Коомдук-саясый гезит
№35, 22.05.08-ж.






  Жан курбум

Азиза Абдурасулова:
"Өз энем менен кырк жыл катташа албадым"
Кадам сайын кайдыгерликке тушалып, укугун уурдаткан шордуу кыргыздын таламын талашып келаткан Азиза эжени мен чыны жакшы көрөм. Бой көтөргөндү билбеген, дайым жай аккан суудай бир калыпта жүргөн, улунуп-жулунганга шыгы жоктугу, эң негизгиси, балдарына мээрман эне, мыкты жубай экендиги кимди гана болбосун суктандырбай койбойт. Жүгүрүп эле жүргөнүн көрүп, "деги баарына кантип үлгүрөт" деп ойлоносуң. Байпагы манат байдын аялдарындай болуп керээли кечке сулуулук салондорун кыдырып, дүкөндөн дүкөн тандаганын өмүрү көрбөйсүң. Дайым чырылдап, бечара кыргыздын бейтаалай турмушуна кейип, безилдеп жүргөнү жүргөн. Айтор, эжени дүкөн, салон, бутиктерден кезиктирем дегендер катуу жаңылышат. Антип бу өмүрдү текке өткөргүсү келбеген эже экөөбүз бу саам бала чак, турмуш, тагдыр жөнүндө сүйлөштүк. Туугандары Айдың деп эркелеткен Азиза эже өткөн өмүрүнө кылчая карап, оор күрсүнүп алды окшойт. Ары кызык, ары татаал тагдыр ай…

Балыкка барып, бака кармап…
Мен үйбүлөдө төртүнчү баламын, эки агам, бир эжем, эки сиңдим бар. Алтообуз карапайым үйбүлөдө чоңойдук. Атам Ноокен, Базаркоргон өрөөнүнө белгилүү көөрү төгүлгөн, үй салган уста болчу. Жыгачка жан киргизчү. Үй салдыргысы келгендер Ноокат, Чаткалдан да издеп келишчү. Базаркоргондуктар Папан уста деп коюшат. Бала чагым Бешбадам айылында өттү, сегиз жашка чейин Бешбадамда чоңоюп, 1-класска ошо жерге бардым. Азыр ойлосом жашоомдогу эң жакшы керемет убак бала чагым болуптур, эч нерсени ойлонбой акелерим менен уй багып, ой-кырга чыгып, балык кармайбыз деп балыктын ордуна бакаларды кармап, жылаңач болуп сууга түшүп, кийим-кечелерибизди иттин үстүнө асып коюп, ал ит жоголуп, кийимдерибиз жоголуп, жыпжылаңач көчө чаңдатчубуз. Айылда пахта көп өсчү, апам дайым бизди пахтага алып барчу, 1965-жылкы сиңдим Батмакан менин желкемде чоңойду. Бала баккан, баланы караган менин түйшүгүм эле. Негизи биртуугандар абдан ынтымактуу болуп чоңойдук, биздин ынтымагыбызга кийин бир окуя себепчи болуп калды окшойт. Эмнегедир апам менен атам жакшы жашап жүрүп эле кокусунан ажырашып кетишти. Ажырашуу мен үчүн абдан сокку болду. Эки кыз, бир эркек апамда, эки кыз, бир эркек атамда болуп бөлүнүп, мен атамын колунда калдым. Атам кийин башка аялга үйлөндү. Экинчи апам мурун такыр төрөбөптүр, "балдары бар" деп бизге кызыгып, атама тийиптир. Бизди өз балдарынан артык көрүп, өгөйлүгүн билгизбей, жакшы асырады. Бирок аябай кызганчаак эле. Бизди ушунчалык кызганып жүрүп, Ноокендин Кызылтуу деген айлындагы жакшынакай үй-жайыбызды саттырып, өзбектердин арасына Масы айылына алып келип, ошо жерде жашадык. "Өгөй экеним элдин баарына жайылат, мен өз балдарым дешим керек" дечү. Баккан апамдын кызганчаактыгынан улам энем, энемде калган бир туугандарым менен көп жылдар бою катташа алган жокпуз. Төрөгөн апам менен катташканым өзүнчө тарых.

Манас Бердибековдун спортсмен, отличник, комсомол карындашы
Анан мени баккан апамдын бир тууган акесинин баласы Манас Бердибеков болот. Манастын апасы алты айында каза болуп калып, балалуу болбогон үчүн агасынын уулун апам багыптыр. Кийин Манас экөөбүз бир үйдө тарбияландык. Көпчүлүк биздин ата-энебиз таптакыр башка экенин билчү эмес. Бир туугандай болуп чоңойдук. Менден эки жаш улуу болчу. Боорукер, табигатынан башкача жигит эле, армияга барып келгенден кийин Санжардын апасы Калия жеңеме үйлөнгөндө, той биздин үйдө өткөн. Санжар төрөлгөндө Турдукан деген сиңдим экөөбүз төрөт үйүнөн көтөрүп алып чыкканбыз.
Мектепте сабакты абдан жакшы окучумун. Мугалимдер класста айтканын айткандай кылып айткан куйма кулак элем, китепти деле көп окучу эмесмин. Көбүнчө коомдук иштер, КВН, парад, фестиваль, олимпиада дегендердин баарына катыша берчүмүн да. Спортто жеңил атлетикага катышып, кыйын жүгүрчүмүн. 60 метрликте алдыга эч кимди чыгарчу эмесмин. Шахматты жакшы ойногондуктан, 10-класста шахмат чебери деген кандидаттыкка норма толтургам. Ошолордун бардыгына баккан апам аябай түрткү берип, баскан-турган жеринде мени менен сыймыктанып мактанчу.
-Бала чагыңызда эле калыс, чынчылдыкты издеген адам белеңиз?
-Менин эки касиетим бар, адамдын көңүлүн кыйын карайм жана биринин сөзүн бирине айтып ушак ташыбайм. Жашоо-чөйрөм ошондой болуп калдыбы, билбейм, өгөй апамды капа кылбайын деп өзүмдүн апамдын туугандары менен бир жерден көрүшүп учурашсам да, көңүлү оорубаса экен деп чочуп турчумун. Коркконуман эмес, көңүлүн ооруткум келчү эмес. Атамдын да көңүлүн карачумун, апамдан мен жөнүндө жаман сөз угуп калбаса экен деп. Ошондон улам өзүм кыйналып турсам да, курмандык болуп атсам да, башкалардын көңүлүн кыйын карайм. Анан менин чөйрөмдөгүдөй тарбияда бирөөнүн сөзүн бирөөнө айтмай деген таптакыр жок болуп калат. Сөз айтып келген адамды да аяп, териштиргим келбейт. Чыр-чатак чыгып кетип, көңүлү оорубасын дейм.

Юристикке стаж жетпей
Ой, мен ким гана болгум келген жок. Апам менен атам жаңы ажырашканда балалык сагынычтан улам абдан ооруп, ооруканада көп жаттым. Беш жылдай ооруканаладым окшойт. 8-классты Ноокатта Токтогул атындагы мектеп-интернатта окуп бүттүм. Ошо кезде доктур болом деп жүрөгүм алеп-желеп. Анан ыр, макала жазып, "Кыргызстан пионерине" жөнөтүп турчумун. Апама деген сагыныч, кусалык саптары, Кабылан деген күчүгүмө арнап жазган ырларым чыгып, жазуучу болгум келип, өзүмдү жазуучудай сезип, жер менен баспай калдым. Андан кийин шахматка берилип, күнү-түнү шахмат ойноп, уктасам да көз алдымда шахматтын фигуралары тура берчү. Эркек балдар менен шахмат ойноп кетип калам да, өзүмү Карпов, Каспаров, Фишер, Капабланка, Алехин сыяктуу кыйын шахматист элестетем. Андан кийин 9-10-класста юрист болгум келди. Балким, юрист болуп кетмекмин, бирок ага эки жылдык стаж керек эмес беле. Стаж тоскоолдук кылып, юридикалык факультетти эңсебей калдым. Анын үстүнө баккан апам алыска кетиргиси келбеди, "Фрунзе деген жердин түбү, сени жоготуп алабыз" деп эле Майлысуудагы электро-механикалык техникумга тапшыртып койду. Техникумду бүтөөр жылы турмушка чыктым.

