буддист болобу, аларга жаназа да, куран да окулбайт, мусулмандардын мүрзөсүнө коюлбайт да. Анткени алар өздөрү тирүүсүндө ислам динин чанып кеткен. Чанганы мага жаназа, куран окулбай эле койсун, мүрзөсүнө койбой эле койсун дегендик. Аны имамдар чыгарган жок, ал шарияттын өкүмү. Ушундай эле окуя Ысыккөлдө да болгон. Анда 7-8 күн дегенде араң бир чет жерге алып барып сөөктү жашырышкан. Эгерде имам билип туруп башка диндин өкүлүн мусулмандардын мүрзөсүнө коюуга жол берсе, ал абдан чоң күнөө болот. Тирүү мезгилинде биздин динди чанып, анан өлгөндө келишеби.

Жаныбек ЖАНЫЗАК, журналист:
"Митингдерде жүргөн Суваналиевдин күчү жетпей калдыбы?"
- Жергиликтүү элдин антип сөөктү жерге койдурбай жатканы туура эмес. Демократиялык мамлекет болгондон кийин дин эркиндиги болуш керек. Анан киши каза болгондон кийин баары бир көмүлүш керек го. Эмне үчүн ал жерде губернатор, айыл өкмөтү эмес, имам башкарыш керек? Митингдерден элди таркаткан Суваналиев ошол көмдүрбөй жаткан адамдарга күчү жетпейби? Кыргызстанда мыйзам, бийлик деген болуш керек да.

Турсунбай БАКИР уулу, экс-Акыйкатчы:
"Бул "хизбут-тахрирден" да коркунучтуу"
- Мындай учурларда жергиликтүү бийликтен өзүнчө башка жер сурап, ошол жакка көмүшү керек. Анткени ар бир диндин өзүнүн мүрзөсү болот да. Мусулмандардын мүрзөсүнө башка диндин өкүлдөрүн койгонго болбойт. Мен мындан эки жыл мурда эле диний кагылышуу коркунучу бар экенин айткан элем. Баптист, адвентист, мун сыяктуу секталарга өтүп кеткендер туруктуу позициялуу ислам менен христиан диндеринин өкүлдөрүн бөлүп атышат. Бул "Хизб-ут-тахрирге" караганда да коркунучтуу.

P.S. Урматтуу окурмандар! Кыргызстандын коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп аткан дал ушул маселе. Республика боюнча динден алыс, атеисттер көп делинген Нарын дубанын азыр ар кандай секталар каптады. Буга чейин баптист кыздын сөөгүн жерге бердиртпей, ушундай өңүттөгү чатак да дал ушул Нарын облусунда болгон. Түндүк дубанын мындай тенденция каптап атканы да өтө коркунучтуу. Айрым үчүнчү күчтөр дал ушул диний жараканы пайдаланып, чатак чыгарганга кызыкдар. Андыктан бул талылуу маселени талкуулап, добулбас кагышыбыз керек. Үн кошуп, пикир айтам дегендерге эшик ачык.




Маркумдун сөөгүн жерге берүүгө буйрук чыгарып бериңиздер!
КР президенти Курманбек Бакиевге
Нарын облусунун губернатору
Өмүрбек Суваналиевге
Бардык массалык маалымат каражаттарына
23-январь1998-жылы Нарын шаарында Евангелистик Христиан Баптисттер жыйыны Нарын облустук юстиция башкармасы тарабынан расмий түрдө каттоодон өтүп, өз жобосунда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган иштерди аткарууга укук (Күбөлүк) алган. Аталган уюмдун мүчөлөрү толугу менен кыргыз улутундагы адамдар. Он жылдан ашуун убакыттын ичинде ЕХБ жыйынынын мүчөлөрү жергиликтүү мечиттин өкүлдөрү тарабынан ар кандай коркутуп-үркүтүү, кысымга алууларга дуушар болуп келген. Өзгөчө аталган уюмдун мүчөлөрү каза болгон учурларда, жергиликтүү мечиттин өкүлдөрү маркумдун сөөгүн жерге койдурбоого ар кандай тоскоолдуктарды жасап, ал турмак казылып коюлган жайды түн ичинде кайрадан топурак менен толтуруп салган учурлары болгон. Ушундай мыйзамсыз иштерге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы кайдыгерлик менен эч кандай мыйзамга ылайык чара колдончу эмес. Бирок жакында мурда болуп көрбөгөндөй ыймансыз жорук башталды: 18 май 2008 - жылы Нарын ш. ЕХБ жыйынынын мүчөсү, Нарын областынын Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Исаков Алымбектин 14 жашар уулу Алымбек уулу Аман каза болгон. Эртеси 19-май күнү эртең менен Куланак айыл өкмөтүнүн 19-апрель 2006 ж. чыгарган токтомунун негизинде атайын бул айылда жашоочу ЕХБ жыйынынын мүчөлөрүнө көрүстөн үчүн бөлүнүп берилген жерге маркумдун сөөгүн жашыруу үчүн жай казыла баштаганда, айылдын элүүдөн ашык тургуну келип (кээ бирлери күрөк көтөргөн, арасында мас абалындагылары бар), "Биз бул жерге өлгөн балаңардын сөөгүн көмдүрбөйбүз, анткени силер диниңерди саткан баптиссиңер, ал турмак бүткүл Куланак айыл өкмөтүнүн аймагына койдурбайбыз," - деп бизге (ЕХБ жыйынынын мучолоруно) жай каздырбай коюшту. Алардын бул иштери коркутуп, үркүткөн жемелөөлөр менен коштолду.
Бизге бийлик башындагылар бул иштин оңой эле чечилишин билсе дагы, тескерисинче мыйзам бузуучуларга колдоо көрсөтүп жатканы көрүнүп турду. Ал эми бир күн мурда акимдин орун басары Эмил Алымкулов, прокурор Каныбек Калбаев, милициянын начальниги Махабат Жумаев Куланак айылына барып тартип бузуучуларга түшүндүрүү аракетин жасамыш болуп, бирок мыйзамга ылайык эч кандай иш жазабай кайра кетип калгандарынан Нарын облустук жана райондук администрация тарабынан алдын ала даярдалган сценарий экени айдан ачык түшүнүктүү болду.
Мусулманбыз дегендердин ыймансыз иштери буга чейин деле бизге белгилүү болуп келсе, бийлик өкүлдөрүбүз дегендердин кылган иштери анык чектен чыккан адам укугун тебелөө болду.
Ыймандуулукка үгүттөгөн динчилдердин кылып жатканы ал болсо, Мыйзамдуулукка үндөгөн бийлик башындагылардын иши бул болсо, каякка барып, кимден акыйкат жолун издешти билбей, акырында бул абийирсиз жорукту массалык маалымат каражаттары аркылуу президент Курманбек Бакиевке кайрылууну туура таптык.
Бүгүн 2008-жылдын 22-майы. Маркумдун сөөгү көмүлмөк турсун жайы казыла электигине төртүнчү күн болуп баратат. Урматтуу президент Курманбек Бакиев, аты жогоруда аталган мыйзамдуулукка үндөмүш болгон Нарын облусунун бийлик башчыларына жана ыймандуулукка үгүттөмүш болгон динчилдерге карата мыйзамга ылайык катуу чараларды колдонуп, тез арада маркумдун сөөгүн жерге коюуга буйрук чыгарып берүүңүздү өтүнөбүз.

Нарын шаардык ЕХБ жыйынынын атынан:
Рыскелдиев Сагынбек
Чүйтиев Рахатбек










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan