Коомдук-саясый гезит
№35, 20.05.08-ж.






  Эконом-класс

Француздардын колуна өткөн кичи ГЭСтин тарыхы
Элеонора Казакова,
ЖЧК "Калинин ГЭСи"
кыргыз-француз
биргелешкен ишканасынын аткаруучу директору
-Элеонора айым, Кыргызстанда биринчилерден болуп Калинин ГЭСи чет мамлекеттик инвестордун колуна берилген. Ушул иштин тарыхын айтып берсеңиз. Ишти кантип баштадыңар эле?
-1997-жылы август айында Кыргызстан менен Франция өкмөттөрү ортосунда инвестициялоону колдоо тууралуу келишимге кол коюлган. Ошол эле жылдын сентябрь айында Мамлекеттик мүлк комитети Кыргызэнеро АКсы менен биргеликте Калинин ГЭСин француздарга берүү маселесин карады. Франциядан "Мекамиди" жана "Фар Ист" деп аталган компаниялар тобу келди. Ортого кол коюлган келишимге ылайык Жайыл районунун Сосновка айылындагы Калинин ГЭСи (кубаттуулугу 1,4 мвт) 15 жылга арендага берилди. Ушул жыл аралыгында француз компаниялар ГЭСти калыбына келтирип, модернизациялашы керек болсо, кыргыз тарап бул ГЭСтен өндүрүлгөн электр кубатын сатып алууга милдеттенген.
-Франциядан келген инвестор компаниялар кимдер? Маалымат бере кетсеңиз.
- Франциянын "Мекамиди" компаниясы 1860-жылы түзүлгөн. Кичи гидроэнергетика тармагына адистешип, 500 киловаттан 100 мегаваттка чейинки станцияларды долбоорлоп, куруп, эксплуатациялап келатат. Бул компания француз рыногунун 80%ын ээлейт. КМШ алкагында гана эмес, дүйнө жүзү боюнча кичи ГЭСтерге байланышкан долбоорлорду ургаалдуу ишке ашырып келатканы менен белгилүү.
-Француз инвесторлор бул ГЭСти кандай абалда өткөрүп алышты эле? Чет элдиктерге берилбесе кандай болмок?
-Калинин ГЭСи совет убагында 1954- жылы ишке киргизилген. Жыл өткөн сайын улам бир тетиги иштен чыгып отуруп, маал-маалы менен токтоп, кайра иштеп турган. 1994-жылы ГЭС өз ишин такыр эле токтотууга мажбур болгон.
-Демек токтоп турган ГЭСти колго алгандан кийин француздар канча убакта электр чыгара башташты?
-Кайра калыбына келтирүүгө жарым жыл кетти. 1998-жылы сентябрда ГЭС электр кубатын чыгара баштады. Иш жүзүндө жеке инвесторлорго берилген ГЭСтердин дурус иштери дароо эле көрүнүп калды. Буга чейин эки агрегат менен Калинин ГЭСи жылыга 3,5 млн. кВт/саат чыгарып келген болсо, француздар калыбына келтиргенден кийин бир эле агрегат менен 4 млн. кВт/саат чыгарып калды. 2001-жылы инвесторлор дагы бир агрегатты кошушту. Чыгарылган электр кубатынын көлөмү эки эсе көбөйдү.
-Француз инвесторлор бул ГЭСти иштеткенине 10 жыл болуптур. Кыргызстан тараптан аларга кандай жеңилдиктер берилген? Инвесторлор өздөрү ыраазыбы?
-Чынында эгер компания бир катар кыйынчылыктарга тушукпаса, экономикалык жыйынтык мындан да мыкты болмок. Өлкөдө энергетика тармагында жалпы мыйзамдар бар болгону менен кичи гидроэнергетика багытындагы нормативдик актылар жок. "О возобнавляемых источниках энергии" аттуу мыйзам эми гана иштелип чыгууда. Кичи субъекттердин ишиндеги эң талылуу жана талаш маселе бул өндүрүлгөн электр кубатынын баасы. Эл аралык тажрыйбаны алып карсак, кичи ГЭСтер өндүргөн электр энергияны сатууда мамлекет колдоо көрсөтөт. Жок дегенде салыктардан жеңилдик берип, атайын тарифтерди иштеп чыгат. 1997-жылы "Кыргызэнерго" АКсы менен кол коюлган келишимдин негизги бөлүктөрү аткарылбай калды. Себеби, 2001-жылы Кыргызэнерго реорганизация болушу менен келишимдин бүтүндүгү бузулду. Уставдык капиталдын 70%на ээ болгон француз инвесторлордун пикирин эске албай туруп, биздин келишим боюнча "Северэлектро" АКны мураскер кылып коюшту. Биз электр кубатын чыгарып турдук, бирок "Северэлектро" биз чыгарган продукция үчүн төлөөгө шашылган жок. Энергетика боюнча мамагенттик коюп берген баалар тарифин талашып-тартышып туруп алды. Ошентип, көпкө чейин биз тынымсыз чыгарган электр кубатынын акысы төлөнгөн жок. Бүгүнкү күндө бизге болгон дебитордук карызы 1,5 млн. сомдон ашык. Акыркы эки жыл ичинде биз карызыбызды соттук териштирүүлөр аркылуу гана өндүрүп келдик.
-Макул, "Северэлектро" ушинтип кызматташтыкты туңгуюкка кептептир. Башка тешик издесе болбойт беле?
- "Северэлектро" акча төлөгүсү келбейт, ошол эле учурда өзүбүз чыгарган электр энергияны башка керектөөчүгө саталы деген ниетибизге да жолду бууп келди. Транспортировка боюнча келишимге кол койдурбай бут тосушту. 2007-жылдын соңунда Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр кубатынын "Северэлектронун" түйүндөрүндө электр кубатынын транзити үчүн бирдей тариф киргизгенден кийин гана бизде башка керектөөчүлөргө сатууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ошентип 10 жылдан кийин гана бизде рыноктук шартта накта партнердук мамилелерге өтөбүз деген үмүт пайда болду. Француз инвесторлору мындан ары да иштегенге ынтызар. Бирок энергетика тармагындагы өз ара мамилелер түп тамырынан жакын арада өзгөрөт деп үмүттөнүшөт.
- Карапайым калк үчүн баа маанилүү да. Өзүңөр чыгарган электрге бааны кандай коюп аттыңар эле? Балким кымбатыраак болгон үчүн…
-Жок, эч качан кымбат болбойт. Биз калкка түз сатпайбыз да. Биз Кыргызстандагы тарифтен ылдый баада распредкомпанияга беребиз, ал анан керектөөчүлөргө республикада орнотулган баа менен сатат.
Чолпон ОРОЗОБЕКОВА




  Кыргызстан канткенде жаңырат?

"Атылсын!" же "Аман калсын!"
Өткөн сандардын биринде "Мекенди сатуунун механизмдери" тууралуу сөз кылып, аягында андай абалдан чыгуунун жолдору тууралуу сөз болот деп убада берген элек. Бүгүнкү сөз ошонун уландысы.

24-марттын сабактары
А. Акаев заманынан бери эле бийлик алмаштыруунун ар кандай жолдору тууралуу сөз арбып келатат. Анын бир ыкмасы 2005-жылдын 25-мартында ишке ашты. Эгерде ошол күнү А. Акаев качып кетип, Өкмөт үйүн митингдегилердин колуна өзү салып бербегенде окуя эмне менен бүтөт эле, анысы ушул күнгө чейин табышмак. Мыйзамдуу түрдө күч колдонулса кан төгүлмөк болуш керек. Бирок ошол окуя өздөрүн революционербиз деп атагандардын бийликти алуудан башка өлкөнү өнүктүрүүнүн эч кандай стратегиялык да, тактикалык да планы жок экендигин көрсөттү. Болбосо өлкөдөгү башаламандык мынчалык көпкө созулбайт болчу. Мамлекет башындагылар мекен сатууга каршы, конструктивдүү жолуна түшмөк. "Мыйзамды ансыз деле буздук, эми мынча болду биротоло бузалы да, таптакыр жаңыча принциптерде жашоону баштайлы" деп Дооронбек аксакал канкакшаганына болбой, "мурдагы мыйзамдуу алкактан чыкпайбыз" дегендери алардын эч кандай революционер эмес экендигин далилдеди. Элдин баарынын жолун бууган, түбү желимделген, өтө оор бир таш жылды (бийлик алмашты). Бирок аны жылдыргандар кайда коерун билбей, теңирден тескери жакка коюп алышты. Азыр Кыргызстан жаратылыш байлыктарынан башка сыймыктана турган эч нерсеси жок. Бүгүнкүдөй кебетеси менен жакында анысы да калбайт.