Аял жакшы, эр жакшы же кайнене-келин мамилеси
-Менин жолдошумдун жакын досу менен жакын курбум сүйлөшүп жүрчү. Ошо экөө аркылуу бир кечеден таанышып калдык. Жанызакка турмушка чыгам деп ойлобопмун. Себеби, таанышкандан көп өтпөй армияга кетти. Анан армиядан келген соң кокусунан жолугуп калып, ал мага олуттуу мамиле жасай баштады. Бир аздан соң коңшу теңтуш баласынын туулган күнүнө чакырды, курбуларым менен барганбыз. Туулган күндөн кайненем мени көрүп калып, сыртымдан жактырып, "ушу кызга үйлөн" дептир. Кыязы, жолдошума караганда кайненеме көбүрөөк жаккамын го.
-Кайненеңиз өзү алперип аткан соң кийин кандай келин болдуңуз?
-Жакшы келин болдум деп мактансам жарашаттыр. Кайненемдин көзү өтүп кеткенине эки ай болду. Баягы "башкы көч кайда кетсе, кийинки көч да ошоякка" дегендей, күйөөмдүн алты иниси, бир карындашы бар. Баары үйлөнүп-жайланды, келиндер "абысын аңдышкан жоо" дедирбей, абдан ынтымактуубуз. Ал ансайын кайненем мени өлөөр-өлгөнчө жерге-сууга тийгизбей мактап, "сен жакшысың, ошол үчүн калгандары өзүнөн өзү жакшы чыкты"деп ак батасын берди. Эгер кайненем билим алып, окууну бүткөн болсо, өтө чоң дипломат же эл башкарган бирөө болмок. Бир убакта эле бир үйдө төрт келин менен чогуу жашап, бойго жеткен кайынсиңдим да бар. Бири-бири менен уруштурбай, ортодон жаман-жакшы сөз өткөртпөдү. Баарыбызда эки-үчтөн бала, балдар чатакташа кетсе билгизбей жууп-чайып тураар эле. Келиндерин биринен бирин жогору койбой, балдарыбызды бакты. Балдарыбыздын баарын тең төрөт үйүнөн чыгарып, кыркы чыкканча жалаяктарын өзү жууп, бир да жолу кайненелик каарын төкпөдү. Жаңы келин болуп барганымда бапырап той беришти. Көп өтпөй кайненемдин агасы баласын үйлөнтүп, анан бизди отко чакырып калышты. "Отко киребиз" деп бышырчусун бышырып, камданып, мен узун көйнөк кийип, жоолукту салынып, Жанызакты күтүп атабыз. Ал жумуштан келсе эле тойго жөнөмөкпүз. Жанызак келип эле "тойго ушинтип бармак белең, алдагы салбырактарды чеч дагы шым кий" десе болобу. Ары айттым, бери айттым, көнбөдү. Кайненемди да укпады. Ал убакта кыз-келиндер шым кийчү эмес, бирок мен Жанызак менен сүйлөшүп жүргөндө такай шым кийчүмүн. Колуман жетелеп кирип, шым кийгизип, көйнөк-жоолугумду тандырда күйүп бүтө элек чокко салып өрттөп салды. Кайненем ачуусу келип "мага демектен жылаңач алпар" деп койду. Мен болсо ыйлап алгам. Шымды кийгизип, жылаңбаш отко алпарды. Тойго барсак күтүп турган аялдар жарданып чыгып "оо, ботом, келиниңер кана?" дешсе, кайненем буулугуп "мына келиним" деп айта албайт. Кымырынып-кысынып уялганымды, намыс кылганымы айт, кайненем менден өтүп намыс кылат. Эптеп жүгүнүп, тойго аралашып кеттим. Кайненем түшүндүргөн окшойт, таңгалып тиктебей да калышты. Жанызак өз билгенин бербеген эрке экен да, кайнатам балалуу болбой жүрүп, 56га чыкканда күйөөм тогузунчу аялынан төрөлүп, анан ырым кылып, бирөөгө берип, андан сатып алып, айтор, өтө бапестеп, көзүн карап чоңойтушуптур. Ошо бойдон шым кийип, жылаңбаш жүрүп калдым.

