Коомдук-саясый гезит
№35, 20.05.08-ж.






  Мэтр менен маек

Кыргыз эл артисти Калыйбек ТАГАЕВ:
"Нарын театрынан түн ичинде балдардын ыйы угулчу"
-Калыйбек Тагаевич, денсоолугуңуз дурус болуп калдыбы?
-Ырахмат, ооруканадан жаңы чыктым. Сыркоолоп калыпмын, азыр кытай ийнесин алып жатам, шүгүрчүлүк.
-Эл акыны Эрнис Турсунов музыка тарамдары туурасында сүйлөшүп отурсак, оюн айтты эле: "Ар дубандын өз алдынча аваны, ой жүгүртүү тиби, өзгөчөлүгү бар көрүнөт, нарындыктар Калыйбектин "Долонун", Шералиевдин тоолуу салттуу обондорун тоо силердикинен бетер созот, менин көлдүктөрүм "Алтын чабак ойногон, айланайын Ысыккөл" деп кооздонсо жеңил кайрыкта , Таласта "Кеткиң бир а келбейт Таластан!" деп кыйнашса, Ошто, Жалалабатта "Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт" деп ошол жагына ынтаа коюшуп, самолетко салып жиберишип, канча саат ырдай турган муххабатыңды кырк беш мүнөттө жок кылышат" деп ар сөздүн чөбүнүн жалбырагын кармайт. Биз деле кулак бар кишилербиз деп, саясатчылар айтпай атат. Бишкекти жакында түрк, өзбек, казак музыкасы басып келет. Музыка бул адамдын аң-сезимин алган алгачкы курал эмеспи?
-Менин оюмча , кейигеним түштүк чөлкөмдө - ириде Баткен, Жалалабат, анан Ош облустарында жашаган кыргыздарга кыйын, себеби, кыргыз өкмөтү 90 жылдан бери өз кыргыздарыбызды сактап кала албадык. Оштук обончулардын аккордеон кармаган он чакты мыкты обончуларынан башкасы дойра , чилдирман, аккордеон, комуз аралаштырып, сингормония өзбектешип кеткен. Себеби, кыргыз телеси, радиосу кыргыз кокту-колотуна түгүл, борборлошкон айылдарга жетпейт. Барсаң эле "аң-аа, аң-аа" деп чилдирман чертип, радио-теледе ырдап олтурушат. Анан кантип жүрөгүң оорубайт. ЭлТР ачылганы жакшы болду, кыргыз ырлары, обондору жаңыра баштагансыды.
Экинчиси, таластыктардыкы бираз көтөрүңкү колоритте, казакташып кетип атат. Эки-үч жылда эле ондой "жылдыз" чыгып кетти. "Ильяз, Султан казакка кетет экен, мына кетип баратат" деп сарбарак гезиттер жумасына жазып, "сен көр, мен көр" болуп акчасын ала коюп атышат. "Атайды, Шекербекти, Түгөлбайды билесиңерби?" десең, "билбейбиз" дешет. Себеби, бул өрөөндүн таланттуу балдар-кыздары популярдуу, бирок маңызы орто музыкага кирип алышты, колорит басыңкы.
Үчүнчү, Атбашы-Тяншандыкмын деп тартайын, бул жакта кыргыз обонунун колорити сакталат. Себеби, тоо арасында эскиден келаткан кыргыздын нукура музыкалык каада-салттары жакшы сакталган.
-Чүйдүн музыкасында өзүнчөлүк жокпу?
-Ар кошкон элде кандай колорит болмок эле. Чүй ичиндегилер обон чыгарганга ыкшоо.
-КТРден бирөө обону менен боздоп атат: "Айганыш менин бир эле милдетим - сенин үйүңдү айланыш".
-Ырдасын. Жалпысынан азыркы обончулар башка бир агымга өтүп баратышат. Өздөрү ыр жазат. Эмне жазганын Бек Борбиев өзү түшүнбөгөн деңгээлде ыр жазышат, көркөмүн уруп ойношпойт. Текст тандайм деген түшүнүк аз. Рыспай, Асанкалый, Мен, Түгөлбай, Жолдошбек, кийинки Жамиля, Абидин ж.б. сөз тандаганга ынтаабыз болгон экен. Калганы түгөл өзү "акын - песенник". "Жакшы самолет жакшы учат" дегендей, жакшы обончу жакшы текст ылгайт. Албетте, турмуш бир орунда турбайт, өсөт, компьютерден ылгап обон ыр жазат. Аны көрүп эле турам. Жаштарда чыгармачылык шлак кыйла бар, кийин кыйналып калуу жолу бар.
Азыр УТРКдабы, аш-тойдобу, ырдагандарды кара -түрк, өзбек, казак, орус обондорун "кыргызча" аранжировкалап, ачык айтсак, уурдап-согуп атышпайбы. УТРК ичи ушуга окшогон ырчыларга толуп кетти. Ушуну менен жүрүп отурсак, комузду, Атай, Муса , Рыспай, Асандарды унутушат го дейм.
- УТРКга жаңы жетекчи барганы реформа жасайм деп россиялык долбоорлорду туурап башташты. КТРди бурасаң эле концерттен кулагың тунат. Бу кыргыз өзү ыр менен эттен бөлөктү билбейби?
- Балакеттей эле билет. Ырдагысы келбеген киши ырдабай эле коет. Көңүлүм келбесе эмнеге ырдашым керек. Эттен аткез бериш албетте кыйын. Оорулуу эле болбосоң, үйгө ороп кеткенге даяр турасың да. Бул бир тарабы, долбоорлорду жасай берсин. Мелистин эски архивди көтөргөн аракети күч. Кинолорду кыргызчалаган жагы жакшы болуп жатат. Ал эми түнкү берүүсү, хит-парад дегендери өтө көп болуп, ойду-тоону сүйлөп тажатышууда.
- Орусуң деле ошентип атпайбы?
-"Орус оюна келгенин кылат" деген сөз бар. Биз азиат элбиз, менталитет деген бар. Кайра-кайра эле бетине он табак упа чаптаган, жеңи желпилдеген костюм кийген жаш жигиттерди чоң экранга чыгара берген туура эмес. Бир түрдүү болуп калып жатат, балким, мени аркы кылымдын эски адамы деши мүмкүн, бирок чыгармачылыкта халтура менен өзүн түшүнбөстүк алыска алпарбайт. Союз маалында көркөм кеңеш деген болоор эле. Абдан тандалчу , текстте тетири сөз болсо дароо оңдоого аракеттенчүбүз. Көбү көркөм кеңештен өтпөй калчу.
-Пара берчү белеңиздер?
- Эмнеге пара берем. Бай болсом бир жөн. Обончу, акындардын кошоматчыларынан башкасы итке минип жашайт. Ыр тексти, обону абдан кылдат текшерилип, андан соң теле-радиого берилчү. Концерте көркөм кеңештен уруксат алып анан чыкчу. Бир мисал, Үсөн Сыдыковдун "Күнчыгышым" деген ыры эмне деген укмуш обон. Ошонун текстине кине коюшту. "Күтөм сени күн чыгышым зарыгып, Боосу сенде мен катынган жүгөндүн" дегени бар да. Эми ошону "Күн чыгышым" дегениң - Япония, "Боосу сенде" дегениң биз Японияга көз каранды болуп калдыкпы, ыя?" деп, комиссия радио-теледен алып салган. Азыр көзөмөл жок, "быржыбайды там басты" эреже… Эксперттик комиссия түзөлү деп канча далалат кылдык. Министр макул дейт, күтүп атабыз. Он жыл болду, обончунун баары базарга кетишти. Калемакы берүү деген такыр унутулду. Ачка киши кыңылдаганы эле болбосо, андан жакшы обон чыкпайт да.
-"Бир ырдын тарыхы" деп эл-журтка жарыяласакпы деген пикир буга чейин болгон. Кыргыз басма сөзүндө бул үзүл-кесил чыга калып жүрөт. Биз үзбөй ыр таржымалын элге айтып турсакпы дедик. Мисалы, сиздин "Элмира" деген ырыңыз поюзда келатып жаралыптыр деп уктум эле?
- Аталар -агалар күүлөрдүн тарыхын айтып туруп, анан чертишчү. Ошол салт элге сиңген обондорго да жарашса керек, менимче. Ар чыгарманын өз жарашыгы болот да. "Элмира" эми мындай. Пржевальск музыкалык пединститутунда окучумун да, 60-жылдар. 1962-жылы музыкалык бөлүм жабылып, бизди Ош пединститутуна которуп жиберишкен да. 4-5-курсту Ошко барып бүтүшүм керек эле да, барбай, Атбашыга барып мектепте сабак берип алдым. Теңтуштарым "дипломуң жок" деп кыр көрсөтүшкөндөн улам Ошко барып окудум. Поюзга салып жиберишти чогуулап. Суйкайган бир кыз Карасуудан түштү. Купебиз бир, тоготуп да койбойт тийише сүйлөсөң. Жаш кез да. Тарбия көргөн жан экени дароо эле билинди. Поюзга түшүп атканда бир солдат бала узатып калганын байкагам. Өзү сулуу кыз, коштошконго капа болгонбу, же тууганыбы, билбейм, кабагы салыңкы. Улам-улам сурап коем, жооп жок. Мен деле татынакай кезим. Атын акыры айтты, Альмира болчу. Агезде а да жаш, атын жашырып айттыбы, билбейм. Көрсө, Фрунзеде мединституттун 3-курсунда окуйт экен. Чөнтөктө нота жаза турган дептерим дайыма бар эле. Жалын чачырап турган кез, текстин жаза албайт десең, темир тулпар үстүндө саамайын желге сылатып баратканын жазганмын. Нотасын да ошол жерден жазып, вагондун ресторанына кетип калдым. Келсем окуп атыптыр. Күлүп "Сиз композиторсузбу?" дейт. "Жок, кызыгам" дедим.
-Альмира десеңиз деле болмок экен, кийин өкүнгөн жоксузбу?
- Мен Атбашыда, ал борбордо болуп калды. Бир жылда бир келе албасаң… Ошол кызды жок дегенде белинен кармап, жүзүнөн сүйбөдүм. Ошол боюнча көргөн жокмун.
-Кийин жолуктуңузбу?
-Медучилищеде сабак берет экен деп уккам. Таппадым, жакшылап издебесем керек.
-Артист болоюн деген оюңуз жок беле?
-5-класстан эле ырдачумун. Онунчуну бүткөнчө Жумакемдин алдында ар кимдин ырларын аңкылдап ырдап атчумун. Бообек Ибраев театр башчы эле. Жумакем экөө Балыкчыдан Кытайга бензин ташып атышканын айтып, "ушу темада бир спектакль коебуз, буга "Долон" деген ыр керек" деп калышты. Текстин Жумакем жазды. Обонун өзүм созо койдум. Анан артисттерге кыяк чертип жүрүп кантип артист болуп кеткеними өзүм да билбейм.
-Жумакенин акындыгы бар беле?
- Осмонкулдай болуп айтышып жүрчү да. Оозунан сөз төгүлүп кетчү. Төрт тарабы төп эле да. Осмонкул менен айтышканын Бакирдин Алиев айтып жүрөт.
-Театрга биротоло кирдиңизби?
-Агезде эски театр бар болчу. Анда кара түстө эски пианино турар эле. Үйдө акем, жеңем, апам болуп чогуу жашачубуз. Чыгармачылыкка кайдагы шарт? Анан кечкисин ошол пианиного барып жабышып калчумун. Долондон кимдер өтпөгөн. Ашуудан өтүп баратканда кудай-кудай деп жүрөгүбүздү кармап өтчүбүз. Себеби, жол тар эле. Машине келатса, ылдыйкы машине токтоп турчу. Бул бир кеп. Аксакал артисттер "театрга түнөбө, арбактар бар" дешчү. Эски театр чынында эле мүрзө үстүнө салынган экен. Түн ичинде жарыкты өчүрүп койсоң балдардын ыйы, кыйкырык угулгансычу.
-Ошого ишенесизби?
-Ой, өз кулагым менен угуп атсам, сурооң орундуу болбой атпайбы. Жарыкты күйгүзсөң тып токтойт. Өчүрсөң ыйлашат. Эки-үч чүтөк алып алчумун. Ууртап коюп иштей берчүмүн. Эң негизи-обондун фактурасын табыш керек. Жумакем да жазып келиптир. Көркөм кеңештен эмнегедир меникин жактырып калышыптыр. Жумакем "Устаттан шакирт өтөт" деген ушул" деп сүйүнө сүйлөсө болобу. Ыйлап ийдим.
-Точно ыйладыңызбы?
-Мен өзү жашык кишимин. Бирок, жаман кишинин, министр болобу, өзүн сөгөм. Агезде мен, Канымгүл Досманбетова, Эсен Мааданбеков, Табылды, Орозбек Шаршенов дегендер чогуу иштечүбүз. Жумакем баарыбызды чогултуп алып "Кана, эмне апкелдиңер?" деп катуу талап койчу. Иштен айдап ийүү маселеси бар эле да. Нарындын жалгыз чоң көчөсүндө иши жок салактап жалгыз басып калгандан өткөн шермендечилик жок да. Ишиң жок болсо сени ит да карабайт. Эки күндүн биринде аңкылдап эле атышчу. Жумасына үч жолу жолугушчубуз. Жумакем, "Эмне обонуңар бар?" деп сурай берчү. "Долонду" жазып берип кутулдум. "Дурус обон экен" деп койду. Аржагын айталбайм.
-Даңкты кайсы ырыңыздан баштап сезе баштадыңыз?
- Долондон өтүп баратканда кары-жашы дебей "Долонду" ырдашат. Бурчта олтурам. Көпкөн кезим да. "Ырдай бергиле" деп таанымаксан болоюн дейм, таанып алышып, ич-же деп кыйнашат.
-Азыр эмне түйшүк тартып атасыз?
-Чыгармачылыкта кары-жашы болбойт. Кудай талант ыроолоп койсо, ал сеники эмес, элдики. Элге берүүгө милдеттүүсүң, бергин. Элден канча алдың, ошончодон көп бер. Каратаман эл дегенибиз бизбиз - айдоо сугарып атып аңкылдап ырдоого жөнүбүз барбы? Бир келген турмушта биригип жашабай эле, экиге бөлүнгөнгө абдан аракет күч алды.
-Орустун Стругацкийи каза болгондо атактуу режиссер Соловьев жазган эле: "Орустун каалгасы бийик-кенен болот, ким кирип, ким чыгып жатканын байкабай калышат"деп. Кыргыздыкы ченелүү, бирок, бул эски кандуу эл азын көптөй, бийигин төмөндөй көрүп, киши жок болуп кеткенден кийин сый көрсөтөт экен. Мына азыр кыргыз музыкасынын Карамолдосунун деңгээлиндеги Рыспай досуңуз наамга жетпей жүрүп кетти. Карандай классташы маданият министри болуп туруп ушул ишти жасады. Сизде бир таарыныч-туурунуч барбы?
-Токтосартовду ким эстемек эле, Рысбай түбөлүк калат. Есенин "чоң кеме деңизде арылаган сайын карааны калдайып көрүнөт" деп жазганы бар…
-Жеңебиздин денсоолугу кандай?
- Боюнан козголуп, бир аз ооруксунуп калды. Азыр жакшы. Жаркылдап эле жүрөт.
Маектешкен
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!