Көңүл бургула! "Түз байланыш"

КР коргоо министри Исмаил Исаков
Кыргыздын армиясы бечел, чабал дейбиз. Коррупциялашып кетти деп кыйкырабыз. "Колунда бардын баласын армияга албайт да, жоктукуна кыргыйдай тийет" деп нааразы болобуз. Анысы аз келгенсип, алты саны аман-соо баласын армияга жибергендер арасында күйүттүүлөрү көп. "Дедовщина" деген күчөдү дейбиз, ал тургай аскерден каза болгон жоокерлер да жок эмес. Армиянын чыныгы абалын министрдин өз оозунан угалы дедик. "Түз байланышка" КР коргоо министри, генерал-лейтенант Исмаил Исаков келет. Эмесе, урматтуу окурман журту, армиянын аң-дөңү, кемчилик-жетишкендиги ж.б. ж.б. жоопсуз, көкүрөгүңүздү эзген суроолоруңуз болсо бейшемби күнү 22-майда саат 12.00де 90-26-08, 90-27-03 телефондорун бурап, Исмаил Исаковичтин өзү менен баарлашыңыз. Жарга такайсызбы, алкыш айтасызбы, түшүнбөгөн суроолоруңузга түшүнүк издейсизби-ал сиздин эрк. Болгону 22-майда саат 12.00де коргоо министри Исмаил Исаковго суроо берериңизди унутпаңыз.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!