Өз энесине көзү көрбөй калганда кезигип
Күйөөгө тийсем да өз апама бара албадым, баккан апам менен катташам. Өз апам жакын жерде жашаарын билчүмүн. Беш балалуу болгончо апама барбадым, көрүп калсам саламдаша албайм. Эне менен бала бир жерде туруп саламдаша албаган өзүнчө азап. 1992-жылы бешинчи балам боюмда кезинде атамдан айрылдым. Бир жылдан соң өзүмөн улуу акем келип "апам ооруканада, көзү көрбөй калды" деп калды. Жанызак деле апам менен катташпасымды билчү, ага айтып, экөөбүз жөнөдүк. Палатага кирсек мени көрбөйт, медсестралар "кызыңыз келди" десе өзүнүн колундагы кыздарынын аттарын айтып атат. Мен болсо жашып турам, кырк жылдан ашуун убакыт "апа" деп барып эркелебепмин да. Анан "Мен, Майлысайдан келдим, Айдыңмын" дедим. Туугандарым мени Айдың дешчү. "Айдың сенсиңби?" деп ыйлап жиберди, мен да шолоктоп атам. Ооруканадан чыккандан кийин Жанызак экөөбүз алып кеттик, 1996-жылы каза болгонго чейин өзүм бактым. Бирок, апам балдарымдын өңүн көрө алган жок. Ушуга өкүндүм. Кийин баккан апама "апамдын көзү көрбөй калыптыр, үйгө алпарып багып атам" десем кечирди, мурда эле апама барсам мени эч ким соттомок эмес экен да.