Мекенди сактап калуунун биринчи шарты...
Ушу тапта Кыргызстандын бүтүндүгүн, мамлекеттүүлүгүн сактап калуунун бери дегенде эки айныксыз шарты бар. Биринчи шарты - азыркы бийлик тезинен алмашууга тийиш. Болбосо 5-10 жылга жетпей, Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучу турат. Бул жагынан "бийлик мүмкүн болушунча тезирээк, мүмкүн болушунча мыйзамдуу жол менен алмашууга тийиш" деген Ө. Текебаевдин позициясы да жетишсиздик кылат. Реалдуу алып караганда азыркы шартта бийликти алмаштыруунун мыйзамдуу жолу жок. Анткени мыйзамдуулукту камсыз кыла турган системанын өзү жок. Президент күч органдарынын кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүп, сот бийлигин да, мыйзам чыгаруу бийлигин да, аткаруу бийлигин да толугу менен өз колуна алды. Демек, "аттын башы кермеде, эрдин башы түрмөдө" деп, бүткүл системанын каршылыгына жана куугунтугуна башын сайганга, бийликти революциялык жол менен алмаштырууга даяр турган Фидель Кастро сыяктуу лидерлер чогулушу зарыл. Алардын уюмуна ачык катталган партиянын эмес, эл менен иштегенди билген, максатын жана милдетин так аныктаган, ички тартиби абдан күчтүү бейформал уюмдун жолу туура келет. Колдон келсе, ал иерархиялык (баары бир адамга баш ийген) эмес, тармакташкан (сетевой) уюм болгону максатка ылайык. Азыркы уюмдардын ичинен мындай уюштуруучулук принциптерди "Хизбут-Тахрир" партиясынан үйрөнсө болот. Өлкөдөгү расмий катталган партиялардан айырмаланып, бул уюмдун мүчөлөрү анын милдеттерин так аткарышат, ар бир адам менен маектешүүгө, ар бир адамга өз идеологиясын түшүндүргөнгө даяр. Тилекке каршы, азыр Кыргызстандагы мындай күчтүү уюмдардын ишмердиги өлкөнүн кызыкчылыгына түп тамырынан бери карама-каршы келет. Патриоттук багыттагы күчтөр бийликке келе турган болсо буларга каршы күчтүү мамлекетчил идеология иштеп чыгышы керек болот.
Бийликти алмаштырууну каалаган адамдар бирин-бири илгиртпей түшүнүп, бийликке келсе кимиси кантип эмне иш кылаарын, кимиси кимисине баш ийээрин, кандай принцип менен иш алып барышаарын айттырбай билиши зарыл. Ал үчүн бийликти алмаштыруунун, аны кармап калуунун жана өлкөнүн кызыкчылыгына иштетүүнүн пландары түзүлүшү абзел.

...жана экинчи шарты
Мекенди сактап калуунун мындан да маанилүү экинчи шарты - жаңы келген бийлик азыркы эл аралык келишимдерди (анын ичинде чегара келишимдерин), ички мыйзамдарды, бийлик системасын толугу менен жокко чыгарууга тийиш. Анын ордуна Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын көздөгөн келишимдер, мыйзамдар, система түзүлүп, ошон үчүн күрөш жүрүшү зарыл. Бийликти алмаштырууга белсенген адамдар ошондой максатты көздөшү керек.

