Коомдук-саясый гезит
№35, 22.05.08-ж.






  Муза кайыгы

Кайдасыңар, калк жактырган кайрыктар?
Чыгармачылык - бул Кудайдын айрым бир сүйгөн адамдарына берген белеги дешет. Ыйык тутуп келген ошол белек "оюнчукка" айланып калганына ондогон жылдар болуп баратат. Аны оюнчукка айлантууга радио менен теледе иштеген чала сабат музыкант-редакторлор, продюсерлер жолду кенен ачып коюшпадыбы. Ошонун кесепетинен эфирлер "эстрада жылдыздарына" батпай кетти. Алардын ырдаган ырынын мазмуну, обонунун, текстинин тереңдиги менен эч кимдин иши жоктой. Эптеп-септеп бир текстти өзү чүргөй салып, чала-була обон кыңылдай коюп, бакыйган аткаруучу, обончу (композитор деп алышканда кантесиң) "тележылдыз" болуп чыга келишет. "Акчам болсо мен деле клип тарттырып коёт элем", "мындай обонду мен деле чыгармакмын" же "бир автордук кече өткөзөйүн дедим эле" дегендер четтен табылат. Чынында акчаң болсо эле эфирге жылдыз боло калыш мүмкүнчүлүгү турган иш. Радио менен телелердин продюсерлери "пулуң болсо кулуңмун" деп эле араң турушат.Ушундан улам коррупция деген немең экономикада эле эмес, музыка жаатында да жайнап-гүлдөп турганын баамдаса болот. Учурдагы музыкалык маданиятка болгон кайдыгерликтен улам көлөмдүү чыгармаларды айтпай эле коёлу, обондорубуз "телп-телп" эткен чолок кайрыктардан алыстай албай жатпайбы. Батыштын же болбосо тегерегибиздеги башка республикалардын ырларын туурап же көчүрүп алуу адатка айланды. Абдылас, Атай, Муса, Жумамүдүн, Бектемир, Рыспай сыяктуу залкарларыбыздын обондорунун үлгүсүн улантып, изденип, жаңы табылгаларга умтулуунун ордуна компьютердеги даяр жеңил-желпи ритмдерди колдонуп, чыгармачылык изденүүнүн ордуна калыпка салгандай окшош кайрыктардын көбөйгөнү өкүндүрөт. Сөзүбүз кургак болбос үчүн бирин-экин мисал келтире кетейин. Жаш ырчы Ислам Акматов ырдап жүргөн Роза Шакированын (сөзү С.Жээнбаевдики) "Коштошуу" аттуу ыры белгилүү грек ырчысы Демис Руссонун "Сувениры" деген ыры болуп кашкайып турат. Ал эми канында казактын каны ойноп турган Султан Садыралиевдин репертуарынын көбү казакча ырлар "жыттанып" турганы аз келгенсип, автору айтылбаган "Кайсар жигит" (кээде "Томологум" деп да жарыяланып жүрөт) деген ырында орустун атактуу ырчысы Клавдия Шульженконун репертуарындагы "Синий платочек" деген белгилүү ырынын эки сабын түздөн-түз көчүрүп алганын кантип укпай калабыз. Мындай ууру кайрыктар азыркы жаш "жылдыздарыбыздын" репертуарынан байма-бай кездешет. Анын баарын санап олтурууга да арзыбайт деп эсептейм. Рыспай чыккан оштук ырчылардын көбү өзбек же түрк кайрыктарына, Атай чыккан таластык ырчылар казак ырларына ыктап турганы эмнени каңкуулайт... Кыргыздын Алатоосундай бийиктикти кармаган, Ысыккөлдөй тереңдикти арбаган нукура улуттук кайрыктар кайда калды?.. Аларды ким издейт, тескейт? Сапатсыз азык-түлүккө, кийим-кечекке, буюм-тайымга ар кандай көзөмөлдөөчү уюмдар бар. Жан дүйнөбүздүн азыгы болгон обон-күүлөрдүн сапатын көзөмөлгө алуу учурда дымып жаткан Кыргызcтан композиторлор союзунун, Маданият минстрлигинин жана өкмөттүк жана жеке менчиктеги телерадио компаниялардын түздөн-түз милдети деп эсептейм.

Турдубек Чокиев, композитор












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!