Базардан укук коргоочулукка чейинки жол
Жолдошум бөйрөгү ооруп, бөйрөгүнөн улам приступ кармап, доктурлар "жер которгула" деп калды. Казарманга иштейм деп кетип, оорусу күчөп келди. "Каякка барсак?" деп жүрсөк, гезитке Украина, Томск, Ыраакы Чыгышка жумушка чакырган кулактандыруу чыгып калды. Томскини тандап, 1984-жылы үч баланы алып көчүп кеттик. Майлысууда Фрунзе политехникалык институттун филиалында 2-курста окуп аткам, которулуп, Томскиден инженер-курулуш институтун бүтүрдүм. 1990-жылы Томскиден төртүнчү кызым боюмда бар, төрөөргө бир ай калганда декретке чыгып Кыргызстанга келатып, Анжиян тополоңуна тушугуп калдым. Анжияндан өзбектер Маданиятка автобус менен алып келип таштап коюшту. Маданияттан Майлысайга чейин 24 чакырым. Оор чемодан, эки жаш кызым менен басалбай кыйналып, ысыкка чыдабай, буттарым шишип, азап тартып, зорго кайненемдикине жеттик. Үч-төрт күндөн кийин айына жетпей, 1кг 400 грамм болуп кызым алсыз төрөлдү. Кокон, Фергана, Тоолуу Карабах окуялары чыгып, айла кетип турбады беле. Туугандар "кетпегиле" деди, Жанызакка телеграмма жөнөттүк, "мал-жан, отун, картошканы сат, калганын контейнерге жүктөп кел" десек келди. Анжиянга контейнерибиз келип, алалбай, контейнерибизди бүт талап кетиптир, эч нерсеси жок калдык. Ошентип, "какаганга муштаган" демекчи, кайра баарын жаңы үйлөнгөнсүп нөлдөн баштадык. 1992-жылы уулдуу болдук. "Аракет кылсаң берекет" демекчи, жаш балалуу экениме карабай 1993-жылдан 1996-жылга чейин базарга чыгып, соода-сатык жасадым. Майлысууда жашоо аябай оорлоп кетти, электр лампа заводу иштебей, жумушсуздар толду. Эптеп тиричилик кылып жүрдүк. 1996-жылы таптакыр жашоого мүмкүнчүлүк болбой, нан таап жеш чоң проблемага айланды. "Бишкекке барып иштесемби" деп келсем Бишкек деле жыргабаптыр. Базарга чыктым, стол үстүнө тамеки, майда-чүйдө саттым, кийим тиккен цехте иштедим. Таптакыр болбоду. Анан түрк фирмалары менен таанышып, алардан товар алып, комокторго өткөзүп иштеп жүрдүм. Эки айдан кийин балдарым келди. Бишкекке келгенде көрдүм, кыргыздын аялынын азабын. Милиция деген стол жайып отургандарга кыргыйдай тиет, аялдар ушунча шамдагайлыкка көнүптүр, столдорун көтөрө качышат десең. Көтөрө кача албагандарын тээп, чаап, тамеки, семичкаларын чачып, кордошот десең. Убактылуу каттоо деген бар эле, кокус ал жок болсо дароо алпарып камап коюшат. Канча жолу өзүм милицияларга кармалып, канча жолу акча берип кутулуп чыкпадым. Байкуш кыргыздын аялдары дөөгүрсүгөн милицияларга далай кор болбодубу. "Укугун коргогон, камын көргөн бирөө барбы, мамлекет деген каякты карайт" деп таңгалчумун. Балдарды алып келип алып кайсы ооруканага барарды билбейм, прививка дегенди унуттук. 1990-жылкы кызымды мектепке киргизе албай, шаардагы болгон мектепти ыйлап кыдырдым. Эч жерге албайт, акыры Билим берүү министрлигине барып, бирөөнө кирип, "мына сентябрь бүттү, мен баламды каякка окутам" деп ыйлап-сыктап, анан а киши №47-мектептин директоруна телефон чалып, мектепке киргизген. Жолдошум ашказаны ооруп, операция жасаш керек болуп, таксиге салып алып, Мамакеевдин ооруканасына, Фучикке бардык. Бири адам экен деп карашпады. "Каттооңор жок" дешип кайдыгер мамиле. Чүй обл.ооруканасына алпарып, ошолор адамгерчилик мамиле жасашкан. Паспортторубуздун мөөнөтү бүтүп калган, кармаган милиция "Мөөнөтү бүтүптүр, айрыйм" деп азапты колго берет. Мына ушундай укук тебелеген, өкүмзордук мамилелерге өзүм туш болуп жүрүп укук коргоочу болдум. Аксылыктар менен Ташкөмүрдөн Ошко чейин жөө басканда Кудайга бир нерсеге ыраазы болдум, алиги түрктөрдөн шоколад, сагыздарды алып, Ош базардан Политехке чейин күнүгө түшкө чейин жөө басып таркатчумун. Түштөн кийин "Аламедин-1", "Чынар" базарына чейин жөө жүрчүмүн. Азыр ойлосом күндө 20-30 чакырым жерди 10-15 килограмм жүк менен жөө басыпмын. Ташкөмүрдөн Ошко чейин 300 чакырым жер жөө басканда бир да чарчабай, элдин алдында жүрдүм. Кудай мени алдын-ала баарына даярдап койгон экен. Азыр адам укугун коргоп аткан соң офисти атайын базардын жанынан алдым. Милициялардын ар бир кадамын жатка билесиң да, даяр болуп бара каласың, жеринде маселени чечкенге оңой. Азыр бу жерде милициялар менен кадимкидей мышык-чычкан ойнойбуз. Бизди көргөндө милициялар да түздөнө калат. Бирок ошол система, ошол режим ошо бойдон калып калган. Паспорт текшермей, акча алмай, камап салмай, товарларын алып коймой түк өзгөргөн жок. Ушуга таң калам. ИИМде канча реформа болсо да оңолушпады. Мен убагында уурулардан, бандиттерден, рэкеттерден коркчу эмесмин, милициялардан коркчумун. Алдыман милиция чыкса буйтап кеткенге аракет кылчумун. Базарда отургандар дагы эле укугун коргой алышпайт, себеби ички миграция күч да.
-Эже, кечке эле адамдардын укугун коргоп талаа-түздө жүрөсүз, абышкаңыз урушпайбы?
-Турмуш деген катаал болгон соң жашоо-шарт түрдүү болду. Абышкамдан мурун ушу балдарымдыкы өтчү да. "Ой, элдин энелери тамак-ашын бышырып, абышкасын, балдарын күтүп, үйдө эле олтурат, сен болсо талаалап эле жүрөсүң" деп наалышчу. Ошондой учурларда дайым абышкам "койгула, апаңар жакшы иш жасап атат, азыр түшүнбөсөңөр кийин рахмат айтасыңар" деп мени коргочу. Азыр абышкам "Кылым шамында" эки жылдан бери иштейт. Пикет, митингдер боюнча мониторщик, сүрөткө тартып, канча киши келди, кимди каерде милиция алып кетти, кайсы РИИБге алпарды, камады, баарына байкоо жүргүзгөн адис. Менин жанымда жүргөнүнүн эң биринчи себеби - 2000-жылдан бери эки жолу белгисиз адамдар тарабынан сабалдым. Аял киши болгондон кийин коркот экенсиң. 2002-жылы февраль айында сабап кетишкенден кийин жалгыз бассам эле артымды элеңдеп карачу болдум. Жумуштан кээде түнкү саат экиде кеткен учурлар бар. Түнкү саат үчтө да "мени балан жерде милийсаканада уруп атышат, РИИБде жакын тууганымы сабап атышат" деп үйгө чалышат. Ошондой убакта жолдошумду тургузам, кошо жүрөт, дайым жанымда жүргөндүктөн менин эмне иш жасап атканымды жолдошумчалык эч ким билбейт да, түшүнбөйт. Дайым чогуу жүрөбүз.

Жылдыз МУСАБЕКОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!