Кыргызстан кандай
мамлекет болушу керек?
Азыркы учурда либералдык демократиянын көп баалуулуктары Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарына кайчы келээри далилденди. Ошонун айынан кылмыштын алдын тосуп турган өлүм жазасы алынып салынып, кылмышкерлер көз көрүнөө акталып, укук системасы өз элинин кызыкчылыгынан мурда өзгөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, жөнөкөй адамдардан мурун сойкулар менен кызтекелердин, алдым-жуттумдар менен чыккынчылардын мүдөөсүн жактап чыкты. Мурдагы күнү Компартияга, кечээ "Алга, Кыргызстанга", бүгүн "Ак жолго" кирип, Кыргызстандын четинен сатылышын колдоп, акылдуу сөздөрдү сүйлөгөн адамдар шайтандын доктринасын болсо да илимий жактан негиздеп бергенге даяр турушат.
Андыктан жаңы бийлик орной турган болсо, мекендин сатылышына салым кошкон ошондой адамдардын баары керт башы менен жооп берүүгө тийиш. Качып кеткендерин чалгындоо кызматтары жердин түбүнөн болсо да таап келсин. Демек, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасаган адамдар өз кылык-жоругунун укум-тукумуна чейин сөзгө калтыраарын ойлогудай болгону жөн.

Мамлекет жана менчик
Сөз болуп жаткан революциялык күчтөр бийликке келсе, Кыргызстандын шартында жер жеке менчикке эч качан берилбеши керек, арендага гана берсе болот. Буга эки чоң негиздеме бар. Биринчиден, жеке менчик идеологиясынын анабашы болгон Израилдин өзүндө жер жеке менчикке берилбейт. Экинчиден, дыйканчылык боюнча адамзатын таң калтырган Кытайда бүгүн да жерге жеке менчик жок. Дегинкисин түпкү улуттун жашоосу кылымдар бою жамаатчыл коомго ыкташкан Кыргызстандын шартында стратегиялык тармактардын баары мамлекеттин колунда болууга тийиш. Чегарадагы айылдарын баарына курал таратылып, алар өз жерин падышалык Россиядагы казак орустар сыяктуу өздөрү коргогону, аларга салык жана башка бардык зарыл жактардан жеңилдиктер берилгени максатка ылайык. Анклавдардын тегерек-чети миналанып, аларга бара турган жолдордун баары тосулушу керек. Кыргызстандын аймагындагы объектилердин баарын өлкөнүн балансына өткөрүп алып, алардын ээси менмин, мен салганмын деген мамлекеттерди "эртең кирпичи да калбай кала электе бир жуманын ичинде көчүрүп кет" деш керек. Мамлекеттик чегараны аныктай турган сүйлөшүүлөр нөлдөн башталышы зарыл. "Кыргызстан мурунку эл аралык келишимдерди да, мурунку эл аралык милдеттенмелерин да тааныбайт, мамлекет жаңы" деш керек. Андан соң Кыргызстанга кайсы келишимдер чындап эле зарыл экенин билиш үчүн сүйлөшүүлөрдү жылдап созсо болот. Кыргызстан үчүн ыңгайлуу шартын күтсө болот. Ал арада мамлекет акчасын аябай, кимден болбосун дүйнөдөгү эң мыкты курал-жарактарды сатып алып, өз чегин эч кимге күнкор болбогудай бекем кайтарышы максатка ылайык. Ошончолук эле кошуналардын кысымы катуу болуп, согуш зарылдыгы келип чыкса, кыргыздар үчүн партизандык согуштан өтөөрү жок.

Калк иши үчүн кан башы курман
Кыргызстанда бийликтеги адамдардын жоопкерчилиги азайып отуруп таптакыр жок калды. Азыр эч ким эч нерсеге жооп бербейт. Андыктан бийлик башына келген адам бардык жоопкерчиликти өзүнө алып, керт башы менен жооп бергени туура. Мисалы, президент беш жылга шайланса, анын мөөнөтү бүтөөр менен иши жалпы элдин баасына түшүп, эки гана суроо коюлушу керек: "Атылсын" жана "Аман калсын". Кыргызстандын шайлоочуларынын жарымынан көбү "Атылсын" десе, эч нерсеге карабастан атылууга тийиш. Добуш берүү ачык, түз жүргүзүлүп, добуштар эл өзү шайлап алган текшерүүчүлөрдүн көзүнчө саналса фальсификация жасаганга жол берилбейт. Бул эрежеден качып, бийлигин узартууга аракет кылып же качып кеткен бийлик башчысын качан, кайсы жерден болбосун жок кылганга Кыргызстандын ар бир жаранына түбөлүк укук берилиши керек. Ошондо бийлик башындагы адамдын жоопкерчилиги жогорулайт.
(Уландысы кийинки санда)
Жыргалбек Касаболотов










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!